СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Скайп видеоконференция программасы

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Видео конференция

Просмотр содержимого документа
«Скайп видеоконференция программасы»



Skype ([skaɪp]) - бул Niklas Zennström негиздеген жана 2011-жылдан баштап Microsoft тарабынан ээленген проприетардык VoIP кызмат жана програмдык жабдык.

Бул кызмат колдонуучуларга бири-бири менен интернет аркылуу үн, видео жана чат жардамы менен байланышууга мүмкүнчүлүк берет. Кадимки телефон тармактарынын абоненттерине да чалууларды аткарса болот. Skype кызмат ичинде чалуулар акысыз, бирок бекитилген жана мобилдик телефондорго чалуулар дебит негизинде иштеген колдонуучу эсеп системасы аркылуу эсептелет. Ошондой эле, Skype өзүнүн кошумча мүмкүнчүлүктөрү менен популярдуу болгон, алардын ичинде файл жиберүү жана видео-конференция уюштуруу. Атаандаштарына SIP жана H.323 негизинде иштеген Empathy, Linphone, Ekiga жана Google Talk кызматтары кирет.

Skype'тын катталган колдонуучуларынын саны 2011 жылдын аяк оонасында 663 миллионду түздү [2]. Тармак азыр Microsoft тарабынан иштетилет, анын Skype бөлүмүнүн башкеңсеси Люксембургда жайгашкан. Иштетүүчүлөр (eng.: developers) тайпасынын көпчүлүгү жана бөлүмдүн жалпы жумушчулардын 44% Эстониядагы Таллин жана Тарту шаарларында жайгашкан.

Көптөгөн башка VoIP кызматтардан айрымаланып, Skype peer-to-peer (котормосу: тең укуктуу түйүндөр) жана кардар-сервер гибрид системасы болуп эсептелет, жана компьютерге орнотулганда көмүскөдө иштейт; баштапкы аты – Sky peer-to-peer – ушуну түшүндүрөт.

Кээ бир тармак администраторлор Skype'ты колдонууга корпоративдик, мамлекеттик, үй, жана билим берүү мекемелери деңгээлинде тыйуу салган, ресурстарды одоно көп колдонот, каналдарды трафик менен толтурат, жана коопсуздук суроолору менен байланыштуу деген себептер менен.

Мүмкүнчүлүктөрү

Skype'тын катталган колдонуучуларынын кимдиги кайталангыс Skype аттары менен аныкталат, жана алар Skype колдонуучулар китебине киргизилет. Skype катталган колдонуучуларына чат жана үн байланыш аркылуу баарлашканга мүмкүнчүлүк берет. Үн байланыш мүмкүнчүлүгү эки колдонуучу ортосунда телефон чалуу, конференц-чалууларды аткарууга мүмкүнчүлүк берет; проприетардык аудио кодегин колдонот. Skype'тын чат кардары топ ичинде кат алмашуу, быйтыктарды колдонуу, чат тарыхын сактоо жана мурун жиберилген каттарды түзөө мүмкүнчүлүктөрүн колдойт. Каттарды оффлайнда жөнөтүү 5-версияда киргизилген, бирок бир нече аптадан кийин эскертүүсүз алынган. Кадимки IM колдонуучуларына тааныш болгон мүмкүнчүлүктөр — колдонуучу профили, статус көрсөткүчү, жана башкалар — ошондой эле камтылган.

Онлайн номер , ошондой эле SkypeIn аты менен белгилүү болгон кызмат Skype колдонуучуларына компьютерлерине чалууларды кадимки телефондордон жергиликтүү Skype номерине кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет; жергиликтүү номер Австралия, Бельгия, Чили, Колумбия, Дания, Доминикан Республикасы, Эстония, Финляндия, Франция, Германия, Гонк Конг, Венгрия, Ирландия, Италия, Жапония, Мексиак, Жаңы Зеландия, Польша, Румыния, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Швеция, Швецария, Түркия, Нидерланддар, Түндүк Ирландия жана Улуу Британия Бириккен Падышалыгында, жана Америка Кошмо Штаттарында жеткиликтүү. Skype колдонуучулар ушул өлкөлөрдүн биринде жергиликтүү номер алса болот, ал номерлерге чалуулар ошол өлкөнүн бекитилген номерлерине аткарылган чалуулардай эсептелет.

Эки колдонуучунун ортосунда аткарылган видео конференция мүмкүнчүлүгү 2006-жылдын Үчтүн айында Windows жана Mac OS X платформаларынын кардарлары үчүн чыгарылган. Linux үчүн Skype 2.0 2008-жылдын Жалган куран айынын 13-дө чыгып, видео конференция мүмкүнчүлүгүнүн колдой баштаган. Windows үчүн чыгарылган 5-версиянын 1-бетасы 2010-жылдын Бугу айынын 13-чүндө чыккан, беш колдонуучуга чейин катыша алган акысыз конференц чалуу мүмкүнчүлүнүн сунуш кылган.

Windows үчүн Skype, 3.6.0.216 версиясынан баштап "Жогорку сапаттагы видеону" колдойт, орто класстагы видео конференция системаларындагыдай, толук экран жана экранда экран абалдары сыяктуу сапаттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү колдойт. Skype аудио конференция мүмкүнчүлүгү азыркы учурда, уюштуруучуну эсептегенде, бир убакта 25 адамды колдойт.

Skype, АКШ жана Канададагы 911, Түндүк Ирландия жана Улуу Британия Бириккен Падышалыгындагы жана башка көптөгөн өлкөлөрдөгү 999, Жаңы Зеландиядагы 111, Автсралиядагы 000 же Европадагы 112 сыяктуу тез жардам кызматтарына чалуу мүмкүнчүлүгүн бербейт. АКШнын Федералдык Коммуникация Комиссиясы (FCC), Телекоммуникация Актынын 255 беренесине ылайык, Skype "интерконнекттүү VoIP провайдер" эмес деп бекиткен. Натыйжада, АКШнын Улуттук Тез Жардам Номер Ассоциациясы VoIP колдонуучулары резерв катары аналог сызыгын колдонууну сунуштаган.

2011-жылы, Skype Comcast менен өнөктөшүп Comcast абоненттерине видео чат кызматын HDTV жабдуулары аркылуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн бере баштаган.

Тарыхы

Skype 2003-жылы Даниялык Janus Friis жана Швециялык Niklas Zennström тарабынан негизделген. Skype программасы Эстониялык Ahti Heinla, Priit Kasesalu, жана Jaan Tallinn тарабынан жазылган, алар Janus жана Niklas менен бирге peer-to-peer файл бөлүшүү Kazaa программасын да жазышкан. 2003-жылы Баш оона айында биринчи бета версиясы чыгарылган.

Microsoft тарабынан сатып алуу

2011-жылдын Бугу айынын 10-да, Microsoft Корпорациясы Skype Communications, S.à r.l компаниясын 8.5 миллиард АКШ долларына сатып алууга макулдугун берген. Компания Microsoft'тун бөлүмү катары кошулган, жана Microsoft компаниянын бардык технологияларына сатып алуу менен кошо ээ болгон. Бул процесс 2011-жылдын Тогуздун айынын 13-дө аяктаган.