Жаңы билимди калыптандыруу этабы: Scratch – баштоочуларды башка программалоо тилдеринде программа- лоого керек болуучу негизги түшүнүктөр менен тааныштыруучу жөнөкөй жана эффективдүү тил. Оюндарды жана шаңдуу, кызыктуу программаларды түзүү үчүн колдонулат. Scratch сайты төмөнкү даректе жайгашкан: http://scratch.mit.edu/ Scratch программасынын терезеси 3 аймакка бөлүнгөн: • жыйынтык талаа (холст); • скрипттер, костюмдар, үндөр; • программанын иштөө аймагы. Баскыч формасындагы бардык башкаруу командалары ортосунда жайгашкан: кыймыл,көзөмөл, сырткы келбети, сенсорлор, н,операторлор, перо, өзгөрмөлөр. Бир баскычын күйгүзгөндө, калган башка баскычтары өчүп калат. Жанган баскыч ага туура келген түскө боёлот. Бардык баскычтар аларга байланган командаларына ээ. |