Саламатсыздарбы,
урматтуу
мугалимдер жана окуучулар!
Кош келиңиздер !
Класс : 4-б
Предмет: Кыргыз тили
Мугалим: Маткасымова Буажар
Кыш мезгили "Кыш мезгили" кандай сонун, балдар чурулдап кар менен ойношуп, Эс алгандар тоого барып лыжа тээп, муз аянтчаларда коньки менен чуркашат. Анын үстүнө кыш мезгили аяз ата, аяз кыз, момпосуй, белектер, маскарад, каникулдар жана башка көптөгөн ушундай жакшы сөздөр менен байланышы бар .
Январь айы башка айларга салыштырмалуу суугураак болот.
Февраль айында өлкө аймагында аба ырайынын орточо температурасы климаттык нормага жакын болот.
.
Февраль (орус. Февраль, лат. Februārius mēnsis «тазаланчу ай», лат. Februa «тазалануу майрамы») — Григориан жылнаамасы боюнча экинчи ай болуп саналат. Байыркы римдиктер боюнча - он экинчи катарда турат, анткени Цезардын реформасынан улам жыл башы жалган куран айынан башталчу
Чыныгыз Айтматов (1928-2008 )
Төрөбай Кулатов Омуру орнок инсан. Кыргыз Республикасынын туптолушунун пайдубалынын орун-очок алышына,андан сон осуп-онугушуно чон салымын кошкон, омуру орнок улуу инсандардын бири- Торобай Кулат уулу тумондуу туштуктун Ноокат аймагындагы Жал ороонунун Кызыл-Булак айылында кедей-дыйкандын уй-булосундо жарык дуйного келген. 1926 – жыл Торобай Кулат уулунун турмушундагы бурулуш жылдардан болгонсуду.Ал ошол жылы Кызыл-Кыяга келип,темир жолго жумушчу болуп орношот.
Уй тапшырмасы
Уй тапшырмасы:
\ Создун турлору . 6-конугуу
Сабактын темасы:
Унгулаш создор.
Сабактын максаты.
Унгулаш создор жонундо билип алышат.Конугуулору аткаруууда топтордо иштешет.
Ой жугуртуусу эске тутуусу, соз байлыгы ,суйлоо кеби калыптанат.Туура,сулуу жазууга машыгат.
Окуучулар жапайы жаныбарларга камкордуу болууга уйронот.Адептуулукко,акылдуулукка эмгекке боорукердике тарбияланышат.
Корсоткучтор:
1.Унгулаш создор жонундо билип алышат.Конугуулорду аткарууда бири-0бирине комоктошуп топтордо иштешет.
2.Ой жугуртуусу,эске тутуусу, соз байлыгы калыптанса. Туура ,сулуу жазууга конугушсо.
3. Жапайы жаныбарларга камкордуу болууга уйронсо,адептуулукко,акылдуулукка эмгекке боорукердике тарбияланышса.
Унгулары бирдей болгон создор унгулаш создор деп аталат. М: Бала-балалык-балакай-балалуу-б аладай.
Жомок. Баарынан ким кучтуу?
Баарынан ким кучтуу ?
Кыштын бир күнү Кыргоол бадалдан койкоюп чыгып , чаңкаганын кандырыш үчүн ойдогу сууга кирет . Каптаган көк музду кыдырып жүрүп күбүрдү араң таап , муздак суудан иче баштайт . Ошондо булайган куйругу музга чап жабышып , чыкпай калат . – Ой-эй, Көк Муз! Дүйнөдө сенден күчтүү эч ким жокпу дейм . Заматта куйругумду куп кармапсың ,- дейт Кыргоол Музга . – Жок , Кыргоол . Менден Жамгыр күчтүү . Ал жаап келгенде тымтыракайым чыгып , эрип кетем . Ал сөздү угуп калган Жамгыр шатыратып келип : – Мен кайдан күчтүү болоюн ?! Менден Жер күчтүү . Канчалык шатырата жаасам да, бир заматта соруп алат ,- дейт . Анда Жер да ары-бери солк этип , күңгүрөнүп тилге келип : – Менден Токой күчтүү . Ал үстүмдү каптап , жалбырактуу бутактары жайылып , болгон күчүмдү бүт тартып кетет . – Жо-ок , кайдагы күчтү айтып жатасың ? Менде күч жок ! Күчтүү деп Өрттү айт . Ал каптаса , соройгон сөңгөгүм гана калат ,- дейт Токой шуулдап . Муну уккан Өрт жалбырттап : – Менден Шамал күчтүү . Андан аябай корком . Шамал катуу соккондо чаңым асманга чыгып , кайда качарымды билбей калам. Анда Шамал :
– Ырас эле менде күч көп . Бакты түбү менен омкоруп , үйдү кулатам , отту чачам. Бирок жерге жаңы чыккан Көк Чөпкө түк алым жетпеди . Канчалык каарданып соксом да, ал былк этип койбойт . Ошондуктан , менин оюмча , Көк Чөп күчтүү го ... Көк Чөп чыйылдап сөзгө аралашты : – Менде эч кандай деле күч жок . Калың кой каптаганда чымчылап , мүлжүп жеп , туягы менен тепсеп , айламды кетирет . Жо-ок , баарынан Кой күчтүү . Анда маңкайган Кой байкуш минтип маараган экен : – Ма-аа , ма-аа , менде балээнин күчүбү ? Көк бөрү жолукса , куйругумду бир апчып сугунуп , ал аз келгенсип алкымдап , канымды соруп кетет . Дүйнөдө Карышкырдан өтөр балбан жок . – Силер таптакыр эч нерсе билбейт турбайсыңарбы , макоолор !- деди Көк бөрү жонго чыгып . – Баарыбыздан адам күчтүү ! Ал кыргоолду кылтактап алат , музуңду жарып салат, жаан канча жааса да тоготуп койбойт . Жериңди бир жылда эки курдай тытып айдап , жыл бою жанын тындырбайт . Токоюңду каалаганынча кыркып алат , өрттү дароо өчүрөт , шамалды өз пайдасы үчүн жумшайт , чөптү чаап алат , койду союп жейт . Карышкыр эмес , илбирс , жолборсуңду жок кылат . Ошондуктан бул дүйнөдө баарынан адам күчтүү .
Азаматсынар!
Баалоо…
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!!!