СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Соңку мезгилдеги эл аралык мамилелер. Дүйнө тарыхы. Слайд. 11-класс

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Соңку мезгилдеги эл аралык мамилелер. Дүйнө тарыхы. Слайд. 11-класс.

Просмотр содержимого документа
«Соңку мезгилдеги эл аралык мамилелер. Дүйнө тарыхы. Слайд. 11-класс»

Соңку мезгилдеги эл аралык мамилелер Дүйнө тарых 11-класс

Соңку мезгилдеги эл аралык мамилелер

Дүйнө тарых

11-класс

Колдонулган медиа материалдар

Колдонулган медиа материалдар

Сабактын планы  «Кансыз согуштун» б үтүшү СССР жана АКШнын эл аралык мамилелери Батыш Европа өлкөлөрүнүн мамилелери Совет аскерлерин Афганистандан чыгаруу НАТОнун күч алышы БУУнун ишмердиги «Миң жылдыктын саммиттин» чакырылышы.

Сабактын планы

  • «Кансыз согуштун» б үтүшү
  • СССР жана АКШнын эл аралык мамилелери
  • Батыш Европа өлкөлөрүнүн мамилелери
  • Совет аскерлерин Афганистандан чыгаруу
  • НАТОнун күч алышы
  • БУУнун ишмердиги
  • «Миң жылдыктын саммиттин» чакырылышы.
«Кансыз согуштун» бүтүшү 1985-ж. бийликке М. С. Горбачёвдун келиши менен СССРдин тышкы иштеринин багыты өзгөргөн. 1986-ж. 7-апрелде СССР Европада орто аралыкка атылуучу ракеталарды жайылтууга мараторий жарыялаган. 6-августта ядролук куралдарды мындан ары сынабай тургандыгын билдирген. Женевада советтик-америкалык сүйлөшүүлөр болуп, анда стратегиялык чабуул коюучу куралдарды 50% кыскартуу маселеси чечилген.

«Кансыз согуштун» бүтүшү

  • 1985-ж. бийликке М. С. Горбачёвдун келиши менен СССРдин тышкы иштеринин багыты өзгөргөн.
  • 1986-ж. 7-апрелде СССР Европада орто аралыкка атылуучу ракеталарды жайылтууга мараторий жарыялаган.
  • 6-августта ядролук куралдарды мындан ары сынабай тургандыгын билдирген.
  • Женевада советтик-америкалык сүйлөшүүлөр болуп, анда стратегиялык чабуул коюучу куралдарды 50% кыскартуу маселеси чечилген.
АКШ жана СССРдин макулдашуусу 2000-жылга чейин СССР менен АКШнын атканда бири-биринин аймагына жете турган ядролук куралдарды эки эсе кыскартуу маселеси каралган. 1986-ж. октябрда М. С. Горбачёв менен Р. Рейгандын Рейкьявиктеги жолугушуусунда ядролук куралдарды эки эсе кыскартуу каралган. 1987-ж. декабрда Вашингтонгдо «Орто жана жакынкы аралыкка атылуучу ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимге» кол коюлган. 1988-ж. 29-майда-2-июнда Москвада СССР менен АКШнын ортосунда «Кансыз согушту» аяктоо жөнүндө келишимге кол коюлган.

АКШ жана СССРдин макулдашуусу

  • 2000-жылга чейин СССР менен АКШнын атканда бири-биринин аймагына жете турган ядролук куралдарды эки эсе кыскартуу маселеси каралган.
  • 1986-ж. октябрда М. С. Горбачёв менен Р. Рейгандын Рейкьявиктеги жолугушуусунда ядролук куралдарды эки эсе кыскартуу каралган.
  • 1987-ж. декабрда Вашингтонгдо «Орто жана жакынкы аралыкка атылуучу ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимге» кол коюлган.
  • 1988-ж. 29-майда-2-июнда Москвада СССР менен АКШнын ортосунда «Кансыз согушту» аяктоо жөнүндө келишимге кол коюлган.
Совет аскерлерин Афганистандан чыгаруу 1988-ж. апрелде сүйлөшүүлөр жүрүп, СССР өкмөтү Афганистандан аскерлерин акырындык менен алып чыгып кетүүгө макул болгон. Бул келишимге ылайык, СССР өз аскерлерин 1989-жылы  15-февралда Афганистандан  чыгарып кеткен. Бул окуя советтик-америкалык мамилелердиин жакшырышына өбөлгө түзгөн.

Совет аскерлерин Афганистандан чыгаруу

  • 1988-ж. апрелде сүйлөшүүлөр жүрүп, СССР өкмөтү Афганистандан аскерлерин акырындык менен алып чыгып кетүүгө макул болгон. Бул келишимге ылайык, СССР өз аскерлерин 1989-жылы

15-февралда Афганистандан

чыгарып кеткен.

  • Бул окуя советтик-америкалык мамилелердиин жакшырышына өбөлгө түзгөн.
Батыш Европа өлкөлөрүнүн мамилелери 1989-ж. 6-июлда М. С. Горбачев Страсбургда «Жалпы европалыык үйдү» куруу идеясы менен чыгып сүйлөп, Европа мамлекеттерин баш кошууга чакырган. 1990-ж. ноябрда Парижде 32 европалык мамлекеттин конференциясы болгон. Ага АКШ, Канада да катышкан. Конференцияда «Жаңы Европа үчүн Париж хартиясы» түзүлгөн. Бул документте «тирешүү жана бөлүнүп-жарылуу» доору бүттү, «демократиянын, тынчтыктын  биримдиктин жаңы доору» башталды деп  жазылган.

Батыш Европа өлкөлөрүнүн мамилелери

  • 1989-ж. 6-июлда М. С. Горбачев Страсбургда «Жалпы европалыык үйдү» куруу идеясы менен чыгып сүйлөп, Европа мамлекеттерин баш кошууга чакырган.
  • 1990-ж. ноябрда Парижде 32 европалык мамлекеттин конференциясы болгон. Ага АКШ, Канада да катышкан.
  • Конференцияда «Жаңы Европа үчүн Париж хартиясы» түзүлгөн. Бул документте «тирешүү жана бөлүнүп-жарылуу» доору бүттү, «демократиянын, тынчтыктын

биримдиктин жаңы доору» башталды деп

жазылган.

НАТОнун күч алышы «Кансыз согушта» АКШ жеңишке жетишти. 1990-ж. сентябрда АКШнын демилгеси менен НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясы кабыл алынган. Жаңы эл аралык кырдаалда альянстын башкы максаты терроризмге, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга, баңги заттарды соодасына каршы күрөшүү деп белгилеген.

НАТОнун күч алышы

«Кансыз согушта» АКШ жеңишке жетишти. 1990-ж. сентябрда АКШнын демилгеси менен НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясы кабыл алынган.

Жаңы эл аралык кырдаалда альянстын башкы максаты терроризмге, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга, баңги заттарды соодасына каршы күрөшүү деп белгилеген.

Ирак менен болгон согушуу 1990-ж. баштап АКШ Персия булуңундагы согуштук-саясий кризиске катышы баштаган. Ирак менен Кувейттин ортосунда нефть боюнча чыр чыккан, андан пайдаланган АКШ 1990-ж. 2-августта БУУнун уставын бузуп, Иракка өз аскерлерин киргизген. 2003-ж. 17-мартта Иракты башкарып турган С. Хусейндин тартибин кулатуу шылтоосу менен АКШ, Улуу Британия Иракка кол салышкан. Натыйжада 10 минден ашык карапайым калк курман болгон. Согуш аракеттери азыркы учурда да улантылууда.

Ирак менен болгон согушуу

1990-ж. баштап АКШ Персия булуңундагы согуштук-саясий кризиске катышы баштаган. Ирак менен Кувейттин ортосунда нефть боюнча чыр чыккан, андан пайдаланган АКШ 1990-ж. 2-августта БУУнун уставын бузуп, Иракка өз аскерлерин киргизген.

2003-ж. 17-мартта Иракты башкарып турган С. Хусейндин тартибин кулатуу шылтоосу менен АКШ, Улуу Британия Иракка кол салышкан. Натыйжада 10 минден ашык карапайым калк курман болгон.

Согуш аракеттери азыркы учурда да улантылууда.

БУУнун ишмердиги 1945-ж. тынчтыкты коргоо жана бекемдөө үчүн түзүлгөн БУУнун составына 1989-ж. 159 мамлекет кирген. БУУ дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге, элдерге гуманитардык жардамдарды көрсөтөт, маданий эстеликтерди коргойт. Чыр-чатак чыккан жерлерге «Көк каскачандар» деп аталган тынчтыкты калыбына келтирүүчү куралдуу күчтөрүн жөнөтөт.

БУУнун ишмердиги

1945-ж. тынчтыкты коргоо жана бекемдөө үчүн түзүлгөн БУУнун составына 1989-ж. 159 мамлекет кирген. БУУ дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге, элдерге гуманитардык жардамдарды көрсөтөт, маданий эстеликтерди коргойт. Чыр-чатак чыккан жерлерге «Көк каскачандар» деп аталган тынчтыкты калыбына келтирүүчү куралдуу күчтөрүн жөнөтөт.

Европалык Союз  БУУнун курамында болгон Европалык Союздун максаты Европа кошмо штаттарын түзүү болуп эсепелет. Ага Европадагы тарыхы, маданияты, экономикалык жактан ар кандай деңгээлдеги өлкөлөр: Бельгия, Улуу Британия, Германия, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Люксембург, Нидерландия, Франция, Португалия кирет.

Европалык Союз

БУУнун курамында болгон Европалык Союздун максаты Европа кошмо штаттарын түзүү болуп эсепелет. Ага Европадагы тарыхы, маданияты, экономикалык жактан ар кандай деңгээлдеги өлкөлөр: Бельгия, Улуу Британия, Германия, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Люксембург, Нидерландия, Франция, Португалия кирет.

Азия-Тынч океан кызматташтык уюму (АТЕС) АТЕС да маанилүү эл аралык уюм. Бул региондук уюм Тынч океандын бассейндеги дүйнө калкынын 40% ти жашаган өлкөрдү камтыйт, Австралия, Бруней, Гонконг, Канада, Чили, Кытай, Индонезия, Япония, Түштүк Зеландия, Филиппин,Сингапур, Тайвань, Тайланд, АКШ, Вьетнам, Перу кирет.

Азия-Тынч океан кызматташтык уюму (АТЕС)

  • АТЕС да маанилүү эл аралык уюм. Бул региондук уюм Тынч океандын бассейндеги дүйнө калкынын 40% ти жашаган өлкөрдү камтыйт, Австралия, Бруней, Гонконг, Канада, Чили, Кытай, Индонезия, Япония, Түштүк Зеландия, Филиппин,Сингапур, Тайвань, Тайланд, АКШ, Вьетнам, Перу кирет.
«Миң жылдык саммиттин»  декларациясы 2  2000-ж. 8-сентябрда дүйнөдөгү 189 мамлекет дүйнөлүк саммитке жолугуп, ушунча өлкөнүн лидерлеринин бир мезгилде чогулушу дүйнө тарыхында болгон эмес. Ошондуктан « Миң жылдыктын саммити» деп аталган. Алар «Миң жылдыктын декларациясын» кабыл алган. Мында мамлекет башчылары адамзатты согуштан, жакырчылыктан, экологиялык кыйроодон сактоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумщшай тургандыгын билдиришкен.  БУУ ( Бириккен Улуттардын Уюму)нун ишмердиги жогору бааланган.

«Миң жылдык саммиттин» декларациясы

2 2000-ж. 8-сентябрда дүйнөдөгү 189 мамлекет дүйнөлүк саммитке жолугуп, ушунча өлкөнүн лидерлеринин бир мезгилде чогулушу дүйнө тарыхында болгон эмес. Ошондуктан « Миң жылдыктын саммити» деп аталган. Алар «Миң жылдыктын декларациясын» кабыл алган. Мында мамлекет башчылары адамзатты согуштан, жакырчылыктан, экологиялык кыйроодон сактоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумщшай тургандыгын билдиришкен.

БУУ ( Бириккен Улуттардын Уюму)нун ишмердиги жогору бааланган.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат Республикалык М. Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык орто мектеп-интернатынын тарых мугалими Ажыбаева Нурила Эргешбаевна

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат

Республикалык М. Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык орто мектеп-интернатынын тарых мугалими Ажыбаева Нурила Эргешбаевна