Просмотр содержимого документа
«СОШ № 52.г.Бишкек»
Кыргыз элинин акыны, ойчул, комузчу, обон-күү чыгарган чебер, Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Сасык -Жийде айылында (азыркы Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында) туулган.
1917-жылкы Октябрь Төңкөрүшүнө чейинки ырларында «Жокчулуктун айынан», («Жүргөнүм Кабак жер болду») деп, ал эл тарабында туруп, эмгекчилердин таламын талaшкан, теңсиздикке жек көрүү сезимин билдирген.
1898-ж. Андижан көтөрүлүшүнө катышты деп өлүм жазасына өкүм чыгарылып, Сибирге 7 жылдык сүргүн менен алмаштырылган
Сүргүндөн качып келгенден кийин «Жерди көргөндө», «Кетментөбөнү көргөндө», «Энсеген элим аманбы?», «Апакем аман барсыңбы?», «Туткундан келгенде» аттуу ырлардын циклин түзөт
Токтогул - айтыш өнөрүнүн чебер өкүлү. Бардыгы эле түп нускасында жеткен эмес
Токтогул ондогон ырчылар менен комузчулардын устаты болгон. Ал өз мектебин түзгөн. Калык, Коргол, Алымкул андан таалим алган. Токтогул оригиналдуу күү чыгарган үлкөн комузчу катары да өчпөс из калтырган талант.
Токтогул Сатылгановтун белгилүү күүлөрү: «Ботой» «Кыз кербез» «Чоң кербез» «Мырза кербез» «Миң кыял» ж.б.
Жүз сом купюрусундагы Токтогулдун сүрөтү.
А. Затаевич 18 күүсүн нотага түшүрүп алган. Ал күүлөр 1934-жылы Москвадагы музыка басмасы тарабынан «Кыргызстан аспаптык 250 күүсү жана обондору» деген жыйнакка чыккан.
Кыргыз Республикасында ондогон мектептер менен филармонияга, өзү туулган районго, көчөлөргө Токтогулдун ысымы ыйгарылган.
Бишкек шаарында эстелиги тургузулган (1976, скульптору Г. Айтиев, арх. А. Исаев), сөөгү коюлган жерге бейит белги (1956–57, Н.И. Ладягин) салынган. Ага арналып ондогон сүрөттөр тартылган.