СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Социалдык маселелердин курчушу

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Социалдык маселелердин курчушу»

Сабактын темасы:  Социалдык маселелердин курчушу. Ош коогалаңы

Сабактын темасы:

Социалдык маселелердин курчушу. Ош коогалаңы

 Сабактын максаты: Коомдогу жат көрүнүштөр:аракечтик жана масчылыктын кесепеттерин билесинер Бангилик менен токсикоманиянын тарашын жана кылмыштуулуктун өсүшүнүн негизги себептерин талдайсыңар; Улуттар аралык жаңжалдын келип чыгышынын негизги себептерин аныктайсыңар жана аны болтурбоонун жолдорун белгилейсиңер;

Сабактын максаты:

  • Коомдогу жат көрүнүштөр:аракечтик жана масчылыктын кесепеттерин билесинер
  • Бангилик менен токсикоманиянын тарашын жана кылмыштуулуктун өсүшүнүн негизги себептерин талдайсыңар;
  • Улуттар аралык жаңжалдын келип чыгышынын негизги себептерин аныктайсыңар жана аны болтурбоонун жолдорун белгилейсиңер;
Сабакта каралуучу суроолор.  1.Аракечтик жана масчылыктын кесепеттери. 2.Бангилик менен токсикоманиянын тарашы.Кылмыштуулуктун өсүшү. 3.Ош коогалаңы.

Сабакта каралуучу суроолор.

1.Аракечтик жана масчылыктын кесепеттери.

2.Бангилик менен токсикоманиянын тарашы.Кылмыштуулуктун өсүшү.

3.Ош коогалаңы.

Күтүүлүчү натыйжалар:  1.Аракечтик жана масчылыктын кесепеттерин билишет.  2.Бангилик менен токсикоманиянын тарашы.Кылмыштуулуктун өсүшүн коомго тийгизген таасирин түшүнүшөт.  3.Ош коогалаңы келип чыгышынын негизги себептерин аныкташат.

Күтүүлүчү натыйжалар:

1.Аракечтик жана масчылыктын кесепеттерин билишет.

2.Бангилик менен токсикоманиянын тарашы.Кылмыштуулуктун өсүшүн коомго тийгизген таасирин түшүнүшөт.

3.Ош коогалаңы келип чыгышынын негизги себептерин аныкташат.

1.Аракечтик жана масчылыктын кесепеттери «Өнүккөн социализм», «Кайра куруу» мезгилинде Кыргызстанда аракечтик менен масчылык биринчи орунга чыккан. «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» дегендей, масчылык менен алкоголизм өлкөнүн турмушунда тамырын кенен жайып, адамдардын жашоосунда коркунучтуу илдетке айланган.

1.Аракечтик жана масчылыктын кесепеттери

  • «Өнүккөн социализм», «Кайра куруу» мезгилинде Кыргызстанда аракечтик менен масчылык биринчи орунга чыккан.
  • «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» дегендей, масчылык менен алкоголизм өлкөнүн турмушунда тамырын кенен жайып, адамдардын жашоосунда коркунучтуу илдетке айланган.
Кыргызстанда социалдык маселелердин курчушу 1 Аракечтик жана масчылык 2 Баңгилик 3 Токсикомания 4 Кылмыштуулук 5 Мыйзам бузуучулук

Кыргызстанда социалдык маселелердин курчушу

1

Аракечтик жана масчылык

2

Баңгилик

3

Токсикомания

4

Кылмыштуулук

5

Мыйзам бузуучулук

Адегенде айрым райондор, областтар, анан  бүтүндөй республика “Сергектик зонасы” деп жарыяланган

Адегенде айрым райондор, областтар, анан

бүтүндөй республика “Сергектик зонасы” деп жарыяланган

Мисалы, 1983-ж. ар бир совет адамына бешиктеги баладан чал-кемпирлерге чейин эсептегенде, 60 бөтөлкөдөн арак чыгарылып, баары ичилип кеткен. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча 1980-ж. СССРде 40 млн алкоголик болгон. Тактап айтканда, бул СССРдин ар бир жетинчи адамы алкоголик дегендикке жаткан.
  • Мисалы, 1983-ж. ар бир совет адамына бешиктеги баладан чал-кемпирлерге чейин эсептегенде, 60 бөтөлкөдөн арак чыгарылып, баары ичилип кеткен. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча 1980-ж. СССРде 40 млн алкоголик болгон. Тактап айтканда, бул СССРдин ар бир жетинчи адамы алкоголик дегендикке жаткан.
1985-жылы 17-майда “Аракечтикке жана алкоголизмге каршы” закон кабыл алынган
  • 1985-жылы 17-майда “Аракечтикке жана алкоголизмге каршы” закон кабыл алынган
1985-ж. Кыргызстанда жалаң гана саламаттык сактоо мекемелеринде катталгандарды эсептегенде 100 миң адамга 838 алкоголизм оорусу менен ооругандар туура келген. Бул көрсөткүч Орто Азиянын бөлөк республикаларына салыштырганда Кыргызстанда эки эсеге жакын көптүк кылган.
  • 1985-ж. Кыргызстанда жалаң гана саламаттык сактоо мекемелеринде катталгандарды эсептегенде 100 миң адамга 838 алкоголизм оорусу менен ооругандар туура келген.
  • Бул көрсөткүч Орто Азиянын бөлөк республикаларына салыштырганда Кыргызстанда эки эсеге жакын көптүк кылган.
1983-ж. (60 бөтөлкө арак ) 1980-ж. СССРде 40 млн алкоголик (ар бир 7 адам) Кыргызстанда 100 миң адамга 838 алкоголизм оорусу менен ооругандар туура келген
  • 1983-ж. (60 бөтөлкө арак )
  • 1980-ж. СССРде 40 млн алкоголик (ар бир 7 адам)
  • Кыргызстанда 100 миң адамга 838 алкоголизм оорусу менен ооругандар туура келген
Алкоголдук ичимдиктердин кенири тарашынын натыйжасында Кыргызстандын калкы үй-бүлөлүк үлпөттөрдү, тойлорду, ал тургай сөөк коюу өңдүү каада-салттарын спирттик ичимдиктер менен өткөрүүнү адатка айланткан. Ар түрдүү шылтоолор менен ондогон өспүрүмдөрдүн обу жок сайрандоосу, чогуу мас болушу республикада кеңири жайылып кеткен
  • Алкоголдук ичимдиктердин кенири тарашынын натыйжасында Кыргызстандын калкы үй-бүлөлүк үлпөттөрдү, тойлорду, ал тургай сөөк коюу өңдүү каада-салттарын спирттик ичимдиктер менен өткөрүүнү адатка айланткан. Ар түрдүү шылтоолор менен ондогон өспүрүмдөрдүн обу жок сайрандоосу, чогуу мас болушу республикада кеңири жайылып кеткен
 2.Бангилик менен токсикоманиянын тарашы.   Айкындуулук доорунда аракечтикке жана алкоголизмге каршы жогортодон жүргүзүлгөн күрөш, Кыргызстандын айрым областтарынын, райондорунун «сергектик зонасы» деп жарыяланышы эл ичинде наркомания менен токсикоманиянын жайылышына түрткү болгон. Жөнү жок тыюу салуулардын натыйжасында наркоманияга каршы түшүндүрүү, санитардык-агартуу, үгүт-насыят иштери жүргүзүлгөн эмес. Ушул өндүү саясаттагы кемчиликтерден улам бул илдет Кыргызстанда да күч алган. 100 миң адамга эсептегенде наркоман же токсикоман оорусу менен катталгандардын саны боюнча республикабыз СССРде экинчи орунда турган .

2.Бангилик менен токсикоманиянын тарашы.

Айкындуулук доорунда аракечтикке жана алкоголизмге каршы жогортодон жүргүзүлгөн күрөш, Кыргызстандын айрым областтарынын, райондорунун «сергектик зонасы» деп жарыяланышы эл ичинде наркомания менен токсикоманиянын жайылышына түрткү болгон. Жөнү жок тыюу салуулардын натыйжасында наркоманияга каршы түшүндүрүү, санитардык-агартуу, үгүт-насыят иштери жүргүзүлгөн эмес. Ушул өндүү саясаттагы кемчиликтерден улам бул илдет Кыргызстанда да күч алган. 100 миң адамга эсептегенде наркоман же токсикоман оорусу менен катталгандардын саны боюнча республикабыз СССРде экинчи орунда турган .

1980-ж. Кыргызстандын 4 миң гектардан ашуун жеринде наркотик же нашаа алына турган кара куурай өсөрү аныкталган.

1980-ж. Кыргызстандын 4 миң гектардан ашуун жеринде наркотик

же нашаа алына турган кара куурай өсөрү аныкталган.

Наркомания менен токсикоманиянын жайылышына түрткү болгон себептер: Наркоманияга каршы түшүндүрүү, санитар- дык агартуу, үгүт насыят иштери жүргүзүлбөгөндүгү; Республиканын территориясында жапайы куурайдын көп өскөндүгү;

Наркомания менен токсикоманиянын жайылышына түрткү болгон себептер:

  • Наркоманияга каршы түшүндүрүү, санитар- дык агартуу, үгүт насыят иштери жүргүзүлбөгөндүгү;
  • Республиканын территориясында жапайы куурайдын көп өскөндүгү;
Токсикомания - бул баңгизатка көз каранды болуунун эле бир түрү. Өспүрүмдөрдүн арасында бул илдет тогуз жаштан он беш жашка чейин болот. Бул ооруга чалдыккандарды айыктыруу өтө кыйынга турат. Бир-эки ай тынымсыз уу жыттаган адамдын ички органдары жабыркап, нерв системасы бузулат. Ал эми бир-эки жыл үзбөй колдонуп келсе, акыры майыптыкка алып келиши ыктымал. Айрым өспүрүмдөр лак, ацетон, клей, атыр, бензин жана башка суюктуктардан чыккан жыттан ырахат алууну кичинекей кезинен эле жакшы өздөштүрүп алышат.

Токсикомания - бул баңгизатка көз каранды болуунун эле бир түрү. Өспүрүмдөрдүн арасында бул илдет тогуз жаштан он беш жашка чейин болот. Бул ооруга чалдыккандарды айыктыруу өтө кыйынга турат. Бир-эки ай тынымсыз уу жыттаган адамдын ички органдары жабыркап, нерв системасы бузулат. Ал эми бир-эки жыл үзбөй колдонуп келсе, акыры майыптыкка алып келиши ыктымал. Айрым өспүрүмдөр лак, ацетон, клей, атыр, бензин жана башка суюктуктардан чыккан жыттан ырахат алууну кичинекей кезинен эле жакшы өздөштүрүп алышат.

Бул дарт кандай себептерден улам пайда болот ?  1. Балдар бат жетилгиси келип, өз алдынча жашоого умтула баштаганда терс көрүнүштөргө бат арбалат.  2.Социалдык абалы начар үйлөрдө балага жетиштүү көңүл бурулбай, ушундан улам токсикомандар пайда болот.  3.Бул жерде күнөө айланып келип эле ата-энесине коюлат.  4.Алар топ-топ болуп чогулуп алып жашыруун бир жерге барышат да, андан соң суюктукту целлофан баштыкка, чүпүрөккө куюп же бет аарчысын чылап алып оозу-мурдун беш-он мүнөткө тумчулайт. Бир нече мүнөттөн кийин өспүрүмдүн күлкүсү чыгып, каткырыгы угулат.

Бул дарт кандай себептерден улам пайда болот ? 1. Балдар бат жетилгиси келип, өз алдынча жашоого умтула баштаганда терс көрүнүштөргө бат арбалат. 2.Социалдык абалы начар үйлөрдө балага жетиштүү көңүл бурулбай, ушундан улам токсикомандар пайда болот. 3.Бул жерде күнөө айланып келип эле ата-энесине коюлат. 4.Алар топ-топ болуп чогулуп алып жашыруун бир жерге барышат да, андан соң суюктукту целлофан баштыкка, чүпүрөккө куюп же бет аарчысын чылап алып оозу-мурдун беш-он мүнөткө тумчулайт. Бир нече мүнөттөн кийин өспүрүмдүн күлкүсү чыгып, каткырыгы угулат.

Саламаттыкты сактоо мекемелеринде наркотик дарыларын оорулар үчүн пайдалануу аны сактоо ишинде контролдуктун начардыгы; Наркоманияга каршы күрөштүн кеч башталышы жана наркомандарды айыктырууда адистердин жоктугу;
  • Саламаттыкты сактоо мекемелеринде наркотик дарыларын оорулар үчүн пайдалануу аны сактоо ишинде контролдуктун начардыгы;
  • Наркоманияга каршы

күрөштүн кеч

башталышы жана наркомандарды

айыктырууда адистердин

жоктугу;

 Кылмыштуулуктун өсүшү. 1980-жж. кылмыштуулуктун жылдык өсүшү боюнча Кыргызстан алдыңкы орунда турган төрт республиканын (Молдавия, Литва, Өзбекстан) катарына кирген. 1980-ж. Кыргызстанда 11,7 миңдей, 1985-ж. 14,4 миң кылмыш иши катталса, 1989-ж. ал 25,5 миңден ашкан. Кыргызстандагы 100 миң адамга эсептегенде 1980-ж. 323, 1985-ж. 353, 1989-ж. — 920 кылмыш иши туура келген. Кылмышкерлердин өз убагында кармалбай, жазаланбай калышы бул көрүнүштүн күчөшүнө түрткү болгон. Алсак, 80-жж. ортосунда жасалган кылмыштардын 40 пайызы ачылбаган бойдон кала берген

Кылмыштуулуктун өсүшү.

  • 1980-жж. кылмыштуулуктун жылдык өсүшү боюнча Кыргызстан алдыңкы орунда турган төрт республиканын (Молдавия, Литва, Өзбекстан) катарына кирген. 1980-ж. Кыргызстанда 11,7 миңдей, 1985-ж. 14,4 миң кылмыш иши катталса, 1989-ж. ал 25,5 миңден ашкан. Кыргызстандагы 100 миң адамга эсептегенде 1980-ж. 323, 1985-ж. 353, 1989-ж. — 920 кылмыш иши туура келген. Кылмышкерлердин өз убагында кармалбай, жазаланбай калышы бул көрүнүштүн күчөшүнө түрткү болгон. Алсак, 80-жж. ортосунда жасалган кылмыштардын 40 пайызы ачылбаган бойдон кала берген
3.Ош коогалаңы . Республикада топтолгон социалдык маселелердин өз убагында чечилбей келиши коомдук турмуштун башка тармактарына да залалын тийгизген. Кылмыштуулуктун өсүшү аны ооздуктоочу партиялык-мамлекеттик органдардын алсыздыгы акыры массалык кагылышууларга, кан төгүүгө да алып келген.

3.Ош коогалаңы .

Республикада топтолгон социалдык маселелердин өз убагында чечилбей келиши коомдук турмуштун башка тармактарына да залалын тийгизген.

Кылмыштуулуктун өсүшү аны ооздуктоочу партиялык-мамлекеттик органдардын алсыздыгы акыры массалык кагылышууларга, кан төгүүгө да алып келген.

1990-ж. жайында Ош шаарынын айланасында өз алдынча жер участкаларын алып үй салуу аракеттеринин жүрүшүндө кыргыз жана өзбек улутундагы элдердин, өзгөчө жаштардын ортосунда тирешүү пайда болот. Бул маселеге өз убагында баа берип, чечип коюунун ордуна партиялык-мамлекеттик жетекчилик кайдыгерликти, чечкинсиздикти көргөзгөн.

1990-ж. жайында Ош шаарынын айланасында

өз алдынча жер участкаларын алып үй салуу аракеттеринин жүрүшүндө кыргыз жана өзбек улутундагы элдердин, өзгөчө жаштардын ортосунда тирешүү пайда болот. Бул маселеге өз убагында баа берип, чечип коюунун ордуна партиялык-мамлекеттик жетекчилик кайдыгерликти, чечкинсиздикти көргөзгөн.

Эки улуттун жаштарынын кагылышына негизинен кыргыз улутундагы жаштарды бириктирген «Ош аймагы» жана өзбек улутундагылар кирген «Адолат» коомдук уюмдарынын тажрыйбасыздыгы, саясий көз караштарынын тайкылыгы да себеп болгон. Кызуу кандуу жаштарды тыйып коюунун ордуна Ошто жашаган, көптү көрүп билген, Ата Мекендик согуштун, эмгектин айрым ардагерлеринин эки улуттун жаштарын кандуу кагылышка түртүшү өтө кечиримсиз иш болгон. Буга 1990-ж. 2-мартында Ош областынын Жалал-Абад шаарында жашаган аксакал ардагерлеринин 23 кишиден турган тобунун Союздук жана республикалык бийлик органдарына жөнөткөн каты күбө

Эки улуттун жаштарынын кагылышына негизинен кыргыз улутундагы жаштарды бириктирген «Ош аймагы» жана өзбек улутундагылар кирген «Адолат» коомдук уюмдарынын тажрыйбасыздыгы, саясий көз караштарынын тайкылыгы да себеп болгон. Кызуу кандуу жаштарды тыйып коюунун ордуна Ошто жашаган, көптү көрүп билген, Ата Мекендик согуштун, эмгектин айрым ардагерлеринин эки улуттун жаштарын кандуу кагылышка түртүшү өтө кечиримсиз иш болгон. Буга 1990-ж. 2-мартында Ош областынын Жалал-Абад шаарында жашаган аксакал ардагерлеринин 23 кишиден турган тобунун Союздук жана республикалык бийлик органдарына жөнөткөн каты күбө

Өзбек улутундагы 23 кишиден турган тобу 1990-ж. 2-мартта СССР  Жогорку Советинин Улуттар Советинин төрагасы: Р.Нишановго, ККП БК биринчи катчысы: А.Масалиевге, “ Известия ЦК КПСС жана “ Советская Киргизия” газетасы- нын  редакторуна Жалал-Абад Ош

Өзбек улутундагы 23 кишиден турган тобу 1990-ж. 2-мартта СССР Жогорку Советинин

Улуттар Советинин төрагасы:

Р.Нишановго,

ККП БК биринчи катчысы:

А.Масалиевге,

“ Известия ЦК КПСС жана

“ Советская Киргизия” газетасы-

нын редакторуна

Жалал-Абад

Ош

 Арыз “ ... Биздин терең ишенибиз боюнча улуттардын реалдуу тең укуктуулугун жана теңчилдик маселесин чечүү үчүн Кыргыз ССРинин чегинде Ош чөлкөмүнө өзүнчө автономия берүү керек.  Кыргыз ССРинин алкагында Ош автономиялык областын түзүү улут аралык маселелерди чечүүнүн эң туура жолу экендигин көрүп турабыз.  Мындай мамлекеттик түзүлүш биздин республикада улуттук тең укуктуулукту демократиялуу чечүүгө мүмкүндүк берет. Бул үчүн республикада бардык мүмкүнчүлүктөр бар.  Жогоруда айтылгандарга таянып, сизден СССРдин Жогорку Советинин Улуттар Советинин күн тартибине Кыргыз ССРинин курамында Ош автономиялуу советтик социалисттик областын түзүү жана СССРдин жана Кыргыз ССРинин Конституцияларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин коюшуңузду өтүнөбүз.  Биздин бул пикирибизди областын калкы, өзгөчө Ош, Кызыл-Кыя, шаарларынын, Сузак, Базар-Коргон, Ленин, Араван, Ала-Бука, Кара-Суу, Өзгөн райондорунун калкы колдойт.  Биз бул маселенин төмөнтөн жарылуусун күтпөстөн жогортодон чечүүнү акылга сыярлык иш деп эсептейбиз. ..”

Арыз

... Биздин терең ишенибиз боюнча улуттардын реалдуу тең укуктуулугун жана теңчилдик маселесин чечүү үчүн Кыргыз ССРинин чегинде Ош чөлкөмүнө өзүнчө автономия берүү керек.

Кыргыз ССРинин алкагында Ош автономиялык областын түзүү улут аралык маселелерди чечүүнүн эң туура жолу экендигин көрүп турабыз.

Мындай мамлекеттик түзүлүш биздин республикада улуттук тең укуктуулукту демократиялуу чечүүгө мүмкүндүк берет. Бул үчүн республикада бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Жогоруда айтылгандарга таянып, сизден СССРдин Жогорку Советинин Улуттар Советинин күн тартибине Кыргыз ССРинин курамында Ош автономиялуу советтик социалисттик областын түзүү жана СССРдин жана Кыргыз ССРинин Конституцияларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин коюшуңузду өтүнөбүз.

Биздин бул пикирибизди областын калкы, өзгөчө Ош, Кызыл-Кыя, шаарларынын, Сузак, Базар-Коргон, Ленин, Араван, Ала-Бука, Кара-Суу, Өзгөн райондорунун калкы колдойт.

Биз бул маселенин төмөнтөн жарылуусун күтпөстөн жогортодон чечүүнү акылга сыярлык иш деп эсептейбиз. ..”

Бул катта республиканын Ош областында жашаган өзбектер областтын калкынын жарымын түзөрү, алар кысымга алынып жаткандыгы жалган фактылар менен көрсөтүлүп, бул аймакта улуттук тең укуктуулукту коргош үчүн Кыргыз ССРинин курамындагы Ош автономиялуу областын түзүү сунуш кылынган. Бул каттын тексттери көбөйтүлүп атайын кишилер аркылуу калк арасына таратылган. Ардагерлердин тобунун бул иши өзбек жаштарынын сепараттык аң-сезиминин, эки улуттун карама-каршылыгынын күчөшүнө түрткү болгон .

Бул катта республиканын Ош областында жашаган өзбектер областтын калкынын жарымын түзөрү, алар кысымга алынып жаткандыгы жалган фактылар менен көрсөтүлүп, бул аймакта улуттук тең укуктуулукту коргош үчүн Кыргыз ССРинин курамындагы Ош автономиялуу областын түзүү сунуш кылынган. Бул каттын тексттери көбөйтүлүп атайын кишилер аркылуу калк арасына таратылган. Ардагерлердин тобунун бул иши өзбек жаштарынын сепараттык аң-сезиминин, эки улуттун карама-каршылыгынын күчөшүнө түрткү болгон .

Жер участкалары үчүн чыр-чатак күчөгөн мезгилде өзбек үйлөрүндө батирде жашаган 700дөй кыргыз үй-бүлөлөрүн көчөгө куун ташташы абалды ого бетер татаалдаштырган. Каршылашкан эки топ 4-июнда бөлүштүрүү үчүн талашка түшкөн талаага чогулушат. Буга чейинки окуялардан улам чегине жеткен тирешүү кандуу жаңжалга айланат. Ал жердеги бийлик органдарынын кыжырданган жаштарды токтотууга күчтөрү жетпей калат. Өзбек улутундагылар шаардын бир жагынан, кыргыздар экинчи жагынан кандуу жүрүш башташат. Шаар ичиндеги кагылышууларда 155 адам жырткычтык менен өлтүрүлүп, 845 адам жарадар болгон, 262 үйлөр, 24 дүкөн жана башка имараттар, 67 автомашина өрттөлгөн. 5-июнь күнү Ош шаары толук жабылып, шаарга аскер бөлүктөрү киргизилген. 6-июнда шаардагы абал көзөмөлгө алынган.
  • Жер участкалары үчүн чыр-чатак күчөгөн мезгилде өзбек үйлөрүндө батирде жашаган 700дөй кыргыз үй-бүлөлөрүн көчөгө куун ташташы абалды ого бетер татаалдаштырган. Каршылашкан эки топ 4-июнда бөлүштүрүү үчүн талашка түшкөн талаага чогулушат. Буга чейинки окуялардан улам чегине жеткен тирешүү кандуу жаңжалга айланат. Ал жердеги бийлик органдарынын кыжырданган жаштарды токтотууга күчтөрү жетпей калат. Өзбек улутундагылар шаардын бир жагынан, кыргыздар экинчи жагынан кандуу жүрүш башташат. Шаар ичиндеги кагылышууларда 155 адам жырткычтык менен өлтүрүлүп, 845 адам жарадар болгон, 262 үйлөр, 24 дүкөн жана башка имараттар, 67 автомашина өрттөлгөн. 5-июнь күнү Ош шаары толук жабылып, шаарга аскер бөлүктөрү киргизилген. 6-июнда шаардагы абал көзөмөлгө алынган.
5-июнда Өзгөн шаарындагы эл көп топтолгон жерлерде да улут аралык жаңжал чыгып, ал массалык мүнөзгө айланган. Ал жакта да кан төгүлүп, турак-жайлар өрттөлгөн. 6 июнда аскерлердин кириши менен кагылышуулар басандаган. 7-июнда курч кырдаал Ош областынын бардык аймактарында жана Фрунзе шаарында да түзүлгөн. Натыйжада 7 июнда Фрунзеде да өзгөчө кырдаал киргизилген.
  • 5-июнда Өзгөн шаарындагы эл көп топтолгон жерлерде да улут аралык жаңжал чыгып, ал массалык мүнөзгө айланган. Ал жакта да кан төгүлүп, турак-жайлар өрттөлгөн. 6 июнда аскерлердин кириши менен кагылышуулар басандаган. 7-июнда курч кырдаал Ош областынын бардык аймактарында жана Фрунзе шаарында да түзүлгөн. Натыйжада 7 июнда Фрунзеде да өзгөчө кырдаал киргизилген.
 Ош окуясы боюнча статистикалык маалымат  (1990-жыл 17-декабрь)    Каза болгондор:  282 адам Таанылбаган  өлүктөр: 25 Ош областындагы  массалык баш  аламандыктан Издөөдө жүргөндөр:  91 адам    Өрттөлгөн турак  жайлар: 572

Ош окуясы боюнча статистикалык маалымат

(1990-жыл 17-декабрь)

Каза болгондор:

282 адам

Таанылбаган

өлүктөр: 25

Ош областындагы

массалык баш

аламандыктан

Издөөдө жүргөндөр:

91 адам

Өрттөлгөн турак

жайлар: 572

Мамлекеттик обьектилер: 54 Турак жайлар:  41 Өрттөлгөн-  дөрдүн  ичинен  Авторанспорттор:  89,  Уурдалганы:222  Жеке мүлктөрдү уурдоо:215

Мамлекеттик

обьектилер: 54

Турак жайлар:

41

Өрттөлгөн-

дөрдүн

ичинен

Авторанспорттор:

89,

Уурдалганы:222

Жеке мүлктөрдү

уурдоо:215

Бышыктоо үчүн суроолор. Эл арасында жат көрүнүштөрдүн пайда болушунун негизги себептери? 1.Жетилген проблемалардын өз убагында чечилбеши, мыйзам бузуучулукка кош көңүл мамиле жасоо 2.Социалисттик турмуштагы кемчиликтер убактылуу, жаңы коомду курууда ал жоголот деген пикир

Бышыктоо үчүн суроолор.

Эл арасында жат көрүнүштөрдүн пайда болушунун негизги себептери?

1.Жетилген проблемалардын өз убагында чечилбеши, мыйзам бузуучулукка кош көңүл мамиле жасоо

2.Социалисттик турмуштагы кемчиликтер убактылуу, жаңы коомду курууда ал жоголот деген пикир

1985-жылы 17-майда кабыл алынган “Аракечтикке жана алкоголизмге каршы” токтом кандай жыйынтыктарды берди? 1.Эл “серегектик жашоо” образына өтө башташты 2.Наркомания, токсикомания күчөп кылмыштуулук өстү

1985-жылы 17-майда кабыл алынган “Аракечтикке жана алкоголизмге каршы” токтом кандай жыйынтыктарды берди?

1.Эл “серегектик жашоо” образына өтө башташты

2.Наркомания, токсикомания күчөп кылмыштуулук өстү

Ош коогалаңынын келип чыгышына кайсы окуя түрткү болгон? 1.Республикада топтолгон социалдык маселелердин өз убагында чечилбей келиши 2.Өзбек улутунун Ата Мекендик согуштун жана эмгек ардагерлеринин Союздук жана республикалык бийлик органдарына жазган арызы

Ош коогалаңынын келип чыгышына кайсы окуя түрткү болгон?

1.Республикада топтолгон социалдык маселелердин өз убагында чечилбей келиши

2.Өзбек улутунун Ата Мекендик согуштун жана эмгек ардагерлеринин Союздук жана республикалык бийлик органдарына жазган арызы

Үйгө тапшырма: “ Улуттар аралык кагылышууну болтурбаш үчүн эмне кылыш керек” -деген темада эссе жазгыла;

Үйгө тапшырма:

  • “ Улуттар аралык кагылышууну

болтурбаш үчүн эмне кылыш керек”

-деген темада эссе жазгыла;


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!