Кайынды №3 орто мектеби
Тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана соцпедогог
Джетигенова Махабат Джетигеновна
Тема: «Чыр- чатакты болтурбай
алдын алуу»
Сабактын максаты :
чыгышынын түрлорүн аныктоо
менен чыр- чатактарды
болтурбоо жолдорун изилдөө;
2. Чыр- чатакты талдоого
алган адистерге сунуштоо
Социалдык Педогогиканын негизги максаты:
Жардамга муктаж бала жана анын үй- бүлөөсүнүн жашоо шарты менен баланын инсандык өзгөчөүктөрүн изилдөө, балага социалдык колдоо боюнча чара көрүү, баланын көйгөйүн чечүү учун ата- энесин, коомчулукту жана адистерди тартуу.
Чыр – чатак – бул кызыкчылыктары карама – каршы келген эки же андан көп топтогу адамдардын ойлорунун ар түрдүүлугү Чыр – чатактын пайда болуусу- бул чыр- чатактын себептери жана анын факторлору.
Чыр чатакты талдоо төмөндөгүдөй кадамдарды өзүнө камтыйт:
1 . Чыр чатактын өзүн сүрөттөп жазуу, угуу;
2. Катышуучуларды талдоо;
3. Чыр- чатактын себептерин талдоо;
4. Көрсөткүчтөрдү аныктоо (ар бирөөнүн позициясын угуу);
5. Өзүңдүн жасай турган кадамыңды аныктоо;
5- кадамда чыр – чатактын улануусуна бөгөт коюу стадиясы аныкталат. Бул чыр- чатактын чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн азайтуу үчүн алдын ала аткарылуучу иш аракеттер планы.
1. Чыр чатактын өзүн сүрөттөп жазуу, угуу;
Бул кадам өзүнө 3 суроону камтыйт:
1. Эмне? Чыр- чатактын негизги белгилери чыр- чатактын тараптарынын божомолдоолору, гипотезалары, кийин ырасталышы же кайра каралышы мумкүн
2. Качан? Чыр- чатактын фазалары: 1. Тымызын;
2. Чыр- чатактын күчөп кетиши;
3. Зордук- зомбулуктуу ачык чыр- чатак;
4. Чыр – чатакты жөнгө салуу;
5. Чыр – чатактан кийинки кырдаалга өтүү;
3. Кайда? Чыр- чатактын жайылган жери: локалдык, регионалдык, масштабдык
2- кадам .Катышуучуларды талдоо;
- Чыр – чатакка тартылган тараптардын кызыкчылыктарын позициясын, өз ара мамилелерин, аныктоо;
- Алардын мүнөздөрүнө психологиялык баа берүү;
- Чыр- чатактардын тараптары көп учурда
2 же 3 тараптан турат;
- кээ бир учурда 3- тараптар да
болушу ыктымал ;
3. Чыр- чатактын себептерин талдоо;
Чыналууну пайда кылган фактордун жыйындысы; Материалдык жана материалдык эмес (идеология, улутчулдук, динчилдик, социалдык абал ж.б.) .
Эгер чатакташкан тараптардын укуктук институту күчтүү болсо , анда мындай алкакта укуктук мыйзам сакталса, чыр- чатактар зордук- зомбулук стадиясына өтүүсу анча деле мүмкүн эмес.
Күчтүү укуктук институт жок болгон учурда чыр чатак ырбайт.
4. Көрсөткүчтөрдү аныктоо (ар бирөөнүн позициясын угуу);
- Ар бир тараптын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүн аныктоо б.а чыр – чатакты ырбап кеткенден кийинки кырдаалдын өнүгүү багытын аныктоо;
- Зарыл болгон чараларды алдын ала көрүү ;
5. Өзүңдүн жасай турган кадамыңды аныктоо;
1. Чыр- чатактын чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн азайтуу үчүн эмне кылуу керек?
2. Көздөгөн максатка кантип жетүү керек?
3. Буга ким көмөк көрсөтө алат?
1- тапшырма. 3 топко суроолорду таратып берүү.
2- тапшырма. 3 топко абалдар боюнча суроолорду таратып берүү.
3- тапшырма. 3 топко суроолорду таратып берүү. Ортомчулук принциби.
4- тапшырма. Кырдаалдар боюнча ролдордо иштөө
Көңүл бурганыңызга чоң рахмат !
Сак- саламатта болуңуз!!!