СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Советтик педагогика

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Колдонулган адабияттар:

  1. Кыргыз педагогикасы Бишкек 2004

Просмотр содержимого документа
«Советтик педагогика»



Советтик педагогиканын пайда болушу жана өнүгүшү


В. И. Ленин элге билим берүүнүн, маданияттын жана агартуунун өзөктүү проблемаларын иштеп чыгып ишке ашырууга түздөн-түз өзү катышкан. Педагогиканын теориясынын өнүгүшү анын саясатка байланышы, пролетариаттын маданий мурастарына жана эски мектепке болгон мамилеси жөнүндөгү, коммунисттик моралда тарбиялоонун мазмуну жана методдору жөнүндөгү, жалпы билим берүүчү мектептин окуучуларын политехникалык даярдоо жөнүндөгү маселелерге түздөн-түз байланыштуу болууга тийиш эле. Мына ушул ж. б. толуп жаткан татаал суроолорго В. И. Лениндин макалалары, мугалимдердин, саясый агартуу кызматкерлеринин, жаштардын алдында сүйлөгөн сөздөрү, анын Наркомпрос кызматкерлерине берген директивалары жооп берген. В. И. Ленин жаңы коомдо окуу, тарбия жана билим берүү эскиче калуусу мүмкүн эмес, бирок алар эски коомдон калган материалга таянышы керек деп көрсөткөн. Агартуу боюнча Бүткүл россиялык 1-съезддин (август, 1918) катышуучуларына элге билим берүү тармагындагы Совет өкмөтүнүн саясатынын принциптүү негиздерин түшүндүрүп жатып В. И. Ленин “...турмуштан четтеги, саясаттан четтеги мектеп – бул жалган жана эки жүздүүлүк” деген.

Билим берүүдө улуттук, сословиелик, динге ишенүү ж. б. чектөөлөрдүн алынып ташталышы, чиркөөнү мамлекеттен жана мамлекетти чиркөөдөн ажыратуу, мектепти башкаруудагы эски сословиелик-бюрократтык аппаратты жоюу жаш муундарды окутуунун жана тарбиялоонун бардык иштерин түптамырынан кайра курууга жол ачкан. Өткөн мезгилдеги педагогиканын прогрессивдүү идеялары (билим берүүнү динге байланыштырбоо, эркек балдарды кыздар менен бирге окутуу, эмгекке тарбиялоо) ишке ашырылган; тарыхта болуп көрбөгөндөй ири маселе – мектепти таптык үстөмдүктүн куралынан коомду таптарга бөлүштүрүүнү толук жок кылуунун куралына айландырып, аны адамдын личностун тарбиялоонун куралы катарында пайдалануу ишке ашырылган.

Турмуштук муктаждык болгондуктан, жаңы мектептин актуалдуу проблемалары РСФСР Наркомпростун илимий- методикалык комиссияларында эч токтоосуз каралып турган. Педагогика боюнча изилдөө иштери кеңири жүргүзүлө-баштаган.


Наркомпростун алдында коммуна мектеби, тажрыйба станциялары сыяктуу изилдөө лабораториялары уюштурулган. Аларды П. Н. Лепешинский, М. М. Пистрак, С. Т. Шацкий ж. б. башкарып, тарбиялоонун жана окутуунун жаңы методдорун иштеп чыгып, практикада текшерип турушкан.

Педагогика боюнча теориялык ишти туңгуч советтик педагог-марксист Н. К. Крупская башкарган. Октябрь революциясынан кийин А. В. Луначарский, М. Н. Покровский элге билим берүүнүн көрүнүктүү ишмерлери менен бирдикте Н. К. Крупская К. Маркс, Ф. Энгельс жана В. И. Лениндин идеяларын активдүү пропагандалап, аларды теориялык жактан иштеп чыккан. Н. К. Крупская коммунисттик тарбиянын жана дидактиканын теориялык проблемалары боюнча иштеген, балдардын коммунисттик кыймылынын маанисин ачып көрсөткөн, саясый-агартуучулук иштердин көптөгөн орчундуу маселелерин иштеп чыккан. Педагогиканын предмети, анын философияга болгон катышы, педагогикалык ойлордун өнүгүшүнүн диалектикасы деген сыяктуу методологиялык маселелер П. П. Блонский, А. Г. Калашников, А. П. Пинкевич, Б. Б. Комаровский, И. Ф. Сводовский, О. В. Трахтенберг ж. б. эмгектеринде берилген.

Советтик мектептин жана педагогиканын он жылдык өнүгүшүнүн жыйынтыгы А. Г. Калашниковдун редакциясында даярдалган 3 томдук педагогикалык энциклопедияда (1927–1928) чагылдырылган.

КПСС БКнын 1931-жылдын 5-сентябрындагы “О начальной и средней школе” деген токтомунда буга чейин сунуш кылынып келген мамлекеттин жок болушу менен мектеп да кошо жоголот да, анын ордун мектептен тышкаркы иштердин ар түрдүү формалары жана методдору ээлөөгө тийиш деген жалган теорияны айыптаган. Педагогика тармагындагы илим изилдөө иштеринин мазмуну кескин өзгөрүлүп, дидактика менен методикаларды иштеп чыгуу тездетилип, мектеп башкаруу маселелерине орчундуу көңүл бурула баштаган. 1934-жылы педагогика боюнча М. М. Пистрактын педагогикалык институттар үчүн “Педагогика” окуу китеби чыгарылган. 1934–40-ж. педагогика боюнча чыгарылган жаңы окуу куралдарын даярдоодо И. А. Каиров, П. Н. Груздев, Е. Я. Голант, Н. К. Гончаров, С. М. Pивec, Л. Е. Раскин, С. Х. Чавдаров ж. б. эмгектенишкен.

Өткөн кылымдын 30-жылдарынын биринчи жарымындагы педагогикалык адабият педагогика мугалимге эмпирикалык гана сунуштарды бере алат, бирок аларды теориялык жактан негиздөө башка дисциплинага – педологияга жүктөлөт деп эсептеген концепцияны бирден бир жалгыз туура концепция катары пропагандалаган. Педология айыпталгандан кийин балдарды изилдөө иши кооптонуучулук, этияттык менен жүргүзүлүп, бир нече жылдар бою лабораториялык эксперименттин ж. б. психологиялык изилдөө методдорунун зарылдыгы таанылып калган.

Социалисттик закондуулук бузулуп турган мезгилде педагогиканын көптөгөн көрүнүктүү ишмерлери чагымдын жана репрессиянын курманы болушкан. Бирок алар советтик педагогиканын өнүгүүсүн токтото алышкан эмес. 1941–45- жылдары Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу сыноосун советтик педагогика жана мектеп өздөрүнүн негизги милдеттерин ийгиликтүү аткаргандыгын ачык көрсөттү.

1943-жылы РСФСР педагогикалык илимдер Академиясы (1966-жылдан СССР педагогикалык илимдер Академиясы) түзүлгөн. Академия дүйнөдөгү эң ири илимий педагогикалык мекеме болуп эсептелет. Ал педагогиканын негизги тармактары боюнча изилдөөлөр жүргүзөт; элге билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик документтерди иштеп чыгууга активдүү катышат; педагогиканын бардык тармактары боюнча илимий журналдарды чыгарат. Педагогиканын зор жетишкендиги болуп А. С. Макаренконун эмгектери эсептелет, ал окутууну өндүрүмдүү эмгек менен бириктирүү жөнүндөгү марксисттик-лениндик принципти ийгиликтүү ишке ашырган.

Советтик дидактикада окутуунун методдору, окутуу процессиндеги тарбия менен билим берүүнүн өз ара байланышы, окууну мотивациялоо, окуучулардын өз алдынча иштөөлөрүн уюштуруу (М. А. Данилов, Б. П. Есипов, Э. И. Моносзон, М. Н. Скаткин, С. Г. Шаповаленко ж. б.) маселелери эң сонун изилденип чыкты. Окутуу менен өнүгүүнүн өз ара байланышы боюнча жүргүзүлгөн эксперименталдык изилдөөлөр (Л. В. Занков, Д. Б. Эльконин ж. б.) балдардын өнүгүү деңгээли өскөндүгүн далилдеген, ал болсо окутуу проблемаларын ийгиликтүү чечүүгө мүмкүндүк берет. Билим берүүнүн мазмунун аныктоо проблемалары (A. M. Арсеньев, К. А. Иванович, А. И. Мар-кушевич ж. б.), дифференциацияланып, окутуу проблемалары (М. А. Мель-ников, Д. А. Эпштейн ж. б.) ийгиликтүү изилдөөгө алынган.

1929-жылы өнөр жайларды индустриализациялаштыруу жана айыл чарбаны коллективдештирүүгө байланыштуу элге билим берүү саясаты толук аныкталган. Советтик педагогикада билим берүүнү политехникалаштырууга багыт алынган. Мугалимдердин алдына бүгүнкү күндүн талабын (сабатсыздыкты жоюу) камсыз кылуу, адистерди даярдоонун темпин тездетип, сапатын көтөрүү, социализмдин таяныч базалары катарындагы фабрика-заводдун, райондордун, совхоздордун жана колхоздордун керектөөлөрүнө кызмат кылуу сыяктуу негизги милдеттер коюлган. Бул маселелерди чечүү бардык жерде мугалимдерди коомдук иштерге тартууну талап кылган (эгерде мугалим өзүнүн убактысынын 70% коомдук иштерге, 30% мектепке жумшаса, анда ал туура деп эсептелген).

Советтик педагогика өзүнүн биринчи күндөрүнөн баштап эле жаш муундарды окутуу-тарбиялоонун өзөктүү проблемаларын марксисттик-лениндик окуулардын негизинде чечүүнү изилдеген. Педагогикалык илим-изилдөө мекемелеринин иштери мектептин жана мугалимдердин ишмердүүлүктөрү менен тыгыз байланышта жүргүзүлүп келген. Жаңы педагогиканын теориялык жоболорун текшерип, анын идеяларын пропагандалоо максатында илимий педагогикалык ишмердиктин эксперименттик базасы болгон тажрыйбалык мектептердин жана станциялардын кеңири тармагы түзүлгөн.

Өткөн кылымдын 60-80-жылдарында методологиялык жана жалпы теориялык мүнөздөгү бир катар орчундуу проблемалар, алардын ичинде педагогиканын илимий билимдер системасындагы ордун аныктоочу маселелер изилденген (“Общие основы педагогики” п/ред. Ф. Р. Королева и В. Е. Гмурмана. Илимий- техникалык жана социалдык прогресс шарттарындагы Педагогика илиминин өнүгүүсүнүн негизги багыттары аныкталып, инсанды ар тараптан өнүктүрүүнүн марксисттик-лениндик теориясына көп көңүл бурулган.

Советтик мектептин тарыхында анын өнүгүүсүнүн ар бир этабы биринчи кезекте дайыма программалык- методикалык иштерди кайра куруудан башталган. Жалпы орто билим берүүгө өтүүнү ишке ашырууда мектептик билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо жана окуу-тарбиялоо процессин өркүндөтүү менен бирдикте ишке ашырылган. Педагогика илиминин ишмерлери мугалимдер менен бирдикте мектептеги окуу-тарбиялоо процессин кайра куруунун зарылдыгын негиздеп, аны практикада ишке ашырууну камсыз кылышты.

Мектепте билим берүүнүн мазмунун илимдин, техниканын жана маданияттын өнүгүү деңгээлине туура келтирүү маселесин чечүү максатында дидактиканын жетишкендиктерине баарыдан мурда өнүктүрүп окутуунун теориялык негиздерине таянып советтик методистер XX кылымдын 60-70-жылдарында мектептик программалар үчүн окуу материалдарды тандап алуунун принциптерин иштеп чыгышкан, аларды илимий-техникалык жетишкендиктерге шайкеш келтиришкен, табигый жана гуманитардык илимдердин байланыштарын белгилешкен, орто окуу жайларынын ар түрдүү типтериндеги жалпы билим берүүнүн бирдиктүү деңгээлинин жалпы негиздерин аныкташкан. Натыйжада окуучуларды практикалык ишмердүүлүккө даярдоонун мазмуну жаңыланып, окуу курстарынын системалуулугу жана окутуунун политехникалык багытталышы күчөтүлүп, үзгүлтүксүз билим берүү байытылган.

СССР ПИАсында ошондой эле кесиптик-техникалык педагогика боюнча да зор изилдөөлөр иштелип чыгып, фундаменталдуу эмгектер жаралган, алар “Очерки профессиональной педагогики”

Мектеп жашына чейинки курактагы балдарды өстүрүп өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун психологиялык- педагогикалык концепциясын иштеп чыгуу советтик педагогиканын жетишкендиктеринин бири болуп эсептелет. Балдар проблемасынын жана балдар чыгармачылыгын калыптандыруунун ядросун түзүүчү мотивациялык эрктүүлүктү өнүктүрүү проблемаларын фундаменталдуу изилдөөлөр колго алынып, мектеп жашына чейинки курактагы балдардын билимдерин тандап алып системалаштыруунун илимий принциптери иштелип чыккан (А. В. Запорожец, Н. Н. Поддъяков, В. Н. Логинова, Т. С. Комарова, П. Г. Саморукова жана башка).

Педагогикада кемчиликтери бар балдарды иликтеп үйрөнүүнүн методдорун иштеп чыгуу кеңири орун алган, анткени аномалдуу балдарды педагогикалык, психологиялык, физиологиялык жана клиникалык жактан терең изилдеп чыгуу жолу менен гана аларды атайын окутуп тарбиялоочу мекемелерге туура тандап орноштуруп, тиешелүү багыттагы окуу- тарбиялоо жана дарылоо иштерин уюштурууга болот. Дүлөй балдарды окутуунун денгээлин жогорулатуу боюнча конкреттүү жыйынтыктарга жетишилген (Ф. А. Pay жана Ф. Ф. Pay, С. А. Зыков эмгектери болсо сокур балдарды кесипке даярдоонун жана алардын жалпы билимин жогорулатуунун системасын түзүүгө мүмкүндүк берген.

60–70-жылдардагы педагогика илиминин өнүгүүсүнүн мүнөздүү белгиси – бул жылдары өндүрүштүк окутуу жана эмгекке тарбиялоонун бөтөнчөлүктөрүн изилдөө боюнча тажрыйбалык-эксперименттик иштердин, мектеп окуучуларын коомдук пайдалуу эмгекке тартуунун түрдүү формаларынын кеңири масштабда өркүндөөсүндө болгон. Окуучулардын өндүрүштүк бригадаларынын иш тажрыйбалары боюнча жалпы жыйынтыктар чыгарылган. Энтузиаст мугалимдердин катышуусуу менен өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча, жаныбарларды тейлөө боюнча тарбиялык иштердин мүмкүнчүлүктөрү жана окуу-тажрыйбалык иштерди жүргүзүүнүн методикалык негиздери изилденип чыккан. Изилдөөлөрдө окуучуларды материалдык өндүрүш сферасындагы эмгекке даярдоо, анын мектептеги окуу-тарбиялоо процесс менен байланышын күчөтүү маселелери биринчи орунга коюлган. Техникалык чыгармачылыкты, мектептерде тажрыйба иштерин жүргүзүүнү, окуучулардын эмгектик бирикмелерин уюштурууну, алардын айыл-чарба комплекстери менен болгон байланыштарын өөрчүтүү бөтөнчө орунду ээлеген. Ошону менен катар эле балдардын жана өспүрүмдөрдүн коомдук пайдалуу өндүрүштүк эмгегин нормага келтирүүгө, аны өлкөнүн түрлүү региондоруна жана жергиликтүү шарттарга ылайыктоого байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада психологиялык маалыматтар менен катар философиялык, социологиялык, экономикалык, медициналык, ошондой эле фундаменталдык жана прикладдык илимдердин техниканын жана өндүрүштүн өсүшүн илимий техникалык прогресстин өсүшүн, аныктай турган жетишкендиктерин пайдалануу менен иштелип чыккан окуучуларды эмгекке даярдоонун жалпы концепциясы бир кыйла байытылып өркүндөтүлгөн. Ошонун базасында типтүү жаңы программалар, окуучуларды эмгекке жана кесипке окутуунун ар түрдүү багыттары боюнча бир катар методикалык жана окуу колдонмолор түзүлгөн. “Өндүрүштүн негиздери. Кесип тандоо” деген мектептин жаңы курсунун программасы иштелип чыккан. Ал программанын негизги максаты – окуучулардын эмгегинин социалдык багытталышын күчөтүү, азыркы экономикалык ойлонууну калыптандыруу, мектеп окуучуларын эрте эмгекке тартуу жана аларды техникалык чыгармачылыкка кириштирүү болгон.



Колдонулган адабияттар:


  1. Кыргыз педагогикасы Бишкек 2004



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!