СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Балдар психологиясы боюнча
ЛЕКЦИЯ
План:
Психология термини обьективдүү чындыктын аң-сезимдеги көрүнүшү болуп эсептелген духтун (жандын) кайгыруунун же кубанычтын жыйындысы же бирөөгөтаандык болгон духтук түзүлүш. Психология психикалык иштин закон ченемдүүлүгү, эволюциясы жана формалары жөнүндөгү илим, мүнөздүн, ой-пикирдин, сезимдин бөтөнчөлүгү. Сөзмө сөз которгондо грек тилинен алынып (псюхе)жан жөнүндөгү илим. Психикалык көрүнүштөргө каалоолор, ойлор, кыжалат болуулар ж.б. Илимий психология дал ушул жана башка көрүнүштөрдү адамдын кыймыл аракетин, анын жасаган иштеринен,башка адамдарга жасаган мамилелеринен аныкталат.
1.Балдар психологиясынын илим катары өнүгүүсү
Бала изилдөөнүн эң оор маселелеринин бири. Өзгөчө балдар психологиясынын илим катары өнүгүшү көп мезгилди өз ичине камтыган. Көрүнүктүү чех педагогу Ян Амос Коменский (1591-1670) биринчилерден болуп окуу системасын баланын ички жан дүйнөсүнүн өзгөчөлүгүнө ылайык түзүү идеясын айткан. Жан-Жак Руссо (1712-1778) кичинекей бөбөктүн психикасынын өзгөчөлүгүнө кылдат мамиле жасоо керек, чоңдор баланын акылынын, каалоосунун, сезиминин бөтөнчөлүгүн ар дайым туура түшүнө алышпайт жана эркин тарбиялоо зарыл деген ойду айткан. Анын ою боюнча баланын өнүгүүсүндө табияттын таасирдүүлүгү маанилүү, ошондуктан бул процесске чоңдордун кийлигишүүсү зыяндуу деп эсептеген. Генрих Песталоци (1796-1827) баланын өнүгүүсүндө чоңдордун аларды системалуу окутуусуна өзгөчө маани берген.. Бул идея анын «Гертруда өзүнүн балдарын кандайча окутат» деген эмгегинде чагылдырылган.
XVIII кылымдагы педагогиканын өкүлдөрүнүн көз карашында өнүгүүгө карата карама-каршы концепциялар белгиленген. Бул балдар психологиясынын тарыхында сакталып калган. Балдар психологиясы өз алдынча илим катары пайда болгонго чейин жогоруда көрсөтүлгөндөй баланын психикасынын өзгөчөлүгү жөнүндө ар кандай ой жүгүртүүлөр болгон. Алар баланын психикасы, анын өзгөчөлүгү жөнүндө кызыктуу пикирлерди айтышкан. Балдар психологиясы өз алдынча илим катары пайда болгонго чейин Россияда В.Н.Татищев (1686-1750), Н.И.Новиков (1744-1818), А.Н.Радищев (1749-1802) сыяктуу маданияттын алдыңкы өкүлдөрү өздөрүнүн эмгектеринде психиканын өнүгүү өзгөчөлүгү, айрыкча балдардын психикасынын өнүгүүсү жөнүндө ой жүгүртүшкөн. В.Н.Татищев баланын башка адамдардын тажрыйбасын жана билимин үйрөнүүсүн акылдын өнүгүүсүнүн булагы катары караган. Ал мындай тажрыйба карым-катнаш, жазуу сабаттуулугу аркылуу берилет да, адам балага жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деп белгилеген.
Ушул эле көз карашты Н.И.Новиков (1744-1818) айткан. Ал баланын эс акылы, нравалык сезими айлана-чөйрөдөгү заттарды кабыл алуусун жана чоңдорду окшоштуруптууроосуна байланыштуу өнүгөт деп далилдеген.Н.И.Новиков өнүгүүнүн жана адамды тарбиялоонун негизи катары, китепти, билимди бөлүп карап, ал окутуунун эрте башталышы зарыл, айрыкча балдар сүйлөй баштагандан тартып деген ойду айткан. Ошондой эле кечирээк окутуу өнүгүүгө тоскоолдук кылат деп белгилеген. Ал баланын өнүгүү стадияларын (өнүгүү деңгээли, баланын жаш кези, балалык, жаштык) белгилеген. Баланын жаш кезиндеги өнүгүү стадиясында негизги маселе анын биологиялык керектөөлөрүн канааттандыруу. Балалык кезде эң башкысы окшоштуруп тууроо, Жаштык кезде бардыгын таанууга жана сыноого умтулуу өзгөчө орундуу ээлейт деп айткан.Н.И.Новиков жаштар үчүн биринчи жолу илимий популярдуу Акыл-эс жана көңүл үчүн балдарга окуп берүү деген журналды чыгарат. Анда жаратылыштагы кубулуштар жана психика жөнүндө ошол учурдагы көз караштары баяндалган. Н.И.Новиков илимий ой жүгүртүүнүн натыйжасында теорияга жана практикага психологияны киргизүүнүн зарылчылыгын белгилеп, өнүгүүнүн окутуу менен болгон байланышын туура чечкен.
Н.И.Новиковдун замандашы А.Н.Радищев психиканын өнүгүүсүнүн социалдуулугуна өзгөчө маани берген. Ал адам жөнүндө анын өлүм саны жана өлбөс-өчпөстүгү деген илимий чыгармасында Ж.Руссонун баланы эркин тарбиялоо идеясын сынга алып, аларды “талаадагы, токойдогу иштеген эмиль сыяктуу түшүнүктөр” деп караган. Ал психиканын өнүгүүсүн баланын башка адамдар менен мамилесинин негизинде ачып көрсөтүп “адам коомдук нерсе өзү сыяктуулардын коомунда жашоо үчүн жаралган” деген ойду өз каттарында кайталайт. А.Н.Радищев психиканын өнүгүүсүндө речтин ролун өзгөчө белгилейт, анткени сүйлөө аркылуу адамдар бири-бирине таасир этет. “Жаратылыш, адамдар жана буюмдар адамды тарбиялоочу мааниге ээ...” деп жазган. Бирок алгачкы адам баласынын өркүндөөсүнө түртк берүүчү күч бул речь “сүйлөө”. Бөбөк сүйлөгөнгө үйрөнгөн мезгилден баштапанын акыл-эси өнүгүп көрүнүктүү боло баштайт. Демек А.Н.Радищевдин эмгегинде адамдын психикасынын өнүгүүсүнүн социалдуу мүнөзү жана өнүгүү процессинде сүйлөөнүн өзгөчө ролу жөнүндө прогрессивдүү ойлор берилген.
В.Г.Белинский (1811-1848), А.И.Герцен (1812-1870), А.Н.Добролюбов (1836-1861), кийинчерээк А.Ф.Лазурский (1874-1917) ж.б. орустун алдыңкы өкүлдөрү баланын инсандык сапатынын толуктугу жөнүндө жаңы ой жүгүртүүлөрдү айтышкан.
Балдар психологиясынын илим катары түзүлүшүндө К.Д.Ушинскийдин, И.М.Сеченовдун (1863-жылда жарык көргөн “Мээ рефлекси”, 1878-жылдагы “Психологияны кимдер жана кандайча иштеп чыгуу керек”, “Ойдун касиеттери”) эмгектери зор мааниге ээ. Анткени аталган эмгектерде балдар психологиясынын мааниси жана орду аныкталып берилген. Анын «Илимий психология” эмгеги өзүнүн мазмуну боюнча психикалык ишмердүүлүктүн пайда болушундагы негизги окуу катары белгиленет. И.М.Сеченов балдар психологиясын изилдөөдөгү негизги метод катары генетикалык методду белгилейт. Өзү бул методду колдонуп баланын психикасынын пайда болуусун байкаган жана психиканын өнүгүүсүнүн негизги закон ченемдүүлүгүн аныктаган. Ал кабыл алуунун жана туюмдун өнүгүүсү баланын буюмдар менен болгон аракетине байланыштуулугун ачып көрсөткөн. И.М.Сеченов баладагы маалымат берүү ишмердүүлүктүн өнүгүүсүндө негизги багыт ар кандай нерселердин өзгөчөлүктөрүн ажыратуу анан алардын өз ара байланыштуулугун түшүнүү деп көрсөткөн.
И.М.Сеченов баланын психикасынын өнүгүүсүндөгү негизги өзгөчөлүк башка адамдардын тажрыйбасына анын көз карандылыгы деп белгилейт. Ал “бала бешиктеги мезгилинен баштап табигый таасир менен курчалган. Мунун үстүндө нечен кылымдар бою ой жүгүртүүлөр болгон. Мурунку убактан бери балага иши жана сөзү менен башкалардын даяр формадагы тарбиясын тартуулайт. Өз акылы менен берилүүчү оор эмгекти алып таштайт.”деп жазган. И.М.Сеченовдун бул теориясы советтик психологдордун эксперименталдык изилдөөлөрүндө далилденген.
Балдар психологиясынын илим катары пайда болушунда К.Д.Ушинскийдин эмгектери олуттуу мааниге ээ болот. Айрыкча “Адамды тарбиялоонун предмети катары кароо” деген эмгегинде тарбиялоонун жана окутуунун психологиялык негизин баяндап, психиканын өнүгүүсүн жана инсандык калыптаныш өзгөчөлүгүн ачып түшүндүргөн. Үйрөтүү бул чоң эмгек жеңил-желпи иш эмес деп белгилеген. К.Д.Ушинскийдин экинчи жобосу сөздүн духовный маданиятын балага берүүдө эне тилин негизги фактор катары таануу болуп эсептелген. Ал эне тилинде түшүнүүнүн, аң-сезимдүү өздөштүрүүнүн маанисин баса белгилеген. К.Д.Ушинскийдин кызыктуу пикири катары анын оюнду баланын негизги иш-аракети катары карагандыгы. Оюн иш-аракети бүгүнкү күндө да өзгөчө мааниге ээ. Анын ою боюнча оюн турмуштагы нерселерди чагылдырат, бал оюнда психиканын негизги өзгөчөлүктөрү окутуунун методикасы, педагогиканын негизи катары кызмат кылат деген ойду билдирген. Балдар психологиясы үчүн маанилүү изилдөө методдорунун схемасын жана эксперименттин негизинде текшерилген фактыларды таба алган эмес, бар болгону болочок алдыда турган илимди куруунун негизин белгилеген.
Балдар психологиясынын өнүгүүсүндө баланын акылынын өнүгүүсүнүн факторун жана себептерин түшүнө билүү өзгөчө мааниге ээ. XIX кылымдын аягынан тарта баланын жаш курак жана жекече айырмачылыгы, психикасынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү көптөгөн окумуштууларды жана дарыгерлерди да кызыктыра баштаган. Баланын психикасынын өнүгүүсү тууралуу В.Прейердин 1881-жылдагы Баланын жаны аттуу эмгеги абдан кызыгууну жаратат. Эмгекте автор өзүнүн баласына системалуу байкоолорду жүргүзүп, эмоционалдуу өзгөчөлүгүн чагылдырган.
Балдар психологиясында атайын изилдөөлөр XX-кылымда улантылат. Эми баланын психикасынын өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүнүн өзгөчөлүктөрүнө кызыгуулар артат. Теориялык жана эксперименталдык мүнөздөгү эмгектер пайда болот. Баланын ойлоо процесси, түшүнүгүн изилдеп, калыптануу факторлорун ачып берүүгө аракеттер жасалат. Балдар психологиясынын өнүгүүсүндө П.П.Блонскийдин эмгектери чоң. Ал Психологические очерки, Развитие мышление школьников деген эмгектеринде ой процессин изилдөөнүн атайын методикасын иштеп чыккан жана кенже курактагы окуучунун акыл активдүүлүгүн өнүктүрүүнүн зарылчылыгын белгилеген.Дагы бир изилдөөчү Л.С.Выготский баланын айрым психикалык процесстеринин пайда болуп өзгөрүшүн окуу иш-аракети менен байланышта изилдеген. Эксперименталдык изилдөөлөрүнүн негизинде баланын речинин өнүгүүсүнүн анализдеп, ачып көрсөткөн.
Москвадагы Педагогикалык илимдер академиясынын мектепке чейинки тарбия берүү институтунда А.В.Запорожецтин жетекчилиги астында Д.Б.Эльконин, А.П.Усова, Н.Н.Поддьяков мектепке чейинки балдардын ар кандай иш-аракетте психиканын өнүгүүсүнө көрүү, угуу аркылуу кабыл алуусунун тийгизген таасирин Сенсорное воспитаниедошкольника деген китепте эксперименталдык изилдөөлөрдүн натыйжасын талдап иштеп чыгышкан. Алардын изилдөөлө балдар бакчасында, педагогикалык практикада пайдаланылды.
2.Балдар психологиясынын предмети жана методдору
Балдар психологиясы баланын психикасынын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана фактыларын үйрөтүүчү илим.Ымырка мезгилден, мектеп жашына чейинки куракта баланын психикасын, жашоо шартын, кыймылдаткыч күчүн, себептерин, айрым психикалык процесстердин өнүгүүсүн, ар түрдүү иш аракетте (оюн, эмгек, окуу), инсандык асаптынын калыптанышын изилдөө балдар психологиясынын предмети болуп аталат.
Балдар психологиясы коомдун мүчөсү катары баланын жарык дүйнөгө келген күнүнөн тарта мектеп жашына чейинки мезгилдеги психикалык өнүгүү закон ченемдүүлүгүн ар кандай баскычта изилдейт. Баланын психикасынын өнүгүүсү балдар психологиясында алардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык түшүндүрүлөт. Балдар психологиясында баланын психикасынын өнүгүүсү детерминизм принцибинин негизинде түшүндүрүлөт. Мунун натыйжасында психикалык процесстердин өнүгүү деңгээли, себептери чечмеленет. Баланын өнүгүүсүн камсыз кылган ар кандай шарттарды, факторлорду өз ара байланышта карап, анализдөө диалектикалык мамилени талап кылат. Ошондуктан балдар психологиясында баланын активдүүлүгүн, карым ктнаштагы чоңдордун үлгүсүн окуу-тарбия процессинде бирдиктүү иш жүзүнө ашырылышы өнүгүүнүн фактору боло алат.
Психиканын өнүгүүсүндө баланын бир мезгилден экинчи мезгилге өтүүсүнө мүмкүндүк берген ички кыймылдаткыч күч белгиленет. Бул жаңы аракеттер менен мурунку аракетттердин ортосунда пайда болгон карама каршылык. Мисалы бөбөк заттардын, кубулуштардын сырткы сапатын чагылдыруу менен чектелбестен, аны таанып билүүнүн ыгын өздөштүрүүгө умтулат. Мындай аракет баладан жаңы акыл аракеттеринин системасын талап кылат. Мунун натыйжасында мурда өздөштүрүлгөн практикалык аракеттен, өнүгүүнүн жаңы баскычында иш-аракетти аткаруудагы ык, машыгуулардын ортосунда карама-каршылык түзүлөт. Баланын инсандык сапаттарын, өнүгүү өзгөчөлүгүн түшүнө билип мамиле жасоодо тарбиячы жана ата-эне балдар психологиясынын илимий негиздерин өздөштүрүп түшүнө билүүсү зарыл. Балдар психологиясы жалпы психология менен байланыштуу. Анткени адамдын психикасы жөнүндө түшүнүк, психикалык процесстер, инсандык касиеттер жана жекече типологиялык өзгөчөлүктөр жалпы психологияда илимий түрдө берилген. Мисалы, кабыл алуунун предметтүүлүгүн, анын маанисин,жалпы механизмин түшүнгөндө гана аны жаш өзгөчөлүккө байланыштуу ачып берүүгө болот. Ошондуктан баланын өнүгүүсүн, айрыкча анын айлана-чөйрөнү таанып билүүсүн изилдөөдө балдар психологиясы жалпы психологиянын теориялык негизине таянат.
Балдар психологиясы анатомия жана физиология менен да тыгыз байланыштуу. Өзгөчө баланын нерв системасынын жана жогорку нерв ишмердүүлүгүнүн өнүгүүсүн үйрөнүүдө анатомиянын жана физиологиянын жетишкендиктерин билүү маанилүү. Балдар психологиясы педагогика менен байланышат. Педагог психологиялык билимге муктаж болсо, психолог баланын психикасынын өнүгүүсүн изилдөөдө белгиленген милдеттерди чечүүдө педагогиканы билүүгө тийиш. Анткени, баланын психикасынын өнүгүүсү окуу процессинде өтөт. Демек, балдар психологиясынын изилденүүчү обьектисин педагогикадан бөлүп кароого болбойт.
Балдар психологиясы окуу-тарбия ишинде аны уюштурууда маанилүү орунга ээ. Мектеп жашына чейинки баланын психикасынын өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн түшүнүү окуу-тарбия ишинин деңгээлине таасир этип, эффективдүүлүгүн арттырат. Балдар психологиясын өнүгүүнүн жалпы законун үйрөтүү менен ата-эне, тарбиячы баланын аң-сезиминин өнүгүүсүн, инсандык сапаттарынын калыптанышын багыттап жөнгө салат. Баланын ой-жүгүртүүсүн, эс, кабыл алуу ж.б. психикалык процесстерин калыптандырууда анын билимин, мүмкүнчүлүгүн, каалоосун, жекече өзгөчөлүгүн эске алуу зарыл.
Балдар психологиясында теориялык жана практикалык милдеттер белгиленген. Алар:
Белгиленген милдеттерди иш жүзүнө ашыруу тарбиячынын психология илимин өздөштүрүп, аны тарбия ишинде пайдалана билүүсү менен байланыштуу өтөт.Тарбиячы окуу иш-аракетинде мектеп жашына чейинки баланын таанып-билүү процесстерин кабыл алуусун, эс, речин, ойдун өнүгүүсүн активдештирүү менен баланын акыл-эсин калыптандырып, теориялык, практикалык милдеттерди иш жүзүнө ашырат. Баланын активдүүлүгүн, мүмкүнчүлүгүн, каалоосун, өнүгүү өзгөчөлүгүн багыттап жөнгө салууда, белгиленген милдеттерди иш жүзүнө ашырууда, балдар психологиясынын методдорун илимий багытта пайдалана билүү зарыл.
3.Балдар психологиясынын методдору
Балдар психологиясы психиканын өнүгүүсүн изилдөөдө жалпы психологиянын методдорун пайдаланат.Психология илиминде илимий изилдөөнүн 4 тобу белгиленет.
1-топ. Изилдөөнүн уюштуруу методдору (салыштырмалуу, лонгитюддук)
2-топ. Изилдөөдө илимий берилгендерди жыйноодо колдонулуучу эмпирикалык методдор (байкоо, эксперимент, тест, анкета, аңгеме)
3-топ. Эксперименталдык маалыматтарды иштеп чыгуу ыкмасы. Алынган фактыларды сандуу жана сапаттуу илимий көз карашта талдоо.
4-топ. (интерпретация) жыйналган илимий фактылардын негизинде психиканын өнүгүү деңгээлинин өзгөчөлүгүн сапаттуу түрдө далилдеп ачып берүү.
Фактыларды үйрөнүү ар бир илимдин негизин түзөт. Фактыларды алууда, тактоодо пайдаланылган ык- илимдин ыкмасы (метод) деп аталат. Ар бир илимдин методу анын эмнени изилдегенине, предметине байланыштуу. Балдар психологиясынын методдору – баланын өнүгүүсүн мүнөздөөчү фактыларды ачып билүүнүн жолу.Бул фактыларды тарбиячынын, эненин баланын өнүгүүсү жөнүндөгү маалыматтардан алууга болот. Бирок мындай фактылар тактыгы менен мүнөздөлбөйт.Ошондуктан фактылардын тактыгы, толуктугу илимий негизделген болуу керек. Илимий так фактылар изилдөөчү тарабынан текшерилип алынат. Өнүгүүгө тиешелүү фактыларды ар кандай жаш курактагы балдардын өзгөчөлүгүнө салыштыруу менен гана алууга болот. Белгиленген милдеттерди чечүүдө баланын психикасынын өнүгүүсүн изилдөөдө балдар психологиясы жогоруда белгиленгендей жалпы психологиянын методдорун пайдаланат. Баланын психикасынын өнүгүп калыптануусун изилдөөдө атайын психологиялык-педагогикалык ишти уюштурууда балдар психологиясынын методдору пайдаланылат.
Баланын өнүгүүсүн үйрөнүү 2 негизги формада өтөт. Биринчиси узатасынан изилдөө формасы. Мында баланын бир стадиядан экинчи стадияга өтүүсүндө психикасындагы өзгөрүүлөрдү билүү милдети белгиленет. Бул формага Н.Л.Фигурин менен Н.М.Шелевановдун баланын өнүгүүсүнө системалуу жүргүзгөн байкоосу мисал болот. Алар күнүмдүк байкоонун негизинде ар бир баланын жүрүм-турумун жазып чагылдыруу менен бир жашар баланын өнүгүүсүн кеңири бере алышкан. Дайыма жүргүзүлгөн изилдөөлөр балага күндөлүк байкоону жазуу формасында берилет. Бул изилдөөнүн жетишпеген жактары да бар, мында бир эле баланын же бир группадагы балдардын өнүгүүсү изилденет. Бул изилдөө көп убакытты талап кылуу менен бир топ кыйынчылыкты пайда кылат. Экинчи формадагы изилдөө бөлүү методу деп аталат. Мында бир топ илимий материалдар жыйналат. Убакыт көп сарпталат.
Балдар психологиясын изилдөөдө эң бир негизги методдор катары байкоо, эксперимент саналат. Тест методу кыскача, стандарттуу, так тапшырма болуп баланын ар түрдүү психикалык процесстерин аныктоодо колдонулат. Бул методдун жыйынтыгы атайын иштелип чыккан шкала менен бааланат. Социометрикалык метод. Бул методдо балдардын өз ара мамилесин курбалдаштарынын ичинде ээлеген ордун, абалын изилдөөдө атайын суроолор түзүлүп анкеталар берилет.Суроолор: Ким менен жанаша отургуң келет? Ким менен киного баргың келет? Мектеп жашына чейинки балдарга бул суроону берүү мүмүкүн эмес. Аларга карата оюн ыкмасында “тандоо аракети” пайдаланылат. Балдардын иш-аракетинин натыйжасын үйрөнүү методу. Иш-аракеттин продуктусу балдардын тарткан сүрөтү, чаптаган көркөм иштери, жаттаган ыры, айткан жомогу ж.б. Балдардын тарткан сүрөтү алардын психикасынын өнүгүүсүн изилдөөдө бай материал катары баалуу. Балдардын сүрөтү алардын акыл деңгээлинин өнүгүүсү жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берет.Аңгеме методу. Бул метод 4 жаштан кийинки баланын түшүнүгүн, оюн тактоо максатында өткөрүлөт.
4.Өткөөл курактын психологиясы
Баланын улам чоноюшу менен мурун болбогон психологиялык өзгөрүүлөр болуп турат. Анын психологиялык өзгөрүүсүнө таасир берген социалдык ситуациялар көп болот. Бул көрүнүш чоң жана жаш муундар ортосунда да болуп өтөт. Өнүгүүнүн жаңы тапшырмалары пайда болот. Баланын психологиялык өнүгүүсүндө эки өнүгүү жүрөт. Алар стабилдүү жана кризистүү өнүгүүлөр.
Биз түрдүү куракта болгонубуз үчүн маселелерди ошол курактагы түшүнүү ошол курактагы психология жана мүнөздөр менен кабыл алып чечебиз. Ошондуктан ар бирибизөзүбүздүн балдарыбыз да кээде бирибизди бирибиз түшүнө албайбыз. Курактык психология психология илиминде өзгөчө тармак катары эсептелет. Бул адамдын төрөлгөндөн өлгөнгө чейинкики психологиясын иликтөөгө алат. Ар бир психологиялык кырдаалдарды жаш өзгөчөлүгүнө карай изилдеп барат. Адамдардын бири бири менен мамилелеши өмүр боюу жүрөт. Балдардын туура эмес достошуулары жыйынтыгында балага терс таасирин берип ички жан дүйнөсүндө кетпес травма алат. Бала улам өскөн сайын физикалык жактан да өнүгүп отурат. Өспүрүм куракта бала өзүн чоң сезе баштайт. Анын али бала экендигин түшүнгүсү келбейт. Чоңдордун баары аны өздөрүндөй көрүшүн каалайт. Чоңдорго окшоп баскысы келет. Кыздар болсо боено баштайт. Жүрүм турумдары чоңдорду туурай баштайт. Туура өнүгүп бараткан балада айрым бир билимдерге интеллектуалдык жактан өнүгүү жүрөт. Мектептик программа ал үчүн бүткөндөй, өзүнчө изилденге өтөт.Өз алдынча эмгектенге өтөт. Кыздар үйдү тазалашат. Балдар сыртта короодо иш кылышат. Чоңдордун аны кылба муну кылба деген сөздөрүнө ачууланышат. Менин комнатама кирбе, бул менин жеке ишим мен чоңойдум деген сөздөрдү айта башташат.Ал өзүнүн укугун кеңейткиси келет. Анын өзүндө мен деген (Я) өзүн таануу процесси жүрөт. Чоң класстардын окуучуларында биринчи орунга билим алуу эмес башка маселелер чыгат. Көптөгөн досторду күтөт. Алар андан чоң же кичине жашта болушу мүмкүн. Бул мезгилде ата-эненин да баланы тарбиялоого болгон таасири чектеле баштайт. Бала жашоосунун бардык сферасын камтый албай калат. Бала мурункудай бергенди жеп, кийгизгенди кие бербейт. Өзүнүн каалоосун аткарткысы келет ата-энесине. Бул мезгилдерде бала менен ата-эненин, бала менен мугалимдин ортосунда конфликттер жаралат. Ушул учурларда өспүрүм өзүн ата-эне, мугалим түшүнбөсө мамилелерин өзгөртпөсө бала жаңы мамилелерге өтүүнүн инициатору болуп калат. Конфликт балдардын чондордун жанынан орун ала албай жатышынан алардын түшүнө албастыгынан улам курчуйт. Ошондуктан мындай мезгилдерде чоңдор өзү өсүп жаткан балага мамилесин өзгөртүүсү керек. Ошондо гана конфликт токтойт.
Он бир жаштан он алты жашка чейинки мезгил балада өспүрүм курак болуп эсептелет. Бул өткөөл курак абдан опурталдуу. Балада эмоционалдык абал туруксуз болуп, өтө эле ачуулу болушу күтүлөт. Өзүн өтө эле критикалайт. Мисалы, мурдум эмнеге мындай ж.б. Бул мезгилде ата-эненин авторитети алсызданат. Мамилелешүү абдан эмоцияналдуу болот.
Өспүрүм курак кишинин психикалык өнүгүшүндөгү, инсандык калыптануусунда маанилүү мезгил. Ушул куракта баланын аң-сезими айланасында болуп жаткандарды талдап баалоосу, ар нерсеге кызыгуусу күчөйт. Кыял жоругу өзгөрөт, айрымдары таш боор боло баштайт. Кээси болсо уялчаак, таарынчаак болот. Анын психикасында карама каршылыктар байкалат. Алар психика али күч жагынан жетиле элек болгондуктан айрымдарынын кыял жоруктары чектен ашкан сыяктуу болуп көрүнөт. Ага байланыштуу кээде алар коюлган тартиптерге баш ийбей катуу сөз укса үйдөн качып кетип, сабакка барбай ата-энеге, мугалимге карата каяша сүйлөшү мүмкүн. Алар чоңдордун көзөмөлүндө болууну каалашпай калышат. Бул өзгөчө ата-эне баланы өтө катуу кармаган үй-бүлөлөрдө көп кездешет. Өспүрүмдүн жүрүм турумунун бузулушуна акцелереациянын таасири чоң болот. Бул убакта мектеп ата-эне тарабынан туура багыт көрсөтүлүп туруктуу, бирок байкалбаган көзөмөл жүргүзүү абдан зарыл болот.Себеби абдан кылдат болбосо жооптуу адамдар балдардан орунсуз адамдын келип чыгуу коркунучу туулушу мүмкүн.
Акцелерация – балдар менен өспүрүмдөрдүн боюнун, акыл эсинин жана денесинин тез өсүшү. Акцелерацияда баланын дене бою гана өспөй жыныстык жактан жетилүү да тездейт. Бирок бул убакта баланын психикисы да өнүгүп жатат деп айтууга болбойт.
Бул мезгилде өспүрүмдүн азгырыктарга берилүүсү абдан коркунучтуу. Азгырыктарга туруштук бере албаган өспүрүмдөр алкоголдук ичимдектерге берилип, тамеки чегүүлөрү мүмкүн. Андан ары токтоло албагандары баңгизатка өтүүсү мүмкүн. Өспүрүм куракта балдар эмне жаман, эмне жакшы экенин, ден соолуктун кадырын билбеген куракта болушат. Алар коомдо болуп жаткан бардык нерсеге кызыгып жасап, туурап көргөнгө умтулушат. Компьютердик оюндар, ичимдиктерди ичүү сыяктуу жаман адаттар аларга күнүмдүк кайф алуучу иштерге айланат. Ата-энелер балдарынын жаман жоруктарга барганын кантип билүүсү мүмкүн?
Мисалы бала мурда жасабаган иштерди кылууга өтөт. Тишин бат баттан жууйт, бөлмөнү желдетүүгө өтөт. Бул көрүнүш анын тамеки чеккенинен кабар берет. Дүкөнгө жөнөтсөңуз акчанын кайтарымын бербеши мумкун. Өзүнө тиешелүү буюмдарга башкалардын кол тийгизүүсүн каалабайт. Баланын кумар азгырыгына абдан берилгенин анын акча табуу үчүн уурулукка баруусунан билүүгө болот. Балдардын жаман нерсе экенин билип турса да жок дей албаган мүнөзүн жоготууга аракет кылуу керек. Ал үчүн үйдөгү тарбия негизги ролду ойнойт. Лидерлер көпчүлүк убакта жогорудагы адаттарды илештирип жүргөн балдар болот. Анын кылганын жанында жүргөн балдар аткарбай кое албайт. Анткени алар ишенимдүү эмес. Ага байланыштуу алдардын өзүнө болгон ишенимине ээ болушуна аракеттенүү керек. Мектеп да ата-эне да муну унутпашы керек.
Ата-эне бул учурларда бала менен ачык сүйлөшүүгө өтүүсү керек. Баланы бош койбой пайдалуу нерсеге убактысын коротууга багытташы керек. Баланын маанайы, жүрүм-туруму өзгөрүп жатканын байкоого алуу зарыл. Баласынын тарбиялуу балдар менен мамиле кылуусуна жаман чөйрөгө аралашып калбоосуна аракет кылуулары керек. Ата-эне, мектеп мугалимдери бул учурарда тарбияйлайт элек деп аларды катуу урушуп, өзү теңдүүлөрдүн арасында жемелебеши керек. Анткени алар намыстанат. Андыктан түшүндүрүү менен, жакшы мамиле жасоо менен таасир этүү керек.
Мектепте маданий иш-чаралар, окуу боюнча кызыктуу жарышууларды тынбай өткөрүүнү колго алуу керек. Бул аракет да өспүрүмдөрдү жаман жолго баруудан алаксытат. Негизи бул мезгилдерде педагог баланын психикасына сабаттуу психикалык таасир берүүсү керек. Педагогикалык таасир дегенибиз – бул тарбиялануучунун психологиялык мүнөзүнүн позитивдүү өзгөрүүсүнө жеткизүү максатта болгон педагогдун иш-аракети.
Мектеп окуучусундагы балада өзгөрүүлөр 6-7-класстарда байкалат. Ата- эне, мектеп аны менен достук мамиледе сүйлөшүүгө өтүүсү туура болот. Чөнтөгүн аңтарып, катуу айтпоо сунушталат. Себеби урушуу менен мамиле жасалса бала каяша айтууга өтөт. Бул мезгилде баланы башка тартиптүү бала менен салыштырууга таптакыр мүмкүн эмес. Себеби бул сөздөрдү бала укканда анда басынуу, өчөшүү сезимдери күч алат. Бала жакшы эмес эле кайра жаман болууга атайлап аракет жасай баштайт. Мен сенин жашыңда деген сөздөр болбошу керек. Бала өзү мектепте же үйдө болсун сиздерге кандай мамиле жасоого боло турганын мурдатан эле билгени жакшы. Аларга тартипти сактоо керектиги тууралуу алдын ала эле билдирип коюу керек. Андыктан ашыкча кыйкыруунун же урушуунун кажети жок. Бир сөздү кайра кайра кайталай берсеңиз маңызы кетет. Балаңыз сабактарды сиздер каалагандай өздөштүрө алышпаса бирок аракет кылып жатышса анын сиздин балаңыз же уулуңуз экендигин эстен чыгарбаңыз. Катуу мамиледе туруп алсаңыз балада өзүнө болгон ишеним жоголуп коркок, дайыма тынчсызданган абалга келтирип аласыз.
Өспүрүм курактагы баланы тил алганга үйрөтсө болот. Бирок ал үчүн алгач анын эрежелерге эмне үчүн баш ийбей жатканын билип алган оң. Ошондо жагдай ойлогондой анчалык деле коркунучтуу эмес экени билинет.
“Өспүрүм балдар туура эмес кылганы үчүн бирде жазаланып, бирде жазаланбаса, эрежелер, талаптар айкын болбосо алар эреже буза беришет.
Катуу кармоо. Айрым ата-энелер көп эреже киргизишет. Эгерде аны аткарбаса баласына андан да көп эреже киргизишет. Бирок анын натыйжасы жакшы болбойт. Күчкө салуу жагдайды оордото берет.
Өспүрүмгө ата-эненин, мугалимдин талаптары ачык айкын болушу керек. Эгерде баш ийбесе кесепети эмне болушун билиши керек.
Сунуш: Эрежелердин тизмесин түзөбүз. Түзүп жатканда караш керек. Айрым бир мезгилде баланын тартиби оңолуп баратса кайсы бирин эржелерди өзгөртүү керек.
Айтканга кармануу керек. Өспүрүмдөр бирде жазаланса же жазаланбаса башы айланат. Сунуш: балдардын кылганына көз жумуп койбой, ар бир ишинин кемчилигин айтып, кесепетин түшүндүрүү керек.
Эстүү болгула. Баланын жоопкерчиликтүү экени далилденгенден кийин, көзөмөлдөөнү унутпастан ага көбүрөөк эркиндик берүүгө болот.
Сунуш: түзгөн эрежелерди бала менен биргеликте талкуулоо керек. Кайсы бир эрежеге ынанбаса оюн угуп жана түшүндүрүү зарыл. Өспүрүмдөр өздөрү катышкан эрежеге көбүрөөк баш ийишет.
Мүнөзүн калыптандыруу. Ата-эне, мугалим балдарды эрежелерге баш ийгенге үйрөтүү эле эмес, ага абийирин тарбиялоого жардам берүү, жаман менен жакшыны ажыратуу жөндөмүн өрчүтүүгө жардам берген болуш керек.
Бала кайсы сапаттар менен таанымал болгусу келери жөнүндө ой жүгүрткөнгө түрткү берүү керек.Төмөнкү суроолор жаштарга кыйынчылыктарга кабылганда туура чечим чыгарганга көмөк болот.
-Кандай адам болгум келет?
-Башкаларга кайсы сапаты менен белгилүү болгусу келет?
-Жашоодо ал үчүн эмне маанилүү?
Өспүрүм балдар менен ал өзүн өзү эрикинирээк сезгенде сүйлөшкүлө. Балдардын атайын көзмө көз сүйлөшкөндөн көрө бир иш кылганда сүйлөшүүдө алар өзүн эркин кармашкан. Бир нерсени балага кечке эле айта берүү болбойт. Бала укпагандай сезилгени менен өзүнчө калганда ойлонот. Бала сүйлөп жатканда көңүл коюп угуу зарыл.
Баланын бир иши тууралуу айтканын укканда “Ушуга да капа болосунбу” дегендин ордуна “Буга аябай капа болуп жатканыңды түшүнүп турам” деп айтуу жакшы.
Баланын ой жүгүртүү жөндөмүн машыккан сайын чоңое берген булчуңга теңештирүүгө болот. Андыктан ал чечим чыгарганда анын ордуна көнүгүү жасабоо керек б.а. анын ордуна чечим чыгарбоо. Ага өз алдынча чечим чыгарганга мүмкүнчүлүк берүү туура болот.
Пайдаланылган адабияттар
Кошумча маалыматтар.
Темперамент адамдын нерв системасы менен тыгыз байланышта болот. Мүнөз темпераменттин негизинде түзүлөт. Ошондой эле жашоонун таасиринин негизинде улам мүнөз калыптанып отурат. Инсандын коргоочусу мүнөз болот. Демек мүнөз адамды коргоо, сактоо үчүн пайда болот. Убакыттын өтүшү адамдын чоноюшу менен темпераменттин өзгөрүшү жүрөт жана ага байланыштуу мүнөз да өзгөрөт. Темперамент адамдагы психикалык физиологиялык жеке өзгөчөлүк. (флегматик, сангвиник, меланхолик, холерик)
Мисалы,флегматик – спокойный, бир нерсени доказать эткенге аракет кылбайт.Ал мезгил өткөндө өзгөрөт. Балким сангвиник болуп калат.
Лидер деген – бул жеке жоопкерчиликти билдирет. Ал кандай гана чоң болбосун кызматы жоопкерчилиги болбосо лидер болуп эсептелбейт.
Тыныгуу мезгилине карата пайдаланылуучу материалдар.
Учкул сөздөр
Тарбиялоонун эң бир татаалы жана маанилүүсү адамдын өзүн өзү тарбиялоосу. Бирөөнү тарбиялоо үчүн өзүң тарбиялуу болушуң керек.
Эмнеден корксоң ошол келет.
Сен бара турган жолуңду эмес, барган дарегиңди көздө.
Адам өзүн бактылуумун деп эсептемейинче бактылуу боло албайт.
Ачууланган кезде өзүңө аманат кылынган сырды ачып койгон адам эң төмөн адам.
Эгерде баштаган ишиң аягына жетпей калса кайра баштоодон тажаба.
Ар бир ойлонуп жасалган иштин аягы ийгилик.
Эч качан эч кимди укпа жана аларга реакция кылба, эгерде ал адам сени түшүнбөсө
Эч качан сизди барктабаган адамга кайрылбаңыз.
Эң чоң күнөө өз күнөөсүн моюнга албоо
Катаалдык – мээримдүү адамдардынсапаты. Анткени алардын мээримине бутун арчый беришкенде катаалдык келип чыккан.
Качан сүйүү бүткөндө бирөөсү сөзсүз жабыр тартат. Эгер эч кимиси азап чекпесе анда сүйүү болгон эмес. А эгер экөө тең кыйналышса анда сүйүү өлгөн жок.
Бакытты кийинкиге калтыруу мүмкүн эмес. Бүгүн бактылуу болуу керек.
Адамдар кызык. Мага кандай мамиле жасашса өздөрүнө жараша жооп берсем таң калышат. Жадагалса ачууланышат.
Балдар психологиясы боюнча
ЛЕКЦИЯ
План:
Балдар психологиясынын илим катары өнүгүүсү
Балдар психологиясынын предмети жана методдору
Балдар психологиясынын методдору
Психология термини обьективдүү чындыктын аң-сезимдеги көрүнүшү болуп эсептелген духтун (жандын) кайгыруунун же кубанычтын жыйындысы же бирөөгө таандык болгон духтук түзүлүш. Психология психикалык иштин закон ченемдүүлүгү, эволюциясы жана формалары жөнүндөгү илим, мүнөздүн, ой-пикирдин, сезимдин бөтөнчөлүгү. Сөзмө сөз которгондо грек тилинен алынып (псюхе) жан жөнүндөгү илим. Психикалык көрүнүштөргө каалоолор, ойлор, кыжалат болуулар ж.б. Илимий психология дал ушул жана башка көрүнүштөрдү адамдын кыймыл аракетин, анын жасаган иштеринен,башка адамдарга жасаган мамилелеринен аныкталат.
1.Балдар психологиясынын илим катары өнүгүүсү
Бала изилдөөнүн эң оор маселелеринин бири. Өзгөчө балдар психологиясынын илим катары өнүгүшү көп мезгилди өз ичине камтыган. Көрүнүктүү чех педагогу Ян Амос Коменский (1591-1670) биринчилерден болуп окуу системасын баланын ички жан дүйнөсүнүн өзгөчөлүгүнө ылайык түзүү идеясын айткан. Жан-Жак Руссо (1712-1778) кичинекей бөбөктүн психикасынын өзгөчөлүгүнө кылдат мамиле жасоо керек, чоңдор баланын акылынын, каалоосунун, сезиминин бөтөнчөлүгүн ар дайым туура түшүнө алышпайт жана эркин тарбиялоо зарыл деген ойду айткан. Анын ою боюнча баланын өнүгүүсүндө табияттын таасирдүүлүгү маанилүү, ошондуктан бул процесске чоңдордун кийлигишүүсү зыяндуу деп эсептеген. Генрих Песталоци (1796-1827) баланын өнүгүүсүндө чоңдордун аларды системалуу окутуусуна өзгөчө маани берген.. Бул идея анын «Гертруда өзүнүн балдарын кандайча окутат» деген эмгегинде чагылдырылган.
XVIII кылымдагы педагогиканын өкүлдөрүнүн көз карашында өнүгүүгө карата карама-каршы концепциялар белгиленген. Бул балдар психологиясынын тарыхында сакталып калган. Балдар психологиясы өз алдынча илим катары пайда болгонго чейин жогоруда көрсөтүлгөндөй баланын психикасынын өзгөчөлүгү жөнүндө ар кандай ой жүгүртүүлөр болгон. Алар баланын психикасы, анын өзгөчөлүгү жөнүндө кызыктуу пикирлерди айтышкан. Балдар психологиясы өз алдынча илим катары пайда болгонго чейин Россияда В.Н.Татищев (1686-1750), Н.И.Новиков (1744-1818), А.Н.Радищев (1749-1802) сыяктуу маданияттын алдыңкы өкүлдөрү өздөрүнүн эмгектеринде психиканын өнүгүү өзгөчөлүгү, айрыкча балдардын психикасынын өнүгүүсү жөнүндө ой жүгүртүшкөн. В.Н.Татищев баланын башка адамдардын тажрыйбасын жана билимин үйрөнүүсүн акылдын өнүгүүсүнүн булагы катары караган. Ал мындай тажрыйба карым-катнаш, жазуу сабаттуулугу аркылуу берилет да, адам балага жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деп белгилеген.
Ушул эле көз карашты Н.И.Новиков (1744-1818) айткан. Ал баланын эс акылы, нравалык сезими айлана-чөйрөдөгү заттарды кабыл алуусун жана чоңдорду окшоштуруп тууроосуна байланыштуу өнүгөт деп далилдеген. Н.И.Новиков өнүгүүнүн жана адамды тарбиялоонун негизи катары, китепти, билимди бөлүп карап, ал окутуунун эрте башталышы зарыл, айрыкча балдар сүйлөй баштагандан тартып деген ойду айткан. Ошондой эле кечирээк окутуу өнүгүүгө тоскоолдук кылат деп белгилеген. Ал баланын өнүгүү стадияларын (өнүгүү деңгээли, баланын жаш кези, балалык, жаштык) белгилеген. Баланын жаш кезиндеги өнүгүү стадиясында негизги маселе анын биологиялык керектөөлөрүн канааттандыруу. Балалык кезде эң башкысы окшоштуруп тууроо, Жаштык кезде бардыгын таанууга жана сыноого умтулуу өзгөчө орундуу ээлейт деп айткан.Н.И.Новиков жаштар үчүн биринчи жолу илимий популярдуу Акыл-эс жана көңүл үчүн балдарга окуп берүү деген журналды чыгарат. Анда жаратылыштагы кубулуштар жана психика жөнүндө ошол учурдагы көз караштары баяндалган. Н.И.Новиков илимий ой жүгүртүүнүн натыйжасында теорияга жана практикага психологияны киргизүүнүн зарылчылыгын белгилеп, өнүгүүнүн окутуу менен болгон байланышын туура чечкен.
Н.И.Новиковдун замандашы А.Н.Радищев психиканын өнүгүүсүнүн социалдуулугуна өзгөчө маани берген. Ал адам жөнүндө анын өлүм саны жана өлбөс-өчпөстүгү деген илимий чыгармасында Ж.Руссонун баланы эркин тарбиялоо идеясын сынга алып, аларды “талаадагы, токойдогу иштеген эмиль сыяктуу түшүнүктөр” деп караган. Ал психиканын өнүгүүсүн баланын башка адамдар менен мамилесинин негизинде ачып көрсөтүп “адам коомдук нерсе өзү сыяктуулардын коомунда жашоо үчүн жаралган” деген ойду өз каттарында кайталайт. А.Н.Радищев психиканын өнүгүүсүндө речтин ролун өзгөчө белгилейт, анткени сүйлөө аркылуу адамдар бири-бирине таасир этет. “Жаратылыш, адамдар жана буюмдар адамды тарбиялоочу мааниге ээ...” деп жазган. Бирок алгачкы адам баласынын өркүндөөсүнө түртк берүүчү күч бул речь “сүйлөө”. Бөбөк сүйлөгөнгө үйрөнгөн мезгилден баштап анын акыл-эси өнүгүп көрүнүктүү боло баштайт. Демек А.Н.Радищевдин эмгегинде адамдын психикасынын өнүгүүсүнүн социалдуу мүнөзү жана өнүгүү процессинде сүйлөөнүн өзгөчө ролу жөнүндө прогрессивдүү ойлор берилген.
В.Г.Белинский (1811-1848), А.И.Герцен (1812-1870), А.Н.Добролюбов (1836-1861), кийинчерээк А.Ф.Лазурский (1874-1917) ж.б. орустун алдыңкы өкүлдөрү баланын инсандык сапатынын толуктугу жөнүндө жаңы ой жүгүртүүлөрдү айтышкан.
Балдар психологиясынын илим катары түзүлүшүндө К.Д.Ушинскийдин, И.М.Сеченовдун (1863-жылда жарык көргөн “Мээ рефлекси”, 1878-жылдагы “Психологияны кимдер жана кандайча иштеп чыгуу керек”, “Ойдун касиеттери”) эмгектери зор мааниге ээ. Анткени аталган эмгектерде балдар психологиясынын мааниси жана орду аныкталып берилген. Анын «Илимий психология” эмгеги өзүнүн мазмуну боюнча психикалык ишмердүүлүктүн пайда болушундагы негизги окуу катары белгиленет. И.М.Сеченов балдар психологиясын изилдөөдөгү негизги метод катары генетикалык методду белгилейт. Өзү бул методду колдонуп баланын психикасынын пайда болуусун байкаган жана психиканын өнүгүүсүнүн негизги закон ченемдүүлүгүн аныктаган. Ал кабыл алуунун жана туюмдун өнүгүүсү баланын буюмдар менен болгон аракетине байланыштуулугун ачып көрсөткөн. И.М.Сеченов баладагы маалымат берүү ишмердүүлүктүн өнүгүүсүндө негизги багыт ар кандай нерселердин өзгөчөлүктөрүн ажыратуу анан алардын өз ара байланыштуулугун түшүнүү деп көрсөткөн.
И.М.Сеченов баланын психикасынын өнүгүүсүндөгү негизги өзгөчөлүк башка адамдардын тажрыйбасына анын көз карандылыгы деп белгилейт. Ал “бала бешиктеги мезгилинен баштап табигый таасир менен курчалган. Мунун үстүндө нечен кылымдар бою ой жүгүртүүлөр болгон. Мурунку убактан бери балага иши жана сөзү менен башкалардын даяр формадагы тарбиясын тартуулайт. Өз акылы менен берилүүчү оор эмгекти алып таштайт.”деп жазган. И.М.Сеченовдун бул теориясы советтик психологдордун эксперименталдык изилдөөлөрүндө далилденген.
Балдар психологиясынын илим катары пайда болушунда К.Д.Ушинскийдин эмгектери олуттуу мааниге ээ болот. Айрыкча “Адамды тарбиялоонун предмети катары кароо” деген эмгегинде тарбиялоонун жана окутуунун психологиялык негизин баяндап, психиканын өнүгүүсүн жана инсандык калыптаныш өзгөчөлүгүн ачып түшүндүргөн. Үйрөтүү бул чоң эмгек жеңил-желпи иш эмес деп белгилеген. К.Д.Ушинскийдин экинчи жобосу сөздүн духовный маданиятын балага берүүдө эне тилин негизги фактор катары таануу болуп эсептелген. Ал эне тилинде түшүнүүнүн, аң-сезимдүү өздөштүрүүнүн маанисин баса белгилеген. К.Д.Ушинскийдин кызыктуу пикири катары анын оюнду баланын негизги иш-аракети катары карагандыгы. Оюн иш-аракети бүгүнкү күндө да өзгөчө мааниге ээ. Анын ою боюнча оюн турмуштагы нерселерди чагылдырат, бал оюнда психиканын негизги өзгөчөлүктөрү окутуунун методикасы, педагогиканын негизи катары кызмат кылат деген ойду билдирген. Балдар психологиясы үчүн маанилүү изилдөө методдорунун схемасын жана эксперименттин негизинде текшерилген фактыларды таба алган эмес, бар болгону болочок алдыда турган илимди куруунун негизин белгилеген.
Балдар психологиясынын өнүгүүсүндө баланын акылынын өнүгүүсүнүн факторун жана себептерин түшүнө билүү өзгөчө мааниге ээ. XIX кылымдын аягынан тарта баланын жаш курак жана жекече айырмачылыгы, психикасынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү көптөгөн окумуштууларды жана дарыгерлерди да кызыктыра баштаган. Баланын психикасынын өнүгүүсү тууралуу В.Прейердин 1881-жылдагы Баланын жаны аттуу эмгеги абдан кызыгууну жаратат. Эмгекте автор өзүнүн баласына системалуу байкоолорду жүргүзүп, эмоционалдуу өзгөчөлүгүн чагылдырган.
Балдар психологиясында атайын изилдөөлөр XX-кылымда улантылат. Эми баланын психикасынын өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүнүн өзгөчөлүктөрүнө кызыгуулар артат. Теориялык жана эксперименталдык мүнөздөгү эмгектер пайда болот. Баланын ойлоо процесси, түшүнүгүн изилдеп, калыптануу факторлорун ачып берүүгө аракеттер жасалат. Балдар психологиясынын өнүгүүсүндө П.П.Блонскийдин эмгектери чоң. Ал Психологические очерки, Развитие мышление школьников деген эмгектеринде ой процессин изилдөөнүн атайын методикасын иштеп чыккан жана кенже курактагы окуучунун акыл активдүүлүгүн өнүктүрүүнүн зарылчылыгын белгилеген.Дагы бир изилдөөчү Л.С.Выготский баланын айрым психикалык процесстеринин пайда болуп өзгөрүшүн окуу иш-аракети менен байланышта изилдеген. Эксперименталдык изилдөөлөрүнүн негизинде баланын речинин өнүгүүсүнүн анализдеп, ачып көрсөткөн.
Москвадагы Педагогикалык илимдер академиясынын мектепке чейинки тарбия берүү институтунда А.В.Запорожецтин жетекчилиги астында Д.Б.Эльконин, А.П.Усова, Н.Н.Поддьяков мектепке чейинки балдардын ар кандай иш-аракетте психиканын өнүгүүсүнө көрүү, угуу аркылуу кабыл алуусунун тийгизген таасирин Сенсорное воспитаниедошкольника деген китепте эксперименталдык изилдөөлөрдүн натыйжасын талдап иштеп чыгышкан. Алардын изилдөөлө балдар бакчасында, педагогикалык практикада пайдаланылды.
2.Балдар психологиясынын предмети жана методдору
Балдар психологиясы баланын психикасынын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана фактыларын үйрөтүүчү илим.Ымырка мезгилден, мектеп жашына чейинки куракта баланын психикасын, жашоо шартын, кыймылдаткыч күчүн, себептерин, айрым психикалык процесстердин өнүгүүсүн, ар түрдүү иш аракетте (оюн, эмгек, окуу), инсандык асаптынын калыптанышын изилдөө балдар психологиясынын предмети болуп аталат.
Балдар психологиясы коомдун мүчөсү катары баланын жарык дүйнөгө келген күнүнөн тарта мектеп жашына чейинки мезгилдеги психикалык өнүгүү закон ченемдүүлүгүн ар кандай баскычта изилдейт. Баланын психикасынын өнүгүүсү балдар психологиясында алардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык түшүндүрүлөт. Балдар психологиясында баланын психикасынын өнүгүүсү детерминизм принцибинин негизинде түшүндүрүлөт. Мунун натыйжасында психикалык процесстердин өнүгүү деңгээли, себептери чечмеленет. Баланын өнүгүүсүн камсыз кылган ар кандай шарттарды, факторлорду өз ара байланышта карап, анализдөө диалектикалык мамилени талап кылат. Ошондуктан балдар психологиясында баланын активдүүлүгүн, карым ктнаштагы чоңдордун үлгүсүн окуу-тарбия процессинде бирдиктүү иш жүзүнө ашырылышы өнүгүүнүн фактору боло алат.
Психиканын өнүгүүсүндө баланын бир мезгилден экинчи мезгилге өтүүсүнө мүмкүндүк берген ички кыймылдаткыч күч белгиленет. Бул жаңы аракеттер менен мурунку аракетттердин ортосунда пайда болгон карама каршылык. Мисалы бөбөк заттардын, кубулуштардын сырткы сапатын чагылдыруу менен чектелбестен, аны таанып билүүнүн ыгын өздөштүрүүгө умтулат. Мындай аракет баладан жаңы акыл аракеттеринин системасын талап кылат. Мунун натыйжасында мурда өздөштүрүлгөн практикалык аракеттен, өнүгүүнүн жаңы баскычында иш-аракетти аткаруудагы ык, машыгуулардын ортосунда карама-каршылык түзүлөт. Баланын инсандык сапаттарын, өнүгүү өзгөчөлүгүн түшүнө билип мамиле жасоодо тарбиячы жана ата-эне балдар психологиясынын илимий негиздерин өздөштүрүп түшүнө билүүсү зарыл. Балдар психологиясы жалпы психология менен байланыштуу. Анткени адамдын психикасы жөнүндө түшүнүк, психикалык процесстер, инсандык касиеттер жана жекече типологиялык өзгөчөлүктөр жалпы психологияда илимий түрдө берилген. Мисалы, кабыл алуунун предметтүүлүгүн, анын маанисин,жалпы механизмин түшүнгөндө гана аны жаш өзгөчөлүккө байланыштуу ачып берүүгө болот. Ошондуктан баланын өнүгүүсүн, айрыкча анын айлана-чөйрөнү таанып билүүсүн изилдөөдө балдар психологиясы жалпы психологиянын теориялык негизине таянат.
Балдар психологиясы анатомия жана физиология менен да тыгыз байланыштуу. Өзгөчө баланын нерв системасынын жана жогорку нерв ишмердүүлүгүнүн өнүгүүсүн үйрөнүүдө анатомиянын жана физиологиянын жетишкендиктерин билүү маанилүү. Балдар психологиясы педагогика менен байланышат. Педагог психологиялык билимге муктаж болсо, психолог баланын психикасынын өнүгүүсүн изилдөөдө белгиленген милдеттерди чечүүдө педагогиканы билүүгө тийиш. Анткени, баланын психикасынын өнүгүүсү окуу процессинде өтөт. Демек, балдар психологиясынын изилденүүчү обьектисин педагогикадан бөлүп кароого болбойт.
Балдар психологиясы окуу-тарбия ишинде аны уюштурууда маанилүү орунга ээ. Мектеп жашына чейинки баланын психикасынын өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн түшүнүү окуу-тарбия ишинин деңгээлине таасир этип, эффективдүүлүгүн арттырат. Балдар психологиясын өнүгүүнүн жалпы законун үйрөтүү менен ата-эне, тарбиячы баланын аң-сезиминин өнүгүүсүн, инсандык сапаттарынын калыптанышын багыттап жөнгө салат. Баланын ой-жүгүртүүсүн, эс, кабыл алуу ж.б. психикалык процесстерин калыптандырууда анын билимин, мүмкүнчүлүгүн, каалоосун, жекече өзгөчөлүгүн эске алуу зарыл.
Балдар психологиясында теориялык жана практикалык милдеттер белгиленген. Алар:
Баланын психикасынын өнүгүү шартын, себебин аныктаган жана жаш өзгөчөлүгүнө ылайык илимий изилдөөлөрдү жана балдар психологиясы боюнча окуу куралдарында берилген материалдарды өздөштүрүү.
Баланын психикасынын өнүгүүсүн камсыз кылуу жана активдештирүү.
Баланын психикасынын өнүгүүсүндө, анын жаш курагына ылайык билимдерди өздөштүрүүсүн багыттап жөнгө салуу.
Баланын айрым иш-аракетинин пайда болушу жана түзүлүшү жөнүндө: оюн, эмгек, окуу иш-аракеттеринин жаш өзгөчөлүгүнө ылайык өнүгүүсүн изилдөө.
Баланын кызыгуусун, жоопкерчилигин өз алдынчалыгын ж.б. инсандык сапаттарын активдештирип калыптандыруу.
Балдар психологиясынын жетишкендиктерине таянып, педагогдун баланы туура түшүнүп этияттык менен мамиле жасоосу.
Белгиленген милдеттерди иш жүзүнө ашыруу тарбиячынын психология илимин өздөштүрүп, аны тарбия ишинде пайдалана билүүсү менен байланыштуу өтөт. Тарбиячы окуу иш-аракетинде мектеп жашына чейинки баланын таанып-билүү процесстерин кабыл алуусун, эс, речин, ойдун өнүгүүсүн активдештирүү менен баланын акыл-эсин калыптандырып, теориялык, практикалык милдеттерди иш жүзүнө ашырат. Баланын активдүүлүгүн, мүмкүнчүлүгүн, каалоосун, өнүгүү өзгөчөлүгүн багыттап жөнгө салууда, белгиленген милдеттерди иш жүзүнө ашырууда, балдар психологиясынын методдорун илимий багытта пайдалана билүү зарыл.
3.Балдар психологиясынын методдору
Балдар психологиясы психиканын өнүгүүсүн изилдөөдө жалпы психологиянын методдорун пайдаланат. Психология илиминде илимий изилдөөнүн 4 тобу белгиленет.
1-топ. Изилдөөнүн уюштуруу методдору (салыштырмалуу, лонгитюддук)
2-топ. Изилдөөдө илимий берилгендерди жыйноодо колдонулуучу эмпирикалык методдор (байкоо, эксперимент, тест, анкета, аңгеме)
3-топ. Эксперименталдык маалыматтарды иштеп чыгуу ыкмасы. Алынган фактыларды сандуу жана сапаттуу илимий көз карашта талдоо.
4-топ. (интерпретация) жыйналган илимий фактылардын негизинде психиканын өнүгүү деңгээлинин өзгөчөлүгүн сапаттуу түрдө далилдеп ачып берүү.
Фактыларды үйрөнүү ар бир илимдин негизин түзөт. Фактыларды алууда, тактоодо пайдаланылган ык- илимдин ыкмасы (метод) деп аталат. Ар бир илимдин методу анын эмнени изилдегенине, предметине байланыштуу. Балдар психологиясынын методдору – баланын өнүгүүсүн мүнөздөөчү фактыларды ачып билүүнүн жолу.Бул фактыларды тарбиячынын, эненин баланын өнүгүүсү жөнүндөгү маалыматтардан алууга болот. Бирок мындай фактылар тактыгы менен мүнөздөлбөйт. Ошондуктан фактылардын тактыгы, толуктугу илимий негизделген болуу керек. Илимий так фактылар изилдөөчү тарабынан текшерилип алынат. Өнүгүүгө тиешелүү фактыларды ар кандай жаш курактагы балдардын өзгөчөлүгүнө салыштыруу менен гана алууга болот. Белгиленген милдеттерди чечүүдө баланын психикасынын өнүгүүсүн изилдөөдө балдар психологиясы жогоруда белгиленгендей жалпы психологиянын методдорун пайдаланат. Баланын психикасынын өнүгүп калыптануусун изилдөөдө атайын психологиялык-педагогикалык ишти уюштурууда балдар психологиясынын методдору пайдаланылат.
Баланын өнүгүүсүн үйрөнүү 2 негизги формада өтөт. Биринчиси узатасынан изилдөө формасы. Мында баланын бир стадиядан экинчи стадияга өтүүсүндө психикасындагы өзгөрүүлөрдү билүү милдети белгиленет. Бул формага Н.Л.Фигурин менен Н.М.Шелевановдун баланын өнүгүүсүнө системалуу жүргүзгөн байкоосу мисал болот. Алар күнүмдүк байкоонун негизинде ар бир баланын жүрүм-турумун жазып чагылдыруу менен бир жашар баланын өнүгүүсүн кеңири бере алышкан. Дайыма жүргүзүлгөн изилдөөлөр балага күндөлүк байкоону жазуу формасында берилет. Бул изилдөөнүн жетишпеген жактары да бар, мында бир эле баланын же бир группадагы балдардын өнүгүүсү изилденет. Бул изилдөө көп убакытты талап кылуу менен бир топ кыйынчылыкты пайда кылат. Экинчи формадагы изилдөө бөлүү методу деп аталат. Мында бир топ илимий материалдар жыйналат. Убакыт көп сарпталат.
Балдар психологиясын изилдөөдө эң бир негизги методдор катары байкоо, эксперимент саналат. Тест методу кыскача, стандарттуу, так тапшырма болуп баланын ар түрдүү психикалык процесстерин аныктоодо колдонулат. Бул методдун жыйынтыгы атайын иштелип чыккан шкала менен бааланат. Социометрикалык метод. Бул методдо балдардын өз ара мамилесин курбалдаштарынын ичинде ээлеген ордун, абалын изилдөөдө атайын суроолор түзүлүп анкеталар берилет. Суроолор: Ким менен жанаша отургуң келет? Ким менен киного баргың келет? Мектеп жашына чейинки балдарга бул суроону берүү мүмүкүн эмес. Аларга карата оюн ыкмасында “тандоо аракети” пайдаланылат. Балдардын иш-аракетинин натыйжасын үйрөнүү методу. Иш-аракеттин продуктусу балдардын тарткан сүрөтү, чаптаган көркөм иштери, жаттаган ыры, айткан жомогу ж.б. Балдардын тарткан сүрөтү алардын психикасынын өнүгүүсүн изилдөөдө бай материал катары баалуу. Балдардын сүрөтү алардын акыл деңгээлинин өнүгүүсү жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берет. Аңгеме методу. Бул метод 4 жаштан кийинки баланын түшүнүгүн, оюн тактоо максатында өткөрүлөт.
4.Өткөөл курактын психологиясы
Баланын улам чоноюшу менен мурун болбогон психологиялык өзгөрүүлөр болуп турат. Анын психологиялык өзгөрүүсүнө таасир берген социалдык ситуациялар көп болот. Бул көрүнүш чоң жана жаш муундар ортосунда да болуп өтөт. Өнүгүүнүн жаңы тапшырмалары пайда болот. Баланын психологиялык өнүгүүсүндө эки өнүгүү жүрөт. Алар стабилдүү жана кризистүү өнүгүүлөр.
Биз түрдүү куракта болгонубуз үчүн маселелерди ошол курактагы түшүнүү ошол курактагы психология жана мүнөздөр менен кабыл алып чечебиз. Ошондуктан ар бирибиз өзүбүздүн балдарыбыз да кээде бирибизди бирибиз түшүнө албайбыз. Курактык психология психология илиминде өзгөчө тармак катары эсептелет. Бул адамдын төрөлгөндөн өлгөнгө чейинкики психологиясын иликтөөгө алат. Ар бир психологиялык кырдаалдарды жаш өзгөчөлүгүнө карай изилдеп барат. Адамдардын бири бири менен мамилелеши өмүр боюу жүрөт. Балдардын туура эмес достошуулары жыйынтыгында балага терс таасирин берип ички жан дүйнөсүндө кетпес травма алат. Бала улам өскөн сайын физикалык жактан да өнүгүп отурат. Өспүрүм куракта бала өзүн чоң сезе баштайт. Анын али бала экендигин түшүнгүсү келбейт. Чоңдордун баары аны өздөрүндөй көрүшүн каалайт. Чоңдорго окшоп баскысы келет. Кыздар болсо боено баштайт. Жүрүм турумдары чоңдорду туурай баштайт. Туура өнүгүп бараткан балада айрым бир билимдерге интеллектуалдык жактан өнүгүү жүрөт. Мектептик программа ал үчүн бүткөндөй, өзүнчө изилденге өтөт. Өз алдынча эмгектенге өтөт. Кыздар үйдү тазалашат. Балдар сыртта короодо иш кылышат. Чоңдордун аны кылба муну кылба деген сөздөрүнө ачууланышат. Менин комнатама кирбе, бул менин жеке ишим мен чоңойдум деген сөздөрдү айта башташат. Ал өзүнүн укугун кеңейткиси келет. Анын өзүндө мен деген (Я) өзүн таануу процесси жүрөт. Чоң класстардын окуучуларында биринчи орунга билим алуу эмес башка маселелер чыгат. Көптөгөн досторду күтөт. Алар андан чоң же кичине жашта болушу мүмкүн. Бул мезгилде ата-эненин да баланы тарбиялоого болгон таасири чектеле баштайт. Бала жашоосунун бардык сферасын камтый албай калат. Бала мурункудай бергенди жеп, кийгизгенди кие бербейт. Өзүнүн каалоосун аткарткысы келет ата-энесине. Бул мезгилдерде бала менен ата-эненин, бала менен мугалимдин ортосунда конфликттер жаралат. Ушул учурларда өспүрүм өзүн ата-эне, мугалим түшүнбөсө мамилелерин өзгөртпөсө бала жаңы мамилелерге өтүүнүн инициатору болуп калат. Конфликт балдардын чондордун жанынан орун ала албай жатышынан алардын түшүнө албастыгынан улам курчуйт. Ошондуктан мындай мезгилдерде чоңдор өзү өсүп жаткан балага мамилесин өзгөртүүсү керек. Ошондо гана конфликт токтойт.
Он бир жаштан он алты жашка чейинки мезгил балада өспүрүм курак болуп эсептелет. Бул өткөөл курак абдан опурталдуу. Балада эмоционалдык абал туруксуз болуп, өтө эле ачуулу болушу күтүлөт. Өзүн өтө эле критикалайт. Мисалы, мурдум эмнеге мындай ж.б. Бул мезгилде ата-эненин авторитети алсызданат. Мамилелешүү абдан эмоцияналдуу болот.
Өспүрүм курак кишинин психикалык өнүгүшүндөгү, инсандык калыптануусунда маанилүү мезгил. Ушул куракта баланын аң-сезими айланасында болуп жаткандарды талдап баалоосу, ар нерсеге кызыгуусу күчөйт. Кыял жоругу өзгөрөт, айрымдары таш боор боло баштайт. Кээси болсо уялчаак, таарынчаак болот. Анын психикасында карама каршылыктар байкалат. Алар психика али күч жагынан жетиле элек болгондуктан айрымдарынын кыял жоруктары чектен ашкан сыяктуу болуп көрүнөт. Ага байланыштуу кээде алар коюлган тартиптерге баш ийбей катуу сөз укса үйдөн качып кетип, сабакка барбай ата-энеге, мугалимге карата каяша сүйлөшү мүмкүн. Алар чоңдордун көзөмөлүндө болууну каалашпай калышат. Бул өзгөчө ата-эне баланы өтө катуу кармаган үй-бүлөлөрдө көп кездешет. Өспүрүмдүн жүрүм турумунун бузулушуна акцелереациянын таасири чоң болот. Бул убакта мектеп ата-эне тарабынан туура багыт көрсөтүлүп туруктуу, бирок байкалбаган көзөмөл жүргүзүү абдан зарыл болот. Себеби абдан кылдат болбосо жооптуу адамдар балдардан орунсуз адамдын келип чыгуу коркунучу туулушу мүмкүн.
Акцелерация – балдар менен өспүрүмдөрдүн боюнун, акыл эсинин жана денесинин тез өсүшү. Акцелерацияда баланын дене бою гана өспөй жыныстык жактан жетилүү да тездейт. Бирок бул убакта баланын психикисы да өнүгүп жатат деп айтууга болбойт.
Бул мезгилде өспүрүмдүн азгырыктарга берилүүсү абдан коркунучтуу. Азгырыктарга туруштук бере албаган өспүрүмдөр алкоголдук ичимдектерге берилип, тамеки чегүүлөрү мүмкүн. Андан ары токтоло албагандары баңгизатка өтүүсү мүмкүн. Өспүрүм куракта балдар эмне жаман, эмне жакшы экенин, ден соолуктун кадырын билбеген куракта болушат. Алар коомдо болуп жаткан бардык нерсеге кызыгып жасап, туурап көргөнгө умтулушат. Компьютердик оюндар, ичимдиктерди ичүү сыяктуу жаман адаттар аларга күнүмдүк кайф алуучу иштерге айланат. Ата-энелер балдарынын жаман жоруктарга барганын кантип билүүсү мүмкүн?
Мисалы бала мурда жасабаган иштерди кылууга өтөт. Тишин бат баттан жууйт, бөлмөнү желдетүүгө өтөт. Бул көрүнүш анын тамеки чеккенинен кабар берет. Дүкөнгө жөнөтсөңуз акчанын кайтарымын бербеши мумкун. Өзүнө тиешелүү буюмдарга башкалардын кол тийгизүүсүн каалабайт. Баланын кумар азгырыгына абдан берилгенин анын акча табуу үчүн уурулукка баруусунан билүүгө болот. Балдардын жаман нерсе экенин билип турса да жок дей албаган мүнөзүн жоготууга аракет кылуу керек. Ал үчүн үйдөгү тарбия негизги ролду ойнойт. Лидерлер көпчүлүк убакта жогорудагы адаттарды илештирип жүргөн балдар болот. Анын кылганын жанында жүргөн балдар аткарбай кое албайт. Анткени алар ишенимдүү эмес. Ага байланыштуу алдардын өзүнө болгон ишенимине ээ болушуна аракеттенүү керек. Мектеп да ата-эне да муну унутпашы керек.
Ата-эне бул учурларда бала менен ачык сүйлөшүүгө өтүүсү керек. Баланы бош койбой пайдалуу нерсеге убактысын коротууга багытташы керек. Баланын маанайы, жүрүм-туруму өзгөрүп жатканын байкоого алуу зарыл. Баласынын тарбиялуу балдар менен мамиле кылуусуна жаман чөйрөгө аралашып калбоосуна аракет кылуулары керек. Ата-эне, мектеп мугалимдери бул учурарда тарбияйлайт элек деп аларды катуу урушуп, өзү теңдүүлөрдүн арасында жемелебеши керек. Анткени алар намыстанат. Андыктан түшүндүрүү менен, жакшы мамиле жасоо менен таасир этүү керек.
Мектепте маданий иш-чаралар, окуу боюнча кызыктуу жарышууларды тынбай өткөрүүнү колго алуу керек. Бул аракет да өспүрүмдөрдү жаман жолго баруудан алаксытат. Негизи бул мезгилдерде педагог баланын психикасына сабаттуу психикалык таасир берүүсү керек. Педагогикалык таасир дегенибиз – бул тарбиялануучунун психологиялык мүнөзүнүн позитивдүү өзгөрүүсүнө жеткизүү максатта болгон педагогдун иш-аракети.
Мектеп окуучусундагы балада өзгөрүүлөр 6-7-класстарда байкалат. Ата - эне, мектеп аны менен достук мамиледе сүйлөшүүгө өтүүсү туура болот. Чөнтөгүн аңтарып, катуу айтпоо сунушталат. Себеби урушуу менен мамиле жасалса бала каяша айтууга өтөт. Бул мезгилде баланы башка тартиптүү бала менен салыштырууга таптакыр мүмкүн эмес. Себеби бул сөздөрдү бала укканда анда басынуу, өчөшүү сезимдери күч алат. Бала жакшы эмес эле кайра жаман болууга атайлап аракет жасай баштайт. Мен сенин жашыңда деген сөздөр болбошу керек. Бала өзү мектепте же үйдө болсун сиздерге кандай мамиле жасоого боло турганын мурдатан эле билгени жакшы. Аларга тартипти сактоо керектиги тууралуу алдын ала эле билдирип коюу керек. Андыктан ашыкча кыйкыруунун же урушуунун кажети жок. Бир сөздү кайра кайра кайталай берсеңиз маңызы кетет. Балаңыз сабактарды сиздер каалагандай өздөштүрө алышпаса бирок аракет кылып жатышса анын сиздин балаңыз же уулуңуз экендигин эстен чыгарбаңыз. Катуу мамиледе туруп алсаңыз балада өзүнө болгон ишеним жоголуп коркок, дайыма тынчсызданган абалга келтирип аласыз.
Өспүрүм курактагы баланы тил алганга үйрөтсө болот. Бирок ал үчүн алгач анын эрежелерге эмне үчүн баш ийбей жатканын билип алган оң. Ошондо жагдай ойлогондой анчалык деле коркунучтуу эмес экени билинет.
“Өспүрүм балдар туура эмес кылганы үчүн бирде жазаланып, бирде жазаланбаса, эрежелер, талаптар айкын болбосо алар эреже буза беришет.
Катуу кармоо. Айрым ата-энелер көп эреже киргизишет. Эгерде аны аткарбаса баласына андан да көп эреже киргизишет. Бирок анын натыйжасы жакшы болбойт. Күчкө салуу жагдайды оордото берет.
Өспүрүмгө ата-эненин, мугалимдин талаптары ачык айкын болушу керек. Эгерде баш ийбесе кесепети эмне болушун билиши керек.
Сунуш: Эрежелердин тизмесин түзөбүз. Түзүп жатканда караш керек. Айрым бир мезгилде баланын тартиби оңолуп баратса кайсы бирин эржелерди өзгөртүү керек.
Айтканга кармануу керек. Өспүрүмдөр бирде жазаланса же жазаланбаса башы айланат. Сунуш: балдардын кылганына көз жумуп койбой, ар бир ишинин кемчилигин айтып, кесепетин түшүндүрүү керек.
Эстүү болгула. Баланын жоопкерчиликтүү экени далилденгенден кийин, көзөмөлдөөнү унутпастан ага көбүрөөк эркиндик берүүгө болот.
Сунуш: түзгөн эрежелерди бала менен биргеликте талкуулоо керек. Кайсы бир эрежеге ынанбаса оюн угуп жана түшүндүрүү зарыл. Өспүрүмдөр өздөрү катышкан эрежеге көбүрөөк баш ийишет.
Мүнөзүн калыптандыруу. Ата-эне, мугалим балдарды эрежелерге баш ийгенге үйрөтүү эле эмес, ага абийирин тарбиялоого жардам берүү, жаман менен жакшыны ажыратуу жөндөмүн өрчүтүүгө жардам берген болуш керек.
Бала кайсы сапаттар менен таанымал болгусу келери жөнүндө ой жүгүрткөнгө түрткү берүү керек. Төмөнкү суроолор жаштарга кыйынчылыктарга кабылганда туура чечим чыгарганга көмөк болот.
-Кандай адам болгум келет?
-Башкаларга кайсы сапаты менен белгилүү болгусу келет?
-Жашоодо ал үчүн эмне маанилүү?
Өспүрүм балдар менен ал өзүн өзү эрикинирээк сезгенде сүйлөшкүлө. Балдардын атайын көзмө көз сүйлөшкөндөн көрө бир иш кылганда сүйлөшүүдө алар өзүн эркин кармашкан. Бир нерсени балага кечке эле айта берүү болбойт. Бала укпагандай сезилгени менен өзүнчө калганда ойлонот. Бала сүйлөп жатканда көңүл коюп угуу зарыл.
Баланын бир иши тууралуу айтканын укканда “Ушуга да капа болосунбу” дегендин ордуна “Буга аябай капа болуп жатканыңды түшүнүп турам” деп айтуу жакшы.
Баланын ой жүгүртүү жөндөмүн машыккан сайын чоңое берген булчуңга теңештирүүгө болот. Андыктан ал чечим чыгарганда анын ордуна көнүгүү жасабоо керек б.а. анын ордуна чечим чыгарбоо. Ага өз алдынча чечим чыгарганга мүмкүнчүлүк берүү туура болот.
Пайдаланылган адабияттар
Ж.Жумалиева, Б.У.Асаналиева /Балдар психологиясы/ Бишкек 2014.
В.А.Сухомлинский /Методика воспитания коллектива/ Изд. Просвещение, 1981.
Н.А.Константинов, Е.Н.Медынский, М.Ф.Шабаева /История педагогики/ Учпедиз.Москва,1956.
Кошумча маалыматтар.
Темперамент адамдын нерв системасы менен тыгыз байланышта болот. Мүнөз темпераменттин негизинде түзүлөт. Ошондой эле жашоонун таасиринин негизинде улам мүнөз калыптанып отурат. Инсандын коргоочусу мүнөз болот. Демек мүнөз адамды коргоо, сактоо үчүн пайда болот. Убакыттын өтүшү адамдын чоноюшу менен темпераменттин өзгөрүшү жүрөт жана ага байланыштуу мүнөз да өзгөрөт. Темперамент адамдагы психикалык физиологиялык жеке өзгөчөлүк. (флегматик, сангвиник, меланхолик, холерик)
Мисалы, флегматик – спокойный, бир нерсени доказать эткенге аракет кылбайт.Ал мезгил өткөндө өзгөрөт. Балким сангвиник болуп калат.
Лидер деген – бул жеке жоопкерчиликти билдирет. Ал кандай гана чоң болбосун кызматы жоопкерчилиги болбосо лидер болуп эсептелбейт.
Тыныгуу мезгилине карата пайдаланылуучу материалдар.
Учкул сөздөр
Тарбиялоонун эң бир татаалы жана маанилүүсү адамдын өзүн өзү тарбиялоосу. Бирөөнү тарбиялоо үчүн өзүң тарбиялуу болушуң керек.
Эмнеден корксоң ошол келет.
Сен бара турган жолуңду эмес, барган дарегиңди көздө.
Адам өзүн бактылуумун деп эсептемейинче бактылуу боло албайт.
Ачууланган кезде өзүңө аманат кылынган сырды ачып койгон адам эң төмөн адам.
Эгерде баштаган ишиң аягына жетпей калса кайра баштоодон тажаба.
Ар бир ойлонуп жасалган иштин аягы ийгилик.
Эч качан эч кимди укпа жана аларга реакция кылба, эгерде ал адам сени түшүнбөсө
Эч качан сизди барктабаган адамга кайрылбаңыз.
Эң чоң күнөө өз күнөөсүн моюнга албоо
Катаалдык – мээримдүү адамдардын сапаты. Анткени алардын мээримине бутун арчый беришкенде катаалдык келип чыккан.