СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мектепке чейинки балдарга

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз Республикасынын

"Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу"

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

1-глава

мамлекеттик билим берүү стандартынын

негизги түшүнүктөрү

Кыргыз Республикасынын ушул "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартында (мындан ары - Мамлекеттик стандарт) төмөнкүдөй терминдер колдонулат:

Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты - мектепке чейинки билим берүүгө жана 6 айдан 7 жашка чейинки балдарды багууга коюлуучу бирдей талаптарды белгилеген ченемдик документ.

Гувернантка - (гувернер) - үйдөгү тарбиячы, үй-бүлөдөгү балдардын насаатчысы, балдарды тарбиялоо жана башталгыч окутуу үчүн жалданган адам.

Атайын муктаждыгы бар балдар - дене-бою, психикасы, социалдык, когнитивдик өнүгүү жактан өзгөчө муктаждыктары бар (анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар) жана социалдык жардамга, реабилитациялоого, ошондой эле үй-бүлөнүн, адистердин жана коомдун өзгөчө көңүл буруусуна муктаж балдар.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (мындан ары - МБУ) - 6 айдан 7 жашка чейинки балдарга арналган уюм, ал баланы багууда, аны окутууда, тарбиялоодо, өнүктүрүүдө жана мектепке даярдоодо мамлекеттин заказын, үй-бүлө менен коомдун суроо-талаптарын жана муктаждыктарын канааттандыруу максатында түзүлөт.

Мектепке чейинки топ - билим берүү уюмдарынын алдында түзүлгөн мектепке чейинки курактагы балдардын тобу.

Мектепке чейинки билим берүү программасы (негизги) - балдардын өсүүсүнүн курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык мектепке чейинки билим берүүнү камсыз кылуунун милдеттүү минимумун белгилеген ченемдик документ.

Ден соолук - бул оруунун жана жабыркоонун жоктугу гана эмес, ал дене-бой, жан-дүйнө жана социалдык жактан толук бакубаттуулук абалы (Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун аныктамасы).

Инклюзивдик билим берүү - балдардын аялуу категорияларын, анын ичинде атайын муктаждыктары бар балдарды окутуу үчүн шарттарды түзүүнү эске алуу менен аларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылган билим берүү.

Мектепке кирээр алдындагы даярдоо класстары - топтор мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын алдында уюштурулат жана белгиленген мезгил ичинде билим берүү программаларын жүзөгө ашырат.

Когнитивдик өнүктүрүү - таанып билүү жөндөмүн өнүктүрүү.

Лицензия - иштин айрым түрлөрүн аткарууга же айрым иш-аракеттерди жасоого уруксат, аны жаранга же юридикалык жакка компетенттүү мамлекеттик орган берет.

Мектепке чейинки билим берүү уюмундагы мониторинг жана баа берүү мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишине көз салуу жана баа берүү (башкаруу, финансылоо), Мамлекеттик стандартка ылайык мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык процессин уюштуруу.

Бала багуучу - баланы багуу тапшырылган адам.

Жооптуу жак - бала багуу боюнча кызмат көрсөткөн (анын ичинде гувернантка, бала багуучу), балдарга билим берген жана аларды баккан, ошондой эле уруксаттын негизинде иштин тиешелүү түрлөрүн уюштурган, жана балдардын өмүрү, коопсуздугу жана ден соолугу үчүн жооп берген жеке же юридикалык жак (уюштуруучу, тең уюштуруучу, директор, педагогикалык кызматкер, медициналык кызматкер, ашпозчу, жак).

Мектепке чейинки билим берүү уюмунун кызматкерлеринин педагогикалык жүгү - билим берүү-тарбиялоо процессин ишке ашырууга арналган убакыт.

Мектепке чейинки билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкери жетекчи, (директор), усулчу, тарбиячы, бардык адистиктеги мугалимдер, психолог, логопед, музыкалык жетекчи.

Билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын планы (жылдык, календардык-тематикалык) - мектепке чейинки билим берүүнүн түзүмүн, мазмунун белгилеген, балдардын жаш курагына жана иштин түрлөрүнө ылайык келген мезгилдүүлүктү, сабактын жүгүн, тематикасын аныктаган ченемдик документ.

Портфолио - жеке жактын иштеринин (сүрөттөрүнүн, фотосүрөттөрүнүн, жасаган нерселеринин жана башкалардын) кыскача сыпаттамасы, топтому, алар иштин кандайдыр-бир түрүндөгү анын билимдерин, иш билгилигин жана жөндөмдөрүн көрсөтүп турат.

Өнүктүрүүчү чөйрө - оюн жана өз алдынча иш процессинде балдардын ден соолугун, коопсуздугун, ар тараптан өнүгүүсүн сактоого көмөктөшүүчү ыңгайлуу шарттарды уюштуруу жана берүү.

Мектепке чейинки билим берүү системасы - өз ара аракеттенген удаалаш ырааттуу программалардын жана Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын, негизги жана кошумча мамлекеттик программалардын, ошондой эле Мамлекеттик стандартты жана программаларды турмушка ашырган мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын жана жактардын, ошондой эле билим берүүнү башкаруу органдарынын жана ведомствого караштуу уюмдар менен ишканалардын жыйындысы.

Социалдаштыруу - өзүнө социалдык жүрүш-турушту, социалдык жөндөмдөрдү, социалдык адаптацияны камтыган социалдык тажрыйбаны индивид (бала) жигердүү өздөштүрүүсүнүн жана кайрадан жаратуусунун процесси жана натыйжасы.

Атайын (коррекциялык) мектепке чейинки билим берүү уюму - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн билим берүү системасынын коррекциялык тарбиялоо мекемеси, ал балдарды окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүү процессин уюштуруу үчүн, алардын өмүрүн, коопсуздугун жана ден соолугун коргоо үчүн коом жана мамлекет алдында жоопкерчилик тартат.

Багуу - мектепке чейинки курактагы балдарга санитардык-гигиеналык, саламаттык сактоо процедураларын жүргүзүү, алардын тамак-ашын жана аларга көз салууну уюштуруу.

2-глава

мамлекеттик билим берүү стандарты

Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары - Мамлекеттик стандарт) жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү жана мектепке чейинки курактагы балдарды багууну камсыз кылууга багытталган.

1) Мамлекеттик стандарт Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексинде, "Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында, Баланын укугу жөнүндө конвенцияда жана билим берүү жана саламаттык сактоо жагындагы башка ченемдик укуктук документтерде аныкталган принциптерге негизденет.

Мамлекеттик стандарт - мектепке чейинки билим берүүгө жана 6 айдан 7 жашка чейинки балдарды багууга коюлуучу бирдиктүү минималдуу талаптарды белгилеген ченемдик документ.

Бул Мамлекеттик стандарт мамлекет жана башка таламдаш субъекттер көрсөтүүчү жана жүзөгө ашыруучу билим берүү, медициналык, укуктук, уюштуруу кызмат көрсөтүүлөрүнө жана иш-чараларына талаптардын жыйындысын билдирет.

2) Мамлекеттик стандарт төмөнкүлөрдү аныктайт:

сапаттуу билим берүүнү жүзөгө ашыруу жана балдарды багуу үчүн талаптарды;

мектепке чейинки билим берүү системасы иштеши үчүн педагогикалык, медициналык, материалдык ресурстарды;

билим алууну улантуу үчүн баланын функциялык, жекече сапаттары жана кийинки циклдерде - үзгүлтүксүз билим алуу жана өмүр бою окуу;

коомдун жарандары катары балдарды азыркы турмуштун шарттарына даярдоону.

Мамлекеттик стандарт балдарды тарбиялоонун, окутуунун жана өнүктүрүүнүн жана мектепке даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында ар кандай мектепке чейинки билим берүү программаларында колдонулушу мүмкүн болгон зарыл критерийлердин сыпаттамасын камтыйт.

3) Коюлуп жаткан критерийлер мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй үч категориясына багытталган:

- мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мектепке чейинки билим берүү жана эртеден-кечке чейин багуу;

- башталгыч мектептин алдындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунда балдарды мектепке даярдоо боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана мектептерде белгиленген милдеттүү жүгү бар кыска мөөнөттүү топтор жана класстар;

- менчигинин түрүнө карабастан, вариативдик түрдөгү мектепке чейинки билим берүү уюмунун шарттарында балдарга мектепке чейинки билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөтүү (баланы өнүктүрүү борборлору, жамааттык балдар бакчалары, үй-бүлөлүк балдар үйлөрү, эне мектептери, жеке балдар бакчалары, кыска мөөнөт жүрүү менен балдар бакчалары, мектептердин алдындагы мектепке чейинки топтор ж.б.).

Мамлекеттик стандарт билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жана балдарды багууга лицензиясы бар бардык жактар (анын ичинде бала багуучулар жана гувернанткалар) жана мектепке чейинки балдарга билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн жана балдарды багууну ишке ашырган уюмдар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптарды аныктайт, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:

- мектепке чейинки билим берүү боюнча программаларды;

- балдар менен билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын планын;

- жол берилген жүктүн (сабактардын, оюндардын) көлөмүн;

- балдардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен атайын коррекциялык-тарбиялоо ишин уюштурууну;

- балдарга билим берүүдө жана аларды багууда педагогикалык ыкмаларды турмушка ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү.

Билим берүүчү-программалык документация мектепке чейинки билим берүүнүн максаттарын, милдеттерин, маңызын аныктайт, алар Мамлекеттик стандартка ылайык мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын камсыз кылат.

Билим берүүчү-өнүктүрүүчү сабактардын планы жана мектепке чейинки билим берүү программалары Мамлекеттик стандартта белгиленген сабактардын саатынын бекитилген ченемдеринен ашууга тийиш эмес.

Мектепке чейинки билим берүү уюмунун, ошондой эле балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактардын сапаттуу жана натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтык камсыз кылуу каралууда.

4) Контролду, мониторингди, баа берүүнү жүзөгө ашыруу жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Мамлекеттик стандарттын жогоруда көрсөтүлгөн талаптарын колдонуу төмөнкүлөргө негизделген:

- балдарды өнүктүрүүнүн натыйжаларын эсепке алууга;

- педагогдордун ишине кесиптик баа берүүгө;

- тиешелүү мектепке чейинки билим берүү уюмуна же башка кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүгө жекече мамилеге;

- иштин натыйжалары Мамлекеттик стандарттын талаптарына шайкеш келишине.

3-глава

Мамлекеттик стандартты колдонуу тармагы

1) Мамлекеттик стандарттын талаптарын төмөнкүлөр милдеттүү түрдө аткарууга тийиш:

- билим берүүнү башкаруунун борбордук, шаардык, региондук органдары, мектепке чейинки билим берүү уюмдары, мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактар (анын ичинде бала багуучулар жана гувернанткалар), коомдук жана эл аралык уюмдар;

- мектепке чейинки билим берүү уюмун жана балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактарды аттестациялоодо жана лицензиялоодо, аккредитациялоодо;

- мектепке чейинки билим берүү системасынын педагогикалык кызматкерлерин аттестациялоодо;

- мектепке чейинки билим берүү уюмунун жана балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактардын ишин пландаштырууда;

- педагогикалык кадрларды даярдоодо, кайра даярдоодо жана алардын квалификациясын жогорулатууда;

- окуу программаларын иштеп чыгууда, пландарды, окуу китептерин, усулдук-окуу куралдарын, атайын курстарды жана тренингдерди түзүүдө.

Мамлекеттик стандарт мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык кызматкерлерине, балдарды мектепке даярдоо класстарынын, билим берүү түзүмдөрүнүн мугалимдерине, ата-энелерге, таламдаш жактарга арналган.

2) Мамлекеттик стандарт төмөнкүдөй шарттарды сактоону талап кылат:

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, 6-7 жаштагы балдарды мектепке даярдоо класстарында жана башка түрдөгү билим берүү уюмдарында балдарга сапаттуу мектепке чейинки билим берүүгө жана аларды багууга бирдей жеткиликтүүлүк;

- мектепке кирүүдө балдардын бирдей баштапкы мүмкүнчүлүктөрү;

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ар кандай түрлөрүн, мектепке чейинки билим берүү программаларын жана мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактарды тандоо;

- билим берүү уюмдарынын ишине үй-бүлөлөрдү, таламдаш жактарды тартуу;

- баланын укуктарын жана Мыйзамдуу таламдарын сактоого негизделген билим берүү процессин демократиялаштыруу;

- билим берүү процессин ар түрдүү программалык жана илимий-усулдук камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу;

- инклюзивдик билим берүүнү жана атайын муктаждыктары бар (анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү) балдар менен иштөөнүн заманбап ыкмаларын ишке ашыруу;

- билим берүүчү сабактардын жана балдар менен өнүктүрүүчү оюндардын планына ылайык жүктүн жол берилген көлөмүн аныктоо;

- бала менен мээримдүү өз ара мамилелерди түзүү;

- коопсуз оюн жана өнүктүрүү чөйрөсүн түзүү;

- балдар менен иштөө программаларынын сапатын жана натыйжалуулугун арттыруу;

- билим берүү уюмдары жана мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактар Мамлекеттик стандарттын талаптарын сакташына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү.

4-глава

Мамлекеттик стандартты турмушка ашыруу

боюнча максаттар жана милдеттер

Мамлекеттик стандартты киргизүү төмөнкүдөй максаттарга жетишүүнү камсыз кылат:

1) Төмөнкүлөр боюнча талаптарды аныктоо:

- билим берүү жана тарбиялоо ишинин маңызы, деңгээли жана сапаты боюнча;

- балдар менен билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын көлөмү боюнча;

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактардын ишинин сапатын контролдоо системасы боюнча.

2) Ар бир бала төмөнкүлөр боюнча мектепке чейинки сапаттуу билимди алышы үчүн шарттардын жеткиликтүүлүгү жана аларды түзүү:

- инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу;

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жана мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактарды аттестациялоо жана лицензиялоо процессин өркүндөтүү;

- мектепке чейинки билим берүүчү адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу.

3) Балдарга мектепке чейинки билим берүүнүн жана аларды багуунун маңызынын нугу төмөнкүлөргө багытталган:

- аңдап-түшүнүү жана интеллектуалдык жактан баланы өнүктүрүүгө;

- баланын эмоциялык жайлуулугуна;

- баланы толук өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн үй-бүлө менен өз ара аракеттенүүгө;

- балдарды жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, элдик үрп-адаттарга жана салттарга аралаштырууга;

- баланы социалдык адаптациялоого;

- атайын муктаждыктары бар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү) балдар менен коррекциялык-педагогикалык ишти жүргүзүүгө;

- балдарды мектепке даярдоого.

4) Мамлекеттик стандартты турмушка ашыруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

- ченемдик укуктук база;

- программалык-усулдук камсыз кылуу (программалар, усулдук окуу куралдары, көрсөтмөлүү куралдар, усулдук иштеп чыгуулар, колдонмолор ж.б.);

- балдар адабияты;

- квалификациялуу кадрлар;

- баланын өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

- балдардын ден соолугун, коопсуздугун, толук тамактануусун камсыз кылуу жана санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу үчүн шарттарды түзүү.

5) Мамлекеттик стандарттын талаптарын аткарууда күтүлгөн натыйжалар:

- Кыргыз Республикасында мектепке чейинки сапаттуу билим берүүгө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

- ар кандай түрдөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана балдарга, анын ичинде атайын муктаждыктары бар балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жеке жактардын натыйжалуу иши;

- мектепке чейинки курактагы баланын курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аны ар тараптан өнүктүрүүнү камсыз кылуу;

- балдардын ден соолугун жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу.

5-глава

Топторду курак боюнча бөлүү жана комплекттөө

Балдарды багуу жана билим берүүчү-өнүктүрүүчү сабактар менен оюндардын планын аткаруу ушул Мамлекеттик стандарттын 1 жана 2-тиркемелерине Ылайык топторду комплекттөөгө квота сакталган учурда, ар бир курактык этапта мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоонун, окутуунун, өнүктүрүүнүн зарыл деңгээлин камсыз кылат.

1) Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мектепке чейинки билим берүү уюмунда топторду комплекттөө топторду толтуруунун чегине жана санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык жүргүзүлөт:

- наристе курактагы I топ (6 айдан 1,5 жашка чейин) - 15 балага чейин;

- наристе курактагы II топ (1,5 жаштан 2 жашка чейин) - 20 балага чейин;

- I кенже топ (2 жаштан 3 жашка чейин) - 25 балага чейин;

- II кенже топ (3 жаштан 4 жашка чейин) - 30 балага чейин;

- орто топ (4 жаштан 5 жашка чейин) - 30 балага чейин;

- улуу топ (5 жаштан 6 жашка чейин) - 30 балага чейин;

- даярдоочу топ (6 жаштан 7 жашка чейин) - 30 балага чейин;

- балдарды мектепке даярдоочу класстар (6 жаштан 7 жашка чейин) 30 балага чейин.

Мектепке чейинки билим берүү уюмунун вариативдик модели катары ар кандай курактагы мектепке чейинки топту түзүү мүмкүнчүлүгү каралат. Топтун толтурулушу - 20-25 бала.

Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жогоруда саналган курактык топторунда атайын муктаждыктары бар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү) балдар, ар бир курактык топто өнүгүшү бир аз бузулган 1-3төн ашпаган бала болушуна жол берет.

Мектепке чейинки адистешкен билим берүү уюмунда (мындан ары - МАБУ) атайын муктаждыктары бар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү) балдардын топторун комплекттөө алардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.

2) МАБУ топтору балдардын курагын жана алардын өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен төмөнкүчө комплекттелет:

- кенже топ - 3 жаштан 4 жашка чейинки курактагы балдар;

- орто топ - 4 жаштан 5 жашка чейинки курактагы балдар;

- улуу топ - 5 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдар;

- даярдоочу топ - 6 жаштан 7 жашка чейинки курактагы балдар.

МАБУда балдардын топторун комплекттөө:

Угуусу бузулган:

- (2 жаштан 7 жашка чейинки) курактагы дүлөй балдар үчүн - 10 баладан ашык эмес;

- (2 жаштан 7 жашка чейинки) курактагы начар уккан балдар үчүн 12 бала.

Дүлөй жана начар уккан балдарды бир топто бирге тарбиялоого жол берилбейт.

Сөз сүйлөөсү бузулган:

- сөз сүйлөөсү катуу бузулган (3 жаштан 7 жашка чейинки) балдар үчүн - 12 бала;

- сүйлөөсүнүн фонетикалык-фонематикалык бузулуусу бар (4-5 жаштан 7 жашка чейинки) балдар үчүн - 15 бала;

- ар кандай формадагы кекечтиги бар (3 жаштан 7 жашка чейинки) балдар үчүн - 12 бала.

Коррекциялык программаны алган жана сөз сүйлөөсү оңолгон мектепке чейинки курактагы балдар (7 жашка толо электер) мектепке чейинки билим берүү уюмдарына которулат.

Көрүүсү бузулган:

- сокур (3 жаштан 7 жашка чейинки) балдар үчүн - 10 балага чейин;

- начар көргөн балдар үчүн, чалыр (3 жаштан 7 жашка чейинки) балдар үчүн - 12 бала.

Интеллекти бузулган:

- интеллекти бузулган (3 жаштан 7 жашка чейинки) балдар үчүн (акылы бир аз кем, анын ичинде акылынын чеги бир аз кемге жакын) - 10 баладан 12 балага чейин.

Психикалык өнүгүүсү бузулган (ПӨБ):

- ПӨБ (3 жаштан 7 жашка чейинки) балдар үчүн - 15 балага чейин;

- татаал дефекти бар (эки жана андан ашык) (3 жаштан 7 жашка чейинки) балдар үчүн - 10 балага чейин.

Таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган 3 жаштан 7 жашка чейинки балдар толтурулушу 10-12 бала деп кабыл алынат.

МАБУда кургак учуктун интоксикациясы бар топтор уюштурулат, аларга 3 жаштан 7 жашка чейинки балдар кабыл алынат, толтурулушу - 20 балага чейин.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала узакка созулган ооруунун айынан окууга катышпай калган учурда үйүндө багуунун чегинде же мектепке чейинки билим берүү уюмдарында (сабактын узактыгы 20-30 мүнөт) билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн алат.

Вариативдик модель катары мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмунда ар башка курактагы балдардын мектепке чейинки тобун түзүү мүмкүнчүлүгү каралат.

4) Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мектепке чейинки билим берүү уюмунда төмөнкүдөй кызматкерлердин штаты белгиленет:

- 3 жашка чейин: 10-15 балага (эртеден-кечке чейин) 2 тарбиячы жана тарбиячынын 1 жардамчысы;

- 3 жаштан улуу жана 7 жашка чейин: 25-30 балага (эртеден-кечке чейин) 2 тарбиячы жана тарбиячынын 1 жардамчысы.

Жогоруда саналган курактык топтордун бирине өнүгүүсү бузулган 1-3 бала тартылган учурда кошумча штаттык бирдик талап кылынбайт.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала жумасына 1 саатка үйүндө багып багуунун алкагында же мектепке чейинки билим берүү уюмдарында адистештирилген жардамды алууга укуктуу (убакыт сабактарга 20-30 мүнөттөн бөлүштүрүлүшү мүмкүн).

5) Үйдө (эртеден-кечке чейин) багуунун алкагында баккан бир адамга балдардын санынын катышы:

- төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин: 3 балага чейин;

- 3 жаштан 7 жашка чейин: 5 баладан ашык эмес;

- 3 жашка чейинки 1 же 2 баланы баккан учурда: катыш 1 (тарбиячы): 3 (бала).

Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча топтордун толтурулушун белгилей алат, ал белгиленген ченемдерден ашпайт.

6-глава

Мектепке чейинки билим берүү уюмунун

билим берүү ишинин принциптери

Баланын өмүрүнүн алгачкы жылдары зор мааниге ээ жана анын ар тараптан өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт.

Бала менен өз ара аракеттенүү оң маанайга, мээримдүү мамилеге негизденүүгө тийиш, ал мектепке чейинки курактагы балдардын шайкеш өнүгүшүн, анын ичинде дене-бой, когнитивдик, социалдык жана эстетикалык өнүгүшүн камтыйт. Мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөтүү балдардын жекече муктаждыктарын эске алууну карайт.

1) Билим берүү ишинин түрлөрү жана багуу төмөндөгү принциптерге негизделүүгө тийиш:

- өздөрү жашаган дүйнөнү жигердүү аңдап-түшүнүп жаткан балдардын жекече жөндөмдөрүн жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу;

- сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана берилиши;

- балдардын социалдык, маданий, тилдик, жекече, турмуштук жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана калыптандыруу;

- үй-бүлөдө, курбулар жана чоң кишилер менен сабырдуулукту, маданий, тилдик, жекече, гендердик өз ара мамилелерди эске алуу менен көп тараптуу маданий билим берүүнү өнүктүрүү;

- инсандын сергек жана ар тараптуу өнүгүшү үчүн турмуштук маанилүү компонент катары балдардын өзүнө-өзү баа берүүсүн таануу;

- баланын өнүгүшүндө ишмердиктердин ар кыл түрлөрүнүн өз ара байланышын камсыз кылуу;

- курчап турган дүйнөнү жигердүү аңдап-түшүнүү жана моделдештирүү аркылуу балдардын экологиялык билимин өнүктүрүү;

- балдардын өнүгүшүнө көмөктөшкөн күн сайын өткөрүлүүчү оюндар, окуулар, көнүгүүлөр, тапшырмалар аркылуу эрежелерди сактай билүү;

- адилеттүүлүк жана баланын укуктары менен Мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу;

- ишенимдүү, достук жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүндө аңдап-таанууну, дене-бой жана социалдык жактан өнүктүрүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүк берүү.

2) Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактар жеке муктаждыктарды эске алат жана төмөнкүдөй милдеттенмелерди аткарат:

- балдарга толук жана ар тараптуу өнүгүүгө мүмкүндүк берген практикалык тажрыйбага, функциялык сабаттуулукка ээ болууну камсыз кылуучу иш-чараларды, өнүктүрүүчү сабактарды жана оюндарды өткөрүү боюнча ресурстарды тандоо;

- оң социалдык-психологиялык жагдайды түзүү, билим берүү процессинин катышуучуларынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү;

- балдардын жетишкендиктеринин мониторингин жүргүзүү жана мониторингдин натыйжаларын педагогикалык процессти: балдар оюндарын, өнүктүрүүчү сабактарды жана иштин башка түрлөрүн уюштурууда кийинки кадамдарды пландаштыруу үчүн пайдалануу;

- балдардын жашоо-тиричилигин жана ден соолугун коргоо, ар тараптуу кыймылдык жигердүүлүгүн, саламаттыгын сактоо, тамак-ашын уюштуруу үчүн шарттарды түзүү.

7-глава

Мектепке чейинки билим берүү программаларынын

маңызынын жол берилген минимуму

Мектепке чейинки билим берүү программалары ийкем болууга жана алардын муктаждыктарын канааттандыруу жана ийгиликтүү социалдаштыруу максатында мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүгө багытталууга тийиш.

1) Мектепке чейинки билим берүү программалары төмөнкүлөргө бөлүнөт:

- Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык негизги (базистик) программалар, алар өзүнө мектепке чейинки тарбиялоону жана окутууну камтыйт;

- балдарды өнүктүрүүнүн кошумча, бир же бир нече багыттарын камтыган программалар, алар Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын милдеттүү талаптарынан тышкары баланы өнүктүрүүнү камсыз кылат.

2) Мектепке чейинки билим берүү программалары төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- баланы таанып-билүү жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүүнү;

- баланын эмоциялык жайлуулугун;

- баланын толук өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн үй-бүлө менен өз ара аракеттенүүнү;

- балдарды жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, элдик үрп-адаттарга жана салттарга аралаштырууну;

- балдарды социалдык адаптациялоону;

- атайын муктаждыктары бар балдар менен коррекциялык-педагогикалык жана медициналык-психологиялык ишти жүргүзүүнү;

- балдарды мектепке даярдоону.

3) Мектепке чейинки билим берүү программалары төмөнкүлөрдү карайт:

- окутуунун атайын уюштурулган формасы катары сабактарды;

- балдарды тарбиялоону, өнүктүрүүнү жана багууну;

- оюн жана чыгармачылык ишин;

- балдардын жекече же биргелешкен ишин оптималдуу айкалыштырууну;

- балдардын жекече жана курактык өзгөчөлүктөрүн.

8-глава

Билим берүүчү жана өнүктүрүүчү

сабактардын негизги планы

Билим берүүчү-өнүктүрүүчү сабактардын негизги планы (мындан ары План) төмөнкүлөрдү камтыйт:

- балдарды мектепке чейинки тарбиялоонун, окутуунун жана өнүктүрүүнүн түзүмү, максаттары, милдеттери жана маңызы жагынан ченемдердин комплексин;

- балдардын жекече, курактык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык сабактардын узактыгын, бир жумалык жүгүн жана тематикасын;

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын вариативдик жана кошумча программаларын иштеп чыгуу үчүн негизди;

- сабактардын расписаниесин, күндүн режимин жана календарлык пландарды түзүүнү.

Пландын негизинде мектепке чейинки билим берүү уюму жана балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн жактар календарлык планды иштеп чыгат жана аны атайын муктаждыктары бар балдарга ылайыктайт.

Билим берүүчү-өнүктүрүүчү сабактардын негизги планынын маңызы жана түзүмү:

1) Билим берүүчү-өнүктүрүүчү сабактардын негизги планы:

┌──┬────────────────┬────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬────────┐

│№ │  Сабактардын   │Наристе │Наристе│2-кенже│Орто   │Улуу   │Даярдоо-│

│  │    аталышы     │куракта-│курак- │топ (3 │топ (4 │топ (5 │чу топ  │

│  │                │гы 2-топ│тагы 1-│жаштан │жаштан │жаштан │(6 жаш- │

│  │                │(1,5    │топ (2 │4 жаш- │5 жашка│6 жашка│тан 7   │

│  │                │жаштан 2│жаштан │тан 5  │чейин) │чейин) │жашка   │

│  │                │жашка   │3 жашка│жашка  │       │       │чейин)  │

│  │                │чейин)  │чейин) │чейин) │       │       │        │

├──┼────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│1 │Курчап турган   │    1   │   1   │   1   │   1   │   1   │    1   │

│  │дүйнө менен     │        │       │       │       │       │        │

│  │тааныштыруу жана│        │       │       │       │       │        │

│  │сөз сүйлөөсүн   │        │       │       │       │       │        │

│  │өнүктүрүү       │        │       │       │       │       │        │

│2 │Сөз сүйлөөсүн   │    1   │   1   │   1   │   1   │   1   │    1   │

│3 │Сабаттуулукка   │    -   │   -   │   -   │   -   │   1   │    2   │

│  │үйрөтүү         │        │       │       │       │       │        │

│4 │Жөнөкөй         │    -   │   -   │   1   │   1   │   1   │    2   │

│  │математикалык   │        │       │       │       │       │        │

│  │түшүнүктөрдү    │        │       │       │       │       │        │

│  │калыптандыруу   │        │       │       │       │       │        │

│  │(ЖМТК)          │        │       │       │       │       │        │

│5 │Сенсордук       │    3   │   3   │   -   │   -   │   -   │    -   │

│  │тарбиялоо боюнча│        │       │       │       │       │        │

│  │дидактикалык    │        │       │       │       │       │        │

│  │оюндар          │        │       │       │       │       │        │

├──┼────────────────┼────────

Просмотр содержимого документа
«Мектепке чейинки балдарга»

│6 │Конструкциялоо  │    -   │   -   │   1   │   1   │   1   │    1   │

├──┼────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│7 │Көркөм адабият  │    1   │   1   │   1   │   1   │   1   │    1   │

├──┼────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│8 │Музыкалык сабак │    2   │   2   │   2   │   2   │   2   │    2   │

├──┼────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│9 │Дене тарбия     │    2   │   2   │   3   │   3   │   3   │    3   │

│  │сабагы          │        │       │       │       │       │        │

├──┼────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│10│Жабыштыруу      │    -   │   1(*)│   1(*)│   1(*)│   1(*)│    1(*)│

├──┼────────────────┼────────┤       │       │       │       │        │

│11│Аппликация      │    1(*)│       │       │       │       │        │

├──┼────────────────┤        ├───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│12│Сүрөт тартуу    │        │   1   │   1   │   1   │   1   │    1   │

├──┼────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│13│Кыргыз тили(**) │    -   │   -   │   -   │   1   │   2   │    2   │

│  │(орус тилдүү    │        │       │       │       │       │        │

│  │топтор үчүн) же │        │       │       │       │       │        │

│  │орус тили(**)   │        │       │       │       │       │        │

│  │(кыргыз тилдүү  │        │       │       │       │       │        │

│  │топтор үчүн)    │        │       │       │       │       │        │

├──┼────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│  │Бардыгы         │   11   │  12   │  12   │  13   │  15   │   17   │

├──┼────────────────┼────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼────────┤

│  │Узактыгы        │8-10    │10-12  │12-15  │15-20  │20-25  │25-35   │

│  │                │мүнөт   │мүнөт  │мүнөт  │мүнөт  │мүнөт  │мүнөт   │

└──┴────────────────┴────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴────────┘

2) Атайын сүйлөтүүчү мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын негизги планы:

┌──┬───────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬──────────┐

│№ │      Сабактардын      │1-кенже│2-кенже│Орто   │Улуу   │Даярдоочу │

│  │        аталышы        │топ (2 │топ (3 │топ (4 │топ (5 │топ       │

│  │                       │жаштан │жаштан │жаштан │жаштан │(6 жаштан │

│  │                       │3 жашка│4 жашка│5 жашка│6 жашка│7 жашка   │

│  │                       │чейин) │чейин) │чейин) │чейин) │чейин)    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│1 │Курчап турган дүйнө    │   1   │   1   │   1   │   1   │     1    │

│  │менен тааныштыруу      │       │       │       │       │          │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│2 │Сөз сүйлөөсүн өнүктүрүү│       │   1   │   1   │   1   │     1    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│3 │Сабаттуулукка үйрөтүү  │   -   │   -   │   -   │   1   │     2    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│4 │Математика             │   -   │   1   │   1   │   1   │     2    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│5 │Конструкциялоо         │   -   │   1   │   1   │   1   │     1    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│6 │Логопед менен көнүгүү  │   -   │   5   │   5   │   5   │     5    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│7 │Музыка                 │   2   │   2   │   2   │   2   │     2    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│8 │Дене тарбия            │   2   │   3   │   3   │   3   │     3    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│9 │Жабыштыруу, аппликация │   1   │   1   │   1   │   1   │     1    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│10│Сүрөт тартуу           │   1   │   1   │   1   │   1   │     1    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│11│Дидактикалык оюндар    │   -   │Жумасы-│   -   │   -   │     -    │

│  │                       │       │на 5   │       │       │          │

│  │                       │       │жолу,  │       │       │          │

│  │                       │       │жекече │       │       │          │

│  │                       │       │иш     │       │       │          │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│12│Кыргыз тили            │   -   │   -   │   -   │   1   │     1    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│13│Логопеддин тапшырмасы  │   -   │   5   │   5   │   5   │     5    │

│  │боюнча тарбиячынын     │       │       │       │       │          │

│  │коррекциялык сабагы    │       │       │       │       │          │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│  │Бардыгы                │   8   │  26   │  21   │  23   │    25    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│  │Сабактын узактыгы      │10-12  │15     │20     │25     │30        │

│  │                       │мүнөт  │мүнөт  │мүнөт  │мүнөт  │мүнөт     │

└──┴───────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴──────────┘

3) Таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган балдар үчүн билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын негизги планы:

┌──┬───────────────────────┬──────────┬─────────┬──────────┬──────────┐

│№ │      Сабактардын      │  2-кенже │Орто топ │ Улуу топ │Даярдоочу │

│  │        аталышы        │  топ (3  │(4 жаштан│ (5 жаштан│ топ (6   │

│  │                       │ жаштан 4 │ 5 жашка │  6 жашка │жаштан 7  │

│  │                       │   жашка  │  чейин  │   чейин  │  жашка   │

│  │                       │  чейин)  │         │          │ чейин)   │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│1 │Курчап турган дүйнө    │     1    │     1   │     1    │      1   │

│  │менен тааныштыруу      │          │         │          │          │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│2 │Сөз сүйлөөсүн өнүктүрүү│     2    │     2   │     2    │      2   │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│3 │Сабаттуулукка үйрөтүү  │     -    │     -   │     1    │      2   │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│4 │Математика             │     1    │     1   │     1    │      2   │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│5 │Жабыштыруу             │     1    │     1   │     1    │      1   │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│6 │Аппликация             │     1    │     1   │     1    │      1   │

│  │(Конструкциялоо)       │          │         │          │          │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│7 │Сүрөт тартуу           │     1    │     1   │     1    │      1   │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│8 │Логопед менен көнүгүү  │     5    │     5   │     5    │      5   │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│9 │ЛФК (массаж)           │     2    │     2   │     2    │      2   │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│10│Дене тарбия            │     2    │     2   │     2    │      2   │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│11│Оюндар                 │     1    │     1   │     1    │      1   │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│12│Тарбиячынын            │     5    │     5   │     5    │      5   │

│  │коррекциялык сабактары │          │         │          │          │

│  │(чакан топтор боюнча)  │          │         │          │          │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│13│Кыргыз тили            │     -    │     -   │     2    │      2   │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│14│Музыкалык сабак        │     -    │     -   │     2    │      -   │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│  │Бардыгы:               │    22    │    22   │    27    │     27   │

├──┼───────────────────────┼──────────┼─────────┼──────────┼──────────┤

│  │Сабактын узактыгы      │15 мүнөт  │20 мүнөт │25 мүнөт  │30 мүнөт  │

└──┴───────────────────────┴──────────┴─────────┴──────────┴──────────┘

4) Интеллекти бузулган балдар үчүн билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын негизги планы:

┌──┬──────────────────────────┬───────────────────────────────────────┐

│№ │      Сабактардын         │             Курактык топтор           │

│  │        аталышы           ├────────┬─────────┬──────────┬─────────┤

│  │                          │  I топ │  II топ │  III топ │  IV топ │

├──┼──────────────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┤

│1 │Дене тарбия               │    3   │     3   │     3    │     3   │

├──┼──────────────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┤

│2 │Оюндар                    │    6   │     6   │     6    │     6   │

├──┼──────────────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┤

│3 │Сүрөт тартуу              │    3   │     3   │     4    │     4   │

├──┼──────────────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┤

│4 │Конструкциялоо            │    1   │     1   │     1    │     1   │

├──┼──────────────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┤

│5 │Курчап турган дүйнө       │    2   │     2   │     3    │     3   │

│  │менен тааныштыруу         │        │         │          │         │

├──┼──────────────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┤

│6 │Сөз сүйлөөнү өнүктүрүү    │    2   │     2   │     3    │     3   │

├──┼──────────────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┤

│7 │Жөнөкөй математикалык     │    2   │     2   │     3    │     3   │

│  │түшүнүктөрдү              │        │         │          │         │

│  │калыптандыруу             │        │         │          │         │

├──┼──────────────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┤

│8 │Музыкалык сабак           │    3   │     3   │     3    │     3   │

├──┼──────────────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┤

│  │Сабактын узактыгы         │12-15   │15 мүнөт │20-25     │25-30    │

│  │                          │мүнөт   │         │мүнөт     │мүнөт    │

├──┼──────────────────────────┼────────┼─────────┼──────────┼─────────┤

│  │Бардыгы:                  │   23   │    23   │    26    │    26   │

└──┴──────────────────────────┴────────┴─────────┴──────────┴─────────┘

5) Дүлөй балдар үчүн билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын негизги планы:

┌──┬───────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬──────────┐

│№ │  Сабактардын аталышы  │1-кенже│1-кенже│ Орто  │ Улуу  │ Даярдоочу│

│  │                       │  топ  │  топ  │ топ   │ топ   │    топ   │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│1 │Сөз сүйлөөсүн өнүктүрүү│   2   │   2   │   2   │   4   │     4    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│2 │Угуусун өнүктүрүү      │   2   │   2   │   2   │   2   │     2    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│3 │Математика             │   1   │   1   │   1   │   3   │     3    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│4 │Сүрөт тартуу           │   1   │   1   │   1   │   1   │     1    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│5 │Конструкциялоо,        │   1   │   1   │   1   │   1   │     1    │

│  │аппликация             │       │       │       │       │          │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│5 │Дене тарбиясы          │   3   │   3   │   3   │   3   │     3    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│6 │Жабыштыруу             │   1   │   1   │   1   │   1   │     1    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│7 │Курчап турган дүйнө    │   1   │   1   │   1   │   1   │     1    │

│  │менен тааныштыруу      │       │       │       │       │          │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│8 │Музыкалык сабак        │   2   │   2   │   2   │   2   │     2    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│9 │Оюндар                 │   1   │   1   │   1   │   1   │     1    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│  │Бардыгы:               │  14   │  14   │  14   │  19   │    19    │

├──┼───────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼──────────┤

│  │Сабактын  узактыгы     │10-12  │10-12  │12-15  │20-25  │25-30     │

│  │                       │мүнөт  │мүнөт  │мүнөт  │мүнөт  │мүнөт     │

└──┴───────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴──────────┘

6) Начар көргөн балдар үчүн билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын негизги планы:

┌──┬────────────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬─────────┐

│№ │      Сабактардын аталышы       │ Кенже │ Орто  │ Улуу  │Даярдоочу│

│  │                                │  топ  │  топ  │  топ  │   топ   │

├──┼────────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤

│1 │Сөз сүйлөөнү өнүктүрүү          │   2   │   2   │   2   │     2   │

├──┼────────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤

│2 │Көрүү кабылдоосун өнүктүрүү     │   2   │   3   │   3   │     3   │

├──┼────────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤

│3 │Математика                      │   1   │   2   │   2   │     2   │

├──┼────────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤

│4 │Грамматика                      │   -   │   1   │   2   │     3   │

├──┼────────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤

│5 │Сүрөт тартуу                    │   1   │   1   │   2   │     2   │

├──┼────────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤

│6 │Дене тарбия                     │   2   │   2   │   2   │     2   │

├──┼────────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤

│7 │Жабыштыруу, аппликация          │   1   │   1   │   1   │     2   │

├──┼────────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤

│8 │Музыкалык сабак                 │   2   │   2   │   2   │     2   │

├──┼────────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤

│9 │Плео тарбия                     │   1   │   1   │   1   │     1   │

├──┼────────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤

│10│Микро-,                         │   1   │   1   │   1   │     1   │

│  │макробуюмдарга багыт            │       │       │       │         │

├──┼────────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤

│  │Бардыгы:                        │  12   │  13   │  17   │    19   │

├──┼────────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼─────────┤

│  │Сабактын узактыгы               │10-12  │12-15  │20-25  │25-30    │

│  │                                │мүнөт  │мүнөт  │мүнөт  │мүнөт    │

└──┴────────────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴─────────┘

Эскертүү:

(*) Сабактар бир жумадан кийин кезектештирилет.

(**) Кыргыз/орус тилдерин үйрөнүүдө балдардын саны 25 жана андан ашык болгон учурда 2 топко бөлүү каралат.

Тилге үйрөтүүнүн заманбап ыкмаларын пайдаланган учурда көп тилдүү чөйрөнү түзүү шартында сабактарда бош мезгилде башка тилди (көп тилдүү билим берүү) параллель үйрөнүү каралган.

Мектепке чейинки билим берүү программаларынын алкагында мамлекеттик, расмий жана башка тилдерге окутуу мектепке чейинки билим берүү принциптерине ылайык методика боюнча жүргүзүлөт.

Окутуунун алкагында мамлекеттик, расмий жана башка тилдерге окутуу, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган элдердин жана улуттук топтордун улуттук жана маданий салттары менен тааныштыруу каралган.

9-глава

Өнүктүрүүчү чөйрө

Өнүктүрүүчү чөйрө - ойноо жана өз алдынча иштөө процессинде балдардын ден соолугун, коопсуздугун сактоого жана ар тараптан өнүктүрүүгө көмөктөшкөн жагымдуу шарттарды уюштуруу жана берүү.

Өнүктүрүүчү чөйрө:

- мектепке чейинки билим берүүнүн жалпы принциптерин эске алуу менен алдыга коюлган милдеттерге жетишүүгө (жөнөкөйдөн татаалга, предметтиктен абстракцияга, ырааттуулукка, системалуулукка) жана баланы өнүктүрүүнү стимулдаштыруу зарылчылыгына көмөктөшөт;

- балдарга түшүнүктүү түрдө курчап турган дүйнөнү окуп үйрөнүү жана таанып билүү үчүн материалдарды берет;

- баланын дене-бой жана эмоциялык жактан корголушу үчүн шарттарды камсыз кылат;

- эркин жүрүүгө, жигердүү өнүгүүгө жана өз алдынча тандоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берген балдардын жигердүү иши үчүн шарттарды түзөт;

- ойногон учурда, сабактарда жана өз алдынча иштөөдө балдардын өнүгүшүн камсыз кылган көп максаттуу материалдарды пайдаланууну камтыйт.

10-глава

Материалдар жана жабдуулар

Мектепке чейинки курактагы балдарды катуу жана жумшак шаймандар менен камсыз кылуу ГОСТко жана санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш:

- эмеректер ГОСТ боюнча типтүү жабдуулардын тизмесине жана Санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык ар бир курактык топтогу балдардын курагына жана санына шайкеш келүүгө тийиш;

- дидактикалык материалдар жана оюндар балдардын курагына жана жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык келүүгө тийиш;

- материалдар жана жабдуулар, оюнчуктар, спорттук шаймандар, эмеректер коопсуздуктун талаптарына жана санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.

11-глава

Балдардын ден соолугу

Ден соолук - бул оруунун жана жабыркоонун жоктугу гана эмес, ал дене-бой, жан-дүйнө жана социалдык жактан толук бакубаттуулук абалы (Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун аныктамасы). Балдардын ден соолугунун абалын чагылдырган көрсөткүчтөр мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын багуусунун сапатына жана ишинин натыйжалуулугуна, үй-бүлөнүн, коомчулуктун катышуусуна байланыштуу болот.

1) Мектепке чейинки билим берүү уюмунда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу:

- мектепке чейинки билим берүү уюмунда алдын алуу максатында балдарды медициналык тейлөөнү жана ден соолук абалына туруктуу медициналык байкоо жүргүзүүнү медициналык персонал ишке ашырат. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун штатында врач-педиатрлар жана медициналык кызматкерлер жок болгон учурда бул ишти мектепке чейинки билим берүү уюму турган жер боюнча аймактык медициналык мекемелердин медициналык персоналы жүргүзөт;

- балдардын дене-бой жана нерв-психикалык жактан өнүгүшүнө, күндөгү режимдин сакталышына, алдын алуучу ден соолукту чыңдоо иш-чараларынын жүргүзүлүшүнө жана тамак-аштын уюштурулушуна контролдук кылуу үчүн медициналык кызматкерлерди тартуу;

- штаттагы медициналык кызматкердин болушу;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ченемдик документтери менен бекитилген тизмеге ылайык медициналык пунктта кечиктирилгис жардам аптечкасынын болушу;

- медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууну медициналык кызматкерлердин табыштамалары боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмунун жооптуу адамдары жүргүзөт;

- алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн ар бир топто аптечканын болушу;

- дары-дармек препараттарын атайын бөлүнгөн, балдар жете албаган жерде сактоо;

- балага атайын медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылган абал келип чыккан учурда ата-энесине же аларды алмаштырган адамдарга билдирүү жана баланы жакынкы дарылоо-алдын алуу уюмуна тез арада жеткирүү керек;

- инфекциялык оору бар деп шектенүү же оору пайда болгон учурда белгиленген карантин аяктаганга чейин бала мектепке чейинки билим берүү уюмуна жиберилбейт;

- курч респиратордук оорунун саны көбөйгөн мезгилде ар бир баланы эртең мененки текшерүүнү уюштуруу зарыл;

- ооруп калган балдар оорунун таралышын болтурбоо жана алгачкы врачтык же кечиктирилгис жардам көрсөтүү максатында башкалардан бөлүнөт;

- медициналык кызматкерлер баланын ден соолук абалына ылайык денеге келтирилген жүктүн ченемдерине байкоо жүргүзүүгө тийиш, мында дене тарбия көнүгүүлөрүнүн түрлөрүн, сабактарды өткөрүүнүн узактыгын эске алуу зарыл;

- мектепке чейинки билим берүү уюмунда ден соолукту чыңдоочу процедуралар мектепке чейинки билим берүү уюмунун медициналык жана педагогикалык персоналынын көз салуусу менен жүргүзүлөт.

2) Мектепке чейинки билим берүү уюмунун персоналы жана балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн адамдар:

- оорулардын, өзгөчө инфекциялык оорулардын алдын алуу жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча медициналык кызматкердин инструктажынан өтөт;

- гигиеналык шарттарды сактоону, сабактарды өтүүнү, топто күндөлүк режимди уюштурууну жана ишке ашырууну камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен графикке ылайык милдеттүү туруктуу медициналык текшерүүдөн өтөт.

3) Ата-энелердин (Мыйзамдуу өкүлдөрдүн) милдеттери:

- баланы мектепке чейинки билим берүү уюмуна тапшырууда - медициналык маалымкатты, эмдөө картасын (063/У жана 26/У формалары) берүү;

- ата-энелер (Мыйзамдуу өкүлдөр) баланын ден соолугу жөнүндө, медициналык кызматкерлер жасаган бардык медициналык аракеттер жөнүндө маалымдар болууга тийиш.

Санитардык-гигиеналык ченемдердин жана эпидемияга каршы режимдин эрежелеринин сакталышына мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык борборлорунун медициналык кызматкерлери контролдук кылат.

12-глава

Балдардын коопсуздугу

1) Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- билим берүү уюмунун аймагындагы имарат-жайдын ичинде, ошондой эле тышында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө жана Санитардык эрежелерди жана ченемдерди жетекчиликке алууга;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматтары менен бирдикте балдарды жана персоналды эвакуациялоо боюнча туруктуу машыгууларды жүргүзүүгө;

- жаратылыш кырсыктарынын учурунда эвакуациялоо боюнча жооптуу адамды дайындоого, ошондой эле ата-энелер менен сабактарды өткөрүүгө жана аларга эвакуациялоо учурунда балдар болуучу жер жөнүндө кабарлоого;

- балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча нускаманы билүүгө;

- жашоо-тиричиликтин коопсуздугун уюштуруу боюнча балдар менен сабак өтүүгө;

- жаратылыш кырсыгына карата имарат-жайларды жана алардын жанындагы аймакты зарыл жабдуу жана материалдар менен камсыз кылууга;

- өзгөчө кырдаалдардын учурунда эвакуациялоо планы болууга;

- телефону жана зарыл кызматтардын (өрткө каршы бөлүк, шашылыш медициналык жардам, милиция, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмү ж.б.) телефон номерлери жеткиликтүү жана көрүнүп турган жерде болууга. Ата-энелердин жана жакын туугандардын телефон номерлери ар бир топто болууга тийиш.

Мектепке чейинки билим берүү уюмунун жооптуу адамдары жана балдарга билим берүүгө жана аларды багууга лицензиясы бар жактар ата-энелерге балдардын болушунун коопсуздугуна кепилдик берүүгө тийиш.

13-глава

Санитардык жана гигиеналык шарттар

Мектепке чейинки билим берүү уюму төмөнкүдөй санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

- балдардын тамак-ашы рационалдуу, коопсуз жана сапаты жакшы болууга жана куракка жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдерине ылайык келүүгө тийиш;

- жылдын кыш-жаз мезгилинде (ноябрдан майга чейин) даяр тамак-ашты (3-тамак) поливитамин кошумчалары же "С" витамини менен милдеттүү витаминдөө жүргүзүлөт;

- мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашын уюштуруу жана ал үчүн жоопкерчилик жетекчилерге жана медициналык кызматкерлерге, тиешелүү деңгээлдеги билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.

14-глава

Имараттар жана участкалар

Имараттар, жайлар жана участкалар төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:

- имаратты техникалык пайдаланууга жана өрткө каршы коопсуздукка;

- санитардык эрежелерге жана ченемдерге;

- атайын муктаждыктары бар балдар үчүн зарыл шаймандар менен жабдуу боюнча.

15-глава

Балдарга мектепке чейинки

билим берүү жана аларды багуу боюнча

кызмат көрсөткөн педагогикалык кызматкерлерге

квалификациялык талаптар

1) Балдарга мектепке чейинки билим берүү жана аларды багуу боюнча мамлекеттик билим берүү стандарты балдарга мектепке чейинки билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн педагогикалык кызматкерлерге төмөнкүдөй квалификациялык талаптарды коет:

- педагогикалык билимдин болушу;

- квалификацияны жогорулатуу боюнча курстан өтүү;

- педагогдорду окутууга укугу бар мамлекеттик же башка уюмдарда даярдоодон жана кайра даярдоодон өтүү;

- соттуулугунун же медициналык каршы көрсөтүүлөрдүн жоктугу, бул жөнүндө тиешелүү документтер көрсөтүлүүгө тийиш, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталат.

2) Педагогикалык курам же балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн адамдар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

- квалификациясынын жана кесиптик жөндөмдөрүнүн деңгээлин мезгил-мезгили менен (5 жылда 1 жолудан кем эмес) жогорулатууга;

- тарбиячыларды жана мектепке чейинки курактагы балдарга мектепке чейинки билим берүүнүн жана аларды өнүктүрүүнүн башка адистерин даярдоодо жана кайра даярдоодо ушул Мамлекеттик стандарттын талаптары эске алынууга тийиш.

16-глава

Мамлекеттик стандартты аткаруунун

мониторинги жана ага баа

Мониторинг билим берүү ишинин натыйжаларын, педагогикалык процесстин көйгөйлүү тараптарын айкындоо жана күтүлгөн натыйжаларды аныктоо үчүн, ошондой эле балдарга мектепке чейинки билим берүү жана аларды багуу максаттарына жана милдеттерине жетишүүнү жакшыртуу үчүн жүргүзүлөт.

1) Мониторингдин жана баа берүүнүн объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- балдардын ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарттар;

- балдарга билим берүү жана аларды багуу кызмат көрсөтүүлөрүн ишке ашырган педагогдор;

- билим берүүчү-программалык документация, усулдук окуу куралдары, оюндук жана дидактикалык материал;

- үй-бүлө жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү механизми;

- балдардын өнүгүүсүнүн жана ден соолугунун деңгээли;

- имараттар жана участкалар, материалдар жана жабдуулар.

2) Мониторинг тышкы, ошондой эле ички болушу мүмкүн:

- мектепке чейинки билим берүү уюмунун же балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн адамдардын ишинин тышкы мониторингин "Билим берүү жөнүндө" жана "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды аткаруу боюнча борбордук, региондук, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү жүргүзөт;

- ички мониторингди мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчилери жана педагогдору балдарга билим берүү жана аларды өнүктүрүү процессине, алардын жетишкендиктерине көз салуу жана контролдоо аркылуу, ишти жакшыртуу жана ушул Мамлекеттик стандарттын ченемдерине ылайык келтирүү максатында жүргүзөт.

3) Мониторинг жол-жоболору өзүнө төмөнкүдөй аспекттерди камтыйт:

- натыйжалуу жана объективдүү мониторингди жүргүзүү үчүн ата-энелердин, жамааттын өкүлдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусу менен, адистерден турган, мектепке чейинки билим берүү жагынан кесиптик билими, иш тажрыйбасы бар адистерден турган жумушчу топ (3 адамдан кем эмес) түзүлөт;

- тышкы мониторинг жылына 1 жолудан ашык эмес жүргүзүлөт;

- мониторингдин алдыга коюлган максатына жана милдеттерине жараша маалымат чогултуунун ар кандай ыкмалары (анкета жүргүзүү, интервью ж.б.) колдонулушу мүмкүн;

- натыйжалар милдеттүү түрдө жумушчу топ тарабынан талданат жана андан аркы иште колдонмо катары пайдаланылышы мүмкүн;

- мониторингдин материалдары педагогикалык процесстин көйгөйлүү тараптарын айкындап, билим берүү ишин коррекциялап жана күтүлгөн натыйжаларды баяндай алат;

- мониторинг айрым көйгөйлөрдү талдоого жана алардын чечилишин издөөгө багытталышы мүмкүн.

Балдардын өнүгүшүнө жана алдыга коюлган милдеттерге жетишүүгө баа берүү иштин ар кандай түрлөрүндө баланын өнүгүшүнө жана жекече жетишкендиктерине объективдүү баа берүүнү көрсөткөн портфолиону түзүү аркылуу мектепке чейинки курактагы балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген ыкмалар жана методдор менен жүргүзүлүүгө тийиш.

4) Өлчөөнүн жана мониторингдин шаймандары индикаторлор болот.

Индикаторлор - булар изилденип жаткан объекттин байкоо жүргүзүүгө жана өлчөөгө жеткиликтүү касиеттери.

Мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларды багуу боюнча кызмат көрсөткөн педагогикалык кызматкерлерге жана адамдарга карата колдонулуучу индикаторлор:

- балдардын психологиясынын жана өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн билүү;

- мектепке чейинки курактагы балдар менен иштөө ыкмаларына жана усулдарына ээ болуу;

- балдардын эрте өнүгүшү жагынан учурдагы жетишкендиктерди жана билимдерди колдонуу;

- эркин коомдо индивидуумдун ролун, анын ичинде жекече жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн түшүнүү жана баланын жекече укуктарын жана баалуулуктарын урматтоо;

- жекече айырмачылыктарды, анын ичинде маданияттын, гендердин, диндин, этностук таандык болуунун өзгөчөлүктөрүн түшүнүү жана урматтоо;

- маалыматтык технологиялардын маанисин түшүнүү жана аларды пайдалануу;

- башкаруу жөндөмдөрүнө ээ болуу;

- өзүнүн кесиптик жөндөмдөрүн жакшыртууга жана кеңейтүүгө даярдык.

17-глава

Каржылоо

Мамлекеттик, муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарын каржылоо Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмунда багуу үчүн акыны эсептөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

Мектепке чейинки билим берүү уюмунун финансылык-чарбалык ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Программалык камсыздоо Европа Бирлигинин жана БУУӨПтун КРда укуктук реформаны колдоо боюнча долбоорунун жардамы менен жасалды

Программное обеспечение создано при содействии проекта ЕС и ПРООН по поддержке правовой реформы КР

Централизованный банк данных правовой информации
Министерство Юстиции Кыргызской Республики

Улуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги

ОТКРЫТЫЕ ДАННЫЕ

АЧЫК МААЛЫМАТТАР

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!