Сабактын темасы: Сөз айкашынын мүнөздүү белгилери, байланышуу жолдору
Сабактын максаты
- Сөз айкашынын синтаксиси жөнүндө кеңири маалымат алуу. Сөз айкашынын мүнөздүү белгилерин, анын байланышуу жолдорун үйрөнүү.
- Сабакта активдүү болуу, тапкычтыкка, логика-лык ой жүгүртүүгө, ыкчамдыкка аракеттенүү.
3. Сөз айкашы боюнча алган билимдерди, көндүмдөрдү калыптандыруу, эске сактоо.
- Сүйлөмдүн тутумундагы сөздөр маанилик жана грамматикалык жактан өз ара байланышса , сөз айкашы деп аталат.
- М: Айнур Ысык-Көлдөн келди. Бул сүйлөмдө эки сөз айкашы бар.
- 1. Айнур келди
- 2. Ысык-Көлдөн келди
- Ар бир сүйлөм сөз айкашынан турат. Бирок, байламталар, каратма, киринди, сырдык сөздөр, атама сүйлөм да сөз айкашын түзө албайт.
- Толук маанилүү сөз менен жардамчы сөз байланышса, структуралык жана маани жагынан толук уюшулган өзүнчө бир сөз айкашын уюштура албайт. М: тоого карай, иш жөнүндө, үймөктүн түбүндө, эң кубаттуу
- Бул өңдүү айкаштар экинчи бир сөз менен байланышып келгенде гана толук сөз айкашы уюшулат:
- тоого карай жөнөө, иш жөнүндө кам көрүү, үймөктүн түбүнө отуруу, эң кубаттуу электр станциясы
Сөз айкашы эки түгөйдөн турат. Алардын бири – багыныңкы түгөй, экинчиси – багындыруучу түгөй
1. Багындыруучу түгөй багынычтуу түгөйдү өзүнө баш ийдирет.
М: Ачык асман – багындыруучу түгөй – асман
2. Багынычтуу түгөй багындыруучу түгөйгө баш иет.
М: Илимдин жаңылыгы - багынычтуу түгөй – илимдин
Багындыруучу түгөйгө жараша сөз айкашы эки чоң топко бөлүнөт
1. Атоочтук сөз айкашы - багындыруучу түгөй зат, сын, сан, ат атоочтордон жана тактооч сөздөрдөн болот.
М: алтын ээр , суудай таза , аталаштан алтоо , күлгөндүн баары , үндөн ылдам
2. Этиштик сөз айкашы - сөз айкашынын багындыруучу түгөйү этиш сөздөрдөн болот.
М: жети өлчө , бырс күлдү , музейге баруу , ат менен келүү
Сөз айкашынын туруктуу жана эркин колдонулушуна жараша экиге бөлүнөт
1. Туруктуу сөз айкашынын түгөйлөрү туруктуу болот.
М: тил эмизүү, узун жолду кыскартуу, тишинин кирин соруу, мурдун балта кеспейт ж.б.
2. Эркин сөз айкашы толук маанилүү сөздөрдөн курулуп, түгөйлөр эркин айкалышат.
М: чоң үй, ак алма, китеп окуу, комуз чертүү, бийлеген кыз ж.б.
Сөз айкашынын тутумундагы түгөйлөр бири-бири менен төрт түрдүү байланыш жасайт
1. Ээрчишүү – ээни баяндооч сан, жак, түр боюнча ээрчийт. М: Биз «Манас Ордодон» келдик .
2. Башкаруу – багындыруучу түгөй багынычтуу сөздү барыш, табыш, жатыш, чыгыш жөндөмө- лөрүнүн биринде турушун шарттайт. М: Таласта болот, чокуга чыгышты, Бишкек- тен келдик, Суусамырга карай жөнөдүк ж.б.
3. Ыкташуу – түгөйлөр бири-бирине мааниси б-ча байланышат. М: алтын шакек, ойногон бала, тез иштеди, жетинчи класс
4. Таандык байланыш – илик ж-дө турган багыныч- туу түгөй таандык мүчөлүү сөз м-н байланышат. М: тоонун жели, ата-эненин сөзү, айыл чөлкөмү
Сүйлөмдөрдү сөз айкашына ажыратабыз
Улукмандын насааттарынан
- Устатыңды атаңдан артык сана. 2. Жоомарттыкты өзүңө өнөр кыл. 3. Бүгүнкү ишиңди эртеңкиге калтырба. 4. Бүтүрбөгөндү бүтүрдүм дебе. 5. Сурап келсе, кур кайтарба. 6. Перзентиңе адеп менен илим үйрөт. 7. Көзү өткөндү жамандаба. 8. Дүнүйө үчүн башыңды машакатка салба. 9. Коноктун көзүнчө бирөөгө ачууланба.
10.Жакшы тарбиялуу болууга аракеттен.
1. 1. Устатыңды сана 2. атаңдан артык сана 2. 1. Жоомарттыкты өнөр кыл 2. өзүңө өнөр кыл
3. 1. Бүгүнкү ишти 2. эртеңкиге калтырба
4. 1. Бүтүрбөгөндү бүтүрдүм 2. бүтүрдүм дебе
5. 1. Сурап келсе 2. кур калтырба
6. 1. Перзентиңе үйрөт 2. адеп м-н илим үйрөт
7. 1. Көзү өткөндү 2. өткөндү жамандаба
8. 1. Дүнүйө үчүн салба 2. машакатка салба
9. 1. Коноктун көзүнчө 2. бирөөгө ачууланба
10. 1.Жакшы тарбиялуу 2.тарбиялуу болууга аракеттен
С=з айкашы боюнча талдоо
1. Устатыщды сана – багыныщкы, этиштик, эркин, ж=н=к=й, башкаруу
2.Атащдан артык сана- баг., эт., эрк., тат., баш.
3.Жоомарттыкты =н=р кыл- баг.,эт.,эрк.,тат.,баш
4.+зъщ= =н=р кыл- баг., эт., эрк., тат., баш.
5.Бъгънкъ ишти- баг., атоочт., эрк., ж=н., ыкт.
6. Эртещкиге калтырба- баг., эт., эрк.,ж=н., баш.
7.Бътърб=г=ндъ бътърдъм- баг., эт.,эрк.,ж., баш.
8. Бүтүрдүм дебе- баг., эт.,эрк.,ж=н., баш.
9. Сурап келсе - баг., эт., эрк., ж=н., ыкт.
10. Кур калтырба- баг., эт., эрк., ж=н., ыкт.
Оозеки талдоо
1. Ата мурасынын бардыгы сөз аркылуу укум-тукумга жетет.
2. Макал – бул улуттук таалим-тарбиянын алтын казынасы.
3.
Тест
- 1.Сөз айкашы деген эмне?
- а) Бир тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы.
- б) Тыбыш жөнүндөгү илим.
- в) Сөздөрдүн жасалышы, өзгөрүшү.
- г) Эки же андан көп сөздөрдүн маанилик жана грамматика-лык жактан айкашы.
2.Сөз айкашын тапкыла.
- б) жалаң, жайылма
- в) толук, кемтик
- г) жөнөкөй, татаал
- а) мен келдим в) күз
- б) ташбака г) алтын кашык
4.Этиштик сөз айкашы кайсы?
- а) бийик тоо
- б) алмаздан катуу
3.Сүйлөмдөр грамматикалык түзүлүшүнө карай кандай топторго бөлүнүшөт?
в) келгендердин баары
- а) жай, суроолуу, илептүү
5.Сөз айкашы канча сөздөн турбайт?
- 6.Бир өңчөй мүчөлөрдүн ортосуна коюлуучу тыныш
- белгилер кайсылар?
- а) илеп белгиси
- б) үтүрлүү чекит
- в) кош чекит
- г) үтүр
- 7.Синтаксис бөлүмү эмнени үйрөтөт?
- а) сөз жана сөз жасоону
- б) сөз жана сөз түркүмүн
- в) сөз айкашы жана сүйлөмдү
- г) жөнөкөй жана татаал сөздү
- 8.Төмөнкүлөрдүн ичинен кайсынысы сөз айкашы?
- а) бака жалбырак
- б) жашыл жалбырак
- в) темир жол
- г) төө куш
- 9. Этиштик сөз айкашын тапкыла.
А. бийик тоо
- Б. алмаздан катуу
- В. келгендердин ар бири
- Г. мектептен келүү
- 10.Төмөнкүлөрдүн ичинен кайсынысы сөз айкашы?
- А. көз айнек
- Б. темир кашык
- В. суу жылан
- Г. Ала-Тоо
- 11. Сөз айкашын тапкыла.
- А. мен келдим
- Б. ташбака
- В. күз
- Г. алтын кашык
- 12.Таандык байланышындагы сөз айкашы кайсы?
- А. жыйырма бир жумушчу
- Б. апамдын аты
- В. көмүрдөй кара
- Г. адептүү болуу 13. Негизги сөзү сын атоочтон болгон сөз айкашын көрсөткүлө.
- А. балдан таттуу
- Б. калың токой
- В. окууга баруу
- Г. китептин экөө
- 14. Кайсы сөз айкашында ыкташуу байланышы бар?
- А. биздин курбулар
- Б. жаратылышты сактоо
- В. музейде болуу
- Г. ызгаардуу кыш
Де-брифинг же талкуулоо үчүн суроолор
- 1. Сөз айкашы жөнүндө силер мурда билчү белеңер?
- 2. Силерде кызыгуу пайда болдубу, болсо эмне үчүн?
- 3. Сүйлөмдөрдү сөз айкашына ажыратканда силерге кыйынчылык болдубу?
- 4. Бүгүнкү сабак силерге жактыбы?
Үй тапшырма
- Адабияттан беш сүйлөмгө талдоо жүргүзүп келүү