СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Соз которумдуу бол

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык сабак

Просмотр содержимого документа
«Соз которумдуу бол»

СѲЗ КѲТѲРҮМДҮҮ, ЖАЙДАРЫ, КЕҢ ПЕЙИЛ БОЛ

Сабактын максаты:

Окуучулар сөз көтөрүмдүүлүккө үйрөнөт. Жайдары, кең пейилдик сапаттар тууралуу маалыматка ээ болушат.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.

Ар иште акыл-эстүү болуу керек, Акылдуу ѳз ишинен убай кѳрѳт.

Жусуп Баласагын

“Карынын сѳзүн капка сал”, “Улуу уксун деп айтат”, “Атаңын айтканын алтынга алмаштырба” деген нуска сѳздѳр ата-бабаларыбыздан бизге чейин жетип келди. Пейли кенен, меймандос кыргыз элинин мындай нускалары четтен саналат. Ѳзүнүн сынын, наркын жоготпой улам кийинки муундарга мурас катары калып келет. Адамдагы сѳз кѳтѳрүмдүүлүк адамдык баркыбызды бийик деңгээлге кѳтѳргѳн жакшы сапаттардан болуп саналат. Мындай сапаттар адамды ажарлантат.Окуучум, сен эч качан ѳзүңдѳн улуу адамга каяша сүйлѳп жаман сапатыңды кѳрсѳтпѳ, алардын дилин оорутпа. Чоң адамдын назарына калба. Андан кѳрѳ сага айтылган сын пикирди терең анализдеп, туура тыянак чыгарууга үйрѳн. Эрте менен үйдѳн чыгып баратканда эмне иш бүтүрүү керек деп ойлон, ал эми кеч үйгѳ кайтканда эмне иш бүтүрдүм, кимге кандай мамиле жасадым деп бир күндүк ишиңди талда.

Кабагыңды бүркѳбѳй, дайыма жайдары бол. Сараң, зыкым болбой кең пейилдүүлүктү ѳзүңѳ адат кылгын. Муктаждарга жардам колуңду сунгун. Кең пейилдүүлүк менен жайдары мүнѳз сенин адамдар арасындагы кадыр-баркыңды кѳтѳрѳт, досторуңдун сага болгон ишенимин ойготот.

2-кадам. Окуучулар текст менен таанышышат. Класста талкуулашат.

Ѳзгѳргѳн мүнѳз

Жамийла аябай түнт, корс кыз эле. Достору менен да жакшы мамиле түзѳ албайт болчу. Кызынын мындай сапатына таң калышкан ата-энеси ал сапатты жоюга кѳп аракет жумшашты. Канчалык аркет жумшашпасын мүнѳзү ѳзгѳргѳн жок.

Бирге окуган классташтары да анын мүнѳзүнѳ түшүнүшпѳй, мамиле кылуудан да чочулашчу. Эч качан күлбѳгѳн, пейили да тар, эч кимге эч нерсесин карматпаган кыз. Айткан тамашаны да кѳтѳрѳ алчу эмес,уруша кетчү. Бир партада олтурган Кубат аны сѳзгѳ тартууга, мамиле түзүүгѳ кѳп аракет жумшайт, башкалардын иши да жок.

Бир күнү Жамийла мектепке тагып келген апасынын алтын үзүгүн жоготуп койду. Коркконунан аябай ыйлады. Издеп, эч жерден таппаган соң класста олтуруп ыйлай баштады. Класс жетекчиси окуучулар менен сүйлѳшүп, кыздын абалын түшүндүрүп чогуу издешти. Бир аз убакыт ѳткѳн соң сырттан Кубат “таптым” деп кыйкырды. Ошентип алтын үзүк кѳпчүлүктүн жардамы менен табылды. Жоготкон буюму табылганына Жамийла аябай сүйүндү, классташтарына ыраазы болду. Үйүнѳ баргандан соң болгон окуяны ата-энесине айтып, мындан кийин достору менен жакшы мамиле түзүүгѳ, кең пейил, жайдары болуп жүрүүгѳ сѳз берди.

Суроолор:

  1. Кандай адамды кең пейил деп эсептейсиң?

  2. “Атанын айтканын алтынга алмаштырба” деген нусканы кандайча түшүндүң?

  3. Жамийла эмне үчүн достору менен жакшы мамиледе боло албады?

  4. Жамийланын мүнѳзү эмне үчүн тез ѳзгѳрдү деп ойлойсуңар?

3-кадам. Залкар ойлорду талкуулашат. Залкар ойлор

Кең пейилдүү кемибейт, тар пейилдүү жарыбайт.



Кеп кѳтѳрбѳй жакшы болбойт,Тер кѳтѳрбѳй күлүк болбойт.



Сѳз айтпагын болбоско,Суу куйбагын толбоско.



Сѳз башы ачуу болсо,Аягы таттуу болот.

Эл оозунан

Үйгө тапшырмалар:

  1. “Ѳзгѳргѳн мүнѳз” тексттине жакын кыскача аңгеме жазгыла.

  2. Залкаройлордун ар бирин терең анализдегиле.






































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!