Просмотр содержимого документа
«Сөз оюндары 3-класс»
Т.Айбашев атындагы орто мектеби башталгыч класс мугалими Камчиева Алтынай
- Сабактын темасы: Сөз оюндары.
- Сабактын максаттары:
- А)Сөз оюндары жөнүндө билишет.
- Б)Сөз оюндары эрежелерин окушат,ырларын көркөм окуп жатташат.
- В)Туура так сүйлөөгө тарбияланышат.
- Үй тапшырма:
- Орус тилинде кайсы тыбыштар жок?
- Өз тилин билбеген бала барбы?
- Кыргыз тили тууралуу макал, накыл сөздөрдөн айтып бергиле.
Өнөр алды кызыл тил.
Тил кылычтан өткүр.
Эне тилин билбеген эси догун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн элин суйүп жарытпайт.
- Анаграмма- табышмыкталган сөздү таап, андан кийин айрым тамгалардын ордун алмаштырудан жаңы сөздүн алынуучу сөз оюну.
- Жолборс түстүу бир өңдү
- Жакшы ойлосоң табасын
- Тамгаларын которсоң
- Бир идишти табасын.
- (Чаар-чара)
Логогриф-табышмакталган сөздү таап, андан кийин ага мүчө уланса же кемитилсе,кошумча тамга кыстарылса,жаңы сөз келип чыгуучу сөз оюну.
Шатырата санасаң ,бирдиктеги бир сан.
«Н» тамгасын уласаң,Баалуу асыл металл.
( алты-алтын.)
Метаграмма-табышмакталган сөздү таап, андан кийин ал сөздөгү бир тамганы башка тамгага алмаштыруудан сөздүн мааниси өзгөргөн оюн ыр.
Баш тамгасы «ү» болсо,жашоочу жайың.
«ү» ордуна «ү» койсоң,короодогу малың.
(үй-уй)
Шарада- ар бири өз алдынча созду тушундургөн эки сөздү бириктирип окуганда негизги табышмакталган сөз алынуучу оюн ыр.
Биринчиси- бел боо,экинчиси түс.
Кураштырып окусаң,бир жакшы буюм жасаган уз.
(кур.+ак= курак)
Акро ыр- баш тамгаларын кураштырып окуса бир соз чыкчуоюн ыр.
Башы жалпак
Аягы балчак
Көзу тосток
Аябай коркок.
Үй тапшырма:
Өзүңөр ушундай сөз оюн ырларын жазып жатка айткыла.