СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Соз оструу тексти

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Соз оструу тексти»

Мейманга барганда

Мейманга баруу, мейман күтүү ар бир адамдын турмушундагы боло турган нерсе. Сен мейманга барганыңда сылыктыкты, адеп эрежелерин билбей, олдоксондук кылбагын. Ал – уят иш. Мейманга барарыңда үстү-башыңды кара. Кийимиң тазабы, бут кийимиң ылай, чаң эмеспи, чачың таралганбы?

Чакырылган учурдан кечикпей бар. Кандайдыр бир себеп менен кечигип калсаң, кечиккениң үчүн кечирим сура.

Мейманга келгенде сырт кийимиңди чечип, оозгу үйдөгү илгичке ил. Колуңду жуубай туруп, дасторкондун четине отурба.

Үйгө киргенде салам айтуу – сенин биринчи милдетиң. Дасторконго ашыгып кол сунба. Адегенде нан ооз тий. Анан өзүңө жакыныраак коюлган тамактан жеп отур.

Оозуңда тамак болсо сүйлөбө. Отургандарга тиешеси жок сөздү баштаба. Башка бирөө сүйлөп жатса сөзүн бөлбө, сөздөрү кызыксыз болсо кабагыңды чытыба. Мактанба. Катуу сүйлөбө, күлбө.

Аш айры менен желчү тамактарга кашыкты пайдаланба. Тишиңди элдин көзүнчө чукуба. Майлык берилгенче колуңду башка бирдемелерге аарчыба.

Дасторкондон шашып турба. Кетерде коштошууну жана рахмат айтууну унутпа.

  1. Текстти окуп чыгып, буйрук сүйлөмдөргө көңүл бур.

Тексттеги сүйлөмдөрдүн ичинен буйрук жана жай сүйлөмдөрдү таап көчүрүп жаз.

Жай / суроолуу сүйлөм

Буйрук сүйлөм






















  1. Сөздүк жумуштар.

    Синонимдерин тап

    Антонимдерин тап

    Мейман /

    Кызыктуу -

    Үй /

    Катуу -

    Тамак /

    Күлүү -

    Өзүм /

    Ачуу -

    Кол аарчуу /

    Кетүү -

    Ашыгуу /

    Сылыктык -

    Олдоксон /

    Тиешелүү -

    Сырткы /

    Жакыныраак -

  2. Бир жолу мейманда отурганымда....” 10 сүйлөмгө чейинки баштан өткөн кызыктуу окуянын негизинде кыскача текст жазуу.