СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Соз остуруу тексти

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Соз остуруу тексти»

Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар: Альберт Эйнштейн

Дүйнө тарыхына Альберт Эйнштейн илимде революция жасаган улуу ойчул, Ньютон түзгөн физиканы кайра карап чыгууга мажбур кылган залкар окумуштуу катары кирди. ХХ кылымдын мактанычына да, трагедиясына да айланган атом бомбасын жасаганга түздөн-түз тиешеси болду. Ошону менен бирге өз авторитетин пайдаланып, Палестинада еврейлердин мамлекетин, азыркы Израиль мамлекетин түзүүгө түздөн-түз таасирин тийгизди.

Илимпоздун ысмын ааламга таанымал кылган негизги эмгек - анын салыштырмалуулук теориясы деген илимий ачылышы болду.

Эйнштейн физик болгону менен аябагандай маданиятка жакын адам болгон. Жан дили менен берилип уккан композитору Амадео Моцарт экен. Өзү да кыл кыякта жакшы ойноп, ал эмес окумуштуулар арасында музыкалык кечелер өткөргөнүн айтып жүрүшөт. Ал эми адабиятта анын эң сыйлаган жазуучусу Федор Достоевский дешет.

Фашисттик Германия ядролук куралга ээ болсо адамзаттын тагдыры кандай болот деп кооптонгон Эйнштейн 1939-жылы АКШ Президенти Франклин Рузвельтке атайын кат менен кайрылып, Америка бул тармакта илимий иштерге кенен жол ачышын суранганы белгилүү. Бирок согуш аяктап, эң биринчи бомба Нагасаки менен Хиросимада жарылгандан кийин Эйнштейн өзүн аябагандай күнөөлүү сезет. Өмүр бою кайгырганын, аябагандай азап чеккенин айтышат.

Бул чынында да Эйнштейн-физиктин, гуманисттин эң чоң трагедиясы эле. Атом бомбасы азыр да адамзаттын эң бир баш ооруткан татаал проблемаларынын бири экендигинде шек жок. Бул тири укмуш куралдан адамзат канткенде арылат, деле арыла алабы, жокпу - бул өтө оор маселе. Азыркы учурда атомдук куралдын запасы аябагандай көп. Эгер ал жарылса, жер шары чыныгы муз дооруна кабылып, адамзат цивилизациясынын кыйрашына алып келээри эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан Эйнштейн: “Эгер үчүнчү дүйнөлүк согуш атомдук согуш болсо, анда ал адамзат үчүн эң акыркы согуш болот” деп бекер айтпаса керек.

Альберт Эйнштейн адегенде Германияда туулуп, бирок фашисттер бийликке келгенден кийин Америкага кетип калган. Ошентсе да ал АКШнын атуулу катары эмес, өзүн жалпы адамзаттын уулу, планетанын атуулу катары караганы жакшы маалым. Ошондуктан ал эң акыркы керээзинде сөөгүн жерге көмбөй, кремация жасатып, анан абага чачып жибергиле дегени да бекеринен болбосо керек.

Айткандай эле улуу окумуштуунун узатуу сапарына 12 гана эң жакын деген адамдары катышкан. Эч кандай расмий иш-чара болгон эмес. Кийинчерээк маркумдун бир ууч күлүн анын Принстондогу чакан дачасынын багына чачып жиберишкен.

  1. Тексттеги бир тутумдуу жактуу сүйлөмдөрдү белгилеп чык.

  2. Сөздөрдүн синонимдерин антонимдерин жазып чык.

Революция/ улуу -

Залкар/ трагедия-

Авторитет/ түзүү-

Жан дили/ сыйлоо -

Кооптонгон/ күнөөлүү-

Тармакта/ гуманист -

Азап чегүү/ согуш-

Арылат / акыркы-

Тири укмуш/

Маркум /

Бир ууч /

Дача /


  1. Мен билген улуу илимпоз. Эссе жазуу