3)Жаңы тема. (10 мүнөт) Урайча эне Илгери-илгери бир мышыктын аты Урайча эне экен. Ошол Урайча эненин үч баласы болуптур. Улуусунун аты Арстан, ортончусунун аты Жолборс, кичүүсүнүкү Илбирс экен. Үчөө тең абдан баатыр, эр жүрөк, алгыр болот. Бирок алар эң эле жырткыч, каардуу, ырайымсыз жана ушунчалык таш боор болуп өсүшүптүр. Ошентсе да, Урайча эне үч баласынын эр жүрөк, баатыр болгонуна сүйүнүп, таш боорлуктарын эне жүрөгү менен кечирип жүрөт. Бирок улуусу Арстан да, ортончусу Жолборс да, кичүүсү Илбирс да эси жок, таш боордугунан улам картайган энесин сыйлашпайт. Ал турмак, бөжөйгөн кары энесинин үшүн алышып, өтө кор кылышыптыр. Акыры энеси картайып, эч кимисине кереги жок болгондо, үч баласы үч жакка тарап кетишет. Алардын бири токойго, бири тоого, үчүнчүсү талаага кетип калат. Урайча балдарынан дале үмүт үзбөй, үйүн кайтарып, көп убакыт күтөт. Бирок балдары энесине кайрылып келишпейт. Ошондо жалооруган Урайча эне алсыз мыёолоп, адамга келип корголоптур. “Үч баатыр балам бар эле, үчөө тең карабай таштап кетишти. Мен аларга ишенип мыш болдум,”- дейт. Бара-бара анын “Урайча” деген аты унутулуп, “мышык” аталып кетиптир. Ошондон баштап ал адам менен чогуу жашап калыптыр. (“Тил башат”) |
1)Окуучулар менен иштөө (12 мүнөт) Белгиленген сөздөргө маанилеш сөздөрдү тапкыла (жебе аркылуу бириктиргиле). Жырткыч- алсыз канкор Бөжөйгөн- жегич кичинекей Каардуу- жалынган сактанат Жалооруган- эш тутат шылдың болуу Мыш болуу-коркутуу жалдыраган Корголойт- уят болуу үркүтүү Үшүн алуу- ырайымсыз Көп чекиттин ордун бир өңчөй бышыктоочтор менен толуктоо. Урайча эненин үч уулунун аттары ....., ....., ...... болуптур. 2. Канчалык эне мээримин төксө да, ....., ......., ....... болуп өсүшөт. 3. ......, ........, ...... энесин кор кылышат. 4. Үч уулунун бири ....., экинчиси ....., үчүнчүсү ...... кетип калат. 5. Балдарын күтүүдөн тажаган Урайча эне ......, ....... адамга келип байырлайт. Пайдалануучу сөздөр: кайгырып, мыш болуп; токойго, тоого, талаага; таш боор, мээримсиз, канкор; Арстан, Жолборс, Илбирс; акылсыздыгынан, ырайымсыздыгынан, ыймансыздыгынан; Урайча эне жана балдарына Венндин диаграммасын түзгүлө. |