СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Создук иш жонундо

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Создук иш жонундо»

Сөздүк иш жөнүндө

Ийгиликтүү баарлашуунун шарттарынын бири кандайдыр бир өлчөмдөгү сөз коруна ээ болуу, ошондуктан сөз корун калыптанды- рууга чоң көңүл бурулат. Бул окуу китептеринин өзгөчүлүгү окуу- чулар ар кандай сөз түркүмдөрдүн семантикалык байланышынын маанисине бир тематикалык мейкиндикте ээ болушу. Активтештири- лүүчү сөздөр сабактын материалдарына табигый түрдө киргизилген, модулдун кептик темасына дал келет жана кептик кырдаалдарды тей- лейт.

Эскерте кетсек, сөздүк иш үч этаптан турат:

1-этап – сөздүн маанисин ачуу, башкача айтканда, семантикалык ишмердик;

2-этап – жаңы сөздү окуучу эсинде сактап калышы үчүн ар кан- дай кырдаалдарды жаратуу (ал үчүн окуу китебинде лексикалык көнү- гүүлөр каралган);

3-этап – жаңы сөздү окуучунун кеп практикасына киргизүү (текст менен иштөө, тексттен кийинки иштер).

Окуу китептеринде аталган жаңы сөздөр менен иштөө этаптары- нын баары сакталган.

Сөздөрдүн маанисин ачуу боюнча ар кандай жолдор сунуштал- ган: көрсөтмөлүүлүктү пайдалануу, синоним / антонимдерди табуу, контекстуалдык божомолдоо, которуу.

Жаңы сөздү окуучу эсинде сактап калып, аны өз сөз коруна мен- чиктештириши үчүн түрдүү лексикалык көнүгүүлөрдү аткаруу жүр- гүзүлөт. Төмөндө окуу китептеринин тапшырмаларынан бир нече мисалдар келтирилди: 5-класс, 20-беттеги 35-көнүгүү;

1. Сүрөттөргө сөз айкаштарды дал келтиргиле.








Ким? Кимдер?

Кайда саякаттаганды жакшы көрөт?

Кайда саякаттаганды жакшы

көрүшөт?


Саякатта эмне кылат? Саякатта эмне кылышат?

Камил

айылга саякаттаганды жакшы

көрөт.

Ал саякатта жаратылышка сук-

танат.

Балдар

жайында жайлоого чыкканды

жакшы көрүшөт.

Алар жайлоодо таза абада эс алы-

шат, кымыз ичишет, оюн ойношот.

Өмүрбек

кемеге түшүп саякаттаганды жакшы көрөт.

Ал саякатта көлдүн кооздугуна суктанат.

Азиза

чет өлкөгө саякаттаганды жакшы

көрөт.

Ал чет өлкөлөрдө кооз шаарлар

менен таанышат, эс алат.

Аня үй-бү-

лөсү менен

көлгө саякаттаганды жакшы кө-

рүшөт.

Алар көл жээгинде эс алышат.

Айсулуу

тоого саякаттаганды жакшы көрөт.

Ал тоодо лыжа тебет.

Текст боюнча таблицаны толтурган учурда, жаңы сөздөрдү өз кебинебалдар ыктыярсыз кошот.


Кыргызстандын көз карандысыздыгынын күнү


белгиленет.

Кыргыз Республикасынын биринчи Конститу- циясы


кабыл алынган.


1992-жылы 5-мартта


Мамлекеттик герб



Улуттук валюта – сомго


ээ болгонбуз.

Мамлекеттин салтанаттуу гимни


бекитилген.


Жаңы сɵздɵрдүн маанисин ачууда көрсөтмөлүүлүктү колдонууга басым жасайбыз. Анткени, ар кандай буюмдар, сүрөттөр, схемалар, карталар жана компьютер аркылуу көрсөтүлгөн ар кандай сүрөттөр боюнча ишти уюштуруу аркылуу окуучуларга жаңы сөздөрдүн маа- нисин түшүнүүгө мүмкүнчүлүктɵрдү түзүү жолу кɵпчүлүк методист- тердин сунушу боюнча абдан натыйжалуу. Ар бир темада бул ыкмалар колдонулат.

Котормосуз жаңы сөздөрдү киргизүүнүн дагы бир натыйжалуу ыкмасы контекст болуп саналат, башкача айтканда, жаңы сөздөрдүн маанисин окуучу башка тааныш сөздөрдүн жардамы менен түшүнө алат. Мындай ыкмаларга жаңы сөздөр билдирген түшүнүктөрдү башка сөздөр менен сүрөттөө, аныктама берүү, бүтүн нерсенин бир бөлүгүн билдирген сөздөрдү колдонуу ж. б. кирет. Айтылган ыкма- лар мугалимдерге жаңы сөздөрдү киргизүүнүн котормосуз жолдорун практикада ийгиликтүү колдонууга өбөлгө түзөт деген ойдобуз. Жого- руда айтылган ыкмаларга окуу китептеринен мисалдарды келтирели. Жаңы сөздөрдү билдирген түшүнүктөрдү башка сөздөр менен сүрөт- төө ыкмасына 5-класстын окуу китебинин 62-бетиндеги 16-көнүгүүдө- гүдөй тапшырмаларды сунуштайбыз.

Бул адамдардын кесиби ким?



Бул адам көп окуп, иштеп, илимий изилдөөлөр- дү жүргүзөт.

Ал ойлонгонду жакшы көрөт.






Бул адам жер айдап, буудай өстүрөт.

Ал эмгектенгенди жакшы көрөт.





Бул адам ар кандай ролдорду аткарат. Ал киного да тартылып, ошондой эле театрда да ойнойт.

Ал ар кандай ролдорду аткарганды жакшы көрөт.





Бул адам абдан жоопкерчиликтүү, ал ишканаларды ачып, адамдарга жардам берет.

Ал адамдарга жардам бергенди жакшы көрөт.





Бул адам чет өлкөдө иштейт. Кыргызстан менен башка чет өлкөлөрдүн ортосунда байланыш түзөт. Ал Кыргызстандын жарандарына жардам бер- генди жакшы көрөт.


Бул адам мыйзамдар менен иштейт. Ал адамдарга кеңеш берип, алардын укуктарын коргойт.

Ал адамдардын укугун коргогонду жакшы көрөт.



Ал эми бүтүн нерсенин бир бөлүгүн билдирген сөздөрдү колдо- нуу ыкмасын 5-класстын окуу китебинин 141-бетиндеги 15-көнүгүү аркылуу түшүндүрсө болот.

Базарда эмнелер сатылат? Аталыштарын таблицага жаз- гыла.


Мөмө-жемиштер



Жемиштер



Жашылчалар





Жемиштер

Мөмө-жемиштер

Жашылчалар

Жаңы сөз менен иштөөнүн кийинки этабы – жаңы сөздү кеп ишмер- дикке кошуу. Жаңы лексика текст ичинде, тексттен мурдагы, тексттен кийинки иштөө этаптарында пайдаланылат. Мисалы, кандайдыр бир маалымат менен таанышуудан кийин окуучуларга диалогду калыбына келтирүү, суроолорго жооп берүү, бир нерсе жөнүндө айтып берүү сунушталат. Бардык тапшырмаларга жаңы сөздөр киргизилген.

Лексикалык корду толуктоо боюнча көнүгүүлөр бардык учурда аткарылып турат жана жаңы сөздөр улам-улам кайталанат. Ушундай ишмердиктин натыйжасында окуучулар лексиканы өздөштүрүп, өз кебинде туруктуу колдонууга жетишет.