СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

СПИД боюнча маалымат

Нажмите, чтобы узнать подробности

СПИД оорусу тууралуу окуучуларга маалымат берүү

Просмотр содержимого документа
«СПИД боюнча маалымат»

Сабактын темасы: СПИД—кылым чумасы

Сабактын максаты:

А) Билим берүүчүлүк: ВИЧ—инфексиясын жуктурууда кайсыл турмуштук

кырдаалдын коркунучтуу,ошондой эле кайсылары

коопсуз экендиги туурасында расмий кабыл алынган

так маалыматты берүү.

Б)Өнүктүрүүчүлүк: ВИЧ—позитивдүү адамдарга карата болгон терс

мамилени жоюу, суроолорго жооп берүүсү менен эске

тутуусун,ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү.

В)Тарбия берүүчүлүк : Адептүүлүккө,кичи пейилдикке, сарамжалдуукка,

сабырдуулукка тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Колдонуу үчүн сүрөттөр,плакаттар,карточкалар,

колдонмо китептер.

Жаңы теманы баяндоо:

СПИД боюнча окуучуларга кеңири түшүнүк берилет.Мугалим тарабынан доклад окулат.Бүгүнкү ВИЧ жуктуруп алган адамдардын саны 51 млн го жакын.Мунун өзү дүйнө жүзү боюнча ар бир 150 адам же 22 млн адам СПИДен көз жумду дегенди билдирет.Биринчи жолу адамдын иммундук жетишсиздик вирусу 1983-жылы катталган.Бирок Лос Анжелес жана Нью-Йокр дарыгерлери адамдын бир башкача иммундук бузулуулар менен 1981-жылы эле кез келишкен. Бул жаңы оору кийинчерээк СПИД деп атала баштаган.

ВИЧ инфекциясы-бул адамдын иммундук тартыштык вирусу менен жаралып, иммундук жана нерв системасын жабырката турчу инфекциялык оору.

Бул ооруну адам бир гана булактан жуктуруп алуусу мүмкүн ал ВИЧ инфекциялуу же СПИД менен ооруган адам.

Дээрлик ВИЧ инфекцияланган адам организимдеги бардык биологиялык суюктуктарда кездешет. Бирок алардын концентрациясы ар башка, вирустун эң эле көп канда, андан кийин жүлүн суусунда,вагиналдык секрет менен көкүрөк сүтүндө кездешкендиктен,Вирус негизинен үч жол менен берилет.

Мугалим: Эми балдар мен теманы мындан да силерге жакшы жеткирүү үчүн силерди эки топко бөлүп алсам(деп окуучуларды эки топко бөлүп алат). 1-кыздар тобу 2-балдар тобу

Эми эки топ менен сабагыбызды улантабыз.(доскада ватманда илинген станциялар менен окуучуларды тааныштырат)

1.”ВИЧ тин берилүү жолдору” станциясы.

2.”Суроо жана жооптор” станциясы.

3.”Сенин жаныңда” станциясы

4.”Өзүңдү сактай бил” станциясы

5.”Сенин тандооң” станциясы.

Окуучуларга плакаттагы сүрөттөр боюнча түшүндүрмө берет.Анда СПИДдин үч жол аркылуу жугуужолдору менен тааныштырат.

1-СПИДдин анча коркунуч туудурбаган жугушу мүмкүн болгон жолу

2-Өтө коркунучтуу сөзсүз түрдө жугуу жолу.

3-Бул учурда СПИД жукпайт (сүрөттөр менен)

СПИДдин жогорку деңгээлде жугуу коркунучу (сөзсүз жугат).

  • Бир эле шприцтин бир нече банги заттын колдонуучулар тарабынанпайдаланылышы.

  • Кан аркылуу.

  • Кош бойлуу мезгилде энеден балага.

  • Жыныстык катнаш аркылуу.





Жуктуруп алуу мүмкүн эмес.

Мындай шартта оору жукпайт.

  • Чүчкүргөндө,жөтөлгөндө, тамактанганда, мончодо,буюм,орулуунун буюмунан, кучакташуу же өбүшүүдөн, сүйлөшкөндө,идиш аяктан.

ВИЧ инфекцияда оору өрчүшүнүн үч баскычын байкоого болот.

  1. Жаратылыш мезгили 6 айга чейин

  2. Симптомсуз мезгил 6 айдан 10 жылга чейин

  3. СПИД терминалдык баскычы.Он жылдан КИЙИНКИ мезгил,акыры өлүм.

Топтордон ден соолукка байланыштуу макалдар суралат.

1.Гульмира—“Тазалык соолук негизи

Соолук---байлык негизи,”

2.Жыргал---“Дат-- темирди жейт,

Дарт—өмүрдү жейт”

1.Мадина---“Орулуу өлбөйт, ажалдуу өлөт”

2.Жумадыл---“Орулуу кадырын дениң соо мезгилде бил.”

1.Асылзат---“Баардык оруунун дабасы бар, бир гана өлүмдүн дабаасы жок”

2.Байдан—“Орууну жашырсаң өлүмгө ашкере”

1.Мыскал---“Ден –соолук өмүр булагы”

2.Аятулла---“Ден соолук жакшы болсо, баа жеткис байлык болот”

Суроо-жооп станциясы.

Топторго карточкалар таркатылат.Мында карточкадагы суроолорго топтор жооп беришет.

  1. СПИД оруусу кайсы учурда жукпайт?

  2. Тамактанууда орулуу кайсыл учурларда жукпайт?

  3. Өзүңдү оорулуу адамды карадым деп эсепте СПИД оруусу сага жугабы?

  4. ВИЧ оруусунун өрчүшүнүн 3 баскычына токтоло кетсең?

  5. Ооруу энеден балага кандай жол менен жугат?

6.Башка оорулардан кандай айырмасы менен бул ооруу айырмаланып турат?

Сенин жаныңда станциясы

Мугалим оюн уюштурат,мында мугалим бир окуучуну чакырып,анын бир досун чакырууну өтүнөт.Ал оюн окуучулар доскага чыкканга чейин уланат.Андан соң окуучуларга мугалим ортого кирет да, менде СПИД ооруусу бар деген күмөн бар.Эгер ушундай болуп калса силер эмне кылмаксыңар? Деген суроо менен кайрылат.Окуучулар өз ойлорун айтышат.

Өзүңдү сактай бил” станциясы

Окуучуларга сүрөттөр таркатылат, сүрөттөр боюнча аңгемелерди түзүшөт.Мында балдардын талаш-тартышы, ата-эне менен болгон мамилелери чагылдырылган сүрөттөр таркатылат.Балдар өздөрүнө жакшы жол таап аңгеме түзүшөт.

Сенин тандооң станциясы



Топтор ВИЧ ти жуктуруп албоо үчүн эмне кылуу керек экендиги тууралуу өз ойлорун айтып класстер түзүшөт.

Жыйынтыктоо :

Эки топ тең сөз курамай оюнун ойношот.Мында “Өзүң гана чечесиң” деген сөз чыгат.Демек ар бир ишти өзүбүз тандап аны өзүбүз гана чечебиз.Жакшы жаман жүрүү ар бир адамдын өзүнө гана байланыштуу.”Ден- соолук” деген ырды хор менен айтуу аркылуу сабак жыйынтыкталат.

Үйгө тапшырма:ден соолук жөнүндө макал-лакаптар,ырлардан жаттап келүү.

Баалоо: Топтордун катышканына карап смайликтер менен баалайт.








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!