СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

СПИД-коркунучтуу дарт

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«СПИД-коркунучтуу дарт»

Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектеп-мекемеси


ТАРБИЯЛЫК СААТ


Тема:СПИД-коркунучтуу дарт





Мугалим:_________________







Сабактын темасы: Биз СПИДке каршыбыз

Сабактын максаты:

  • Балдар өздүк гигена жөнүндө түшүнүк алышат.

  • Өздөрүнүн кандай алып жүрүшүн үйрөнүшөт.

  • Таза, тыкан жүрүүгө тарбияланышат.

Сабактын методу: интерактивдүү, эссе.

Сабактын жабдылышы: доска, бор, карточкалар, макал-лакаптар, роликтер сүрөттөр ж.б.

Сабактын тиби: жаңы билим берүү.

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу 1мин

Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү — ар жыл сайын 1-декабрда белгиленүүчү күн.Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач "Төрт-Г" деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.

1981-жылы АКШдан жай айында Гаити мамлекетинен келишкен жалаң эркек мейман жарандардан 5 учур далилденген. Дарт героин колдонгон гемосексуал, гемофилик адамдардан байкалган (Төрт-Г). Натыйжада 1981-жылы алгачкы конференция өткөрүлүп, коңгуроо кагылган.СССРде 1985-жылы чет элдик жарандан КИЖКнын (кишинин иммундук жетишсиздигинин козгогучу) биринчи учуру катталган жана маалымат өтө жашыруун сыр катары сакталып, ал ачык айтылган эмес. 1986-жылы америкалык айым каза таап, ал иммундук жетишсиздиктен көз жумганы белгилүү болгон. Натыйжада Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан СПИД боюнча глобалдык программа негизделген. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму 1988-жылы (БУУ) 1-декабрды Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган. Акыры БУУ 1996-жылы СПИДге каршы "Бириккен программа" кабыл алган. Дал ушул жылы Кыргызстанда КИЖК алып жүргөн эң биринчи учур катталган.


Дүйнө өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстанда да 1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленип келет. “Ден соолук” аттуу берүүбүздүн жаңы чыгарылышы мына ушул күнгө байланыштуу СПИД маселесине арналмакчы.


Алгач медицина жаңылыктары тууралуу:


Кытай. Акыркы бир жыл ичинде Кытайда СПИД оорусуна алып келе турган ВИЧ оорусу менен катталгандардын саны 50 пайызга өстү. Эгерде 2004-жылы Кытайда расмий түрдө 89 миң адам ВИЧ менен катталган болсо, 2005-жылы ВИЧ менен ооруган адамдардын катары 135 миңге көбөйдү. Ал эми бул вирусту аныктто үчүн быйыл 2 миллион гана кытай текшерүүдө өткөн. Эл аралык адистер менен бирге Кытайдын адистери да бул ооруга чалдыккандардын саны мындан да көп экенини айтышууда. Алардын айтымында, бул илдетти аныктоого Кытайдын саламаттык сактоо системасынын начардыгы тоскоолдук көрсөтүүдө. 2003-жылы Кытайда СПИДге чалдыккандардын саны 840миң, деп Кытай бийлиги билдирсе, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму башкача маалыматтарды берди. Алардын билдирүүсү боюнча, ВИЧ менен ооруган адамдардын саны 650миңден ашкан. Ал эми айрым эксперттер инфекцияга чалдыккандардын саны эбак эле миллиондон ашып кеткендигин айтышууда.
Алматы. Казакстанда акыркы 10 ай ичинде ВИЧ оорусуна чалдыккан дагы 747 адам катталды. Алардын 82си СПИД менен ооруйт. ИТАР-ТАСС маалымат агенттиги билдиргендей, бул тууралуу Казакстандын СПИДге каршы жана профилактика боюнча республикалык борбордун жетекчиси Исидора Ерасилова журналисттерге билдирген. Анын маалыматына ылайык, Казакстанда ВИЧ менен расмий катталган 5362 адамдын 303дө СПИД оорусу аныкталган. Казакстанда ВИЧ-инфекциясы биринчи жолу 1987-жылы катталган.


Эми Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктарга кайрылалы.
1-декабрда Бишкекте “Хайятт” мейманканасында “ВИЧ/СПИД жана коомчулуктун адеп ахлактуулугу” деген ат менен биринчи улуттук конференция болуп өттү. Аталган жыйынга президент администрациясынын, парлменттин, өкмөттүн, диний конфессиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты. Катышуучулар ВИЧ-СПИДди алдын алуу жана коомчулуктагы адеп ахлактуулук маселелерин талкууга алышып, ВИЧ-СПИД маселелсин чечүү боюнча пикир алмашып, өз сунуштарын айтышты. “Мутакалим мусулман аялдар” коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы СПИД маселесине көбүрөөк көңүл буруу зарылчылыгын айты:

Сабакты бышыктоо: - СПИД менен күрөшүү маселесин чечүүдө медицина кызматкерлери гана эмес, диний конфессиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү да өз салымын кошушу керек. Менин оюмча, өлкөдө бирдиктүү улуттук бир программа кабыл алыныш керек.

Сабакты баалоо:Окуучунун жооп бергенине карап баалоо

Үйгө тапшырма: СПИДдин жугуу жолдорун билип келүү




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!