СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Спид - коркунучтуу дарт

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Спид - коркунучтуу дарт»

Мамыт Абакиров атындагы «Токбай – Талаа » орто мектеби

























Класс жетекчи: Немат кызы Гулдана











Мамыт Абакиров атындагы «Токбай - Талаа» орто мектебиндеги 1-декабрь СПИД кунуно карата класстан тышкаркы иш чаранын программасы



  1. Саламдашуу

  2. Доклад

  3. Хор (“доктур эже”)

  4. Корком окуу

  5. Бий (вальс)

  6. Оюн (мугалимдерге )

  7. Ыр (ден соолук)

  8. Сахналык корунуш

  9. Хор

















Алып баруучу Гулина:

Жаш кезиңден жаркылдап,

Жакшы болсо ден соолук,

Кор болбойсуң, өскөндө:

Бирде жатып, бирде ооруп.

Бала кезден жаркылдап

Бекем болсо Ден соолук.

Кем болбойсуң өскөндө:

Кээде жатып, кээде ооруп.

Окуп билим аларда,

Теңтушуңа тең болуп,

Керек экен ошондо,

Темирдей бекем ден соолук.

Демекчи, бүгүнкү 1-декабрь СПИД күнүнө каршы иш чарабызды ачып берүү үчүн мектеп директору Бекешов Рысбек агайга сөз кезеги берилди.

Агай бул ооруунун канчалык коркунучтуу экенин айтып балдарга ден соолук каалады

Андан кийинки номер

1-а класстын кыздары

"Доктур эже" деген ырын ырдашты

Бубузыя:

Доклад окуду

Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү — ар жыл сайын 1-декабрда белгиленүүчү күн.Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач "Төрт-Г" деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.

Корком окуу

Эгемберди:

Эл коргоого барарда,

Эр көкүрөк кең болуп,

Керек экен ошондо,

Эң биринчи ден соолук.

Тоодон шахты казарда,

Тоодой ташты омкоруп,

Керек экен анда да,

Эң биринчи ден соолук

Айгерим:

Жолдошуңдун жанында,

Жолборстой кыраан шер болуп,

Теңеле басып тең жүрүп,

Мактанарың ден соолук.

Илимпоз болсоң өскөндө,

Элдин камын ойлонуп,

Талыктырбас эч качан,

Жан жолдошуң ден соолук.

Сүйгөнүңдүн жанында

Сүрүң кайрат дем болуп,

Сүттөй көңлүң агарып,

Сүйүнөрүң ден соолук.

Мадина:

Алсыз болуп арбайып,

Алты күндө бир ооруп,

Арман айтып зар ыйлап

Жалынсаң келбейт ден соолук.

Арген:

Жашоо керек жадырап,

Заманыңа бел болуп.

Бакыт-ырыс таалайың,

Ушул эле ден соолук.

Түгөнбөгөн адамзат,

Кебелбеген кем болуп,

Тукумдан-тукум калтырчуу

Мурасы ушул ден соолук

Хор ыр

Созу: А. Кыдыровдуку

Обону: С. Осмоновдуку



Демим ичтен чыгарып,

Коем андан кубанып.

Булчундарым кун санап,

Барат улам куч алып.



Улам артып желигуу,

Болбойт менде демигуу.

Таш которуп бир колдоп,

Жасап кирем конугуу.



Калбайм эми арманда,

Тушо берем балбанга.

Капшый кармап каруудан,

Жарайм торой чалганга.

Сахналык көрүнүш:

Көчө балдары:

Кутман тынчтык Бабур

Клуб балдары:

Барсбек Ислам Альберт

Мектеп окуучулар:

Фатима Бубузыя Ислам Бийнур

Больница медсестра:

Гулназ Арууке Нурзат

Скорая помошь:

Жантай Нурсултан



Ооруга кабылган бала Канторо биринчи кочодогу балдар менен ойнойт.Андан кийин мектепке барат, сабак окугусу келбей сабактан качып клубка барат. Кундодун биринде ооруп калып больницага барат.Андан аз отпой кочодо озун жоготуп тез жардам алып кетип ооруга кабылганын билет.

Оюн мугалимдерге Шарга ийне сайюу.

Канайым Гулнара Гулбара Дилара Тансулуу эжекелер чыгып Шарга Ийне сайюу оюнун ойношту. Бул оюнда 1-орун Канайым эжеке 2-орун Дилара эжеке 3-орун Гулнара эжекелер алды.