СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

СПИД жугуштуу ооруу.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«СПИД жугуштуу ооруу.»

СПИД жугуштуу ооруу (Тарбиялык саат)

СПИД жугуштуу ооруу

(Тарбиялык саат)

Сабактын максаты: СПИД боюнча маалыматтарын кенейтишет. Коргонуу, сактануу, алдын алуу эрежелерин билишет. Эрктуулукко, денсоолугун чындоого уйронушот.

Сабактын максаты:

  • СПИД боюнча маалыматтарын кенейтишет.
  • Коргонуу, сактануу, алдын алуу эрежелерин билишет.
  • Эрктуулукко, денсоолугун чындоого уйронушот.
Биздин девиз: Жакшы окуп, жакшы журушум-элиме кошкон улушум

Биздин девиз:

Жакшы окуп, жакшы журушум-элиме кошкон улушум

СПИД-синдром приобретенного иммунодефицита. КИЖС-кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому. ВИЧ-вирус иммунодефицита человека. КИВ-КИЖСти козгоочу вирус.

СПИД-синдром приобретенного иммунодефицита.

КИЖС-кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому.

ВИЧ-вирус иммунодефицита человека.

КИВ-КИЖСти козгоочу вирус.

СПИД жугуштуу ооруу

СПИД ( кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому ) – ( англ. Acquired Immunity Deficit Syndrome , AIDS) – иммундук тутумдун жок кылынышынан улам организмдин коргоо күчү солгундай турган патологиялык абал; өтө коркунучтуу жугуштуу оору – ВИЧ -инфекциянын (адамдын иммун таңсыктыгынын вирусу козгоочу дарт) акыркы чеги болуп саналат. Бул ооруга каршы күрөшүү калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик артыкчылыктуу милдеттердин бири. 1-декабрь «Буткул дуйнолук СПИДке каршы курошуу жана алдын алуу» куну. Бул кунду белгилоо Буткул Дуйнолук саламаттыкты сактоо уюмунун жана ООНдун Генералдык ассамблеясынын чечими менен 1988-жылы бекитилген. «Эл аралык тилектештик, жалпы жоопкерчилик»

Ал 1982-жылдан бери белгилүү, дүйнөдөгү баардык өлкөлөрдө атайын каттоого алынат. Жуктуруучусу – вирусту алып жүргөн адам. Анын жугуусу: көбүнесе жыныстык катнаш аркылуу (айрыкча гомосексуалдык катнашта); боюндагы же төрөт учурунда энеден түйүлдүккө жана ; эмчек эмизген учурда баладан энеге; кан куйганда, ийне сайганда, ж. б. д. у. с. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында билип туруп башка адамдарга ВИЧ-инфекциясын жугузуу коркунучуна дуушар кылгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

КИВ(ВИЧ) – КИЖСти (СПИДди) козгоочу вирус. КИЖС - кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому. КИВ жана КИЖС экөө бирдей нерсе эмес. Ошондой эле КИВ менен ооруган адамдар дайым эле КИЖСке чалдыкпайт. КИВ – бул адамдан адамга жугуучу вирус. Убакыттын өтүшү менен КИВ инфекциялардан коргоого жардам берүүчү иммундук тутумдагы клеткалардын (CD4клеткалары же Т клеткалары деп аталган) маанилүү бир түрүн жок кылат. Аталган CD4 клеткалары жетишсиз болгондо, организм инфекциялар менен демейкидей күрөшө албайт. КИЖС – КИВ иммундук тутумга келтирген зыяндын кесепетинен пайда болгон оору. КИЖС коркунучтуу инфекция жуккандан кийин же CD4 клеткаларынын саны аз болгондо пайда болот. КИЖС – акыры өлүмгө алып келе турган КИВ инфекциясынын эң олуттуу жана өтүшүп кеткен баскычы. Дарылабаса, КИВ адамдан КИЖСге өтүшүп кетиши үчүн 10 жылдай убакыт талап кылынат. Дарылоо вирустун зыянын басаңдатып, адам ондогон жылдар бою дени сак калышына жардам берет.

КИВ(ВИЧ) – КИЖСти (СПИДди) козгоочу вирус. КИЖС - кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому. КИВ жана КИЖС экөө бирдей нерсе эмес. Ошондой эле КИВ менен ооруган адамдар дайым эле КИЖСке чалдыкпайт.

КИВ – бул адамдан адамга жугуучу вирус. Убакыттын өтүшү менен КИВ инфекциялардан коргоого жардам берүүчү иммундук тутумдагы клеткалардын (CD4клеткалары же Т клеткалары деп аталган) маанилүү бир түрүн жок кылат. Аталган CD4 клеткалары жетишсиз болгондо, организм инфекциялар менен демейкидей күрөшө албайт.

КИЖС – КИВ иммундук тутумга келтирген зыяндын кесепетинен пайда болгон оору. КИЖС коркунучтуу инфекция жуккандан кийин же CD4 клеткаларынын саны аз болгондо пайда болот. КИЖС – акыры өлүмгө алып келе турган КИВ инфекциясынын эң олуттуу жана өтүшүп кеткен баскычы.

Дарылабаса, КИВ адамдан КИЖСге өтүшүп кетиши үчүн 10 жылдай убакыт талап кылынат. Дарылоо вирустун зыянын басаңдатып, адам ондогон жылдар бою дени сак калышына жардам берет.

Жышаандары: КИЖС (СПИД) жышаандары төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн: Тез арыктоо Кайра кайталанган ысытма же түнкүсүн катуу тердөө Ашкере жана себепсиз чарчоо Колтуктагы, чурайдагы же моюндагы лимфа бездеринин узакка сакталуучу шишиги Бир жумадан ашык созулган ич өткөк Ооздогу, арткы тешиктеги (анустагы) же жыныс органдарындагы жаралар Пневмония Теридеги, теринин астындагы же ооздун, мурундун ичиндеги, көздүн кабагындагы кызыл, күрөң, кызгылт же кызгылт көк тактар Эс тутумду жоготуу, депрессия жана башка нерв оорулары Бул симптомдордун ар бири башка илдеттер менен да байланыштуу болушу мүмкүн. Сизде КИВ бар же жок экендигин так билүүнүн бирден-бир жолу – бул текшерүүдөн өтүү. Эгерде сизге КИВ жуккан болсо жана CVI 3 баскычына (КИЖСке) өтүшүп кеткен болсо, анда догдур айрым медициналык критерийлерге таянып диагноз коёт. КИВ инфекциясынын көптөгөн оор белгилери жана оорулары сиздин организмиңиздин иммундук тутумунун жабыркашынан келип чыккан оппортунисттик инфекциялардан пайда болот.

Жышаандары:

  • КИЖС (СПИД) жышаандары төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
  • Тез арыктоо
  • Кайра кайталанган ысытма же түнкүсүн катуу тердөө
  • Ашкере жана себепсиз чарчоо
  • Колтуктагы, чурайдагы же моюндагы лимфа бездеринин узакка сакталуучу шишиги
  • Бир жумадан ашык созулган ич өткөк
  • Ооздогу, арткы тешиктеги (анустагы) же жыныс органдарындагы жаралар
  • Пневмония
  • Теридеги, теринин астындагы же ооздун, мурундун ичиндеги, көздүн кабагындагы кызыл, күрөң, кызгылт же кызгылт көк тактар
  • Эс тутумду жоготуу, депрессия жана башка нерв оорулары

Бул симптомдордун ар бири башка илдеттер менен да байланыштуу болушу мүмкүн. Сизде КИВ бар же жок экендигин так билүүнүн бирден-бир жолу – бул текшерүүдөн өтүү. Эгерде сизге КИВ жуккан болсо жана CVI 3 баскычына (КИЖСке) өтүшүп кеткен болсо, анда догдур айрым медициналык критерийлерге таянып диагноз коёт. КИВ инфекциясынын көптөгөн оор белгилери жана оорулары сиздин организмиңиздин иммундук тутумунун жабыркашынан келип чыккан оппортунисттик инфекциялардан пайда болот.

Тобокел факторлору: КИВ/КИЖСти ар кандай курактагы, расадагы, жыныстагы же сексуалдык багыттагы адамдар жуктуруп алышы мүмкүн. Бирок төмөнкү учурларда КИВ/КИЖСти жуктуруп алуу коркунучу чоң: Корголбогон жыныстык катнашка барганда. Жыныстык катнашка барган сайын жаңы латекс же полиуретан презервативин колдонуш керек. Эгерде сизде бир нече сексуалдык өнөктөш болсо, КИВ оорусун жуктуруп алуу коркунучу жогорулайт. Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар (ЖЖЖИ) бар. Көптөгөн ЖЖЖИ жыныс органдарында ачык жараларды пайда кылат. Бул жаралар КИВ инфекциясынын организмге кирип кетишине түрткү болот. Тамырга сайылуучу дары-дармектер себеп болот. Тамырга дары-дармек алган адамдар көбүнчө ийне менен шприцтерди бири-бири менен бөлүшөт. Ошентип, алардан бөлөк кишилердин канына вирус жугат.

Тобокел факторлору:

КИВ/КИЖСти ар кандай курактагы, расадагы, жыныстагы же сексуалдык багыттагы адамдар жуктуруп алышы мүмкүн. Бирок төмөнкү учурларда КИВ/КИЖСти жуктуруп алуу коркунучу чоң:

Корголбогон жыныстык катнашка барганда. Жыныстык катнашка барган сайын жаңы латекс же полиуретан презервативин колдонуш керек. Эгерде сизде бир нече сексуалдык өнөктөш болсо, КИВ оорусун жуктуруп алуу коркунучу жогорулайт.

Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар (ЖЖЖИ) бар. Көптөгөн ЖЖЖИ жыныс органдарында ачык жараларды пайда кылат. Бул жаралар КИВ инфекциясынын организмге кирип кетишине түрткү болот.

Тамырга сайылуучу дары-дармектер себеп болот. Тамырга дары-дармек алган адамдар көбүнчө ийне менен шприцтерди бири-бири менен бөлүшөт. Ошентип, алардан бөлөк кишилердин канына вирус жугат.

ТОКТО СПИД!!! КИВ (ВИЧ) инфекциясын алдын алуучу вакцина жок жана КИЖСга (СПИД)ге да даба жок, бирок өзүбүздү жана башкаларды инфекциядан коргой алабыз.

ТОКТО СПИД!!!

КИВ (ВИЧ) инфекциясын алдын алуучу вакцина жок жана КИЖСга (СПИД)ге да даба жок, бирок өзүбүздү жана башкаларды инфекциядан коргой алабыз.

СПИДге каршыбыз!!! Биринчи байлык -ден соолук. Дени тазанын деми таза. Жашоо ырахаты-денсоолук. Дене тарбия-ден соолукка табылбас даары. (дилбаян жазуу)

СПИДге каршыбыз!!!

Биринчи байлык -ден соолук.

Дени тазанын деми таза.

Жашоо ырахаты-денсоолук.

Дене тарбия-ден соолукка табылбас даары. (дилбаян жазуу)

Жугуштуу ооруулардан сак болгула!!! Конул бурганынар учун чон рахмат!!

Жугуштуу ооруулардан сак болгула!!!

Конул бурганынар учун чон рахмат!!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!