STEАM-Билим берүүсү
билим
Роботтор эмнеге керек?
Билим берүүгө STEAM технологияларын ишке ашыруунун артыкчылыктары
- Техникалык дисциплиналарга кызыгууну өнүктүрүү.Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде,мектептерде, институттарда жана башка адистештирилген мекемелерде прогрессивдүү системаны бекитүү окуучуларды окуу процессине тартууга мүмкүндүк берет.
- Критикалык ой жүгүртүү жөндөмүн жогорулатуу.Окуучулар жана студенттер тестирлөө жана ар кандай эксперименттерди өткөрүү аркылуу стандарттуу эмес маселелерди женүүгө үйрөнүшөт.
Мунун баары аларга адаттан тышкаркы стандарттуу эмес көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн болгон келечекке даярданууга мүмкүн болот.
- Коммуникация көндүмдөрүн активдештирүү.Бул системаны ишке ашыруу негизинен командалык иштерди камтыйт. Антени.көбүнчө балдар моделдерин чогуу изилдеп, иштеп чыгышат.Алар инструкторлор жана алардын достору менен диалог курууга үйрөнүшөт.
STEAM-билим берүүсү-
- Бул окуу процессин,карьераны жана андан аркы профессионалдык өсүүнү байланыштырган көпүрө.
- Инновациялык билим берүү концепциясы балдарды профессионалдык деңгээлде технологиялык өнүккөн дүйнөгө даярдоого мүмкүндүк берет
Эгерде биз:
- Статистикага көз чаптырсак 2012 –жылдан баштап 2019-жылга чейин STEAM багытындагы кесиптерге суроо-талап -17% га ал эми башка кесиптерге болгону-9% га эле өскөнүн көрүүгө болот. Ал эми эксперттердин айтымында 2024-жылдары STEAM багытындагы кесиптерге 9000000 дон ашык вакансия ачылат дешүүдө. Мына өзүңүздөр көргөндөй цифралар өздөрү айтып турат.
STEAM билим берүүсун практикалоо
STEAM – билим берүү, бул азыркы замандын, азыркы билим берүү технологиясынын негизги талабы десек жаңылышпайбыз. Анткени азыркы жаңы технологиялар, маалыматтык океан кылымында билим берүүдөгү технологиялар да түп тамырынан өзгөрүү талабы келип чыкты. Эмне үчүн биз STEAM багытында билим берүүнү приоритеттүү деп кабыл алышыбыз керек деген суроого мен: “биз азыр кандай кылымда, кандай технологиялар ачылып жаткан заманда жашап жатабыз?”- деген сурооо менен жооп бергенге аракет кылалы. Биз кандай заманда жашап жатканыбызды төмөндөгү 4, 5 мисал менен эле далилдесе болот:
- Изилдөөчүлөр миллиард жылдар бою сактоого жөндөмдүү 5 өлчөмдөгү маалыматтарды жазуучу 5D дискти жаратышты. Ал 360 терабайт маалыматты сактай алат жана 1000 градуска чейинки ысыкка туруштук бере алат.
- Бостон балдар ооруканасынын окумуштуулары канга сиңирилүүчү кычкылтек куюлган микробөлүкчөлөрдү ойлоп табышты. Бул ачылыш адам дем ала албай турган учурларда да жашатууга мүмкүндүк берет.
- Биолюминесценттик дарактар. Изилдөөчүлөр тобу айрым медузалардан жана от чымындарынан табылган ферменттин жардамы менен биоллюминесценттик дарактарды жаратууну чечти. Бул дарактар түнкүсүн кадимки шартта көчөлөрдү биожарыктандырууга мүмкүнчүлүк түзөт
- Хизер Дьюи-Хагборг деген студент көчөдөгү тамеки калдыктарынан жана сагыздан табылган ДНКдан аларды колдонгон адамдардын 3D портреттерин жаратат. Ал ДНК тизмектерин үлгүдөгү адамдын имиджин жаратуучу компьютердик программага киргизет. Адатта, бул процессте адамдын 25 жаштагы образы тартылат. Андан кийин модель толук көлөмдүү 3D портреттерде басылып чыгарылат..
- ЖИ Шуберттин №8- симфониясын аягына чыгарды. Шуберттин бүтпөй калган N8 симфониясынын аякташына 120 жылдан ашык убакыт кетти. Симфониянын үчүнчү бөлүгү Huawei Mate 20 Pro флагман смартфонунда колдонулган HiSilicon Kirin 980 микросхемасынын NPU модулунун негизинде жасалма интеллект тарабынан жазылган. Ооба ооба! Салыштырмалуу айтканда - смартфон симфонияны жазды. Ырас, композитор Лукас Кантор натыйжада чыгарманы симфониялык оркестрге ылайыкташтырууга жардам берген
- Мына урматтуу замандашым, караңызчы, бул миңдеген мисалдардын 4,5 и эле. Ушул мисалдарды көрүп туруп, азаркы замандын технологиялары канчалык деңгээлде алдыга өнүккөнүн элестетүүгө болот. Бирок биздин азыркы учурдагы билим берүү системабыз ошол жаңы технологиялар менен иштеп кетүүгө даяр кадрларды чыгара алабы? –деген чоң суроо турат. Тилекке каршы жок. Биздин мектепти жана ЖОЖ дорду бүтүп жаткан окуучу студенттер эртеңки күнү азыркы учурда жок технологиялар менен иштеши мүмкүн
- Ооба бүгүн жок, бирок эртең ачыла турган технологиялар менен иштешет. Анткени техникалык инновациялык прогресс ушунчалык тездик менен өнүгүп жатат. Демек биз ошол өнүгүү деңгээлине туруштук берип, сынчыл ой жүгүртүү менен ошол технологиялык прогресстин шарына кирип кете алган жаштарды тарбиялап чыгаруубуз керек. Ал эми эски билим берүү системасы менен биз бул маселлелерди эч качан аткара албайбыз. Бизге жаңы билим берүү системасы, жаңы билим берүү технологиясы керек.
Демек биз:
- Эмнелерди эртеңкиге карата өзгөртүү зарыл деп ойлоп жатасыздар?
Конференциянын катышуучулары.
STEАM-Билим берүүсү деген эмне?
- 24-25 июнда” STEАM- Билим берүү: келечекте жогорку технологияларды өнүктүрүүнүн платформасы” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.Ал Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына жана “Алтын түйүн” Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясынын 60 жылдыгына арналган
Аталган конференцияга
- Москва,Санкт-Петербург,Алма –Ата,Тараз шаарларынан келген жана кыргызстандык STEM-билим берүүнүн көйгөйлөрү менен алектенген илимий-изилдөө институттары,жогорку окуу жайлары,мектептен тышкаркы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын илимий-практикалык кызматкерлери катышты.
STEАM-деген бул....
- STEАM-(science?nechnoljgy andmathematics) деген аталыш илим,технология,инженерия жана математика деген англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган.
- STEАM-билим берүү технологиясынын негизин инженердик ойлоп табуучулуктун ыкмасы түзөт(балдарды бир сабактын чегинде чектелбестен,комплекстүү ой жүгүртүүгө үйрөтөт)
- STEАM-билим берүүнүн өзгөчөлүгү-бул технология жаатындагы билимди колдонуу менен окуу процессин түзүү болуп саналат.
STEАM-билим берүүнүн максаты-балдарды келечекте эң көп талап кылган,артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет.
STEАM-билим берүүнүн натыйжалары:
-чыгармачылык ой жүгүртүүнүн түрүн өнүктүрүү
-балдар өзүлөрүнүн сүйүктүү иш-аракетин аң –сезимдүү тандап алуусуна шарт түзүү
-коомдо ар тараптуу билим,хобби ж.б. Ээ болгон жаңы муундун калыптанышы
Конференциянын жүрүшү үч багытта секцияга бөлүнүп төмөндөгүдөй темаларда болду
- STEАM-билим берүү уюмдарындагы мазмуну,келечеги жана өнүгүү багыттары
- STEАM-билим берүүнүн талаптарына ылайык келген окутуу чөйрөсун түзүү
- STEАM- билим берүүнүн изилдөө обьектиси жана предмети
STEАM –Билим берүүсүн кантип,кайсы убакта баштоо керек?
- Мугалим же тарбиячы катары кантип баштоо менен,политехникалык интеграцияланган билим берүүгө болот?
STEM- качан баштоо керек?
- STEM- технологиясын колдонууга басым жасоо керек
- Кыргызстанда STEM программасынын өнүгүшүнө робототехника жана программалоо,моделдөө,3d дизайн жана окутуу программасын прототиптештирүү тармагынын киргизилиши чоң таасир экендигин баса белгилешти.
Ал эми жасалган баяндамалар жүргүзүлгөн секциялардын жана талкуулардын негизинде STEM билим берүүнүн өнүгүүсүндөгү негизги тоскоолдуктарды белгилешти
Кандай тоскоолдуктар бар деп ойлойсуз?
- Ар бири өз ойлорун айтышат.
Алар:
- STEM-билим берүү жөнүндө мамлекеттик ченемдик укуктук базанын жана жобонун жоктугу
- STEM-технологияны билим берүү системасынын бардык тармагында окутуучулардын жетишсиз пайдалануусу
Жогорку окуу жайлардын,мектептердин,бала бакчалардын,мектептен тышкаркы уюмдардын жетекчилери тарабынан STEM билим берүүнүн талаптарына ылайык келген,окутуу чөйрөсүн түзүү боюнча иштин деңгээлинин төмөндүгү
м
Кантип мугалим же тарбиячы катары ишке ашырам деп ойлоп жатасыз?
- Сиз балким бул steаm-билим берүүсүн ишке ашырып жаткандырсыз,мүмкүн болсо өз тажрыйбаныздан мисалдар келтирин.
Окутуу программалары
- Окутуу программаларынын гана эмес,аларды иштеп чыгуу боюнча илимий- методикалык сунуштардын жоктугу
- 3d моделдөө,робототехника,программалоо ж.б. Илимий-техникалык заманбап багыттарды өнүктүрүү үчүн көптөгөн билим берүү уюмдарында материалдык- техникалык базанын жетишсиздиги
- STEM-билим берүүнүн жаңы форматы боюнча иштөөгө даяр педагогикалык кадрларды даярдоонун орто билим берүүнүн табигый-илимий жана техникалык компотентинин начарлашы.
- STEM-билим берүүнүн маңызын коом,педагогикалык жаамат,ата-энелердин жетиштүү деңгээлде түшүнбөгөндүгү ж.б.
Кантип табигый илимдер,математика,технология менен интеграциялап STEM ди ишке ашырууга болот?
- STEM ди ишке ашырууда тилдин да ролу барбы?
STEM-билим берүүсүн физика сабагында (химия,биология,математика,технология сабактары менен интеграциялап) кантип ишке ашырууга болот?
- Кантип интеграциялоо жана билимдерди политехникалык же турмуш менен байланыштыруу,колдонууну ишке ашыруу:-бул предметтик мугалимдин компетенттүүлүгүн жана көп тараптуу теориялык ,практикалык маалыматтарга ээ болуусу,изденүүсү,жаңы технологиялар менен иштей алуусу зарыл
Бир темага STEM ди ишке ашыруу боюнча мисал келтирсениздер.
- Кантип STEM сабагын өтүү боюнча сабактын фрагментинен мисал келтирүү
Бүгүнкү билим эртеңки келечек!
КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢЫЗДАРГА РАХМАТ!!!