|
Предметтин аты: Геометрия
|
Өтүлгөн мөөнөтү:
28-март 2024-жыл
|
Классы
|
«Текшерилди»
ОББ:
|
|
Планды түзгөн:
|
Назаева Каныкей
|
7-класс
|
|
Долбоордук иштин темасы: “Үч бурчтуктар-биздин жашообузда”.
Теманын актуалдуулугу: Үч бурчтуктар турмушта кеңири колдонулат жана зарылчылыгы бар.
Көйгөйү: Эмне үчүн үч бурчтуктарды окуп үйрөнүү керек. Күнүмдүк жашоодо кандай мааниге ээ.
Долбоордук иштин максаттары:
|
Сабактын максаттары:
|
Күтүлүүчү натыйжа
|
|
1. Билим берүүчүлүк максаты:
|
|
|
Окуучулар үч бурчтуктун жашообузда колдонулушун изилдешет. Колдонуу менен зарылчылыкты айырмалай билишет.
|
Окуучулар үч бурчтуктун жашоодо колдонулушун изилдешсе.
Колдонуу менен зарылчылыкты айырмалай билишсе.
|
|
2. Өнүктүрүүчүлүк максаты:
|
|
|
Окуучулар үч бурчтуктарды пайдаланып, буюм жасап үйрөнүшөт. Жасаган буюмдарын айтып, көрсөтүп бере алышат.
|
Окуучулар үч бурчтуктарды пайдаланып, буюм жасап үйрөнүшсө. Жасаган буюмдарын айтып, көрсөтүп бере алышса.
|
|
3. Тарбия берүүчүлүк максаты
|
|
|
Максатка умтулууга, эмгекти сүйүүгө, чыдамкайлыкка, көңүл коюучулукка, изденүүгө, аткарууга, тыкандык жана сарамжалдуулукка тарбияланышат.
|
Максатка умтулууга, эмгекти сүйүүгө, чыдамкайлыкка, көңүл коюучулукка, изденүүгө, аткарууга тыкандык жана сарамжалдуулукка тарбияланышса.
|
|
Практикалык жагы
|
|
|
Жасап көрүү, аткаруу. Чечим кабыл алуу, жыйынтык чыгаруу.
|
Жасап көрүшөт, аткарышат.Чечим кабыл алышат,жыйынтык чыгарышат.
|
|
Баалоо критерийлери:
|
- Үч бурчтуктардын тарыхы боюнча билишсе.
- Изилдеп чыгып, өз ойлорун айта алышса.
- Аткарып, жыйынтык чыгара алышса.
|
|
Сабактын ресурстары:
|
ТСО, таркатма материал, көрсөтмө жана дидактикалык материал, канцтоварлар…
|
Мазмуну:
1. Уч бурчтуктардын пайда болуу тарыхы.
2. Ар кандай тармактарда колдонулушу.
3. Уч бурчтуктардын күнүмдүк жашоодогу мааниси.
Долбоордун милдеттери: 1. Үч бурчтуктар боюнча маалымат чогултуу
( интернет булактары, китептерден, түрдүү тармактын адистеринен) маалыматтарды окуп чыгып анализдеп жана экспермент жасоого үйрөнүшөт. 2.Үч бурчтуктар адам баласынын жашоосунда кандай пайдасы тийерин аныкташат.
Сабактын тиби: алган билимди бышыктоо
Колдонулуучу усулдар: интерактивдүү, STEM усулдары
Көрсөтмөлүүлүк каражаттар: проектор, компьютер, көрсөтмөлүү карточкалар, плакаттар.
|
Негизги компетенттүүлүктөр:
|
Предметтик компетенттүүлүк
|
|
Өз ишин пландаштырат. Маалыматты максатка багыттап изденет. Салыштырат, чечимдерди кабыл алат.
|
(ПК1). Геометриялык жаңы маалыматтарды, билим, билгичтиктерди таанып билүү, колдонуу.
|
- Социалдык-коммуникациялык (НК2)
Башкалар менен мамиле түзөт. Сүйлөшө билет, маектешет; Бири-бирин баалайт. Сөз байлыгы өсөт, өз оюн айтат. Башкаларды уга билет
|
(ПК2) Жаңы материалдардын маанисин түшүнүү, тереңдетүү жана бышыктоо компетенттүүлүгү.
|
- Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК3)
Өз алдынча иштейт, көнүгөт, машыгат. Өз ишин талдап, баа берет. Жөндөмдүүлүккө, билгичтикке, көндүмгө ээ болот.
|
(ПК3) Алган билимдерин анализдеп, практикада колдоно билүү. Окуучулардын ой жүгүртүүсүн жогорулатуу максатында практикада колдоно билүү компетентүүлүгү.
|
Сабактын журушу:
|
№
|
Сабактын этаптары
|
Мугалимдин ишмердиги
|
Окуучунун ишмердүүлүгү
|
Компетенттүүлүктөр
|
|
НК
|
ПК
|
Баалоо
|
|
1.
|
Сабактын даярдык этабы:
(4 мүнөт)
|
Саламдашуу, Жагымдуу маанай түзүү. Топторго бөлүү, ат коюу. Сабакка даярдыгына көнул буруу.
Алтын эреже
1.Айтсаңыз унутуп калабыз.
2.Көрсөтсөнүз эсибизде калат.
3.Өзүбүз жасасак үйрөнүп алабыз.
4.Кунт коюп угабыз.
5.Башкалардын пикирин уга билебиз.
6.Ой пикирди бөлүшөбүз.(Окуучулар кагаздан окуп, чаптап коюшат)
Мээ чабуулу (бир туугандардын санын аныктоо.)
|
Саламдашат. Жагымдуу маанай түзүшөт. Быйтыкчалар менен 2 топко бөлүнүшөт. Окуу куралдарын даярдашат. Алтын эрежени кабыл алышат.
Сабакка киришүү учүн мээге чабуулда эсептеп көрүшөт.
|
НК1
|
ПК1
|
Калыптандыруучу баалоо
|
|
2.
|
Пландашты-руу:
( 4 мүнөт)
|
Үч бурчтуктарды кайталоо. Колуңардагы суроо боюнча фигуралардын аталышын жана аныктамасын айтып бергиле. (геоборддо фигураларды жасашат)
1. Тең капталдуу үч бурчтук
2.Тик бурчтуу үч бурчтук
3.Тең жактуу үч бурчтук
4.Тар бурчтуу үч бурчтук
5.Кең бурчтуу үч бурчтук
6.Түрдүү жактуу үч бурчтук
Тест иштешет (5 суроого топ менен)
Сабактын темасы, максаты, көйгөйү, милдеттери менен таанышат. Күтүлүүчү натыйжа, баалоо критерийлери (танграм элементтери)айтылат.
1.Үч бурчтуктар боюнча маалымат чогултуу(тарыхы, колдонулушу, зарылчылыгы)
2.Ар кандай тармактарда (ашканада, транспортто, турмуш-тиричиликте, үй буюмдарында, курулушта, жаратылышта) изилдеп келүү.
3.Макетин жасоо.
|
Суроолорго жооп беришет (геоборддо фигураларды жасашат)
Өтүлгөн тема боюнча тестти иштешет.
Сабактын темасы, максаты, милдеттери менен таанышат.
Баалоо критерийлерин билишет.
Ар бир окуучу өзүнүн чогулткан маалыматын айтып беришет.
Ар кандай тармактарда колдонулушун изилдешет.
Макеттерди жасашат.
|
НК2
|
ПК1, ПК2
|
Калыптандыруучу баалоо
|
|
3.
|
Изилдөө
( 5 мүнөт)
|
- Үч бурчтуктардын пайда болуу тарыхы.
2.Үч бурчтуктар боюнча чогулкан маалыматтарын айтып берише
- Үч бурчтуктар күнүмдүк жашообузда. (Сүрөттөр боюнча, сурамжылоосу айтып беришет)
- Жасаган макеттери
( үй тапшырмасы болгон)
|
Үч бурчтуктардын тарыхын изилдешет.
Чогулткан маалыматтарын айтып беришет.
|
НК2, НК3
|
ПК2, ПК3
|
Диагностикалык баалоо
|
|
4.
|
Аткаруу
(5 мүнөт)
|
- Планды ишке ашыруу.
- Жасалган үйдүн макетинен үйдүн чатырындагы үч бүрчтуктардын узундуктарын салыштыруу.
- Үйдүн чатырындагы үч бурчтуктардын периметрин табуу (палетканын жардамы менен)
Ватманга маркер менен үч бурчтукту сызып, эсептеп айтып беришет.
|
Маселени чыгарышат.
Жактап беришет.
|
НК3
|
ПК3
|
|
|
|
|
|
Суммативдик баалоо
|
|
5.
|
Долбоорду жактоо (отчет берүү)
( 5 мүнөт)
|
- Презентациялоо (үч бурчтуктардын колдонулушу, зарылчылыгы)
- Жактап берүү, көрсөтүү. (жаратмандык макет)
- Долбоордук ишти жыйынтыкташат.
|
Үч бурчтуктардын колдонулушу менен зарылчылыгын айтып беришет.
Жаратмандык ишин аткарышат.
Жыйынтык чыгарышат.
|
НК1, НК2,
НК3
|
ПК1, ПК2, ПК3
|
Диагностикалык баалоо
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
Просмотр содержимого документа
«Үч бурчтуктар-биздин жашообузда (долбоордук иш)»