Математика предметин окутууну жакшыртуу
Мугалим: Шадыманова Б
Математика сабактарында билим берүүдөгү STEM – мамиленин элементтерин колдонуу
Бул эмне?
STEM – (science, technology, engineering and mathematics) деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган.
STEM билим берүү технологиясынын негизин инженердик ойлоп табуучулуктун ыкмасы түзөт (балдарды бир сабактын чегинде чектебестен, комплекстүү ой жүгүртүүгө үйрөтөт).
STEM билим берүүнүн өзгөчөлүгү — бул технология жаатындагы билимди колдонуу менен окуу процессин түзүү болуп саналат.
STEM билим берүүнүн максаты — балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет.
МАКСАТЫ:
STEM- мамиленин максаты- ар бир окуучунун көндүмдөрүн, кызыгуусун, талантын жана жөндөмүн табууга жана өнүктүрүүгө жардам берүү. Мугалимдер жана ата – энелер окуучу үчүн чечим кабыл алышпайт, тескерисинче, дем берет, стимулдаштырат, шарт түзүшөт, балдардын иш – аракеттерин жана алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүн тандоого жардам беришет ошондой эле балдардын өзүн – өзү билүүгө болгон муктаждыктарын мүмкүн болушунча канааттандырууга умтулушат.
STEM - Карточка
Асанда 36 алма, Үсөндө Асандыкына караганда 14 кө аз алма. Асан менен Үсөндө бардыгы канча алма?
Геометриялык планшет
PISA деген эмне?
PISA (Programme for International Student Assessment, PISA) — окуучулардын билимдги жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Аны 2000-жылдан бери Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (OECD) ар 3 жылда бир жолу өткөрүп келет. PISAга катышуучу өлкөлөрдүн саны 2000-жылы 32 болсо, 2022-жылга карата 88ге жетти.
PISA изилдөөсү мониторинг жүргүзүүчү болуп эсептелет. Ал ар бир мамлекеттин билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү аныктап, билим берүү жетишкендиктерин же кемчиликтерин салыштырып, тиешелүү тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет.
PISA кимди баалайт?
Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 15 жаштагы окуучулар катышат. Көпчүлүк өлкөлөрдө билим берүү системасы жалпы багытка ээ, ошондуктан ушул жашка келип, мектептеги милдеттүү билим алуу аяктайт.
PISA эмнени баалайт?
PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун, мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Башкача айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө, же болбосо, өз ордун табуусуна керектүү болгон көндүмү жана билими бар же жок экенин баалоону максат кылат.
Окуучулардын билим жетишкендиктерин изилдөө негизги 3 багытта жүргүзүлөт: окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук жана табигый илимдер боюнча сабаттуулук. Мында окуучулардын жалпы билимди жана интеллектуалдык көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө баа берүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Тапшырмалардын форматы
Тест тапшырмалары анкета түрүндө болот жана белгилүү бир көйгөйдүн түшүндүрмөсү менен тапшырмалар берилет. Анда ар кандай мүнөздөгү жана кыйынчылыктагы бирден алтыга чейин суроолор берилет.
Тест суроолорунун ар кандай форматтары (ачык же жабык) колдонулат. Мында окуучулар суроолорго өз оюн жазышы, жеке көз карашын билдире алышы керек, же туура, же туура эмес деп баалана турган (жабык жооптор) чектелүү варианттардын ичинен жоопторду тандап алышы керек. Тесттик тапшырмалардын дээрлик жарымын эркин түрдө жооп берүүгө болжолдонгон суроолор түзөт.
2015-жылдан тартып PISA компьютердик баалоого өттү. Дээрлик бардык өлкөлөр санариптик форматтагы тестирлөөгө катышкан
Жыйынтыктар кантип бааланат?
Тесттен өткөн ар бир окуучуга эл аралык 1000 баллдык шкала боюнча балл берилет, ал эми ар бир топтогу тапшырманы аткаруу үчүн өзүнчө (математика, окуу жана табигый илимдер).
Интернет булактары:
https://jason.org/ - STEM технология менен математиканы үйрөтөт
http://www.math.ru/ - китептер, тапшырмалар, суроолор, математиканын тарыхы ж.б.
http://www.etudes.ru/ - картинкалар, 3D графикалар ж.б.
http://www.myshared.ru/ - презентациялар
https://www.myshared.ru/