12-декабрь Улуттук адабият күнү
Алыкул жана Чыңгыз
1.Алып баруучу:Саламатсыздарбы урматтуу мугалимдер, устаттар жана окуучулар! Кутмандуу күңүздөр менен! “Улуттук адабият күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарабызды баштоого уруксаат этиңиздер!
Эки Алптын ташыркабай таскагы,
Дүйнө жүзүн дүңгүрөттү атагы.
Чыңгыз атам жылдыз болсо көктөгү,
Алп Алыкул кармап турган асманы.
2.Алып баруучу: Ооба бүгүн 12-декабрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлгөн. Ушул эле күнү акын Алыкул Осмонов дүйнөдөн өткөн. Белгилей кетсек 2011-жылы Жогорку Кеңеш 12-декабрды Улуттук адабият күнү деп белгиленген.
_Сөз...___________________________________________________________________________________________________________________________________
Дүйнө элин бирдей тилде сүйлөттү,
Чыңгызымдын ,,Кызыл жоолук жалжалы".
Көктө турат ай нурундай чачырап,
Алыкулдун аруузаты ,,Айдайы*.
3.Видеослайд Чыңгыз Айтматов
4. Алып баруучу:
Чыңгыз атам дүңгүрөтүп ааламды,
Калем иши эң жогорку бааланды.
Ай-ааламга аты кетти даңктана,
Кыргыз жүрөт Чыңгызына мактана.
Повесттерден үзундүлөр....
“ Эрте келген турналар”
Эрте келген турналар Сураба өзумдөн
Биз да эрте жетилдик Байкадым көзүңдөн
Кубат болуп жашоого Саймалуу жүз аарчым
Өмургө кепилдик Салмактуу көзүңдөн
Айылдын ак куусуна Купуя сырым бар
Ашык болду турналар Кумарлуу ырым бар
Жар салгыла дуйнөгө Балалык жүрөктөн
Маалым болсун бул кабар Белекке сүйүүмдү ал
5. “Кызыл алма”
-Карындаш
-Сиз магабы?
-Алма алып келдим...
-Кандай алма? Муну кайдан таптыңыз?
-Сүрөт тартып жүрүп бак-дарактын арасынан таап алдым...
-Айиии чоктой болгон кызыл алма го...Ыракмат...
6. “Биринчи мугалим” (________________________________________)
Обондуу ыр
___________________________________________________
7.“Ак кеме”
Атаке, ата
Сен качан келесиң?
Мен сени аябай сагындым...
Ой-ой-баай
Ак кеме!Ак кеме!Мен Нургазымын токтоо! Ак кеме токто! Кетпечи ак кеме!
Көл бетин карайм,
Карагим талбай
Ак кеме келет
Атакем айдайт
Унуттуңбу же уулуңду! Атаке!
8.“Саманчынын жолу” Толгонайдын монологу
- Амансыңбы, куттуу талаам?
- Аманчылык. Келдиңби, Толгонай? Былтыркыдан дагы карый түшүпсүң го. Чачың куудай, колуңда таяк.
- Өмүр өтүп бара жатпайбы, ЖерЭнем, арадан дагы бир жыл өттү, бүгүн менин сыйынуу күнүм.
- Билем. Келериңди күтүп жаткам, Толгонай. Бул жолу сен баланы да ээрчите келмек эмес белең?
- Ооба. Бирок бул сапар да жалгыз келдим. Демек, сен ага эчтеке айткан эмес экенсиң да, Толгонай.
- Жок, айталбадым. Айтор, эртебикечпи, акыры бир күнү ал угат да, Толгонай. Элдин арасында оозу бош бирөөжарым жок дейсиңби?
- Аның чын. Эртебикечпи, акыры бир күнү билет. Аркытеркини түшүнө тургандай чоңоюп да калды өзү. Бирок мен үчүн ал дагы эле чалагайым бала сыяктанат. Корком, балалык кылып, өткөн-кеткенди туура түшүналбай, ичи сууп калабы деп аярлайм.
9.Алып баруучу: Кээде өзүмчө кейиш тартып кайгырам
Тагдыр салган жалгыздыкты жай кылам.
Улана албай учугуна ойлордун
Угуттанам улуулардын айлынан
Суу ичкендей барып булак көзүнөн
Алыкулдун дүйнөсүнө кайрылам.”
Өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган Алыкул Осмоновго арналмакчы.
10.Видеослайд А.Осмонов
11.Обондуу ыр “ Ата-Журт”
12..Алып баруучу!
Мен тансам жаштан танам, ырдан танбайм,
Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм.
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албаган, поэзиянын алпы, атасы А.Осмонов аз жашады, бирок саз жашады. Акын өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес, керемет поэзияны ыйык туткан...
13.Көркөм окуу
Асель: Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар,
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.
Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,
Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,
Жер түбүндө чирисе да бир гүлдөйт.
Каныкей : ТИРҮҮЛҮК
Кеткен кетти, өткөн өттү бирдеймин,
Кечтим дайра агымынын миңдейин.
Кемибеген кенч экен го тирүүлүк,
Кенч дебесем анан аны не дейин?
Кайдан чыгып, качан келдим бу жерге?
Жел миндимби, суу миндимби, билбеймин.
Калган калды, бирин көзгө илбеймин,
Бастым ашуу, тайгак жолдун миңдейин.
Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк,
Той дебесем анан аны не дейин?
Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе экен,
Кант жедимби, бал жедимби, билбеймин.
Мээрим:ӨЗҮМДҮ ӨЗҮМ
Мен өзүмдү үй сыртынан тыңшасам,
Күрс, күрс эткен оор жөтөл үн чыгат…
Бүткөн экен кайран өмүр, кайран жан…
Деп жалооруп көңүлүм шондо бир сынат.
Мен өзүмдү бир көчөдөн карасам,
Баскан өңдүү алсыз, арык сөлөкөт…
Албуут бала, эми болуп араң жан,
Айыкпас дарт болгон өңдүү өнөкөт.
Нурсултан: Отуз жаш
Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз…
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?
Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары сур.
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.
Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам, карап тур!
Мухаммеддауд: Ысык-Көл
Ысык-Көл, сени сүйдүм, сени ырдадым,
Ырыма өзүң болдуң бел кылганым.
Күнүмдүн ичкен суудай берекеси,
Өзүңдүн бир көйкөлүп ыргалганың.
Ысык-Көл, сен ырыскым, сен жыргалым,
Ырыма өзүң болдуң бел кылганым.
Өзүнчө урматтуу бир салт экен го,
Күрпүлдөп көбүк чачып турган маалың
14.
16.Алып баруучу:
Биз кыргыз жергесин Ала-Тоосуз элестете албагандай эле, кыргыз адабиятын Алыкулсуз элестетүү мүмкүн эмес. Кыргыз поэзиясы Алыкулсуз тузу жок аштай. Анткени анын чыгармаларынын кыргыз адабиятында ээлеген бийик орду,бийик аброю бар. Аз болсо да саз жашаган өмүрүндө Алыкул акын өлбөс-өчпөс чыгармаларын жаратып кетти. Акындын ар бир ыр сабында кыргызды кыргыз кылган адамдык сапаттар, жаратылыштын жакшынакай жаркын жактары, элибиздин эмгекчилдиги камтылган.
15. Алып баруучу:
Айтматов - доордун үнү, доордун чындыгы. Айтматовдун көркөм дүйнөсү түбөлүктүү. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык мекендештерибизди бүгүнкү адабият майрамы менен куттуктайм! Бул майрам - улуттук баалуулуктун күнү, руханий дүйнөбүздүн майрамы!
Бугунку иш-чарабызга көнул бурганыңдарга чоң ыракмат... “Улуттук адабият күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарабызды жыйынтыктайбыз...