СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сценарий Адабият күнү .

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сценарий Адабият күнү .»

12-ДЕКАБРЬ УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ


Сценарийди түзгөн : Камзаева Назгул Мырзабековна



АКТАН

Слайд

Бул күн заманыбыздын залкары, жаңыча көз караштагы, багыттагы адабий чыгармалары менен улуттук адабиятка кайталангыс бурулуш жасаган, кыргыз атын өз чыгармалары менен бүт дүйнөгө тааныткан улуу инсан, Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана муну менен катар, оозеки чыгармачылык менен профессионал адабияттын ортосунда арасат калган кыргыз поэзиясын жаңыча багытка алып чыккан, чыныгы профессионалдык деңгээлге чыгуусуна өз салымын кошуп кеткен, аз жашаса да, кыргыз адабиятына ат көтөргүс эмгек жасаган акын Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү катары белгилүү. Мына ушул эки символикалуу датаны эске алуу менен 2011-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын токтому аркылуу Кыргыз эл акыны, ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Эгемберди Эрматовдун демилгеси менен12-декабрь Улуттук адабият күнү деп кабыл алынган.


 Асель:

1.Саламатсыздарбы, урматтуу мугалимдер жана окуучулар!

Ар жылы ушул кунду эскеруу менен кабыл алып, улуу атабыз Ч.Айтматовдун арбагын бир оодарып, таазим этип , эскерип келебиз!

Актан:

Ошондой эле кыргыз адабиятына ат көтөргүс эмгек жасаган акын Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү катары бизге белгилүү.

Мына ушул эки символикалуу датаны эске алуу менен 2011-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын токтому аркылуу Кыргыз эл акыны, ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Эгемберди Эрматовдун демилгеси менен 12-декабрь Улуттук адабият күнү деп кабыл алынган

Асель:

КР гимни ойнолсун

Актан

5.Алып баруучу: Бүгүн да ошол улуу, алп, залкар инсандарыбызды эскерип, окуучуларыбыз жазуучунун чыгармаларынан көрсөтүп беришмекчи.

(Музыка ойнолуп турат)


Актан:

Бир да жеңиш тамчы канга татыбыс

Кайгы салып ,өчпөс тагын калтырган

Жакындарын жоготуудан жаш төгүп,

Кайгы муңда уйкусуз таң атырган.

Саманчынын жолу 11-а Асель 8-А Аалам Майсалбектин каты.

Толгонайдын сөзү: Эх,дүйнө! Эми эмнесин айтайын, кесепеттүү согуш нечендердин кендирин кыйды гоо.

Табигаттан улуу жаралган акыл-эстүү адам балдары кан төгүлгөн согушту кантип ойлоп тапты экен? Тоо ураса болбойбу, кол толкуса болбойбу? Субанкул менен Касым ата-бала экөө теңне деген дыйкан эле азаматтар!!!

Кайран Субанкулум! Сенин айткан кеңешиң, сөздөрүң дайыма эсимде:

« Толгонай, мен кетээрде сага бир гана үй-бүлөнүн башчылыгы эле эмес, бүтүндөй колхоздун бригадирлигин тапшырып кетпедим беле. Ошол эл башкарган кайратың гана? Башка тушкөн мүшкүлдү көтөруу акыл-эстуу адам баласына гана буюрган» деген сөздөрүң гана мага кайрат берип, умут берип келет.

А Касымымчы… Анын элеси дайыма « кейибе апаке, ыйлаба, андан көрө Алимандан калган баланды медер тутпайсынбы» дегенсип турат.

Ооба, албетте, Алимандан калган жаныма шерик болор Жанболотум бар эмеспи… Артымда кайрат берер «Жениш» деген улуу сөз бар эмеспи.

Олдо карылык ай, кайратымды алып, шалдыратып баратат. Майсалбегим , кагылайын уулум, сен озун суйгөн мугалимдик кесибинди аткара албай , согушта баатырларча курман болдун. Сенин жалтанбай эрдик жасаарына мен эне катары толук ишенем. Олдо балам ай, баатыр болбой эле мугалим болуп арабызда тирүү жүрсөң гана. Акыркы жазган катында «ыйлаба апа» депсиң. Кантип ыйлабай коем балам. Ошондо алмалар гүлдөрүн күбүп, жаздын толуп турган учуру эле гоо.

Майсалбектин каты окулат: Аалам

Эх , Жайнагым, кенжетайым. Аман журсөң кандай адам болор элен? Сенин жароокерлигин, боорукерлигин жанда жок эле гоо. Оң гүлүңөн бир гүлүң ачылбай кете бердинби? Оозундан эне суту кете элек жаш элен го. Сен согушка кетип бара жатып, «апама айтып койгулачы, мага таарынбасын» депсин. Мен сага эч качан таарынбайм, балам. Согуштан кайтпай калган силердин го себебинер бардыр, окко учтунарбы, танка алдында калдынарбы, аны билбейм. Бирок коз алдымда турган гул суйгон келиним Алимандан да ажырап калбадымбы. Ошентип согуш акыркы очун менден алды. Ошондо « Туу , сенин бетине дуйно» дедим. Кечтим сенден, кечтим деп зар какшадым.

Балакет басып, сени да ошол чабан жигит алдап кетпедиби? Кесепет согуш болбосо Касымым экоон чогуу жашап, биз бактылуу ата-эне болбойт белек. Кайран келиним ай, Касымымдын айдаган комбайынына жазда ачылган кызгалдактарды терип келгенин дайыма коз алдыма келип турат.

Жылдар жылдап, жениш келди, жаз кунундой жаркырап.

Бирок журок айыкпады кансырап.

Мындан ары согуш такыр болбосун дейм.

Уясы бузулбаса канаттуунун

Сынбасын дейм, дарактын да шактары.

Акыркы эне мен болоюн

Зар какшап, поезд жолду кучактаган.

Олдо жеңиш ай, сагынып куткөн жеңишибиз ай. Сен деп канчалаган чолпондорубуздан айрылдык.

Кечиргин жеңиш. Кана Касымым, кана Майсалбегим, кана Жайнагым деп жер койгулап зар какшап, ыйлаганым. Кечиргин , жеңиш.

Бар бол, Жеңиш, Бар бол!!!

Асел: Эрте келген турналар 7-А

Атасы кеткен бирөөнүн

Айлына кайра келген жок

Бешикте калган баласын

Кайрылып кайра көргөн жок.


Актан: Кыямат 11-А

Жерге –сууга жасадык кыянаттык

Жаман эмне, жакшы эмне ылгабадык.

Жаратылышка кылып кыйянаттык

Келечекте замандаштар ыйлабайлык!

Актан: Делбирим 10-А

Мен көлгө жалгыз келип байыр алдым

Тургуздум махабаттын пай дубалын

Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып

Долондон канатымды кайрып алдым.

Асель. Биринчи мугалим 9-В

Мугалимдин элге арнаган элеси

Алгыла деп бышып турган мөсмөсү

Ааламдагы ак караны тааныткан

Мугалимдер адам –заттын энеси.


Актан: Бетме-бет.

Жетимиш вагон бир чирке

Желип бир учкан паравоз

Жеримден кетип баратам

Жеңелер аман кайыр ко



Байгелди;

Былжыраба, өлсөм белек сен мени коюп өзунду ойло «Заманың бөрү болсо ,бөрү бол- дейт. Азыр ар ким өзүм тойсом деп ойлойт.

Байгелди - Сейде…сен ачтан өлүп бара жатсаң да эч ким келип, сенин оозуна суу тамызбайт. Акмак болбо…( терең дем алат)

Сейде, Сейде.. эмне унчкупайсын ? Же эмне башкалардын балдары? Өзундукунөн артык болуп жатабы? Жетишет! Жетишет! (жөтөлөт)

Кышы бою калчылдап, январь айында жука шымчан отурдум. Эми урдайм! Эт жейм !

Башкалар өлсө өлө берсин! Мен өлгум келбейт! Жашагым келет!! Кумарым, Кумарбегим үчүн.

Нурпери-Токтот Ысмайыл!!!!!! Эгер мени суйгөндугун чың болсо аскер деп,биз деп качып келгениң ырас болсо ,анда азыр алын жетимдердин алдына барып жалынып,кечирим сура!



Байгелди-;Жок, айта албайм Сейде!!

Нурпери- ;Ысмайыл сенден суранып жатам,барып кечирим сура,эл кечирсе мен да кечирем!

Байгелди-Сейде тушунбөй жатасынбы! Бара албайм!кайсы турум менен барам?

Нурпери; Сен сурабасан, мен сурайм!

Байгелди; Сейде кое турчу (эки колунан кармайт) Сейде, сенден башка кимим бар? Таяна турган сенсин. Жалгыз сенсин, сен жана Кумарбегим.

Нурпери; Ысмайыл сенден суранып, өтунуп жатам го. Барып кечирим сура.

Байгелди; Жок айта албайм дедим го!( Сейде бетине чабат)

Нурпери; Бас жаагынды! Жырткыч!! Сен эч качан адам боло албайсын, сенин көзундө адамдык жан калбаптыр!! А мен…. жузум курусун сенин!

Байгелди; Көп суйлөбөй этти салып жегиле, сөөгун өрттөп көмуп салгыла. (кетип калат)





Актан, Асель

Алыпбаруучу жыйынтыктап

Чыңгыз ага тирек болуп кыргыз калкка,

Чыгармаң тунөк алды ар бир жанда

Дуйнөнү дуңгурөтүп арабызда

Жашай бер, сен тубөлук Чыңгыз ата!


Слайд А.Осмонов

Актан,Асель

Жылуу кийин жолуң кыйын үшүүрсүң

Кышта катуу бороон улуп кар уруп

Суугуңдү өз мойнума алайын

Жол карайын токтойтурчу Ата Журт

Сценка Толкунай.

Алыпбаруучу директорго сөз берет

Алыпбаруучу жыйынтыктайт.

Мына окуучуларр, жер үстүндө кыргыз барда, силерге окшогон жаштар жашап турганда Айтматов ааламы эч качан өлбөйт.Осмоновдун ырлары түбөлүк жашайт, чыгармалары ушинтип жүрөктөрдө сактала берет!