СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 06.04.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сценарий кыргыз тили майрамы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сценарий кыргыз тили майрамы»


Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясы













23-сентябрь – «Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамынын 34

жылдык мааракесине арналган «Кыргыз тили-

улуттук ар – намысыбыздын уюткусу» - деген

темадагы салтанаттуу линейканын сценарийи

















Жалал-Абад шаары 2023-жыл

Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын 23-сентябрь-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын 34 жылдык мааракесине арналган «Кыргыз тили – улуттук ар-намысыбыздын уюткусу»-деген темадагы салтанаттуу линейканын сценарийи.





Өткөрүү күнү:22.09.23. Өткөрүү орду: Жыйындар залы.


Бекжан:Саламатсыздарбы,ардактуу агай-эжекелер,кымбаттуу окуучулар жана атайын чакырылган биздин ата-энелер,кутмандуу кушубак күнүздөр менен!

Салтанат:23-сентябрь-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын 34 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз тили – улуттук ар-намысыбыздын уюткусу”-деген темадагы салтанатту линейкабызга куш келиниздер!(К.Р мамлекеттик тил гимни)


Бекжан: Ким барктаса өз энесин өз тилин,

Барктай билет дуйно элинин көп тилин.

Ар улуттун энеси улуу , тили улуу...

Өйдө ылдый деп айта албайбыз эч бирин.


Салтанат: Эне тилим – эпос, жомок дастан тил,

Эчен кылым , мезгилдерди баскан тил.

Элик сындуу , эндик беттуу кыздарга,

Эр жигиттер жүрөк сырын ачкан тил.


Бекжан: Анда эмесе, Б.Осмонов атындагы №5

мектеп-гимназиясынын директору

Тургунбаева Алтынай Жаныбековнага сөз

берели.


Салтанат: Кыргыз тили ырдан, күүдөн таралган,

Кыргыз тили нурдан,күндөн жаралган.

Ал дуйнодө тенедеши жок улуу тил,

Ай-ааламга Манас болуп таралган.


“Манас” эпосунан узунду(9-класстын

окуучуларынан аткаруусунда)


Атпай кыргыз элинде,

Ок, саадагы белинде

Атпай кыргыз элиңде,

Ок, саадагы белинде,

Калбыр өпкө, жез канат,

Желдей күлүк минген ат,

Кызыл кыргак колунда,

Кармашкандын жолунда,

Кийгендери кандагай,

Кыймылдары шамдагай,

Шалдыркан кисе байланган,

Жоо жарагын шайланган,

Касташкан калың жоо болсо,

Кара барчын айланган,

Балдары баатыр кыргыздын.

Өрүүдө үйүн оңдошкон,

Көчкөндө төөсүн комдошкон,

Келеңгер чачпак, кең соору,

Келини сонун кыргыздын.

Кызылдан кийген күрмөнү,

Кыркалай таккан түймөнү,

Жаш кайыңдай буралган,

Тал чыбыктай суналган,

Кулачтап чачын тарашкан,

Ак калпактуу, кызыл чок,

Алганына жарашкан,

Кызыл беттүү, кымча бел,

Кыздары сонун кыргыздын.

Белдемчисин байланган,

Кыңкылдаган балдарга

Кымыз менен сүт берип,

Кыңырылып айланган,

Кемпири сонун кыргыздын.

Нарктуу сөздү шар айткан,

Акыйкат кебин так айткан.

Батасы журтту байыткан,

Баарын билген тарыхтан,

Карысы соонун кыргыздын.

Телегейи теп-тегиз,

Жери жакшы кыргыздын.

Өзөгүн берген өз десе,

Эли жакшы кыргыздын.


Аргын кыргыз ичинде

Отор малдан, жылкы көп,

Оолуккандан тынчы көп.

Солуп жаткан уйку көп,

Жакасынан сырты көп,

Жашыгынан курчу көп,

Жан жыргаткан ырчы көп.

Элдеринде салты көп,

Экиленген марты көп,

Арамдары көрсөткөн

Алда канча дарты көп.

Кара малдан төөсү көп,

Карды салык бээси көп,

Боз коёндон түлкү көп,

Борсулдаган күлкү көп.

Айбалтадан кылыч көп,

Айранынан кымыз көп.

Азганакай кыргызда,

Аңдыша турган шыбыш көп.

Карагай, кайың чери көп,

Кабылан, жолборс, шери көп.

Ак матадан манат көп,

Атадан калган санат көп.

Айтышканга чечен көп,

Кайсы бирин айтайын

Айтылбаган нечен көп.

Арыгынан семиз көп,

Жалкысынан эгиз көп.

Тектиринде теке көп,

Курбусунда кулжа көп,

Адырында аркар көп.


Ак көрпөсү булгундай,

Аргымагы дулдулдай,

Боз торгою булбулдай,

Кара кыяк жылгындай,

Кара кушу туйгундай.

Булбулу сайрап таңшыган,

Булагы агып ташыган,

Булбулдун үнүн укканда,

Муңдуу пенде жашыган.

Торгою сайрайт чөлүндө,

Бакасы чардайт көлүндө,

Аркар, бөкөн, ак кийик,

Аралашып төрүндө.

Алмасы гүлдөп ачылган,

Жемиши жерде чачылган.

Көк шибери көйкөлөт,

Сарымсагы жайкалат.

Алабата, күдүрөк,

Төөнүн жери Ала-Тоо.

Бетеге белден жошулган,

Бээнин жери Ала-Тоо.

Жайлоосу жакын жанында,

Жөөнүн жери Ала-Тоо.

Жылтырган, шыбак аралаш,

Койдун жери Ала-Тоо.

Тамашага ылайык,

Тойдун жери Ала-Тоо.

Ала-Тоодой жер барбы,

Кыргыз өңдүү эл барбы?


Бекжан: Көркөм окуу 10-А классынын

аткаруусунда.

Азема: Кымбаттын кыналышып бүткөн тилим,

Кылымдан азиз энен күткөн тилим.

Төрөлүп, бул дүйнөгө көз ачканда,

Жаралып жаным менен бүткөн тилим.


Айжан: Кыргыз тили кубат күчүм, жөлөгүм,

Ата болуп уйрөткөн жашоо өнөрүн.

Жанын бирдей каным бирдей көрөмүн.

Ал өлгөндө, мен да кошо өлөмүн.


Наздана: Кадырынды ар убакта данктайлы,

Ар бир сөзүн көз каректей сактайлы.

Бактыбыздын туу чокусу кыргыз тил,

Сыймыгынды түбөлүккө данктайлы.


Анджелина:Эне тилим Ала-Тоом, мекеним

Тил болбосо айткылачы мен киммин?

Тик чокуда ханыша айым болсон да,

Өз тилинди унутпастан жат билгин.


Асмандан балбыл жанган жалгыз тилим,

Ааламга аты чыккан Чынгыз тилим.

Арыбай кылымдарды карыта бер,

Ардагым , ата мурас кыргыз тилим!


Аяна: Кыргыз тилим – кыргыз үчүн жаралган ,

Кымбат баасын улутунан алалган .

Биринчи эле “Апа” деген сөз чыгып ,

Билесинби эне тил деп саналган.


Эне тилде эне сүтү ширелген ,

Балдарына эне атайлап жиберген.

Бириктирип ой-максатын тилеген ,

Бир улутту ошол тилге имерген.


Бекжан: 10-А классынын оуучусу Бакирова Мадина

“Эне тилде сүйлөйлү”


Салтанат: Сахналык көрунүш “Жусуп Баласагын”


Жоокер: Хандардын ханынын буйругу менен биз менен чогу барасын! Китебинди кошо алып ал! Жусуп Баласагын калемин коет.

Кошоматчы: Даназалуу каган ! Бул кылыч менен дүйнөнү багынтасыз! Оо, өкумдарым! Бул өзүн илимпоз санаган Жусуп Баласагын. Тунарсыз эне тилинде жазат.

Жусуп Баласагын: Кийин эле, биздин сөз тоодо жүргөн, үйрөттүм үйүр кылым анын өзүн.

Кошоматчы: Минтип айтууга кантип оозун барды! Чалкыган араб, перс тилдерин эмнеге чанып жатканыны кааганыбызга чечмелеп бер !

Жусуп Баласагын: Өкумдарым, менин жалгыз максатым бул-илим. Өз тилинде жазып билимин өркүндөтсө дейм.

Сутлан: Менин улук кенещчи! Китебиниздин аталышы кандай?

Жусуп Баласагын : Китепти окуй турган окурманын , көркүнө көөно сөздүн нак тунарсын. Китеп көп араб, перс тилдеринде. Бул китеп эн биринчи биздин тилде. Ата Журттун нукура байлыгы-өз элим!


Салтанат: Акыйнек айтышуу 10-Б класстын окуучулары.


1.Бул акыйнек башкача ,

Кызыктуурак көрүнөт.

Тил илими жөнүндө ,

Суроо-жооп берилет.

Жооп берген женет да,

Үнсуз калган женилет!

Акыя, акыя!

Акый, акый, акыя!


2.Анда кана курбулар,

Ойду кенен талкуулап.

Айтышалы акыйнек,

Билим, күлкү тартуулап.

Берген достор курч суроо,

Жакшы сезим калтырмак.

Акыя, акыя!

Акый, акый, акыя!


3.Тил илими катары,

Карт тарыхта катталган.

Кайсы өлкөдө биринчи,

Тил илими башталган?

Бул улуу иш кандайча,

Өсүп, өнүп такталган?

Акыя, акыя!

Акый, акый, акыя!


4.Билбей калат чыгар деп ,

Туура эмес бил, мактанган!

Тил илими байыркы,

Индияда башталган.

Гректерде өнүгүп,

Карт тарыхта сакталган.

Акыя, акыя!

Акый, акый, акыя!


5.Илимпоздор изилдеп,

Тактап иштеп беришкен.

Айтып көрчү бул илим,

Турат канча бөлүктөн?

Чала сабат болбогун,

Жооп табалбай териккен!

Акыя, акыя!

Акый, акый, акыя!


6.Билбейт экен дебегин!

Айтса айтып беремин!

Көнүл буруп кунт койуп,

Үйрөнүп кал керегин!

Морфология сыяктуу ,

Тилде жети тармак бар.

Ар биринде алардын,

Ат көтөргүз салмак бар.

Акыя, акыя!

Акый, акый, акыя!



Бекжан: 5-классынын аткаруусунда Кыргыз бий.


Салтанат: 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын 34 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз тили – улуттук ар-намысыбыздын уюткусу” – деген темадагы салтанаттуу линейкабызды жабык деп жарыялайбыз! (КР мамлекеттик тил гимни ырдалат)


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!