СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сценарий пландын үлгүсү

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

СЦЕНАРИЙ ПЛАНДЫН ҮЛГҮСҮ

Просмотр содержимого документа
«Сценарий пландын үлгүсү»

21-ФЕВРАЛЬ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛИ КҮНҮНӨ КАРАТА ТҮЗҮЛГӨН

“ТИЛИБИЗ-БИЗДИН СЫЙМЫГЫБЫЗ” АТТУУ ИШ ЧАРАНЫН ПЛАНЫ.

Алып баруучу: Кымбаттуу агай-эжейлер, мектеп окуучулары, кадырлуу коноктор Президентибиз Сооронбай Шариповичтин жарлыгы менен быйыл “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы” деп жарыяланды.

Андыктан ушул жылдын негизинде 1999-жылдын 21-февралын ЮНЕСКО тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк эне тили” күнү деп белгиленип келүүдө. Биз бүгүн эне тили күнүнө арналган “Тилибиз-биздин сыймыгыбыз” аттуу концерттик программабызга кош келипсиздер.

Анда эмесе бүгүнкү майрамдык кечени ачып берүү үчүн мектебибиздин директору, эл агартуунун отличниги,көптөгөн сыйлыктардын ээси Каңдыбаева Парида Кочкоровна эжекебизге берсек.

К.Р.нын мамлекеттик тил гимни уктурулат.

Алып баруучу: Тал чыбыктай ийилген, Кыздары сонун кыргыздын,

Тамшандырган көргөндү, Бийи сонун кыргыздын.

Кезекти 8-б класстын окуучуларынын аткаруусунда кыргыз бийине берсек.

2. Эне тил! Кандай жагымдуу угулат.Эзелтеден өз жерин мекендеген адам баласы дал ошол өз эне тилинде сүйлөпкелет. Эне менен эне тил бул экөө тээ эзелтеден бери бирдей деңгээлде каралып,бирдей деңгээлде ардакталып, көкүрөккө уюп, сакталып келүүдө. Бүтүндөй дүйнөнүн түркүгү да ушундадыр.

Кезекти эне тили жөнүндөгү көркөм окууга беребиз.

3. Алып баруучу: Сүйлөш үчүн тил керек, Ырдаш үчүн үн керек.

Сөздү-сөзгө кынай бил, маш зергердей чегелеп.

Ырчы болсоң төкмө бол, Ак жаандай себелеп.

Кезекти 7-а класстын окуучуларынын аткаруусундагы комуз куүсүнө беребиз.

4. Алып баруучу: Кыргыз тили кандай кооз көркөмдүү,

Ырга айлантат, какшып турган чөлкөмдү.

Кыргыз элим баарысынан бийик эл,

Чексиз сүйөм кыргыз деген өлкөмдү.

Кезекти 9-б классынын окуучусу Багдагүлдүн аткаруусунда Кыргызстан деген ырга көңүлүңүздөрдү бурабыз.

5. Алып б: Келгин досум кыргызча сүйлөшөлү,

Кыргыз тилин болушунча гүлдөтөлү.

Бабалардан мураска калган тилди,

Барктап, баалап баарына үйрөтөлү.

Көңүлүңүздөрдү “Тилдердин талашы” аттуу сахналык көрүнүшкө бурсак.

6.Алып баруучу: Дүйнөдөгү бардык элдин, Ыйык көргөн тили бар,

Ошол тилди сыйлаш үчүн, Опол тоодой дили бар.

Эмики кезекте 7-а класстын окуучулары өзбек бийин бийлешет.

7. Алып баруучу: Ким барктаса өз энесин, өз тилин,

Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.

Ар улуттун энеси улуу тили улуу,

Өйдө-ылдый деп айта албайбыз эч бирин.

11-класстын окуучусу Кариманын аткаруусунда жеке номерге беребиз.

Урматтуу мугалимдер жана окуучулар биздин бүгүнкү

“Тилибиз-биздин сыймыгыбыз” аттуу чакан концерттик программабыз соңуна чыгып олтурат. Андыктан сиздердин көңүл буруп коштоп отурганыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз.

Жыйынтыктоочу сөздү мектебибиздин директору

Каңдыбаева Парида эжекебизге беребиз.