СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сценарий жаны-жыл

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сценарий жаны-жыл»

Бел-Алма” орто мектебиндеги



Ак кар 2024”

майрамынын сценарийи







Кудайбердиева Гулиза

Алиева Феруза





Бел-Алма” орто мектебинин 8-9-класстардын арасында өткөрүлгөн жаңы жылдык “Ак кар-2024 !” майрамдык кечесинин сценарийи



Г.”Ак кар-2024 “майрамдык кечесин баштоонун алдында турабыз.Майрамдык кеченин негизги себепчилери болгон биздин мугалимдерди жана окуучуларды чакырып алсак. Ф.Суйкайган сулуу селкилери жана султан життери менен класс жетекчиси Ботобекова Ыргал эжеке 8-а класс Г.Маркайып басып керилген кыздары жана мырза жигиттери менен класс жетекчиси Саматова Таттыгул 8-б класс Ф.Акырын басып созулган кыздары жана оор басырыктуу жигиттери менен класс жетекчиси менен Халикулова Жаркынай 8-в класс Г.Беш көкүл сулуу периштелери жана мырза жигиттери менен класс жетекчиси Момунова Бүүрахат 9-а класс Ф. Кер маралдай керилген кыздары жана кыл мурут жигиттери менен класс жетекчиси Каримова Махабат 9-б класс Г. Жүрөк эргип кагылып Санат жеткис жанылык, Кирип келет аздан сон, Жаны жылым жанырып демекчи анда эмес 9-в классты класс жетекчиси Назаркулов Кубаныч агайды чакырып алабыз.



Ф. Улуу тоодой учуп кеткен улардай,

Көлдү таштап жазда кеткен куулардай.

Дагы бир жыл бизден алыс узады,

Бизге алыстан көзүн салып тургандай.



Г.Кел жаны жыл күттүк сени сагынып,

Кел жаны жыл тынчтык гүлүн тагынып.

Кел жаңы жыл арбын болсун жаңылык,

Кел жаңы жыл келсин деймин сагынып.

Кутмандуу күнүңүздөр менен!

Ардактуу жана кымбаттуу агай-эжейлер, талыкпай илимге умтулган окуучулар, урматтуу ата-энелер бүгүнкү биздин 8-9-класстарынын жаңы-жылдык “Ак кар -2024” майрамдык салтанатына кош келипсиздер! Элдик майрамга айланган майрамдын ичинен эң сүйүктүүсү болгон жаны жыл эмеспи!Жанырып келген жаңы жыл жакшылыктарды ыроолоп,ой тилектерибиз аткарылып,аруулукка үндөгөгөн ак жолтой ,кут даарыган жылдардан болсун.Ак тилектер орундалып,ой-максаттар ишке ашсын.



Феруза:Дил тазарып сезимдер арууланып, Жаңы жыл жакшылыкты алып келсин. Дүр-дүйүм даам толуп дасторконго, Жер эне берекесин элге берсин.



Анда эмесе бүгүнкү кечени ачып берүү үчүн сөз “Бел-Алма” орто мектебинин директору Токтобаева Саадат Паттаевнага беребиз. (директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары Сулайманова Гулүмкан Паттаевнага беребиз)



Гулиза: Жаңы жылдын көркү балаты жана Аяз ата Аяз кыз эмеспи.Анда эмесе бүгүнкү кечебизди дагы да көркүнө чыгаруу үчүн Аяз ата менен Аяз кызды чакырып алсак.



Элибизди бакыты ачык жолдуу, Токчулукка эл маарып толкуп ойлуу. Ынтымакты бөктүрүп босогого, Кирип келди жаңы жылды ак жолтойлуу.

Феруза: Ызгардуу ашуу ашып кыйла озуп, Мынакей аяз ата үнүн созуп. Ээрчитип кирип келди жаңы жылды Биздеги кубанычка үлүш кошуп.





Ой рахмат! Аяз ата , Аяз кыз кош келипсизднр! Биздин төрүбүздөн орун алып,бүгүнкү кечебиздин кубөсү болунуздар!

Гулиза:

Бүгүнкү майрамдык кеченин программасы менен таанышып алыныздар



1.Саламдашуу

2.Бий( кырг,чет эл бийи)

3.Дует

4.Флешмоб



Феруза: Куттуктоо.

Кел жаңы жыл жадыраган пейли ак, Э Элге түнөп ,кут береке көнүл шат

Токчулукка,ырыскыга бөлөнүп,

Жергебизде байырласын ынтымак.



Эми кезекти 8-а класстын жаңы жылдык куттуктоосуна беребиз.

Г.

Күчөй берсин тан атканча аппак кар

Жаңы жылда андан артык эмне бар.

Келечекке жакшы күнгө үндөсүн,

Бакыт тилеп биздин жакшы адамдар.

Кезек 8-б класстын жеке номеринде Умарова Айгерим

Ф:

Жаңы жылым жаныртып ар тарапты,

Күлүп жайна бүркөбөсүн кабакты

Эй замандаш! Аруу таза ой ойлон

Койгун алга Ала-Тоодой максатты.

Кезекти 8-в класс флешмоб.

Г.

Жаңы жыл жакшылыктын жылы болсун

Тынчтыктын кучагына батып толсун.

Адамзатка кубаныч ,күлкү берген

Гүл заман бейкуттуктун ыры болсун.

Кезекти 9- а класстын саламдашуусуна берсек.

Феруза:

Анда эмесе кезекти 9-б класстын саламдашуусуна көнүлүнүздөрдү бурсак.

Жаны жыл жакшылыктын жылы болгун

Ынтымак ырыс берсин жылуу ордун.

Жаныртчы жан дүйнөгө кубат берип,

Жанырган жүрөктөрдүн ыры болуп.

Азаматсынар ! Кезекти 9- в класстын саламдашуусуна беребиз.

Гулиза: Жеке номер

Коюнуна жылдыздарды сала келчи

Колуна бакыт таалай ала келчи.

Күтөлү түн күзөтүп кирпик какпай

Жолдорго ак кар болуп тама келчи

  1. 8-а класс жеке номер Набиева

  2. 9-а класс Аида

  3. 8-в класс дует

  4. 9-а класс



Гулиза; Шаркыраган дарыядай агып кел

Шамга толуп адамзатка жагып кел

Баарыбыздын куткөнүбүз жаны жыл

Бак таалайды ден соолукту ала кел







Феруза: Кезекти флешмобго беребиз

1.8-а класс

2.8-б класс

Гулиза;

Көйкөлүп окуучулар бийлешсе ,

Кыш күнүндө кандай жакшы жарашат.

Ажарындай кооз көйнөк кийгенде,

Суктанышып баары аларды карашат.

Феруза : Анда эмесе кезекти окуучулардын аткаруусунда ак бий, чет эл бийине көнүлүнүздөрдү бурсаныздар.

1.8-а класс чет эл бийи

2.8- б класс вальс

3.8-в класс вальс

4.9-а класс чет эл бийи

5.9-б класс вальс

6. 9- в класс чет эл бийи

7.9- а класс вальс.

Эми балдар Аяз ата менен Аяз кызды башка мектептерде силердей окуучулар күтүп жатыптыр. Узатып койсок.Кош болунуз Аяз ата,Аяз кыз.Эмки жаны жылга чейин аманчылыкта болунуздар!



Бүгүнкү “Ак кар 2024” майрамдык кечебизди жыйынтыктоо үчүн сөз “Бел-Алма” орто мектебинин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Сулайманова Гүлүмкан Паттаевнага эжекеге сөз беребиз.



Көнүл бурганыныздар үчүн чон рахмат!