СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Студенттин оз алдынча иши

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Студенттин оз алдынча иши»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРУУ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТИРЛИГИ

Ош Мамлекеттик Университети

Математика жана информациялык технологиялар факултети.

Онугуу жана педогогикалык психология предметинен студенттин оз алдынча иши.

алдынча иш.



Тема: Тарбиялоонун, окутуу жана психологиялык онугушунун оз ара байланышы.

Текшерген: Сабирова Махабат Мыйзамовна.

Даярдаган: Бакирова Элиза Абдалимовна.

Тайпасы: ФМОМ(б) 1-20 .





Тема: Тарбиялоонун, окутуу жана психологиялык онугушунун оз ара байланышы.


План:

  1. Бала тарбиялоого жалпы муноздомо .

  2. Окутуу жана психологиялык онуугу деген эмне.

  3. Тарбиялоонун, окутуу жана психологиялык онугушунун байланыштары.

  4. Жыйынтыктоо.















1. Бала тарбиялоого жалпы муноздомо.

Ар бир ата-эненин бирден-бир максаты - баласын туура багып - өстүрүү. Баланын тарбиясы, билим алуусу үй-бүлөдөн башталат, ата-энесинин жүрүш-турушунан калыптанат. Бала канчалык жаш болсо, анын кабыл алуусу ошончо тез, терең болот. Жаш кезинде балага ата-эне эң күчтүү, эң сулуу, эң мыкты болуп сезилет. Алгачкы эң сезимтал жылдарын бала ата-энеси менен өткөрөт, алардын сүйлөгөнүн сүйлөп, жасаганын туурайт. Ошондуктан баланын жаш кезинде ата-эне кайдыгер мамиле жасабай, күчүн аябай, колунан келишинче ага тарбия, билим берүүгө милдеттүү. Баланын тарбиясына, анын келечегине биринчи иретте үй-бүлө жооптуу.

Көп ата-энелер “балам чоңойсун, анан тарбиялап, үйрөтүп алам” дешет. Бирок бул чоң жаңылыштык, себеби андай болгондо тарбиялоого кеч болуп калышы мүмкүн. Көбүнчө ата-энелердин ою боюнча билим берүү - бул тамга таанууну, жазууну, саноону үйрөтүү. Бирок, билим алууда тамга таануудан, жазуудан, саноодон тышкары, бала коомдогу мамиле түзүүнү үйрөнүүсү тийиш. Үй-бүлө коомдун негизи болгондуктан, бала тарбиялоодо эң чоң ролду ойнойт. Үй-бүлөлөр дагы бир биринен айырмаланат. Бирин-бири сыйлаган, түшүнгөн үй-бүлөдө баласы өзүнүн гана ата-энесин, бир туугандарын, башка туугандарын сыйлагандан сырткары өзүнүн теңтуштарын дагы сыйлайт, тегерегиндеги адамдарга да сый мамиле жасайт. Ал эми үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн ортосунда чыныгы жылуу мамиле болбосо анда мындай көрүнүш баланын өөрчүшүнө терс таасир бербей койбойт. Ата-эненин балага коюлган талаптары өздөрүнүн жүрүш-туруштарына шайкеш болушу керек. Эгерде өзүлөрү аткарбаган нерсени баладан талап кылса, бала аны жасабайт, же калпка, эки жүздүүлүккө үйрөнөт. Өсүү - өнүгүү мезгилдери. Ар бир ата-эне баланын организминин өзгөчөлүктөрүн жана ал баланын жашына карата өсүшүнүн өзгөчөлүгүн билүүсү керек. Баланын организми чоң кишилердикинен айырмаланат. Өсүп келе жаткан баланын бою, салмагы, аң сезими өрчүү мезгилинде өзгөрүп турат. Бала төрөлгөндөн баштап чоңойгонго чейинки өмүрүнүн убактысы өз ара бир нече мезгилдерге бөлүнөт:

1.Ымыркай мезгили. 2.Эмчектеги мезгили. 3.Торолуу мезгили. 4.Мектепке чейинки мезгили. 5.Кенже мектеп жашындагы же тестиер мезгили.

6. Өспүрүм мезгили.

Эми төмөндө кичине баланын ымыркай жана эмчектеги мезгили жөнүндө сөз кыла кетели. Калган курактарын өзүнчө макалаларда жазмакчыбыз. Баланын ымыркай мезгили. Баланын ымыркай мезгили 10-20 күнгө созулат. Ымыркай мезгилинде эмчектин сүтү менен гана багуу керек, себеби эненин сүтүндө баланын өсүп-өөрчүшүнө керек болгон заттардын баары бар жана балдар аны жакшы өздөштүрөт. Бул мезгилде баланын киндигине өзгөчө көңүл буруп, күнүгө сууга киринтип, кийимин жана шейшептерин алмаштырып, жууп, үтүктөп турууга тийиш. Ата-эне баланы алуунун астында сөзсүз түрдө колун самындап жууп турушу зарыл.

Баланын эмчектеги мезгили. Эмчектеги мезгили бир жылга чейин созулат. Бул мезгилде бала отурганды, тике турганды, басканды, айрым сөздөрдү айтканды үйрөнөт. Ага сиңиримдүү тамак-ашты, көбүнчө сүт ботколорду, жаңы союлган малдын же тооктун сорпосун, жашылча - жемиштердин ширесин берүү зарыл. 2-3 жумадан кийин бала кыймылдай баштайт, ата-эне жана баланын ортосунда мамиле тыкыс болушу керек. Балага мээрим чачып сүйлөшүү керек. Айлана-чөйрөнү таанып билип жаткан балага жаңы нерселерди көргөзүү, жаңы нерсе менен тааныштыруу кийинки өөрчүшүнө зор түрткү берет. Уктаарында ыр ырдап берсе, ага көнүп бат тынчып уктап калат, өзгөчө бешикке салынган бала. 6-7 айдан кийин тынчы кете баштайт, себеби кыймылдагысы келип жөргөлөй баштайт, андан кийин басууга аракет кылып так турат. Колуна тийген үйдүн ичиндеги буюмдарга өзгөчө байкоо жүргүзө баштайт. Ошондуктан аларды жыйнап туруу зарыл. Кыргыздар илгертеден бери балдарын бешикке салып багышкан. Бешикке көнгөн бала мындай шартта тынч жана таза болот. Медициналык көз караш боюнча, баланын буту-колун таңуу баланын денесиндеги кан жүгүрүүсүнө тоскоолдук кылат. Бирок, бала уктаар маалында эле бешикке бөлөнөт, ойгонгондо чечип алып буту-колун кыймылдатат да, колго алат, же кийиндирип бош жаткызат.



2. Окутуу жана психологиялык онуугу деген эмне.

Балага тарбия беруу жашообуздун бир болугу болгон сон, ага чон маани берубуз абзел. Окуу иш-аракети билимдерди, көнүгүүлөрдү, ыктарды өздөштүрүүнүн, адамды тиричилик турмушка, эмгекке даярдоонун каражаты. Психиканын өнүгүүсүндө окутуу жана тарбиялоо процесстери негизги ролду ойношот. Окуу иш-аракети баланын акылынын активдүүлүгүнүн формасы болот. Окутуучу баланын активдүүлүгүн көнүгүүлөрдү, маалыматтарды, билимдерди угуп, кабыл алып, түшүнүүгө багыттайт. Уюшулган окуу иш-аракети ойдун өнүгүүсүндө анализдөөнү, корутундулоону, мурунку жана жаңы билимдерди салыштырууну негизинен окуу материалын түшүнүүнү камсыз кылган операцияларды талап кылат. Ошондой эле эс процессинин өнүгүүсүнө таасир этет. Окуу иш-аракетинде баланын чыгармачылык кыядануусу байып, бардык психикалык процесстер эркин мүнөзгө ээ. Окутууда баланын психикалык процесстери атайын белгиленген мөөнөттө активдүүлүккө өтөт. Окуу иш-аракети алгачкы күндөн баштап балада зарыл жана жоопкерчиликтүү эмгек катары каралат. Ошондуктан окуу иш-аракети балдардан эрктүүлүктү талап кылат. Окуу иш-аракетинде балдарда өзүн контролдоо, тартиптүүлук, өз алдынчалык ж. 6. инсандык сапаттары тарбияланат. Окуу иш-аракети тарбиялык мааниге да ээ болот. Окутуунун негизги милдети билимдердин негизин активдүү, аңсезимдүү, системалуу өздөштүрүүнү камсыз кылуу. Билимдерди өздөштүрүү процесси тарбиячы же мугалим тарабынан берилген билимдердин жыйындысын жөн гана кабыл алып, эске сактоо менен мүнөздөлбөстөн, башкалардын берген тажрыйбасын кабыл алып аңсезимдүү өздөштүрүүнүн өзгөчөлүгүн чагылдырат. Окуу ишаракетинде өздөштүрүлгөн түшүнүк, аны таанып-билүүчү ишмердүүлүк катары мүнөздөйт. Окутуу баланын тажрыйбасын, алган билимдерди текшерип, конкреттештирүүдө өбөлгө катары кызмат кылуучу иш-аракет.

Окуу иш-аракетти атайылап программалык талаптын негизинде тарбиячы же мугалим уюштуруп өткөрөт. Окуу баланын атайын багытталып жөнгө салынган ишаракети. Окутууда баланын аң-сезимдүүлүгү анын активдүүлүгүнүн формасы чагылдырылат. Окуу иш-аракетинде психикалык процесстердин калыптанышы окутуучу тарабынан багытталып жөнгө салынгандыктан аны уюштурууда баланын курактык жана жекече өзгөчөлүгү эске алынат. Окуу иш-аракетин көптөгөн психологдор изилдешкен.

3.Тарбиялоонун, окутуу жана психологиялык онугушунун байланыштары.

Л. С. Выготский окутуу менен өнүгүүнүн өз ара байланышын изилдеп, психиканын пайда болуп өнүгүүсүнүн социалдуулугуна өзгөчө маани берген. Анын ою боюнча баланын аракеттерден сырткы каражатына ээ болуусу чондордун көрсөткөн жардамынын, карым-катнашынын негизинде түзүлүп, окутуу өнүгүү процессин пайда кыла тургандыгын жана "өнүгүүнүн жакынкы зонасын" аныктоодо баланын ээ болгон билими, өз алдынчалыгы менен башкалардын көрсөткөн жардамынын айырмачылыгын белгилеген. Л. С. Выготский окутуу менен өнүгүүнүн байланыштуулугунда төмөндөгүлөрдү эске алган.

1. 0кутуу социалдык каражатка ээ болуу, бала менен чоңдордун өз ара кызматташтыгы.

2. 0кутуу өнүгүүнүн берилгендерине таянат.

З. Окутуу өнүгүүнүн негизин түзөт. Л. В. Занков окутуунун дидактикалык системасын илимий деңгээлде ачып берген. Бул система теориялык билимдерди жогорулатуу принцибине, окутуунун татаалдыгынын деңгээлине жана окуу материалын өтүү темпинин тездетүүгө таянат. Окутуунун дагы бир системасын Д. Б. Элькониндин жетекчилиги астында В. В. Давыдов иштеп чыккан. Алар окутуунун системасында ойлоонун илимий-теориялык тибин тарбиялоону далилдеген. Баланын акылынын өнүгүүсүндө окутуунун ролун психологдор НАМенчинская, ПЯ. Гальперин, ААЛюблинская, ДБ. Эльконин, В. ВДавыдов жб. лар илимий изилдешкен. Башка иш-аракет сыяктуу окуу эмгек менен байланышкан. Белгилүү илимдерди өздөштүрүү окуу иш-аракетинин мазмунун аныктайт. Билимдерди өздөштүрүү аң-сезимдүү, активдүү процесс, бала таанып билүү милдеттерин чечүүдө алган билимдерин өз тажрыйбасына байланыштырып карайт. Окуу иш-аракетинин психологиялык негизги болуп, баланын ар түрдүү мазмунундагы билимдерди өздөштүрүүсу жана бул билимдерди пайдалануусу саналат. Баланын өздөштүргөн билиминин деңгээли, мазмуну, татаалдыгы окутуунун психологиялык жагы. Балдардын билимдин белгилүу системасын өздөштүрүүсү окутуунун мазмунун аныктайт. Билимдерди өздөштүрүү берилген маалыматтарды эске сактоо менен чектелбестен, башкалардын берилген билиминин өзүнүн түшүнүгүнүн негизинде кабыл алып, кайра чагылдыруусу менен мүнөздөлөт. Өздөштүрүлгөн коомдук тажрыйбаны бала өзүнүн кичинекей тажрыбасы менен байланыштыруусу окуу шп-аракетинин негизи болот.

Баланын жашоо тиричилиги, билими чоң кишилердин уюштуруп багыттоосуна байланыштуу, эң кичине бөбөк чондордон үйрөнө баштайт. Ал басканга, заттарды туура пайдаланганга, сүйлөгөнгө гана үйрөнбөстөн, өзүнүн жүрүм-турумун башкаруугу аракеттенет. Башкача айтканда окутууда практикалык аракеттер жана психикалык аракеттер да түзүлөт.

Эң кичине бөбөктө окутуу жаш өзгөчөлүгүнө ылайык толук аң-сезимдүү багыттуу уюштурулбайт. Баланын толук өнүгүүсүн камсыз кылган окуу иш-аракетин багыттуу уюштуруу зарыл. Бул максатта окутуу менен өнүгүүнүн байланышын билип, баланы ар кандай жаш куракта эмнеге, кандайча окутууну аныктоо маанилүү.

Л. С. Выготский баланын акыл-эсинин өнүгүүсүндө окутуунун ылайык келишин "өнүгүүнүн жакынкы зонасы" деп белгилеген. Жөнөкөй байкоолор көрсөткөндөй эң кичине бөбөктүн билимдерди өздөштүрүү жөндөмдүүлүгү төмөн. Чындыгында эки жашар балага тамганын туура жазылышын көрсөтүп, үйрөтүү мүмкүн эмес. Окутуунун методу жашка ылайык түзүлүшү зарыл.

Мисалы, үч жашар балага кишинин сүрөтүн тартканды айтып түшүндүргөндө, ал түшүнбөйт, бирок кишини тартуунун жолун көрсөткөндө, ал сүрөттү окшоштурууга аракеттенет. Берилген мисалдар окутуунун ийгилиги, баланьш психикасынын өнугүү деңгээлине байланыштуу экендигин түшүндүргөнсүйт. Жөнөкөй байкоолорду негизинен мындай корутундулоо туура эмес. Мындай учурда психиканын өнүгүүсү менен окутуунун байланыштуулугун түшүндурүү мүмкүн эмес. Чындыгында баланын психикасы коомдук тажрыйбаны өздөштүрүп, ар кандай аракеттерге ээ болгондо өнүгөт. Мындай тажрыйба жана аракеттер окутууда өздөштүрүлөт. Демек окутуу өнүгүүгө ылайыкташпастан өнүгүүнү багыттап жөнгө салат. Окутуу өнүгүүнүн деңгээлин, жетишкендиктерин эске алуу менен анын кийинки багытын аныктайт. Окутуу "психиканын өнүгүүсүнөн озуп, анын алды жагында" жүрөт. Эгерде бала кагазды өзү ийри-буйру тарткан түшүнүксүз сүрөттөн өзүнө тааныш заттарды көрө билсе, окутуунун кийинки кадамында сүрөттү тартууда максаттуу аракеттер белгиленет. Баланы алдына максат белгилөөгө үйрөтүү зарыл. Психиканын өнүгүүсүндө окутуунун негизги ролу баланын жаңы аракеттерди өздөштүрүүсүндө эң алгач чондордун жетекчилиги жана жардамы менен, кийинчерээк өз алдынча аткаруусунан көрүнөт. Баланын чоңдор менен бирдиктүү аракети чоң кишилердин көрсөтүүсү, түшүнд үрүүсү аракетине кийлигишүүсү жана баланын иш-аракетти өз алдынча аткаруусундагы айырмачылык баланын "өнүгүүсүнүн жакынкы зонасы" деп белгиленет. Окутуунун ар бир жаңы кадамы баланын өнүгүү деңгээлине таянат жана өнүгүүнүн келечектеги жаңы өбөлгөсүн түзөт. Баланы сүйлөөгө үйрөтүүдө, биз анын угуу жана көрүү аркылуу кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн, чоңдорду окшоштуруп тууроосун, түшүнүгүн пайдаланабыз. Сөздү өздөштүрүү баланын психикасынын өнүгүүсүндө кескин бурулушту пайда кылып, окутуунун жаңы формасына өтүүгө шарт түзөт. Окутуунун жаңы формасы речтин таасири астында пайда болгон кабыл алуу жана ой процессине негизделет. Өнүгүүнүн деңгээлине терс таасирин тийгизген окутуунун формасы балага иретсиз берилген ар түрдүү билимдердин, маалыматтардын таасири астында пайда болот. Айрым учурда көп ырларды жаттаган, китептен аңгемелерди окуган беш-алты жашар балдар акылдуу көрүнөт. Ошол эле мындай "акылмандардын" көбү жөнөкөй мисалдарды чагылдырууга жана аны чыгаруунун жолун өздөштүрүүгө жөндөмдүү эмес. Окутуу психикалык өнүгүүдөн "озуп" алдыда болгондуктан, ал психикалык процесстердин өнүгүүсүнүн багытын аныктайт, белгилүү психикалык сапаттардын калыптанышын пайда кылып, мурун түзүлгөн сапаттардын кайра түзүлүшүнүн шарты болот. Мектепке чейинки балага ойдун конкреттүүлүгү, кабыл алууда бөлүктөргө ажырата албоо, эс менен көңүл буруунун эрксиздиги таандык. Психологиялык изилдөөлөрдө мындай өзгөчөлүктөр белгиленген. Балдар сүрөттөрдү жана заттарды өздөрүнүн тарткан сүрөттүн айрым бөлүктөрүн бир эле убакта камтып кайра чагылдыруусу мүмкүн эместиги белгиленген. Мектеп жашына чейинки бала бир нерсе жөнүндө ой жүгүрткөндө, өзүнүн мурунку тажрыйбасынын негизинде өзүнө тааныш заттардын өзгөчөлүгүнө таянат. Мисалы, энеси балага китептен "мышык" деген сөздү окуганда, бала "ал кайсы мышык?, кечээки кичинекей мышыктын энесиби?" деп сурайт. Мектеп жашына чейинки балдар башкалардын айтканына караганда өзүнө кызыктуу иш-аракетте, оюн иш-аракетинде материалды тез эске сакташат. Кабыл алуунун, ой процессинин, көңүл буруунун, эстин сапаттары баланын жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу каралып, мектепке чейинки окутуунун элементин ага ылайыктоонун зарылчылыгы белгиленген. Бирок психологдордун кийинки мезгилдеги изилдөөлөрүңдө мындай сапаттар окутуунун адаттагы өзгөчөлүгүнүн натыйжасында пайда болгондугу ачылган. Балдар үчүн тандалган билимдер конкреттүү заттарды жана алардын касиеттерин баяндап айтып берүүменен чектелген, мындай айтып берүүжакындатылган мүнөздө болгон. Берилген материал майда бөлүктөргө бөлүнүп эске сактаганда көп ирет кайталанган. Окутууну өзгөртүү психикалык сапаттардын кайрадан түзүлүшүнө алып келген. А. А. Венгер, А. В. Запорожец, В. С. Мухина өздөрүнүн изилдөөлөрүндө атайын уюшулган сенсордук тарбия башкача айтканда тарбияны кабыл алуунун өнүгуүсүнө багыттоо, баланы заттардын сырткы касиеттерин текшерүүгө үйрөтө тургавдыгын белгилешкен. Кабыл алууда бала заттардын айрым касиеттерин, анын бөлүктөрүн жана толуктугун ажыратып көрө билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Акыл тарбиясын туура уюштуруу баланы ойдун конкреттүүлүгүнөн, айлана-чөйрөдө кубулуштардын негизги аныктоочу сапатын бөлүп көрө билүүгө, ой жүгүртүп жана өз алдынча корутундулоого мүмкүндүк берет . Балдар бакчасындагы системалуу окутууда балдарда эрктүү көнүл буруунун жөнөкөй формасы, атайын эске тутуу жана тарбиячыны ынтаа коюп угуу, айткандарын аткаруунун ыгы түзүлөт. Демек, окутуу психикалык пр оцесстердин өнүгүү багытына таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул баланын жаш өзгөчөлүгүн эске албай, окуу иш-аракетин уюштуруу дегендик эмес. Окуу психиканын өнүгүү жолун толук камсыз кылып, ар бир жаш куракта анын өнүгүүсүнө мүмкүндүк берет. Баланын жашына ылайык окутуунун ар түрдүүлүгү тандалмалуулугу, билүүнүн жогорулашы менен айырмаланат. Белгилүү куракта психиканын өнүгүүсүнө окутуу таасир этет. Мындай мезгил өнүгүүнүн сензитивдүү курагы деп аталат. Баланын сүйлөө речинин сензитивдүү мезгили белгилүү. Бир жарымдан үч жашка чейинки куракта речьжеңил өздөштүрүлөт, баланын жүрүмтурумуна жана кабыл алуу, ой сыяктуу психикалык процесстерге негиздүү өзгөрүүлөрдү киргизет. Кандайдыр бир себептерге байланыштуу бала үч жашар мезгилге чейин сүйлөбөсө, кийинчерээк речти өздөштүрүүсү көптөгөн кыйынчылыктарды пайда кылат. Баланын тилинин кеч чыгышы анын психиканын өнүгүүсүнө тоскоолодук кылат. Аларда көптөгөн иш-аракетте жана психикалык процесстердин өнүгүүсүндө артта калуу байкалат, ойдун жана кабыл алуунун өнүгүүсү кечигет. Бул белгиленген кемчиликтерди жоюуда баланы сүйлөөгө үйрөтүүдө жана өнүгүүнү башка жактарын камсыз кылууда талыкпаган психологиялык педагогикалык эмгек зарыл. Окутуунун жаңыдан калыптана баштаган психикалык сапаттарга таасир этиши, өнүгүүнүн сензитивдик мезгилинин болушу менен түшүндүрүлөт. Бул мезгилде калыптанган сапаттарды кайрадан өзгөртүүгө караганда жаңы түзүлө баштаган сапаттарга таасир этүү жеңил өтөт. Азыркы мезгилде окутуунун бардык түрүндө сензитивдик мезгил аныкталган эмес. Мектепке чейинки куракта кабыл алуунун, образдуу ойдун өнүгүүсүнө таасир эткен окутуунун бардык түрлөрү сензитивдүү экендигин аныктаган фактылар бар. Психиканын өнүгүүсүнүн негизги мазмуну болуп, ички психикалык каражаттарды иш жүзүнө ашыруу же аткаруучу аракеттер саналат. Бул аракеттер сырттан белгиленген аракеттерден келип чыгат. Балдардын тигил же бул аракеттерди өздөштүрүүсүндө, алардын керектөөсүнө жана кызыгуусуна ылайык келген белгилүү бир иш-аракетке катышуусу зарыл. Мындай мыйзам ченемдүүлүктү билүү окутууда баланын психикасынын өнүгүүсүнө белгилүү деңгээлде көмөк көрсөтүүчү шартты, аныктоого мүмкүндүк берет. Демек, окутуу психиканын өнүгүү шарты боло алат. Балдарда аткаруучу каражаттарды иш жүзүнө ашыруу аракеттеринин калыптанышына өзгөчө көнүл буруп жана аларды курактык өнүгүүгө ылайыктолук пайдалануугатийшы. Окутуудагы өнүгүүнүн борбордук бөлүгү болуп, балдар мектепке барганга чейинки оюн, сүрөт тартуу иш-аракетинде аткарылуучу каражаттарды иш жүзүнө ашырууну калыптандыруу аракеттери саналат. Бул аракеггер заттардын касиети жана кубулуштарды анализдөөгө оюнда жүрүм-турумду, сүрөт тартууда, чаптоодо ойпикирлерди бере билүүгө багытталат. Баланын иш-аракетинин түрлөрүнүн практикалык бөлүгүндө (сүрөт тартуунун каражаты, заттарды жана оюнчуктарды пайдаланууда) аракеттерди системалуу үйрөтүү зарыл, ансыз ишаракет аткарылбайт. Бирок бул аткарылуучу каражаттардын калыптанышы менен байланыштуу каралат. Мындай өзгөчөлүктү эске албаганда окутуунун деңгээли, баалуулугу төмөндөп өнүктүрүүчү мааниси жеткиликтүү болбойт. Айрым ата-энелер жана балдар бакчасынын тарбиячылары окутууда баланы даяр үлгүнү тууроого машыктырууга аракеттенишет. Баланы тарбиячынын берген үлгүсү менен сүрөт тартууга үйрөтүп, ал түгүл, ойногондо, тигил же бул ролду аткарууда алардын жүрүм-турумун чектегени байкалат. Баланын өз алдынчалыгынын чектелиши кабыл алууну, ой жүгүртүүнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук кылса, экинчи учурда баланын таанып-билүүсүн багыттап активдештирүүгө мүмкүндүк бербейт.

Баланы өз алдынча таанып билүүгө, заттардын касиеттерин салыштырып, корутундулоого үйрөтүүдө белгиленген милдеттерди татаалдаштыруу маанилүү орунга ээ. Мындан тышкары ишаракеттин бардык түрлөрүнө өз алдынча сүрөт тартууда, ролдук оюндун мазмунун ача билүүдө чыгармачылыктын элементин балдарга бере билүү маанилүү. Бул мезгилде иш-аракеттин чагылдыруучу жана чыгармачыл жактары бири-бирине карамакаршы болбостон, тескерисинче биринчисинин өркүндөшү, экинчисинин калыптанышынын негизи катары кызматкылат. Бала заттардын жана кубулуштардын өзгөчөлүктөрүн канчалык жеңил жана туура кабыл алып, сүрөттө чагылдырса, анын чыгармачыл ойпикирди түзүп, турмушка ашыруу мүмкүнчүлүгү жогору. Бирок баланын иш-аракетинин түрлөрү жети жашка чейин ага зарыл билимдерди жана көнүгүүлөрдү өзүнө сыйдыра албайт.

Ошондуктан, балдар бакчасында окутуунун түрү катары оюн ыкмаларын, сүрөт тартууну ж. б. кеңири пайдалануу менен катар, балдарга акырындык менен жаңы нерселерге үйрөтүү максатында окуу тапшырмалары берилүүгө тийиш. Окуу милдеттеринин аткарылышы алардын кызыгуусунун пайда болушуна негизделет. Окуу милдеттери математиканын элементин, жаратылыштын кубулуштары ж. 6. менен тааныштырууга багытталат.

Бардык учурда окуу иш-аракетинде өнүгүүнүн принциби толук сакталат, биринчиден аткарылуучу каражаттарды иш жүзүнө ашыруу аракеттеринин калыптанышы үчүн кам көрүлөт. Мисалы, математиканы окутуунун элементин өтүүдө баланы сандык мамилени бөлө билүүгө үйрөтүү негизги мааниге ээ. Белгиленгендей, аткарьшуучу каражаттарды иш жүзүнө ашыруу аракеттеринин калыптанышы аларды сырткы формада өздөштүрүүдөн башталып, кийинчерээк интериоризациянын натыйжасында сырткы аракеттер, ички психикалык процесске өтө баштайт. Ошондуктан окутууда өнүгүүчү тигил же бул тапшырмаларды аткарууда көмөк көрсөткөн сырткы каражаттарды жана ыктарды пайдалануунун жолун иштеп чыгууну болжолдойт. Пирамиданы чогултууда аны иш жүзүнө аткаруудагы баланын сырткы аракеттеринин, кийинчерээк ал керектүү шакекчелерди бири-бирине ченөө менен чектелсе, кийинчерээк ал керектүү шакекчелерди көрүп тандоого өтөт.



4.Жыйынтыктоо.

Биз бул «Бала тарбиялоо» темасынан коптогон озумо керек болуучу маалыматтарга ээ болдукЭ. Пландарда буйруса биз эне болгон учурубузда, наристелуу болгондон тарта балабызга кантип туура тарбия беруубуз керектигин жана канткенде мыкты адам кылып чонойтуубуз зарылдыгын тушундум. Жана дагы ар бир жаш курагында норматив кандай экендигин жана канча жашында канча соз суйлоп калуусу, салмасы канча болуусу зарылдыгын окуп билдим. Балабыз канча жашында кандай кризиске кабылуусу жана ал кризистен кантип чыгаруу, жакшы жолго багыт беруу милдетибиз экендигин тушундум.

Балдар чонойуу учуру этаптарга болунуусу томондогучо болот: 1.Бобоктук курак. 2.Эрте жаш курак. 3.Мектепке чейинки курак. 4. Оспурум курак. 5.Улан-кыздар курак. 6. Жаштык курак. Ж.б.

Бул курактарда балдар оз учурунда кантип мамиле кылуу керектигибиз, алардын оюн толук кандуу угуп жана ар бир суроосуна жооп беруубуз абзел. Баланы оз эркине койуп, адилеттуулукко, чынчылдыкка, озуно ишенууго тарбиялап, туура багыт беруубуз керектигин окуп тушундум.

























Адабияттар:

1. Н.Чолпонкулова, Камчыбек уулу Мырзабек, А.Акмолдоева, Т. Байтикова, Ч.Исакова, Г.Абдумомунова. «Курак психологиясы» Бишкек, 2011.

2. С Абдураимова «Баланын мектепке окууга даярдоодо уй-булоонун ролу». Ош 2000

3. Интернет булактары.