Ɵтүлгɵн теманы кайталоо:
Сɵз айкашы деген эмне?
Алар кандай сɵз түркүмүнɵн түзүлɵт?
Мааниси боюнча байланышкан эки же андан кɵп
сɵздɵр сɵз айкашы деп аталат.
Алар ар кандай сɵз түркүмдɵрүнɵн түзүлɵт.
Мисалы:
жашыл арча- сын атооч+зат атооч.
он бала- сан атооч+зат атооч.
сууга түштү- зат атооч+этиш.
Бүгүнкү ɵтɵ турган темабызды цифралардын жардамы менен табабыз
й с м ɵ ү л
3 1 6 5 2 4
6
М
3
5
Ө
Й
1
2
4
Ү
Л
C
Сабактын темасы: Сүйлѳм
- Сүйлɵм жɵнүндɵ түшүнүк алабыз
- Сүйлɵм түзгɵндү үйрɵнɵбүз
- Сɵздɵн сɵз жаратып, сүйлɵм түзɵбүз
Бүткѳн бир ойду билдирген сѳз, же бир нече сѳздѳрдүн айкалышы сүйлѳм деп аталат. Мисалы: Бак-дарактар бүчүр байлады. Биз алардын түбүн жумшарттык, сугардык.
Акыра менен кодолек
Алыскы-алыскы Африка деген жерде, кулак угуп, кɵз кɵрбɵгɵн чɵлдɵ, абдан тентек бир кодолек жашады. Бир күнү ал оюн салып бара жатып, акырага жолукту. Анын асман тиреген узун моюнуна таңыркап, минтип сурады:
-Акыра, акыра! Сага мынчалык куркуйган узун моюндун эмне кереги бар?
Акырага кодолектин суроосу жакпай калды.
-Аны билгиң келсе жүр, артымдан ээрчи!-деди ал кыжырданып. Кодолек акыраны ээрчиди, акыра алдыга түштү. Экɵɵ кайдадыр бир белгисиз тарапка жɵнɵштү. Кɵп ɵтпɵй, какыраган чɵлгɵ да жетишти. Анан алар чɵл аралап жүрүп отурушту. Ɵздɵрү абдан чарчап, карындары ачты. Бир кезде жашыл десе жашыл, бийик десе бийик ɵскɵн жалгыз даракка туш болушту. Акыра моюнун созуп, жалбырак үзүп жеди.
-Бах! Абдан даамдуу жалбырак тура!-деди ал кодолектин шилекейин агызып. Аны кɵргɵн кодолектин оттогусу келди.
1-к өнүгүү
Суроолорго жооп бергиле:
1.Текстте канча сүйлѳм бар?
15 сүйлѳм бар
- Акыра, акыра!
3. Эң узун сүйлѳм канча сѳздѳн куралыптыр?
Алыскы-алыскы Африка деген жерде, кулак угуп, кɵз кɵрбɵгɵн чɵлдɵ, абдан тентек бир кодолек жашады.
2-көнүгүү
Тексттен коделектин акыраны капа кылган сɵзүн тапкылачы. Алар кандай сүйлɵмдɵр?
-Акыра, акыра! Сага мынчалык куркуйган узун моюндун эмне кереги бар?
3-көнүгүү
Табышмакты тапкыла. Канча сүйлɵм бар? Австралия талаасын, Саякаттап табасың. Чɵнтɵгүндɵ баласын, Кɵргɵндɵ таң каласың. Эки колун кɵтɵрүп, Буту менен кете алат, Муну кимдер чече алат?
4-көнүгүү
Сɵздɵн сɵз жаратып, алардан сүйлɵмдɵрдү түзɵбүз.
АКЫРА
Айжан ак кɵйнɵк кийди.
АК-
КАР-
Кыш мезгилинде кар кɵп жаайт.
Арыктын жээгине гүлдɵр ɵстү.
АРЫК-
Асандын кара машинасы бар.
КАРА-
СҮЙЛƟМ ТҮЗƟБҮЗ
Акыра Африка чɵлкɵмүндɵ жашайт.
Анын моюну узун.
Ал дарактардын жалбырактары менен тамактанат.
Аңгемени андан ары уланткыла. Жаз Жаз мезгили мага абдан жагат. Жазында .......
Аңгемени андан ары уланткыла. Жаз Жаз мезгили мага абдан жагат. Жазында б ак дарактар бүрдɵп, айлана жандана баштайт. Күн жылып, куштардын сайраганы угулат.
Сɵздɵрдɵн сүйлɵмдɵрдү түзгүлɵ.
Биз, кɵчүп, кирдик, жаңы, үйгɵ.
Биз жаңы үйгɵ кɵчүп кирдик.
Жана, жарык, ичи, кенен, Үйдүн.
Үйдүн ичи кенен жана жарык.
Коюлган, кооз, гүлдɵр, Терезелерге.
Терезелерге кооз гүлдɵр коюлган.
Бизге, абдан, жагат, бул, үй.
Бизге бул үй абдан жагат.
1. Кодолек менен акыра кайсы жерде жашады?
в) Америка
а) Азия
б) Африка
г) Европа
2. Акыра кодолекке эмне үчүн кыжырданды?
а) боюнун кыскалыгы
б) суроосу жакпай
в) көп сүйлөгөнү
г) кыйкырганы
3. Бах ! Абдан даамдуу жалбырак тура! деп кайсы жаныбар айтты?
г) коён
б) акыра
в) төө
а) кодолек
4. Кодолек эмне үчүн акырадан жардам сурады.
а) ысып кетти
б) чарчап
в) курсагы ачып
г) үшүп кетти
5. Кодолек акырадан эмне кылганы үчүн кечирим сурады.
а) алдап кеткени
б) орунсуз суроо бергени
в) ыйлап жибергени
г) ойноп отурганы
6. Чөнтөгүнө баласын салып алган кайсы жаныбар?
г) кенгуру
а) акыра
б) коёнек
в) пингвин
Демек, балдар бүгүнкү сабагыбызда сүйлɵм жɵнүндɵ түшүнүк алдык. Сүйлɵм түзгɵндү үйрɵндүк жана сɵздɵн сɵз жаратып, сүйлɵм түзɵ алдык.
Тапшырма
Сүрɵт боюнча аңгеме түзүп, аны атагыла. Канча сүйлɵм колдондуңар?
Көӊүл бурганыӊыздарга чоӊ ыракмат!