СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйлөм, анын негизги белгилери. (5-класс)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сүйлөм, анын негизги белгилери.  (5-класс)

Просмотр содержимого документа
«Сүйлөм, анын негизги белгилери. (5-класс)»

Сабактын темасы: СҮЙЛӨМ, АНЫН НЕГИЗГИ БЕЛГИЛЕРИ Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: окуучулар сүйлөм, анын негизги белгилери жөнүндө түшүнүк алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: ар бир сүйлөм өзүнчө интонация менен айтыларын жана тыныш белгилерин үйрөнүшөт.

Тарбия берүүчүлүк: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлоого жана нандын улуулугун баалоого, эмгекчилдикке, ынтымактуулукка, достукка тарбияланышат.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ... а) сүйлөм, анын негизги белгилерин атай алса;

б) сүйлөм түзө алса жана интонацияга ылайык тыныш белгисин коё алса. в) нандын ыйыктыгын билип, ынтымакты, достукту сактай билсе.

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк:

    • сүйлөмдөрдү маанилери, айтылыш максаттары жана интонациясы боюнча ажыратат;

    • интонацияга ылайык тыныш белгилеринин коюлушун үйрөнөт.

Кептик компетенттүүлүктөр:

    • сүйлөмдүн түрлөрү боюнча мисал келтире алат;

    • тексттерден жай, суроолуу, буйрук жана илептүү сүйлөмдөрдү ажы- рата алат.

Маданий компетенттүүлүк:

    • макал, лакап, учкул сөздөрдүн маанисин түшүнүп, баалай билет.

    • оозеки кепте интонацияга ылайык туура сүйлөөгө калыптанат.

Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.

Сабактын методу: айтып берүүчүлүк-түшүндүрүүчүлүк метод. Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Өтүлгөн теманы кайталоо. Мугалим окуучуларды жаңы темага даярдоо үчүн алар менен аңгемелешүү жүргүзүүдөн баштаса да максатка ылайык болот: Сүйлөм деген эмне?

  1. Сүйлөм эмнелерден куралат?

  2. Каалаган эле сөздөрдүн топтому сүйлөм боло алабы?

  3. Сүйлөмгө кандай тыныш белгилер коюлат? Ар бирине мисалдар келтиргиле.

Жаңы тема: Сүйлөм толук маанилүү бир ойду билдирет. Анын тутумундагы сөздөр жана сөз айкаштары бири-бири менен дайыма байланышта болот. Каалаган эле сөздөрдү жана сөз айкаштарды топтосок сүйлөм боло албайт, себеби ал толук мааниге ээ эмес. Ар бир сүйлөм өзүнчө интонация (тыным) менен айтылып, араларына чекит коюлат. Сүйлөм айты- лыш максатына жана берген маанисине карай жай, суроолуу, буйрук жана илептүү деп бөлүнөт.

Окуу китебиндеги 108–109-көнүгүүдө берилген тексттер топтор тарабынан аткарылат да, сүйлөмдүн бүткөн чегин аныктап, интонацияга ыла- йык тыныш белгисин коюшат. 2-топ «Кандай адам кейикчээл» деген текст- ти көркөм окуп, андагы интонацияга көңүл бурушат. 3-топ «Биле жүр» деген текстти окуп, кандай сүйлөм экендигин ажыратышат.

110-көнүгүү жазуу жүзүндө аткарылып, берилген сөздөрдү жана сөз айкаштарын катыштырып сүйлөм түзүшөт. Андан баш мүчөлөрүн аныкта- шат. Сабактын кийинки бөлүгүндө 1-топ 111-көнүгүүнү окуп, интонация- сына көңүл буруу менен, нандын улуулугун даңазалап беришет.

  1. топ 112-көнүгүүдө берилген сүйлөмдөрдү маанисине карап, тиешелүү сөздөрдү пайдалануу менен толукташат. Ошол эле учурда улуттар аралык достук, ынтымак тууралуу өз ойлорун талкуулашат.

  2. топ 113-көнүгүүдө берилген таблица боюнча үлгүдө көрсөтүлгөндөй мисалдарды келтирип, сүйлөм жана сөз айкашынын айырмачылыгын талкуулашат.

Окуучулардын билимин баалоо критерийдин негизинде жүргүзүлөт.

Окуучунун билим көрсөткүчтөрү аркылуу баалоо:
  • эрежени билип, аны пайдалана алышы;

  • сүйлөмдү бири-биринен айырмалашы;

  • сүйлөм, анын түрлөрүн мааниси боюнча ажырата алышы;

  • жоопторунун так жана тууралыгы;

  • өзүнүн оюн далилдеп бере алышы;

  • тексттен жай, суроолуу жана илептүү сүйлөмдөрдү аныктай алышы;

  • тиешелүү тыныш белгилерин коё билиши.

Үй тапшырма: 114-көнүгүүдө берилген мисалдардын негизинде сөз, сөз айкашы жана сүйлөмдүн бири-биринен болгон айырмачылыгын түшүндүрүп беришет.