СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суйлом толуктоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Суйлом толуктоо»

Аты-жөнү______________________________________ Класс________________

Сүйлөмдү толуктоо

1.Экономикасы ____ өлкөлөрдө билим берүү системасы _____ болбогондуктан, ал өлкөлөрдө жумушсуздук ______ көрүнүш.

а)жакшы өнүккөн/ жакшы эмес/мыйзам ченемдүү. б) өнүгүп келе жаткан/күчтүү/туура эмес в)такыр өнүкпөгөн/ бошоң/жийиркенерлик г)начар өнүккөн/анчейин жакшы/кадимкидей эле

2. Абанын ____ мөңгүлөрдүн ээрип кетүүсүнө ______. Ошондуктан, абаны ____ чаралары көрсөтүлүш керек.

а) тазалануусу/түрткү болбойт/тазалоо б) кирденүүсү/себеп болот/тазалоо в) уулануусу/шарт түзөт/дизинфекциялоо г) нымдуулугу/байланыштуу/туура пайдалануу

3. Бир өлкөдө китепке болгон суроо-талап ______ болсо, ал өлкөнүн элин сабаттуу деп _____.

а)көп/айтсак жанылышабыз б)жок/эсептөө күмөндүү в)аз/санасак болот г)бар/санайбыз

4. Дүйнө жүзүнүн 3/4 бөлүгүн суу элейт. Ошондой болсо да, акыркы учурда суу ____ мамлекеттердин саны ____.

а)артыкчылык кылган/азаюуда б) көбөйгөн/жетишсиз в)жетпеген/көбөйүүдө г)жете турчу/жогорулоодо

5. Кыргыздар жылкыны асыраганга, мингенге гана өзгөчө маани _____ , атка минүүдө керектелүүчү буюмдарга да өтө этият мамиле жасашкан.

а) бербестен б) бергендиктен в) берсе г) бербегендиктен

6. Элеттик кыргыздарга атка байланыштуу улуттук оюндар арбын. Кээ бирлери аскердик машыгуулардан улам ____ , кээ бирлери согуш өнөрүнө __

а)пайда болсо/туура келбейт б) келип чыкса/тиешеси жок в) пайда болсо да/тиешелүү г) келип чыккандыктан/туура келет

7. Адам, тамекини __ __чексе, никотинге ____ - тамеки чекпей калса __ .

а)аз убакытка/көпбөйт/кыйналышы мүмкүн б)кээде гана/көнүшү мүмкүн/жүдөйт в)узак убакытка/көнүп алат/кыйналат г)күндө/муктаж болот/аябай жүдөйт

8. Фашисттик өлкөлөрдө ____ режим негизги болгондуктан, ал өлкөлөр демократияга ар дайым ____ келишкен.

а)монархиялык/терс көз-караш б) коммунисттик/үндөп в)гитлердик/колдоо көрсөтүп г)диктаторлук/каршы болуп

9. Кыргыздарда кыз узатуу, уулун үйлөндүрүү ата-эненин __ __болуп __. Бул салтыбыз азыркы заманга чейин ___.

а)парзы/эсептелинген/сакталып келүүдө б)милдети/эсептелген эмес/жетип келди колдонулуп в)укугу/саналган/колдонулуп келүүдө г)чечими/саналчу/сакталган жок

10. Айрым адамдар __ себептерден улам алкоголдук ичимдиктерди колдонот: айланасындагылар менен болгон чыр-чатактар, түшүнбөөчүлүк, жалгыздык ж.б.у.с. Мындай абал алкоголь таасири менен бираз __, бирок, __.

а)турмуштук/басаңдайт/көп өзгөрбөйт б) ар кандай/бузулат/оңолбойт в)туура эмес/оорлойт/дайыма эмес г)психологиялык/жеңилдейт/пайда чыкпайт.

1 1. Казылып алынуучу отундун ашкере __ колдонулушу айлана-чөйрөнү __ зор таасирин тийгизет, абанын булганышы жана кислоталык жарандардын жаашы ___.

а)ашыкча/кирдетүүдө/күтүлбөйт б)көп/булгоодо/коркунучтарды туудурууда в)аз/бузууда/күтүлүүдө г)жетишсиз/тазалоодо/алдына алууда

12. Улут өз эне тилинин кадыр баркына __ , башка жат тилдердин алдында __ болсо, улут катары ___ айдан ачык.

а)жетпей/тизе бүгө турган/жоюлуп кетери б)татыбай/баш ийе турган/жашабагандыгы в)жетип/моюн сунбай турган/жаралышы г)татып/туруктуу боло турган/жөнгө салынбоосу

13. Экспорттун __ өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизет. __ , импорттун санын __ , товарды эспорттоого __ .

а) көптүгү/бирок/кыскартып/да болбойт б)жоктугу/демек/азайтпай/көңүл буруш керек в)аздыгы/ошондуктан/азайтып/басым жасаш керек г)жетишсиздиги/ошол себептүү /көбөйтүп/жалтоо болбош керек

14. Кээ бир өлкөлөрдө жергиликтүү жумушчу күчү __. __ ,ал өлкөлөр мигрант жумушчуларга ___.

а)ашыкча/андыктан/пайдасыз б)жетишсиз/ошол себептүү/муктаж в)арбын/демек/бай г)аз/себеби/көз каранды

15. Дүйнөдө таланттуу, билимдүү адамдар көп экени __. __, ал адамдар өз талантын бир багытка __, алган билимин турмушта ___, алардын эч кимге пайдасы тийбейт.

а)талашсыз/Бирок/жумшабаса/колдонбосо б) күмөндүү/Себеби/бурбайт/колдонбойт в)калп/Анткени/жумшай бербейт/колдоно бербейт г)чындык/Ошондуктан/бурса/колдонсо

16. Монополисттин чарба жүргүзүүдөгү башкы стратегиялык максаты -сатуудан __, ошондой эле, ___ алууу.

а)сапаттуу товар/минималдуу зыян б)максималдуу киреше/максималдуу пайда в)көп суроо-талап/үзүлбөгөн кардар г)көп товар/

17. __ адам башкалардын, көңүл буруусуна, түшүнүүсүнө __.Себеби эч бир адам байкалбай, көмүскөдө калууну __.

а)бир да/маани бербейт/эңсебейт б) кээбир/зарыл/туура көрбөйт в)ар бир/муктаж/каалабайт г)бардык/муктаж эмес/ойлобойт

18.балдардын бала бакчага барышы алардын интеллектин __ .Ошондуктан, билим берүү тармагын оңдойбуз десек, приоритет катары, мектепке чейинки билим алууну ___.

а) көбүрөөк арттырат/өнүктүрүү керек б)эртерээк өстүрөт/тандаш керек в)кыйла азайтат/токтотуш керек г)бираз жакшыртат/ойлонуш керек

19. Биздин заманда көптөгөн улуттук баалуулуктар __ ,аларды элге жайылтуу, изилдөө иштери __ жүрүп, тескеринче сырттан кирген маданияттар, ___ , басымдуулук кылып келет

а) көмүскөдө калып/азыраак/тилекке каршы б) баркталып/көбүрөөк/эмнегедир в)баркын жоготуп/ийгиликсиз/бактыбызга жараша г)чоң мааниге ээ болуп/бат-бат/элди сүйүнтүп

20. Кар жааганда аба _ турат. _ , кар көп жааган жерде, кар аз жааган жерлерге караганда, аба _.

А) нымдашып/ Себеби/суугураак Б) тазаланып/ Демек/ тазараак В) салкындап/ Ошондуктан/ нымдуураак Г) кирден арылып/ Бирок/ кирсиз

21. Өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүү саясатчыларыбыздын гана _: аны өнүктүрүү биздин да _.

А) колунан келбейт/ максатыбыз Б) иши эмес/ милдетибиз В) парзы эмес/ тилегибиз Г) милдети/ колубуздан келе бербейт.



22. Шекер организмибизге _ азыктардын бири. Бирок, анын _ колдонулушу ден-соолукка _.

А) зыян келтирчү/ аз/ пайда алып келет Б) пайдасы жок/ көп/ жардамын тийгизет В) пайда алып келчү/ жетишсиз/ терс таасир тийгизет Г) эң керектүү/ ашыкча/ зыян келтирет

23. Дүйнө жүзүндө жети миңден ашуун тил бар. Бирок, эксперттердин билдирүүсү боюнча, ар бир эки жумада бирден тил _. Кыргыз тили да келечекте _.

А) жаралып турат/ жаңы тилдердин бири болот Б) өнүгүп турат/ өнүгө турчулардын бири В) жоголуп турат/ жоголуп кетүү коркунучунда Г) унутулуп турат/ түшүнүксүз болуп калат

24. Таштандыны кайра иштетип чыгаруу экономикага _. Муну Япония, Австрия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө байкай алабыз

А) оң таасирин тийгизет Б) көп зыян келтирет В) өтө маанисиз нерсе Г) туура эмес көрүнүш

25. Кыргызстанда жарандар _ менен камсыздалбагандыктан, алар чет өлкөлөргө кетип иштөөгө _ болушат.

А) ыңгайлуу жерлер/ макул Б) жакшы жумуш/ аргасыз В) жетишсиз иш/ мажбур Г) завод-фабрикалар/ аргасыз

26. Мугалимдин окуучуга карата кылган _ __мамилеси окуучунун сабагына болгон ___ .

А) жаман/ сүйүүсүн эч жоготпойт Б) адилеттүү/ адилетсиздигин жоготот В) ийкемдүү/ кызыгуусун арттырат Г) кайдыгер/ тырышчаактыгын көбөйтөт

27. _ __кызматкерлердин ордуна караганда командага эң таланттуу, ишенимдүү жана жалпы максатка кайдыгер карабаган ___ кишилерден турган команда топтогонуңуз оң.

А) көп сандагы/ аз гана Б) .пайдасыз/ жалко В) аз сандагы/ көп сандагы Г) балит/ акылдуу

28. Таарынычты ___, ___ туура эмес. _ __таарыныч зыяндан башка эч нерсе алып келбейт.

А) ичке катпоо/ кек сактоо/ Бетке айтылган Б) унутпоо/ өч алуу/ Унутулбаган В) көңүлгө албоо/ көз жуумп коё берүү/ Бат жоюлган Г) ичке катуу/ көпкө сактоо/ Ичке катылган

29. Ата-бабаларыбыздын бизге _ __таштап кеткен асыл тилибизди бизден кийинки урпактарга _ __- биздин _ __.

А) сактоого/ сактап калуу/ максатыбыз Б) мурас катары/ жеткирип берүү/ милдетибиз В) салт боюнча/ калтырып кетүү/ парзыбыз Г) байыртадан/ жеткирүү/ салтыбыз

30. Агып жаткан булактын суусун ичүү _. _ ал сууда ден-соолукка _ бар болуп калышы ыктымал.

А) пайдалуу/ Анткени/ зыянсыз витаминдер Б) коркунучтуу/ Себеби/ зыяндуу мителер В) зыяндуу/ Балким/ пайдасыз заттар Г) болбойт/ Демек/ коркунучтуу курттар

31. Мобилдик байланыш антенналары биздин үйлөрүбүздү _ нурлары менен каптап турат. Алар адамдардын жандуу клеткаларына _ тийгизет, акырында адам _.

А) көрүнгүс/ масштабдуу таасирин/ бу дүйнө менен коштошот Б) зыяндуу/ терс таасирин/ оор илдеттерге чалдыгат В) электромагниттик/ психологиялык таасирин/ нерв ооруларына кабылат Г) пайдалуу/ пайда/ дени чың болуп калат

32. Антибиотиктер оору алып келчү бактерияларды жок кылууга көмөктөшөт. Бирок аларды көп колдонсок, алар бактерияларды өлтүрүү сыпатын _ да, ден-соолукка _ болуп калат.

А) өркүндөтүшөт/ өтө пайдалуу Б) жоготот/пайдасыз В) жакшыртышат/ зыянсыз Г) калтырат/ зыян

33. Кээ бир жумуштарды _ аткаруу керектигин жана аны башка _ мүмкүн эместигин билсек деле, баары бир _. Жыйынтыгында ал үчүн өзүбүздү жемелейбиз.

А) тез/ бирөөгө жасатуу/ жалкоолукка алдырып коёбуз Б) убактысында/ күнгө калтыруу/ тобокелге салабыз В) өзүбүз/ бир адам жасашы / кичүүлөргө жасатабыз Г) өз учурунда/ убакка жылдыруу/ эртеңки күнгө калтырабыз

34. Адам укугун жана эркиндигин улутуна, расасына, динине _ сактоо, коргоо _ маселе болуп саналат. _ ар бир коомдо дискриминация бекем орун алган

А) ылайык/ орчундуу/ Бирок Б) карабай/ актуалдуу/ Ага карабастан В) таянып/ масштабдуу/ Себеби Г) бөлбөй/ пайдасыз/ Ошондуктан

35. Психикалык оорулар мээ ишинин бузулуусунан _. Бирок бардык эле бузулуу психикалык ооруларды _. Мисалы айрым _ ооруларында мээ жабыркаганы менен психиканын бузулуусу _.

А) келип чыгат/ пайда кылбайт/ нерв/ байкалбайт Б) пайда болот/ жарата бербейт/ руханий/ боло бербейт В) өркүндөйт/ күчөтпөйт/ психиканын/ өзгөрбөйт Г) пайда боло бербейт/ пайда кылат/ мээ/ дайыма байкалат

36. Ар бир нерсенин өз нормасынан _ колдонулушу кандайдыр бир _ көрсөтөт. Ден-соолукка пайдалуу деген спорт менен да _ машыгуу көптөгөн ооруларды _.

А) көбүрөөк/ терс таасирин/ көп/ айыктырбайт Б) азыраак/ пайдасын/ аз/ жаратпайт В) сырткары/ жакшы жерин/ дайыма/ жок кылат Г) ашыгыраак/ зыянын/ ашыкча / пайда кылат

37. Төрт түлүк малдын кээ бир породаларынын туягы, териси өтө _ болот. Ал породалардагы мал атайын _ сарайларда багылганга _.

А) калың/ желдетилген/ көнүп калган Б) оор/ курулган/ үйрөтүлгөн В) жука/ жылууланган/ ылайыкталган Г) жумшак/ оор шарттагы/ мажбур болушат

38. Акыркы учурда балдарга карата жасалган зордук-зомбулук _ жатат. Буга эң негизги себептердин бири - үй-бүлөлүк баалуулуктардын _ .

А) азайып/ туруктуу болгондугу Б) чыңалып/ бош абалы В) көбөйүп/ жоголуп баратканы Г) жоголуп/ көңүлгө алынуусу

39. Жеке бюджетти _ пландап, аны _ пайдаланууну билген адамдар кайсы чөйрөдө иштебесин, анын майын чыгара иштей алары _

А) жакшы/ жакшы/ белгилүү Б) туура эмес/ туура эмес/ мүмкүн эмес В) туура/ туура/ шексиз Г) чала/ чала/ мүмкүн

40. "Манас" эпосу - кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган _ чыгармасы. Бул эпос - кыргыз элинин дүйнөлүк _ казынасына кошкон эң зор _. 

А) тарыхый/ адабият/ эмгеги Б) эпикалык/ маданият/ салымы В) баатырдык/ баалуулуктар/жардамы Г) оозеки/ искусство/ чыгармасы

41. Боз үй - жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл _ жерде : мейли _ , мейли _ болсун, жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үй.

А) үчүн ыңгайлуу/ суукта/ ысыкта Б) туура көргөн/ жайлоодо/ кыштоодо В) эркин жүргөн/ тоолуу/ токойлуу Г) каалаган/ тоодо/ түздө



42. Кургак учукту козгогучтардын бир нече түрү (кишиники, бодо малдыкы жана канаттуулардыкы ж. б.) белгилүү. Адамдар _ кишинин кургак учугу менен оорушат, бирок _ _ кургак учугу менен да жабыркашы _. 

А) дайыма/ эч качан/ башка жаныбарлардын/ мүмкүн эмес Б) көбүнчө/ көп учурда/ канаттуулардын/ байкала бербейт В) көбүнесе/ дайыма/ айбандардын/ боло бербейт Г) негизинен/ кээде/ бодо малдын/ мүмкүн

43.Окуучунун жекече кызыгуусуна, шыгына, ден соолугуна жана коомдогу социалдык экономикалык өзгөрүүлөрдүн талаптарына _ аны аң-сезимдүү кесип тандап алууга даярдоого _ комплекстүү иш-чаралар көп - көптөн _ .

А) ылайык/ багытталган/ көрсөтүлүп турушу керек Б) баш ийген/ көрсөтүлгөн иш чаралар/ түзүлүүдө. В) жараша/ сарпталган/ ишке аша баштады Г) карабай/ жумшалган/ жүргүзүлүшү зарыл

44. Адам коому жана адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерди изилдөөдө социологдор интуицияга, ишенимдерге же уккандарга _ , алар адам коомунун тиричилигин _ жолу менен алынган илимий маалыматтарга _.

А) көңүл бурбастан/ изилдөө/ гана таянышат Б) гана эмес/ окуп үйрөнүү/ көңүл бурушат В) эч таянбастан/ чагылдыруу/ басым жасашат Г) көңүл бурушат/ көрсөтүү/ таянышат

45. Адам өзүнүн _ чектелүү экендигин _, ал ага тартылып баштаганда, _ болгон сүйүү – философия жаралат.

А) мүмкүнчүлүгү/ билгенде/ эмгекке Б) акылы/ мойнуна албай/ акылмандыкка. В) укугу/ ойлонуп/ жашоого Г) билими/ түшүнгөндө/ даанышмандыкка

46. Билим берүү – билимдерди _ жана _ багытталган адамдардын аракеттеринин _.

А) алуу/ берүүгө/ системасы Б) окуу/ үйрөнүүгө/ жыйындысы В) билүү/ өздөштүрүүгө/ бири Г) түшүнүү/ окууга/ стратегиясы

47. "Жамийла" повестиндеги окуянын лирика-романтикалык маанайда баяндалышынан улам повестти адабиятчылар “кара сөздөгү _ же прозадагы _” деп да атап коюшат.

А) поэзия/ ыр Б) чыгарма/ повесть В) сүйүү/ тагдыр Г) махабат/ турмуш





48. Күндүн тартуу күчүнүн таасиринен _ башка _ сыяктуу эле, Жер тегеректен бир аз айырмаланган эллипс боюнча Күндү _. А) космомтогу/ кометалар/ тегеренет Б) галактикадагы/ планеталар/ курчап турат В) Күн системасындагы/ телолор/ айланат Г) ааламдагы/ заттар/ тегеректейт

49. Адамдын _ активдүүлүгүнөн  табияттын булганышы айлана-чөйрөнү _ маселесине чоң көңүл бурууга жана Экологиялык изилдөөлөрдүн кеңейишине _ .

А) таасирдүү/ сактоо/ себеп болду Б) өндүрүштүк/ коргоо/ түрткү берди В) табигый/ жакшыртуу/ шарт болду. Г) күнүмдүк/ тазартуу/ таасир этти

50. Бардык адамдар өз беделинде жана укуктарында _ жана _ укуктуу болуп жаралат. Алардын аң-сезими менен абийири бар жана бири-бирине _ мамиле кылууга

А) азатту/ бирдей/ адилеттүү/ аргасыз Б) эркин/ тең/ бир туугандык /тийиш В) жөнөкөй/ эркин/ туура эмес/ мүмкүнчүлүк берилбейт Г) эгемендүү/ туура / жаман/ тыюу салынат

51. Желбирөөч, сөйкө,  шакек,  билерик,  ж.б. _ кыздын _ буюмдарынын жалпы бир бүтүмүн түзөт да, алар кыз себинин _ .

А) күйөөгө аттануучу/ зер/ ичине кирет Б) турмушка чыгуучу/ кымбат/ негизин түзөт В) үйлөнүүгө даярдануучу/ баалуу/ түрлөрү болот. Г) узатууга даярданган/ зергер/ арасында турат

52. Өрмөчүлүк (өрүмчүлүк) — ат жабдыктарын узануудагы _ эски _ бири. Бул көркөм _ татаал түрүнө кирет.

А) маданий/ салттарынын/ чыгармачылыктын Б) элдик/ ыкмаларынын/ кол өнөрчүлүгүнүн В) салттык/ өнөрлөрдүн/ маданияттын Г) турмуштук/ методдорунун/ эмгекчиликтин

53.Азия — Жер _ аянты жана калкынын _ боюнча _ дүйнө бөлүгү.

А) планетасындагы/ жыштыгы/ эң көп Б) жүзүндөгү/ көптүгү/ эң алдыңкы В) үстүндөгү/ популяциясы/ эң күчтүү Г) шарындагы/ саны/ эң чоң





54. 2010-жылдагы 7-апрель окуясы президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына каршы _ өкүлдөрүнүн революциялык _ _ анын бийлигинин _ жана Убактылуу өкмөттүн _ алып келген.

А) парламент/ усулунун/ натыйжасында/ бузулушуна/ өнүгүүсүнө Б) режимдин/ маанайынын/ себебинен/ жоголушуна/ пайда болушуна В) оппозиция/ кадамдарынын/ жыйынтыгында/ кулашына/ орношуна Г) элдик/ иштеринин/ айынан/ таркашына/ өрчүшүнө

55. Парламент — _ мамлекеттердеги өкүлчүлүк кылуучу жана мыйзам чыгаруучу жогорку _ жалпы аталышы.

А) бардык/ составдын Б) буржуазиялык/ өкүлдүн В) көпчүлүк/ палатанын Г) демократиялык/ органдын

56. Жылына Жер шарында Жер титирөөлөрдүн саны жүз миңдеп саналат. Алардын көпчүлүгү _ катуу _, адамга _ .

А) бираз/ болгондуктан/ сезиле бербейт Б) өтө / болбогондуктан/ көп байкалат В) дайыма/ болгондуктан/ көп байкала бербейт Г) анчалык/ болбогондуктан/ анча сезилбейт

57. Ислам дини пайда болгондон бери мусулмандар _ _ мамиле жасашат. _ ислам динин _ дин деп айтсак жаңылбайбыз.

А) динге/ жоопкерчилик менен/ Себеби/ эң тура Б) тазалыкка/ карата туура мамиле/ Бали/ эң кирсиз В) гигиенага/ өтө кылдаттык менен/ Ошондуктан/ эң таза Г) дүйнөгө/ туура көз караш менен/ Ошол себептүү/ эң акылдуу

58. Вирустар ачык чөйрөдө _ . _ алар башка организмдин клеткаларынын ичинде _ , көбөйүшөт .

А) өтө тез көбөйөт/ Себеби/ жай өөрчүп Б) өөрчүп-өнүгө албайт/ Ошондуктан/ гана жашап В) аз жашашат/ Бирок/ эле жүрө алышат Г) көпкө чейин жашашат/ Анткени/ да өмүр сүрүшөт

59. Мектептердин _ сабатсыз муундун _ жол берет. Бул, өз учурунда, кылмышкерлердин көбөйүүсүнө _ . Эгерде мындай болуп кетсе, абактардын санынын _ таң калаарлык болбой калат.

А) көбөйүүсү/ азаюусуна/ таасир этет/ азаюусу Б) жабылышы/ өсүшүнө/ түрткү болот/ өнүгүүсү В) аздыгы/ көбөйүүсүнө/ алып келет/ жогорулашы Г) жыштыгы/ жоюлуусуна/ жол бербейт/ төмөндөшү

60. Интернеттин жардамы менен ар кандай форматтагы билдирүүлөрдү, маалыматты сактоону жана алмашууну ишке ашыра алабыз . _ интернет - түрдүү кызыкчылыктар менен бириккен адамдардын _ байланыш айдыңы.

А) Ошондой эле/ виртуалдуу Б) Анткени/ дүйнөлүк желе В) Анын үстүнө/ коммуникациялык Г) Негизи/ алыстан

61. Өсүмдүк менен азыктанган жаныбарларды _, жырткыч жаныбарлардын популяциясы кескин _. Жырткычтардын _ табигый балансты бузат. Ошондуктан адам баласы табигатка _ керек.

А) көбөйтсөк/ азаят/ жоктугу/ туура мамиле кылышы Б) тукум курут кылсак/ жогорулайт/ көптүгү/ кол салбашы В) көп жайылтсак/ көбөйөт/ көбөйүүсү/ аяр мамиле жасашы Г) кырып салсак/ төмөндөйт/ аздыгы/ кийлигишпеши\

62. Ыр түрүндө жазылган «Манасты» башка эпостордон айырмалап турган өзгөчөлүк — ырды үн созуп _ зор күч, ички сезим, мимиканы кеңири _ аткарууга _ .

А) айтканга караганда/ пайдаланып/ ылайыкташкандыгы Б) айткандын ордуна/ көрсөтүп/ болгон мүмкүнчүлүгү В) айтканга окшоштуруп/ колдонуп/ болгон эркиндиги Г) айтканы менен/ чыгарып/ жеңил болгондугу

63. _ ар бир ата-эне өз баласын нукура кыргыз тилинде сүйлөөгө _, кыргыз тилинин келечеги зор болмок. _ , биздин заманда руханий баалулуктарыбыз _ .

А) Дүйнөдө/ машыктырса/ Бирок/ каралбай жатат Б) Эгерде/ умтулса/ Ошондуктан/ баркталышы керек В) Балким/ үйрөтсө/ Тилекке каршы/ бааланбай келет Г) Өлкөбүздө/ көндүрсө/ Андыктан/ эске алынмакчы

64. _ «Христостун туулган күнү» деп аталган учурдан башталат. Мындай жыл саноо бүгүнкү күндө дүйнөдөгү мамлекеттердин _ кабыл _ ,мусулман өлкөлөрүндөгү жыл саноо Мухаммед пайгамбардын (САВ) Меккеден Мединага көчкөн 622-жылдан _ .

А) Жаңы заман/ баарында/ алынган болсо/ гана башталат Б) Биздин эра/ көпчүлүгүндө/ алынса да/ тарта эсептелет В) Христиандардын доору/ көбүндө/ алынганы менен/ баштап саналат Г) Азыркы убак/ бардыгы/ алган болсо да/ калып калган

65. Оптимист адамдар пессимисттерге караганда ийгиликке _ жетишишет. Себеби алар өз күчтөрүнө _ , башка адамдардын ойлору менен _ . А) дайыма/ таянышат/ алек болушат Б) азыраак/ ишенишпейт/ макул болушпайт В) чанда/ таяна алышпайт/ жашашат Г) көбүрөөк/ ишенишет/ чектелип калышпайт

66 _ биология — _ орто жана жогорку окуу жайларында окутулуучу стандарттык _ болуп саналат.

А) Негизи/ өнүккөн өлкөлөрдө/ илим Б) Дүйнөдө/ бардык/ программа В) Учурда/ дүйнө жүзүндө/ предмет Г) Мектепте/ көпчүлүк/ сабак

67. Ар бир нерсенин өз нормасынан _ колдонулушу кандайдыр бир _ көрсөтөт. Ден-соолукка пайдалуу деген спорт менен да _ машыгуу көптөгөн ооруларды _ .

А) көбүрөөк/ терс таасирин/ көп/ айыктырбайт Б) азыраак/ пайдасын/ аз/ жаратпайт В) сырткары/ жакшы жерин/ дайыма/ жок кылат Г) ашыгыраак/ зыянын/ ашыкча/ пайда кылат

68. Кыргыздар _ ылайык боз үйдүн _ түрүн кабыл алышкан. 

А) тоо-ташка/ жыйылма Б) көчкөнгө/ кичинекей В) суукка/ жылуу Г) жашоо шартына/ жүктөмө

69. Адамдын экологияга тийгизген _ өтө кооптуу : адамдын айынан _ токойлор _, жаныбарлардын миңдеген түрлөрү _.

А) жамандыгы/ толтура/ жок болду/ кырылды Б) залакасы/ бардык/ кырылды/ тим болду В) кызматы/ миллиондогон/ өрттөлдү/ өлдү Г) таасири/ көптөгөн/ кыйылды/ жоголду

70)___ ___ кошулуусу ___.

А)анархисттердин/ демократттарга/ адаттагы көрүнүш Б)имамдардын / атеисттерге/ ажеп эмес В)эркектердин/ феминисттерге/ таң калыштуу көрүнүш Г)уурулардын / кылмышкерлерге/ адаттан тышкаркы көрүнүш

71)____ мезгил талаптарына жана убакытка, аймакка жана барчу жерге, окуялардын жана көрүнүштөрдүн мазмунуна жооп бериши керек.

А)Тамак-аш Б)Кийим В)Акча Г)Дары-дармек

72. Жер бетинин 71 % океан _ ээлейт. Калган бөлүктөрү кургак _ жана _ турат.

А) жерлери/ жерлерден/ Антарктидадан Б) мейкиндиги/ материктерден/ континенттерден В) суулары/ континеттерден/ аралдардан Г) алкагы/ топурактан/ жерлерден



73. Табигый кырсыктар — капысынан болуп, адам баласынын _ _ табияттын алаамат кубулуштары. _ _ табият кырсыктары адамдын иш-аракетинен да болушу мүмкүн.

А) оюна/ эч келбеген/ Демек/ көпчүлүк Б) аракетине/ баш ийбеген/ Бирок/ айрым В) тагдырына/ кол салган/ Ошондой эле/ кээ бир Г) өмүрүнө/ коркунуч алып келген/ Андай болсо да/ бир да

74. Акыра - кургактыктагы эң _ жаныбар. _ , анын узун мойнундагы омурткаларынын саны өзүнөн бир канча эсе _ келген адамдыкы менен _ .

А) узун/ Ошндуктан/ кыскараак/ тең Б) чоң/ Анткени менен/ кичине/ окшош В) бийик/ Андай болсо да/ кыска/ барабар Г) алп/ Ошентсе да/ алсыз/ бирдей

75. Биздин оюбуз боюнча, аюулар адамды тамак катары санашат. Бирок бул болгону _ . Аюу, адам анын _ киргенде гана, өз _ коргоо же аны _ максатында гана кол салат.

А) стереотип/ территориясына/ тукумун/ жеринен айдоо Б) жаңылыштык/ үңкүрүнө/ балдарын/ коркутуу В) калп/ аймагына/ мамалагын/ качыруу Г) жомок/ айланасына/ үңкүрүн/ өлтүрүү

76. Биздин комуз _ арасында эң байыркы _ бири.

А) кыргыз калкынын/ салттуу аспаптардын Б) Орто Азия элдеринин/ руханий мурастын В) түрк элдеринин/ музыкалык аспаптардын Г) жергиликтүү калктын/ маданий мурастын

77. Ысык-Көл суусунун алдында байыркы урандылар бар экендиги көпчүлүккө кеңири _ болгону менен, ал шаар жакшы _ .

А) белгилүү/ изилденилген Б) таанылбаган/ сакталган В) белгисиз/ сакталган Г) маалым/ изилденилбеген

78. Абанын температурасынын _ , кар катмарынын _, өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнүн тиричилигиндеги өзгөрүшү , негизинен, _ айында _.

А) төмөндөшү/ калыңдоосу/ күз/ башталат Б) ысышы/ жоголуусу/ жай/ токтолот В) муздашы/ топтолуусу/ кыш/ сакталат Г) көтөрүлүшү/ эриши/ жаз/ байкалат



79. Кээ бир жайыттарда жаан-чачындын _ улам, пайда болгон нымдуулук _ болгондуктан, кошумча сугаруу _ .

А) көптүгүнөн/ ашыкча/ мүмкүнчүлүгү түзүлөт Б) жетишсиздигинен/ жок/ керек болот В) аздыгынан/ жетишсиз/ муктаж болот Г) молдугунан/ көп/ керектелет

80. Жаш келиндердин улууларга _ барып, кол берип, колун бекем кысканга караганда, эки колун _ , _ коюшу эмне деген сылыктык, назиктик!

А) кашкайып/ бооруна алып/ ийилип Б) чуркап/ салаңдатып/ жүгүнүп В) уялып/ артына алып/ баш ийип Г)тартынбай/көкүрөгүнө коюп/ урмат көрсөтүп

81. Адамдын популяциясынын _ , экологиянын _ , _ пайда болушу жан-жаныбарларга _ жаратууда.

А) азайышы/ оңолуусу/ ветеринарлардын/ жашоого мүмкүнчүлүк Б) көбөйүшү/ бузулушу/ браконьерлердин/ жагымсыз жагдайларды В) кыскарышы/ өркүндөшү/ зоопарктандын/ оң таасирин Г) жогорулашы/ кирдеши/ уучулардын/ өлүм-житим

82. Капитализм 15-кылымда Италия менен Голландияда гана пайда _ , 16-кылымда ал бүткүл Европага орной баштаган. 

А) болгондугу үчүн Б) болор замат В) боло турса да Г) болгону менен

83. Жаныбарларды _ жандыктар деп атоо _ . Көпчүлүк жаныбарлар, _ , ойношот, кайгырышат, эмоцияларын билдире алышат. Атүгүл, кээ бири ситуацияга жараша реакция көрсөтө алат.

А) жөндөмсүз/ туура эмес/ бизге окшоп эле Б) акылсыз/ жаңылыштык/ адамдар сыяктуу эле В) акылдуу/ туура болот/ адамдардан айырмаланып Г) жөндөмдүү/ ката эмес/ бизден айырмаланып

84. Бир аалым : "Кооз кийимдерди көрдүм, _ адамы жок, кооз адамдарды көрдүм, _ кийими жок",- деп айткандай, кийим адамда негизги эмес экенин _ .

А) кийинген/ кийерге/ барктап билели Б) бирок/ бирок/ унутуп баратабыз. В) ичинде/ сыртында/ эстен чыгарбайлы Г) кадырлуу/ жакшынакай/ билбей калбайлы

85. Эгерде соода түйүнү талапка жооп бере тургандай деңгээлде _ , ага чейинки рекламалык иш-чаралар максатына _ .

А) уюштурулса/ калып калат Б) өткөрүлбөсө/ ашпай калат В) уюштурулбаса/ жетпей калат Г) өткөрүлсө/ жетип калат

86. Америкалык _ _ боюнча, бир күндө океан бетинен атмосферага 1 000 000 тоннадан ашык суу _ .

А) метеорологдордун/ эсептөөлөрү/ буу түрүндө көтөрүлөт Б) океанологдордун/ айтышы/ жаан түрүндө түшөт В) окумуштуулардын/ далилдери/ булут сымал жогорулайт Г) спутниктердин/ көрсөтүшү/ куюлуп түшөт

87. Кийим текчеси толтура болсо да, кийимим _ деп _ аз эмес. Аларды ысырапкор деп айтсак _ .

А) аз/ ойлогондор/ туура болбойт Б) кир/ кийбегендер/ жаңылышпайбыз В) көп/ араздангандар/ да болот Г) жок/ наалыгандар/ ашыкча болбос

88. Экономикалык кризистин _. Себеби андан чыгуу үчүн жаңы технологияны, жаңы уюштуруу иштерин ойлоп чыгаруу зарылдыгы _ .

А) зыяны көп/ жок болот Б) пайдасы да бар/ пайда болот В) зыяны да бар/ жаралат Г) пайдасы көп/ жоголбойт

89. Эл арасында бака-жылан жеп, эмчи-домчуга көрүнүп шыпаа издегендер _. _ кээде мындай аракеттин арты кайгылуу бүткөн учурлар да _ .

А) арбын/ Бирок/ аз Б) аз/ Себеби/ көп эмес В) көп/ Бирок/ жок эмес Г) бар/ Себеби/ жок





























Суйлом толуктоо(Жооптору)

1-Г 2-Б 3-Б 4-В 5-А 6-Б 7-в 8-г 9-а 10-а

11- б 12-а 13-в 14-б 15-а 16-б 17-в 18-а 19-а 20-б

21-б 22-а 23-в 24-а 25-б 26)в 27)а 28)г 29) б 30)б

31)б 32) б 33)г 34)б 35)а 36)г 37)в 38)в 39)в 40)а

41)а 42)г 43)а 44)а 45)г 46)а 47)а 48)в 49)б 50)б

51)а 52)б 53)г 54)в 55)г 56)г 57)в 58)б 59)В 60)а

61)г 62)а 63)а 64)б 65)г 66)в 67)г 68)г 69)г 70)в

71)б 72)в 73)б 74)в 75)а 76)в 77)г 78)г 79)в 80)а

81)б 82)г 83)б 84)в 85в 86)а 87)г 88)б 89)в