5
-стратегия: Сүйлөмдөрдүн айкалышуусу менен оюн
Балдар адабияты: начар окуган окурмандарды шыктандыруу жана шар окууну жакшыртуу үчүн оюн
Дифференциация: процесс, окуу чөйрөсү, мазмуну
ОУД: презентация, өз ара аракеттенүү, иш-аракет, билдирүү
Окутуунун максаты:
Окуучулар кичинекей топто балдар адабиятынан үзүндүлөрдү чогултуп, жайгаштырышат: (1) сүйлөм артынан сүйлөм, (2) сөз айкашынын артынан сөз айкашы (3) сөздүн артынан сөз боюнча.
Окуучулар сүйлөмдөрдү бири-бирине дал келтирүү жана иретке келтирүү менен, шар окууга жана окууну түшүнүүнү практикалашат.
Окуучулар сүйлөмдөрдүн, сөз айкаштарынын, сөздөрдүн туура ырааттуулугун негиздешет.
Окутуунун күтүлүүчү натыйжалары:
Максаттуу класс (тар): 1-4-класстар
Керектүү материалдар:
Тексттин татаалдыгынын деңгээлине таянып, кенже башталгыч класстарга арналган балдар адабияты чыгармасынын текстинен класстын көпчүлүк окуучуларын кызыктырган эки абзацты тандасаңыз болот (спорт, машиналардын иши, видео оюндар жөнүндө илимий-популярдуу текст болушу мүмкүн).
Уюштуруу формасы: Класстык жана жекече
Стратегияны колдонуу жол-жобосунун баяндалышы
Пландаштыруу:
Мугалим өз классынын окуучулар үчүн кызыктуу балдар адабиятынын текстинен жок дегенде эки-үч абзацты тандайт. .Абзацтар окуганга татаал болушу мүмкүн.
Мугалим ар бир абзац үчүн Google Slides, Google Draw же Power Point программаларынын жардамы менен, өзүнчө сүйрөп таштоо оюнун түзөт. Төмөнкү кадамдар ар бир сүйрөп таштоо оюну үчүн арналган.
Мугалим абзацты, ар бир сүйлөм үчүн ар кандай түстөгү шрифт же бөлүп көрсөтүүнү пайдалануу менен слайддын жарымына терип жазат.
Мугалимге кеңеш: Абзацты окуучулар кыймылдай албаган туруктуу фонго айландыруу үчүн, мугалим слайдды сүрөт катары сактап, андан кийин башка слайдга көчүрүп алса болот. Андан соӊ мугалим биринчи слайды алып салып жана жаңы слайддын ишин улантышы керек.
Мугалим сүйлөм тилкелерин абзацтагы сүйлөмдөй эле бирдей түстө же бөлүп көрсөтүү менен арттагы планда кыймылдуу объекттер катары даярдайт. Мугалим абзацтын оң жагындагы арттагы планда сүйлөм тилкелерин туш келди жайгаштырат. Окуучулар ушул слайддарга айрым фразаларды туура иретте жайгаштыруу менен сүйлөмдөрдү (абзацты) чогултушат.
Мугалим абзацтагы ар бир сүйлөм үчүн кошумча слайддарды даярдайт, анын үстүндө мурункудай эле туруктуу фондук слайды түзүү процесси жүрүп, андан кийин кыймылдуу объект катары фразаларды терет. Окуучулар ушул слайддарга айрым фразаларды туура иретте жайгаштыруу менен сүйлөмдөрдү (абзацты) чогултушат.
Мугалим ар бир сүйлөмдө ар бир фраза үчүн кошумча слайддарды даярдайт, анда мурункудай эле туруктуу фондук слайды түзүү процесси жүрөт жана айрым сөздөр кыймылдуу объект катары киргизилет. Окуучулар ушул слайддарга айрым фразаларды туура иретте жайгаштыруу менен сүйлөмдөрдү (абзацты) чогултушат.
Мугалим класстагы ар бир кичи топ үчүн экинчи абзац үчүн иштин көчүрмөсүн даярдайт.
Мугалим ар бир топко экинчи абзац үчүн оюндун көчүрмөсүн берет.
Сабакка чейин:
Мугалим окуучулар оюндарга өзүлөрүнүн компьютерлери, планшеттери же телефондору аркылуу жеткиликтүүлүккө ээ болуусуна байкоо жүргүзөт.
Сабакты алып баруу
Бүт класс:
1-кадам. Мугалим класстын бардыгы менен Moodle, Google Meet, Zoom же башка чогулуш үчүн онлайн-бөлмөдө жолугушат. Мугалим окуу максаттарын жана күтүлүүчү натыйжаларды түшүндүрөт: Кийинки 20 мүнөттүн ичинде окуучулар балдар адабиятынан өзүнө тарткан же кызыктуу үзүндүлөрдү окууга машыгуу үчүн, оюндарды ойношот.
2-кадам. Мугалим биринчи абзац үчүн оюнду колдонуу менен, оюнду кантип ойноо керектигин моделдештирет. Мугалим абзацты окуйт, окуучулар абзацтын текстине ылайык сүйлөм тилкелерин коюшу керектигин түшүндүрөт. Окуучулар сүйлөмдөрдү туура тартипте жайгаштыра турганын мугалим түшүндүрөт.
3-кадам. Мугалим абзацтын биринчи сүйлөмүн үн чыгарып окуйт. Андан кийин мугалим суроо берет: Биринчи сүйлөмдү сүйлөм тилкелеринен таба аласыӊарбы? Мугалим бул сүйлөмдү конверттен табууну суранат. Мугалим сурайт: «Бул биринчи сүйлөм экенин кайдан билесиңер?» (окуучулардын мүмкүн болгон: жооптору: «Сөздөр ошондой эле» деп жооп берет.) Мугалим суроо берет: «Силер кийинки сүйлөмдү таба аласыӊарбы?» Окуучулар табышат. Мугалим ушул сүйлөм боюнча ошол эле суроолорду берет. Процесс үзүндү толугу менен чогултулуп, абзац түзүлгөнгө чейин улана берет. Андан кийин окуучулар абзацты хор менен окушат. 4-кадам. Мугалим кийинки слайдка өтүп, ар бир сүйлөм сөз айкаштарынан тургандыгын түшүндүрөт. Мугалим сүйлөмдү соллдон баштап окуйт жана оӊ жактагы фразалар туура эмес жайгашканын түшүндүрөт. Мугалим: «Бул биринчи фраза экенин кайдан билесиңер?» - деген сыяктуу суроолорду бериши мүмкүн. Мугалим сол жактагы сүйлөмгө оң жактагы сүйлөмдөр дал келиши үчүн кантип сүйрөй тургандыгын моделдештирет. Мугалим окуучулардан кайсы фразаларды сүйрөнүү улантуу керектигин суроо менен, төмөнкү слайддарда сүйлөмдөрдү курууну улантат.
5-кадам. Сүйлөмдөр толукталып, абзац түзүлгөн учурда, мугалим кийинки слайдка өтүп, ар бир сөз айкашы сөздөрдөн турарын түшүндүрөт. Мугалим окуучулардан бөлүктөрдөн сүйлөм түзүп, абзац текстинин мисалына ылайык куруп берүүнү суранат. Мугалим «бул биринчи сөз экенин кайдан билесиӊер? .- деген сыяктуу суроолорду бериши мүмкүн. Мугалим сол жактагы сүйлөмгө оң жактагы сүйлөмдөр дал келиши үчүн кантип сүйрөй тургандыгын моделдештирет. Мугалим окуучулардан кайсы фразаларды сүйрөнүү улантуу керектигин суроо менен, төмөнкү слайддарда сүйлөмдөрдү курууну улантат.
6-кадам. Сүйлөмдөр аяктаган учурда, мугалим жана окуучулар жакшы аткарылган ишти белгилесе болотт! Окуучулар абзацты кайрадан эле хор менен окуса болот.
7-кадам. Мугалим окуучуларга кийинки абзац үчүн оюнду өз алдынча ойной тургандыгын айтат. Мугалим классты топторго бөлөт, дисктеги кайсы оюн аларга таандык экендигин ар бир топко кабарлайт. (Мугалим сабактын алдында оюндарды атап же номурлап койсо болот).
8-кадам. Мугалим топторго слайддар боюнча өтүп, оюн ойноого 20 мүнөт убакыт берет.
9-кадам. Мугалим окуучулардын жетишкендиктерине байкоо жүргүзөт, керек болгондо жардам сунуштайт (Мугалим топтомдогу бардык слайддарды сорттоо функциясынын жардамы менен кайрадан карай алат).
Үй тапшырма:
Окуучулар биринчи слайдда өздөрү жараткан абзацты үйдөн окушат:
Варианттар:
Стандарттын деңгээлинен төмөн окуучулар (же тилди жаңыдан үйрөнгөндөр): Окуучулар өз деңгээлине жараша жөнөкөй үзүндүнү калыбына келтирип окуй алышат. Мугалим бул окуучуларга кичи топто байкоо жүргүзө алат.
Стандарттын деңгээлиндеги окуучулар: мурунку деңгээлдеги окуучулар менен бирдей.
Стандарттын деңгээлинен жогору окуучулар: Окуучулар өз деңгээли үчүн үзүндү окуй алышат жана кайрадан түзө алышат.
2