Кыргыз тили
3-класс
Ɵтүлгɵн темаларды кайталоо
Суроолорго жооп бергиле. 1. Сүйлѳмдүн баш мүчѳлѳрү кайсылар? 2. Сүйлѳмдүн ээси деп эмнени айтабыз? 3. Баяндооч деп эмнени айтабыз? 4. Алар кандай суроолорго жооп берет?
Сүйлɵмдɵгү сɵздɵр баш жана айкындооч мүчɵлɵрдɵн турат. Сүйлɵмдүн баш мүчɵлɵрүнɵ ээ жана баяндооч кирет.
Сүйлɵмдүн ээси
Сүйлɵмдɵ ойдун негизин билдирип турган сɵз сүйлɵмдүн ээси деп аталат. Ал ким?, эмне?, кимдер?, эмнелер?, кимиси?, эмнеси? Деген суроолорго жооп берет.
Мисалы: Зарина үй тапшырмасын жазды. Ким?- Зарина
Сүйлɵмдүн ээси бир түз сызык менен сызылат.
Сүйлɵмдүн баяндоочу
Ээнин кыймыл-аракетин, ал-абалын билдирген сɵздɵр баяндооч деп аталат. Эмне кылды?, эмне кылып жатат?, кандай? деген суроолорго жооп берет.
Мисалы: Азим сабагын жакшы окуйт. Азим эмне кылат?- окуйт.
Сүйлɵмдүн баяндоочу эки түз сызык менен сызылат .
Сабактын темасы: Сүйлѳмдүн айкындооч мүчѳлѳрү
Жалаң жана жайылма сүйлѳмдѳр
- Жаңы тема жɵнүндɵ түшүнүк алабыз.
- Аларга мисалдарды келтиребиз.
- Берилеген тапшырмаларды туура, так аткарганга арекет кылабыз.
Ээ менен баяндоочтон башка сɵздɵр айкындооч мүчɵлɵр боло алат. Алар ээ менен баяндоочту жандап, айтылып жаткан ойду аныктап, толуктап, бышыктап турушат.
Мисалы: Куруш сом сыяктуу эле акчаны билдирет.
Эмне? Куруш- сүйлɵмдүн ээси . Эмне кылат? Билдирет- сүйлɵмдүн баяндоочу . Калган сɵздɵр- сом сыяктуу эле акчаны деген сɵздɵр айкындооч мүчɵлɵр .
Айкындооч мүчɵлɵр толкун сызык менен сызылат.
Ээ менен баяндоочтон гана турган сүйлѳм жалаң сүйлѳм деп аталат.
Мисалы: Чолпон уктады .
Жайылма сүйлѳм баш жана айкындооч мүчѳлѳрдѳн түзүлѳт.
Чолпон таттуу уктады .
Кичинекей Асан жана апасы
деген текстти
андан ары улантабыз.
Апасы кагаздагы эсепти окугандан кийин Асанга эч нерсе дебейт. Кечинде Асан үстɵлдүн үстүнɵн 250 куруш кɵрүп абдан кубанып чɵнтɵгүнɵ салып алат. Акчанын жанында бир кагаз жаткан болот. Ал кагазда: Асандын апасына тɵлɵй турган каразы деп жазылып, булар тизмеленген экен: 10 жыл үйдɵ бактылуу жашагандыгы үчүн- эч нерсе, 10 жыл үйдɵн жеген тамагы үчүн- эч нерсе. Ооруганда караганы, чыгымдары үчүн –эч нерсе. Жакшы апасы бар болгону үчүн-эч нерсе. Бардыгы биригип –эч нерсе. Кичинекей Асан кагазды окуп, абдан уялып, ыйлаган бойдон апасын кучактап алып, кечирим сурайт да, 250 курушту апасынын чɵнтɵгүнɵ кайра салып коёт.
Сɵз үйрɵнүү
Куруш-акча
Чыгым-сарптоо
Байланыш түйүнү-телефон менен байланыш жайы
Тексттеги окуя кандай аяктады?
Асан кандай бала экен?
Сɵздɵн сɵз жартып, жалаң жана жайылма сүйлɵм түзгүлɵ.
Ы Р АА З Ы Ч Ы Л Ы К
СƟЗ Жалаң сүйлɵм Жайылма сүйлɵм
ЫР-
Мен ырдадым. Мен апама арнап ыр ырдадым.
Аары ызылдайт. Аарынын уюгуна тийсең ызылдайт.
ААРЫ-
ЫРЧЫ-
Ырчы ырдады. Ырчы эл алдына чыгып ырдады.
Ребустарды жандыргыла.
Аракети жок жалкоо балдар ушундай бааларды алышат.
Силер аларга кошуласыңарбы?
...
...
. ..,
. . .,
.. . .,
. . ...,
. ...,
Ж И П
А Ч КЫЧ
Э ЧКИ
К АТ
ҮЛ Ү Л
ҮЧ
ЭКИ
Сүйлɵмдү толуктагыла.
Биз …….. …….. жашайбыз.
Үйүбүз ……… кɵчɵсүндɵ жайгашкан.
… . мектебинде ………. класста окуймун.
Сүйлɵмдү толуктагыла.
Биз Бишкек шаарында жашайбыз.
Үйүбүз Москва кɵчɵсүндɵ жайгашкан.
№ 5 мектебинде 3-класста окуймун.
Толукта.
Ээ менен …….. башка сɵздɵр ……… мүчɵлɵр боло алат. Алар …. менен баяндоочту жандап, айтылып жаткан ойду аныктап, ……., бышыктап турушат.
айкындооч, баяндоочтон, толуктап, ээ.
Ээ менен баяндоочтон башка сɵздɵр айкындооч мүчɵлɵр боло алат. Алар ээ менен баяндоочту жандап, айтылып жаткан ойду аныктап, толуктап , бышыктап турушат.
Айкындооч мүчɵлɵр толкун сызык менен сызыла
Сүйлɵмдүн аягына тыныш белгилерин койгула.
Бүгүн майрам
Бүгүн кандай майрам
Баарыңарды майрамыңар менен куттуктайбыз
Балдар, эшикке чыгып ойногула
., ?, ., !.
Сүйлɵмдүн аягына тыныш белгилерин койгула.
Бүгүн майрам.
Бүгүн кандай майрам?
Баарыңарды майрамыңар менен куттуктайбыз!
Балдар, эшикке чыгып ойногула.
., ?, .,!.
Жалаң сүйлɵмдүн катасын тапкыла.
Бака сайрады. Буудай тигилди. Кɵчɵт айдалды. Комуз ойноду. Сагызган чардады. Чымчык чыйпылдады. Жɵжɵ шакылдады.
Бака чардады. Буудай айдалды. Кɵчɵт тигилди. Комуз чертти. Сагызган шакылдады. Чымчык сайрады. Жɵжɵ чыйпылдады.
Тɵмɵндɵгү сүйлɵмдɵрдү жайылма сүйлɵмдɵргɵ айландыргыла.
Данияр окуйт. Данияр зээндүү. Инилери кичинекей. Дастанды ойнотот. Данияр тил алчаак. Мугалими мактайт.
Данияр абдан жакшы окуйт. Данияр атасындай зээндүү бала. Даниярдын инилери кичинекей. Данияр иниси Дастанды ойнотот. Данияр дайыма апсын угат, тил алчаак. Мугалим Даниярды дайыма мактайт.
Тест
- Асан 250 курушту эмне үчүн алды?
а) акым деп б) билбейм в) кɵрсɵтпɵй
2. Эне эмне үчүн акы албайт?
а) билбейм б) мээримдүү в) коркуп
3. Асан кандай иш кылды?
а) акылдуу б) акылсыз в) алдамчы
4. Суроолуу сүйлɵм кайсы?
а) Китеп окуйт. б) Китеп окудуңбу? в) Бул сонун китеп!
5. Жалаң сүйлɵм кайсы?
а) жашыл б) жай келди. в) жарык
6. Жайылма сүйлɵм кайсы?
а) Тоок жем жеди. б) Тоок, жеди жем. в) Тоок жеди.
7. Баш мүчɵлɵрдɵн гана турган сүйлɵмдɵрдү тапкыла?
а) Марат б) Марат ырдады. в) Марат комуз чертти.
Эсиңерге туткула!
Жайылма сүйлɵм сɵздүн кенен,
ар тараптуу болушуна шарт түзɵт.
Ээ + баяндооч = жалаң сүйлɵм.
Ээ +баяндооч + айкындооч = жайылма сүйлɵм.
Тапшырма
“ Дем алыш күнү ” деген темада эссе жазып. Сүйлɵмдɵргɵ талдоо жүргүзгүлɵ.
Кɵңүл бурганыңыздарга чоң ыракмат!