СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 22.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суйломдун баш мучолору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Суйломдун баш мучолору»

Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү.

Саякатчы:

-Сөздөр силер сүйлөм өлкөсүндө жашап жатасынар.Кана,сөздөр,сүйлөм түзгүлөчү (доскага көгүчкөн,тынчтыкты,сүйөт деген сөздөр чыгып сүйлөм түзүшөт).

Саякатчы: Ар биринер кандай суроого жооп бересинер?

Сөздөр: Жок,билбейбиз.

Саякатчы: сүйлөм эмне жөнүндө болуп жатат.

Эмне? Көгүчкөн. (көгүчкөн деген сөздү көтөргөн окуучунун башында ээ деп жазылган)

Ээ: Мен ким? Эмне? Кимдер? Эмнелер? Деген суроолорго жооп берем. Көбүнчө сүйломдүн башында турам.Сүйлөм мен жөнүндө болот.Сүйлөмдө ойдун негизин ээлеп турам.

Көгүчкөн деген сөз ээ болот деп, ээ өзүн тааныштырат.

Саякатчы: Эмне кылат? деген суроого кимиңер жооп бере аласыңар?

Сөздөр: Жок, билбейбиз.

Сөздөр балдардан жардам сурашат.Эмне кылат? Суйөт. (сүйөт деген сөздү көтөргөн окуучунун башында баяндооч деп жазылат).

Баяндооч: Ээ менсиз эч нерсе кыла албайт.Ээни кыймыл аракетке келтирем.Эмне кылды? Эмне кылат? Эмне кылып жатат? Деген суроолорго жооп берем.

Ошентип ,саякатчы көгүчкөн деген сөзгө ээ, ал эми сүйөт деген сөзгө баяндооч деген ат берет.

Саякатчынын сөзүн мугалим бышыктайт.



Тыныгуу: Кроссворд оюну.

  1. Тиши жок,тили бар,

Шаңшыган үнү бар.

Оозу курч ороктой,

Алгырды билип ал.

Кроссворддун жандырмагына сүйлөм түзүү,ээ жана баяндоочту табуу.

Мисалы: Бүркүт уясын аскага салат.

  1. Токойдо бир канаттуу бар,

“Токой тазалыгы” деп аттыккан,

Зыянкечтин баарын кырат

Ошонусу менен бааланган.

  1. Жазда учуп келет деп,

Аларга бул белек деп.

Балдар күткөн үй жасап,

Келгин кайсы берчи атап.



  1. Зыянсыз жоош бир куш бар,

Эч нерсеге тийбеген.

Топтошуп бирге жүрсө да,

Чыр-чатакты билбеген.



  1. Тиштеп келип ылайды,

Татынакай үй курат.

Ача куйрук аппак төш,

Оозу кара жалтырак.

Бул кайсы канаттуу?



Ар бир жандырмакка окуучулар сүйлөм түзүшүп,ээ баяндоочту табышат.



Мугалим: - Боз үйгө эмне жетишпейт?

Окуучулар: - Түндүк жана эшик. (боз үйдүн түндүгүн жана эшигин толуктап тартышат).

-Боз үй эмнеден жасалат? Боз үй жыгачтан жасалат. (ээ,баяндоочту табышат)

Окуучулар тоолор дана жаратылыш жөнүндө сүйлөм түзүшүп, ээ,баяндоочун табышат.



Саякатчы: - Балдар мен мындан ары да сөздөргө ат берем,баарыңардын атынар болот.Мен келгиче китебинердеги тапшырмаларды так аткарып,көнүгө бергиле. (Кийинки сабакка проблемалык жагдай түзүлөт).



Мугалим: - Кана, балдар, саякатчынын айтканын аткарабызбы?



Окуучулар: -Ооба.

Баалоо.Туура жооп берген ,активдүү катышкан окуучуларга упай берилет.Аягында кайсы топ көп упай топтосо,ошол топ женишке ээ болот.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!