СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү»









































Кыргыз тили 8-класс 29.01.2020.

Сабактын темасы:Сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрү жөнүндө түшүнүк.Ээнин милдетин аткаруучу сөздөр жана сөз тизмектери. Жөнөкөй жана татаал ээ. Сабактын максаты: Билим берүүчүлүк:Сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрү жөнүндө түшүнүк алышат.Ээнин милдетин аткаруучу сөз жана сөз тизмектери менен таанышышат.Жөнөкөй жана татаал ээ жөнүндө түшүнүк алышат. Өркүндөтүүчүлүк:Сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүн катыштырып сүйлөмдөрдү түзө алат.Сүйлөмдөн жөнөкөй жана татаал ээлерди таба алат. Тарбия берүүчүлүк:Бири-биринин оюн угуп,өз ара сыйлашууга тарбияланышат. Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз,эгерде окууучу...... а)сүйлөмдөн баш жана айкындооч мүчөлөрдү таба алышса; ээнин милдетин аткаруучу сөздөрдү жана сөз айкаштарын таба алышса; б)баш жана айкындооч мүчөлөрдү катыштырып сүйлөмдөрдү түзө алса; в)бири-бирин оюн угуп,өз ара сыйлаша алса;

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик

компетенттүүлүк

-сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүн ажырата алышат;

-ээнин милдетин аткаруучу сөздөрдү жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөрүн билишет;

Кептик

компетенттүүлүк

-сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүн катыштырып сүйлөмдөрдү түзө алат;

-сүйлөмдөрдөн баш мүчөлөрдү аныктай алат;

Маданий

компетенттүүлүк

-кеп маданиятына ээ болот;

-адабий тилдин ченемине ылайык туура сүйлөөгө калыптанат;

Сабактын тиби:жаңы билимди берүү сабагы.

Сабактын усулу:интерактивдүү усулдар.Окуучулардын өз алдынча иштөө усулу.

Сабактын жабдылышы:дидактикалык карточкалар,таблица,окуу китеби,интерактивдүү доска.

Сабактын жүрүшү:1.Уюштуруу.2.Өтүлгөн теманы кайталоо. Кемтик сүйлөм деп эмнени айтабыз? Кемтик сүйлөмдө сүйлөмдүн кайсы мүчөсү айтылбай калат?

Кемтик сүйлөмгө мисал келтиргиле. Сүйлөм мүчөлөрүн баш жана айкындооч мүчөлөр деп бөлүүнүн себеби эмнеде? Баш мүчөлөргө кайсылар,айкындооч мүчөлөргө кайсылар кирет? Сүйлөм мүчөлөрүнүн алды кандайча сызылат?

Жаңы тема:Лексикалык мааниге ээ болгон сөздөр гана сүйлөм мүчөлөрүнүн милдетин аткара алары силерге белгилүү.Бирок алар сүйлөм тутумунан сырткары турганда,бир нерсенин атын белгилеген кадыресе сөз. Сүйлөм тутумунда туруп,башка сөздөр менен байланышып,синтаксистик бир милдет аткарганда гана алар сүйлөм мүчөлөрү боло алат.Бирок сүйлөм мүчөлөрүнүн баары эле сүйлөм түзүүдө бирдей роль аткара албайт.Буга байланыштуу алар баш жана айкындооч мүчөлөр деп экиге бөлүнөт.



Баш мүчөлөрсүз сүйлөм түзүүгө болбойт.Ошондуктан алар сүйлөмдүн грамматикалык негизи катары каралат.Буларга ээ жана баяндооч кирет. Мисалы: Алмамбет келди.Алмамбет-ээ,келди-баяндооч. Ээ айтылып жаткан сүйлөмдүн башка мүчөлөрүнө грамматикалык жактан багынбай,баяндоочту сан,жак боюнча өзүнө баш ийдирип,атооч жөндөмөсүндө турган сөздөр ээ деп аталат.Ага ким?эмне?кимдер? эмнелер? кимиси? эмнеси?деген суроолор коюлат.

Жөнөкөй ээ Бир гана сөздөн туруп,ким? эмне?деген суроого жооп болуп түшкөн мүчө жөнөкөй ээ деп аталат.Мисалы:Кайрат тагдырдын соккусун жокко чыгарат.

Татаал ээ Экиден кем эмес сөздөн туруп,бир гана суроого жооп болуп түшкөн сүйлөмдүн ээси татаал ээ деп аталат.Мисалы:Мекен үчүн көз жумгандар баарыбыздын жүрөгүбүздө жашайт. Таблицаны карап,ээнин милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткаргандыгына назар салгыла.

Сөз түркүмдөрү

Мисалдар

Суроолор

1.

2.

3.

4.


5.

6.



7.

Зат атооч

Ат атооч

Сын атооч

Сан атооч


Атоочтуктар

Кыймыл атоочтор


Тактоочтор

Арген мектепке келди.

Ал жол четинде турган.

Билимсиз- өлүк жан.

Эртең менен бирөө келип чакырып кеткен.

Окубаган окута албайт.

Ишенүү көп нерсеге жеткирет.


Эртеңки – бүгүнкүнүн куйругу.

Ким?-Арген

Ким?-ал

Ким?-билимсиз

Ким?-бирөө


Ким?-окубаган

Эмне?-ишенүү


Эмне?-эртеңки











Бышыктоо:Сабакты бышыктоо максатында көнүгүүлөрдү иштешет. 135-көнүгүү

Окуп,ээни тапкыла.Көчүрүп жазып,ээ менен анын тобунун астын сызгыла.

Ар бир окуучу өз алдынча төртөн сүйлөм түзүп,ээ жана баяндоочун табышат.



136-көнүгүү

Төмөндө берилген сөздөргө суроо коюп,сөз түркүмү боюнча ажыраткыла.Андан кийин алар ээнин милдетин аткаргандай кылып,сүйлөм түзгүлө.

Үй тапшырмасын берүү:

138-көнүгүү үйгө тапшырма. Окуп,ээни түзүлүшү боюнча ажыраткыла.Жөнөкөй ээнин милдетин аткарган сөздөр кайсы сөз түркүмүнө кирерин аныктагыла да, тутумдаш ээ катышкан сүйлөмдөрдү дептериңерге көчүрүп жазгыла.

Баалоо

Окуучуларды сабакка катышкандарына карап баалайм.