Кыргыз тили
3-класс
Жагымдуу маанай Алып келсем жакшы баа, Апам күлѳт жакшына. «Алтыным» деп эркелетет Алып мени астына. Алып келсем жакшы баа, Атам күлѳт жакшына. «Жаркыным» деп эркелетет Жаралганбы бактыма.
Ɵтүлгɵн теманы кайталоо: Сүйлɵм деп эмнени айтабыз? Сүйлɵмгɵ мисал келтиргиле?
Бүткѳн бир ойду билдирген сѳз, же бир нече сѳздѳрдүн айкалышы сүйлѳм деп аталат. Мисалы: Бак-дарактар бүчүр байлады.
Адашкан тамгалар
ҮЙСƟДҮНЛМ ТРҮƟЛҮР
СҮЙЛƟМДҮН ТҮРЛƟРҮ
ТЕМА:
Сүйлɵмдүн түрлɵрү
жай сүйлɵм, суроолуу сүйлѳм,
илептүү сүйлѳм.
- Сүйлɵмдүн түрлɵрүн үйрɵнɵбүз
- Аларга сүйлɵмдɵрдү түзɵ алабыз
- Берилген тапышрмаларды аткарабыз
Сүйлɵмдɵр айтылыш максатына карай үчкɵ бɵлүнɵт.
- Жай сүйлɵм
- Суроолуу сүйлɵм
- Илептүү сүйлɵм
Жай сүйлɵм ойду жайынча баяндайт. Жай сүйлɵмдүн аягына чекит (.) белгиси коюлат.
Мисалы: Мен досума жардам берем.
Бир нерсени сурап-билүү максатында айтылган сүйлɵм суроолуу сүйлɵм деп аталат. Сүйлɵмдүн аягына суроо (?) белгиси коюлат.
Мисалы: Сен кимдин кызы болосуң?
Күчтүү сезим менен айтылган сүйлѳм илептүү сүйлѳм деп аталат. Анын аягына илеп (!) белгиси коюлат. Мисалы: Дүйнѳдѳ тынчтык болсун! Бах, айлана кандай керемет!
Акыра менен кодолек жомогунун уландысы
ɵткɵндɵ кайсы жерден бүттү эле?
Ооба, ɵткɵндɵ кодолек ачка болуп оттогусу келген жерден жомогубузду аяктаганбыз.
Бирок какыраган чɵлдɵ кайдагы от. Шыгыраган кумдан башка серейген куурай да жок. Айласы кеткен кодолек: “Эми мен кантем? Акыра, акыра жалбырактан мага да үзүп берчи”, -деп сурады. “Ɵзүң эле үзүп жечи”,- деди акыра моюнун толгоп. Кодолек дарактын башына моюнун канчалык созсо дагы жете албады. Ыйламсырап акырага минтти:
-Акыра, акыра! Кардым аябай ачты, куркуйган моюнуңду берип турчу, жалбырак үзүп жейин.
-Жок кодолек! Ал куркуйса да менин моюнум! Мен сага ɵз моюнумду бере албаймын! –деди акыра. Кодолек ойлонуп калды. Акырага орунсуз суроо берип аны капа кылып койгонун сезди. Ал эми кетирген каталыгын оңдогусу келди:
-Акыра, акыра! Мени кечирип койчу! Мындан ары орунсуз суроо берип, сени капа кылбаймын, -деди. Аны укканда акыра жибип кетти: “Ии, макоо кодолек! Ар кимдин ɵзүнɵ жараша моюну болоорун түшүндүңбү? Узун моюн эмне үчүн керек экенин билдиңби?”-деди ага жалбырак үзүп берип жатып. Ошондон кийин кодолек бирɵɵгɵ жɵнү жок суроо бергенин койду. Ал ошентип акыра менен дос болуп алды.
1-кɵнүгүү Суроолорго жооп бергиле:
- Биздин жергебизде акыра жашайбы?
- Африка кандай ɵлкɵ?
- Акыра кандай жаныбар?
- Ал эми кодолекчи?
Тексттеги окуяны, каармандарды, болгон жерди
жана мезгилди айтып бергиле.
Окуя болгон жер
каармандар
Окуя болгон мезгил
окуя
Тексттеги окуяны, каармандарды, болгон жерди
жана мезгилди айтып бергиле.
Африка
Акыра менен кодолек
Жай мезгили
Акыра менен коделектин достугу
2-кɵнүгүү
Тексттен сүйлɵмдүн түрлɵрүнɵ бирден мисал келтиребиз.
Экɵɵ кандайдыр бир белгисиз тарапка жɵнɵштү.
Сага мынчалык куркуйган узун моюндун эмне кереги бар?
-Бах! Абдан даамдуу жалбырак тура !
3-кɵнүгүү
Сɵздɵн сɵз жараткыла.
К О Д О Л Е К
СƟЗ СҮЙЛƟМ
Колду таза жууш керек.
Кол
Асан эртең эрте кел!
Кел
Самат коло медаль тагынды.
Коло
Тексттен илептүү сүйлɵмдɵрдү таап кɵргүлɵчү.
-Акыра, акыра!
-Жок кодолек! Ал куркуйса да менин моюнум!
Мен сага ɵз моюнумду бере албаймын! –деди акыра.
-Акыра, акыра! Мени кечирип койчу!
“ Ии, макоо кодолек!
Сүрɵт боюнча сүйлɵм түзгүлɵ
Айдар апасына жардам берди.
Айдай бɵбɵгүн ойнотту.
Жай сүйлѳм түзүп, аны суроолуу сүйлѳмгѳ айландаргыла.
Айжан апасына жардам берди.
Айжан апасына жардам бердиби?
Жай сүйлɵм, суроолуу сүйлɵмдү ажыраткыла.
-Үркɵр, үркɵр топ жылдыз,
Үркүп кайда барасың?
-Тоо желимге барамын.
-Тоо желимде эмнең бар?
- Аштык айдар уулум бар.
Жибек созор кызым бар.
Сүйлɵмдɵрдɵ суроо иретинде айтылган сүйлɵмдɵрдү тапкыла.
Балдар даракты кесип, башындагы сагызгандын уясын талкалап салышыптыр.
-Дарак, сени неге таарып салышты
-Айтарга тилим болбоду го, тилим
-Сагызган уяңды неге талкалашты
-Түбүнɵ тилим жетпедиби, тилим
Сүйлɵмдɵрдɵ суроо иретинде айтылган сүйлɵмдɵрдү тапкыла.
Балдар даракты кесип, башындагы сагызгандын уясын талкалап салышыптыр.
-Дарак, сени неге таарып салышты?
-Айтарга тилим болбоду го, тилим
-Сагызган уяңды неге талкалашты?
-Түбүнɵ тилим жетпедиби, тилим.
4-кɵнүгүү
Илептүү сүйлɵмдɵрдɵн мисал жазып кластер түзгүлɵ .
Илептүү сүйлɵм
4-кɵнүгүү
Илептүү сүйлɵмдɵрдɵн мисал жазып кластер түзгүлɵ .
Бах, айлана кандай керемет!
Дүйнɵдɵ тынчтык болсун!
Илептүү сүйлɵм
Мени кечирип койчу!
-Жок кодолек!
Макалдын маанисин чечмелегиле. Ал жомокко тиешелүүбү? Кандай ойлойсуңар?
Жакшылык ай менен күндɵй,
Бардык элге бирдей.
Жаралганың чын болсо,
Пайда кыл, карап жүрбɵй.
Схемалар боюнча сүйлɵмдɵрдү түзгүлɵ .
Үлгү: __________ ___________. Күз келди.
__________ ___________ .
__________ ___________ ___________ .
__________ __________ ____________?
__________ __________ ____________!
Схемалар боюнча сүйлɵмдɵрдү түзгүлɵ .
Үлгү: __________ ___________. Күз келди.
__________ ___________ . Азат келди.
_________ ___________ ___________ .
Биз сабак окудук.
__________ __________ ____________?
Эми мен кантем?
__________ __________ ____________!
Мени кечирип койчу!
Сүйлɵмдɵрдүн схемаларын чийгиле.
Үлгү: Күз келди. __________ ___________.
Жайында күн ысыйт.
Айлана кызыл, жашыл түскɵ боёлот.
Балдар сууга түшɵт.
Кыздар гүл теришет.
Туура жазуу
Африка
Даракка
Моюнун созуу
Жалбырак
Даамдуу
Эмне үчүн сүйлɵмдɵр ар түрдүү
болуп бɵлүнɵт?
Тапшырма
Сүрɵт боюнча сүйлɵмдүн кандай түрлɵрүн түзүүгɵ болот?
Көӊүл бурганыӊыздарга чоӊ ыракмат!