СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суйлоо кондумдору 1

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Суйлоо кондумдору 1»




Сүйлѳѳ кѳндүмүн өнүктүрүүдөгү тапшырмалар менен кантип иштеш керек?

Мугалим: Тешебаева Гүлбүбү Окуу китептериндеги сүйлѳѳ кѳндүмүн өнүктүрүүдөгүктүртап тапшырмалар менен кантип иштеш керек? Окуу китептеринде сүйлөө кѳндүмүн өнүктүрүүчү тапшырмалар да ар түрдүү кырдаалдарда кеңири сунушталган. Бирок, бардык тѳрт кѳндүмдү комплекстүү ѳнүктүрүүгө басым жасалган. Эгерде кээ бир учурларда атайлап бир кѳндүмгѳ басым жасалса, бир аздан кийин эле бардык кѳндүмдѳрдүн ѳнүгүшүнѳ шарттарды түзгѳн тапшырмалар бериле баштайт. Мисалы, 5-класстын окуу китебиндеги 147-беттеги 7-көнүгүү: Төмөнкү сүйлөмдөрдү текст болуш үчүн ырааты менен жаз- гыла.

Жупта иштегиле, бири-бириңерге окуп бергиле.

  1. Ал убактан бери беш миң жыл өттү.

  2. Аңгыча тыт дарагынын бутагынан чайга жибек пилласы түшүп калды.

  3. Илгери-илгери кытай канышасы өз сарайынын ачык сересинде чай ичип отурган дешет.

  4. Бул ачылыштан кийин жибек пайда болду, ал Кытайга атак-даңк менен байлык алып келди.

  5. Каныша узун тырмагы менен пиаладан аны алып салайын десе, анын тырмагына ичке жип жабышып калды.

  6. Каныша ал жипти тартса, ал ысык чайда жумшарып калган пилла чубалжый баштайт.


Ошол эле беттеги кийинки 8-көнүгүүдө балдардын окуу жана сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө төмөнкү тапшырма сунуштал- ган. Пайда болгон тексттин темасын аныктагыла. Текст боюнча таблицанын биринчи бөлүгүндөгү суроолорго жооп бергиле, жооп берүүдө таблицанын экинчи бөлүгүндөгү маалыматты пайдалан- гыла.

Суроолор

Маалыматтар

Жибек качан пайда болгон?

беш миң жыл мурда

Жибек кайсы өлкөдө пайда болгон?

Чыгыш өлкөсү, Кытайда

Кытай канышасы чайды кайсы жерде ичип жаткан?

өз сарайынын ачык сересинде

Ачылыш кантип пайда болду?

узун тырмак, пиала, алып салуу, анын тырмагына ичке жип жабышуу

Ачылыш Кытайга эмнелерди алып кел- ди? Эмне үчүн?

атак-даңк, байлык

Бул ачылыштан улам кайсы соода жолу пайда болду?

Улуу Жибек жолу

Кайсы өлкөлөрдүн ортосунда соода бай- ланышы түзүлдү?

чыгыш өлкөлөр, батыш өлкөлөр

Сабак ѳтүүдѳ мугалимдер кээде бир кептик кѳндүмгѳ басым жаса- ларын, ал эми негизинен кептин тѳрт кѳндүмү тең ѳнүктүрүлүшү керек экенине маани берүүсү абдан зарыл.

Тапшырмадагы тапшырманы аткаруу үчүн кырдаал баланын ка- димки турмушун камтып, ага маалым болушу керек жана керектүү таянычтар болушу зарыл. Балким, бардык эле жерде чоң дүкѳндѳр бол- бошу мүмкүн, бирок, алыскы айыл жерлеринде чакан болсо да дүкѳн- дѳр бар. 5–6-класстын окуучулары дүкѳнгѳ барып, соода-сатык менен алектене алышат.

Бул кандай дүкөн деп ойлойсуңар? Анда адамдар эмне кылышат? Сен дүкөнгө барасыңбы? Ата-энеңе жардам бересиңби? Албетте, сүй- лѳѳ диалог формасында, башкача айтканда чыныгы баарлашуу бол- гондо натыйжалуу ѳнүгѳт эмеспи, ошондуктан окуу китептеринде тѳмѳндѳгүдѳй тапшырмалар берилген.



Эң маанилүүсү окуучуларга таянычтар берилгени сүйлѳѳнүн ийгиликтүүлүгүн камсыздайт. Бул учурда диалогдо бир адамдын гана репликалары берилген, ал эми башка адамдын репликаларын окуучу- лар толукташы керек.

Диалогду толуктагыла.
    • Саламатсызбы?

– ... .

    • Сизде айран-сүт барбы?

– ... .

    • Мага бир бөтөлкө сүт, бир пакет айран бериңизчи.

– ... .

    • Ыракмат, канча төлөйм?

– ... .

Албетте, чыныгы жашоодогу кырдаалдарды колдонуу, ролдук оюн- дар аркылуу ийгиликтүү ишке ашырылат. Тѳмѳнкүдѳй тапшырмалар берилген учурларда мугалим балдарга ролдорду бѳлүштүрүп, шарт- тарды жаратуусу зарыл.

Силер базарга келдиңер. Керектүү жашылча- жемиштерди сатып алгыла.

Окуу китептеринде дагы бир маанилүү жагдайга кѳңүл бурул- ган. Окуучулар бири-бирине жардам беришип, кеңешип же топто, же жупта иштегендери жакшы. Биринчиден, кичи топто же жупта иштеп, туура эмес сүйлѳп алуу коркунучун жеңсе болот. Анткени экинчи тилде дароо бүт класстын алдына чыгып сүйлѳѳ үчүн убакыт жана практика керек. Ал эми жупта же кичи топто сүйлѳп жатканда кеп үлгүлѳрү боюнча жардам алса болот, ошондуктан тѳмѳнкүдѳй тапшырмалар сунушталат.

Сүйлѳѳнү ѳнүктүрүү үчүн кептик материалдарды, башкача айт- канда, эмне жѳнүндѳ сѳз болуп жатканын окуучулар абдан жакшы түшүнүп, жаңы түшүнүктѳргѳ ээ болушу керек. Муну камсыз- даган да тапшырмаларга кѳңүл буралы (5-класс, 148-беттеги 11-көнү- гүү):

Улуу Жибек жолу менен соодагерлер сүрөттөрдөгү товарларды сатышчу. Товарлардын аталышын сүрөттөр менен дал келтир- гиле.


фарфор, жибек, кагаз, татымал, килем, алтын, күмүш, төө



Кичи топтордо иштегиле. Улуу Жибек жолундагы товарлар жөнүндө айтып бергиле. Кандай ойлойсуңар, соодаргерлер кайсы товарларды чыгыш өлкөлөрүнө, ал эми кайсы товарларды батыш өлкөлөрүнө алып барышчу эле? Эмне үчүн?

Эгерде тапшырмалардын маңызына кѳңүл бурсаңыздар, сүй- лѳѳ абдан конкреттүү багытка арналган, башка предметтерден алган билимдерди колдонуш керек, ошол эле учурда ой жүгүртүүнү да, ѳнүк- түрүүнү да камсыздаган окуу кырдаалы. Албетте, ой жүгүртүү ишмер- диги менен сүйлѳѳ ишмердиги тыгыз байланышта жүрөт.

Экинчи тилде окуу китептеринде дароо эле татаал кырдаалдар сунушталбайт. Адегенде жеңил, так таянычтар берилген кырдаалдар тандалып алынган. Буга тѳмѳнкү тапшырманы далил кылса болот.

Сүрөттөрдү карап, суроолорго жооп бергиле (157-бет, 1-көнү- гүү).
    • Сүрөттө кимдер тартылган? Алар кимдер?

    • Алар эмне кылып жатышат?

    • Алар эмнелерге кызыгышат?





Окуу китептериндеги тѳмѳнкү тапшырмалар окуучулардын сүй- лѳѳ кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүү аркылуу аларды акырындык менен Жалпы республикалык тестирлѳѳдѳгү тапшырмаларды ийгиликтүү аткарууга даярдап жаткандыгы байкалып турат.

Төмөнкү кызыгууларды топторго бөлгүлө, эмне үчүн ушундай бөлгөнүңөрдү түшүндүрүп бергиле.

Чоподон карапа жасоо, кийим токуу, китеп окуу, шахмат ойноо, волейбол ойноо, оюнчуктарды жасоо, сүрөт тартуу, музыка угуу, кино көрүү, скейт тебүү, марка чогултуу, футбол ойноо, балык уулоо, бий- лөө, компьютердик оюндарды ойноо.


Спортко кызыгуулар

Искусствого кызыгуулар

Кол эмгегине кызыгуулар

Интеллек- туалдык кызыгуулар


Чогултуу

...

...

...

...

...

Ал эми кийинки типтеги тапшырмалар окуучулардын угуу жана сүйлѳѳ кѳндүмдѳрүн комплекстүү ѳнүктүрүүгѳ багытталган.

А. Осмоновдун музыка жөнүндөгү ырын угуп, акын музыканы эмнелер менен салыштырганын айтып бергиле.

Акын музыканы абдан жакшы көрчү экен, силер музыкага кызы- гасыңарбы? Жупта сүйлөшкүлө.

Жуптарда иштеп, ким кайсы музыкага кызыгарын аныктагыла. Үлгүнү пайдаланып, жалпы класска презентация даярдап, айтып бергиле.

Үлгү: Мен рок музыканы укканды жакшы көрөм. Ал эми менин атам менен апам классикалык музыкага кызыгышат. А сен кайсы музыканы укканды жакшы көрөсүң? А сенин ата-энеңчи?

Сүйлѳѳ кѳндүмүн ѳнүктүрүүдѳ окуу китептеринде тѳмѳнкү тап- шырмаларды салыштыруу, айырмасын, окшоштугун аныктоо аркылуу окуучулардын ой жүгүртүүсүнүн ѳнүктүрүлүшүнѳ да ѳбѳлгѳлѳр түзү- лүүдѳ.

Кичи топто кеңешип, төмөнкү тапшырмаларды аткаргыла.

Силер жашаган айылда же шаарда кандай үйлөр бар? Айылдагы үйлөр кандай? Эмне үчүн? Шаардагы үйлөр кандай? Эмне үчүн? Тал- куулагандан кийин төмөнкү таблицаны толтургула.



Айылдагы үйлөр кандай?

Шаардагы үйлөр кандай?

Айырмасы

Окшоштугу

Эмне үчүн?

...

...

...

...

...

Үлгү: Айылдагы үйлөр бир кабаттуу, анткени айылда адамдар- дын саны абдан көп эмес, жер кенен.

  1. Кандай ойлойсуңар, бардык үйлөр бири-бирине окшош болуш керекпи? Эмне үчүн?

  2. Жупта иштегиле. Чоңойгондо сен кандай үйдө жашагың келет? Эмне үчүн? Сүрөтүн тартып, келечектеги үйүң жөнүндө айтып бер. Сүрөт боюнча бири-бириңерге суроолорду бергиле.

Кандай гана тапшырма болбосун, аны аткаруу үчүн китепте үлгүлѳр сунушталды. Мугалимдин милдети ошол үлгүлѳрдү окуу- чулар менен шашпай талкуулоо, аларды дайыма сунуштоо, анткени таянычтын маанилүү бир түрү – үлгү. Ансыз окуучулардын сабаттуу кебин, сүйлѳѳ кѳндүмүн ѳнүктүрүү абдан татаал. Ооба, окуу китепте- ринде берилген үлгүлѳр, сүрѳттѳр таяныч катары абдан кеңири иште- тилет, тѳмѳнкү тапшырмада сүрѳттѳргө таяныч катары берилип, сүй- лѳѳнү ѳнүктүрүүдѳ сүрѳттѳрдүн ролу абдан чоң экенин далилдеп турат (6-класс, 32-беттеги 12-көнүгүү).

Аңгеменин каармандарына мүнөздөмө бергиле. Силерге ким жакты? Эмне үчүн?

Ооба, бала коркок.

Жок, бала коркок эмес.

Силер дагы баланы коркок деп ойлойсуңарбы? Таблицаны далил- дер менен толтургула.