СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйлөсдүн түлөрү: Буйрук сүйлөм

Нажмите, чтобы узнать подробности

Буйрук сүйлөм боюнча сабактын слайды 8-кл

Просмотр содержимого документа
«Сүйлөсдүн түлөрү: Буйрук сүйлөм»

Кыргыз тили 8-класс Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Кыргыз тили

8-класс

Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Иштей турган акылды,  Курчутуп тургун ар дайым.  Өгөө болот бул үчүн,  Китеп аттуу жан-досуң

Иштей турган акылды, Курчутуп тургун ар дайым. Өгөө болот бул үчүн, Китеп аттуу жан-досуң

Сабактын темасы: Буйрук сүйлөм

Сабактын темасы:

Буйрук сүйлөм

Сабактын максаты: Буйрук сүйлөм түзүлүшү жагынан кандай? Буйрук сүйлөмдөр кандай айтылат? Буйрук сүйлөмдөр кантип уюшулат?

Сабактын максаты:

  • Буйрук сүйлөм түзүлүшү жагынан кандай?
  • Буйрук сүйлөмдөр кандай айтылат?
  • Буйрук сүйлөмдөр кантип уюшулат?
Өткөн сабакта: Сүйлөм  боюнча  өтүлгөн темаларды эске алуу 128-көнүгүү.  Тексттин ичинен кемтик сүйлөмдөрдү таап көчүрүп жазгыла.

Өткөн сабакта:

Сүйлөм

боюнча

өтүлгөн

темаларды

эске алуу

128-көнүгүү. Тексттин ичинен кемтик сүйлөмдөрдү таап көчүрүп жазгыла.

Жаңы тема: Буйрук сүйлөм.   Сүйлөмдүн бул түрү угуучуга кандайдыр бир ишти аткарууну  буйруйт, өтүнөт. Буйрук сүйлөм айтуучунун ар түрдүү ички эркин  (буйруу, талап кылуу, өтүнүү, чакырык ж.б.) билдирет. Сүйлөмдө  көбүнчө ээ катышпайт, көпчүлүк учурда каратма сөз кошулуп  айтылып, аракет, буйрук кимге багышталгандыгын көрсөтүп турат.  Буйрук сүйлөмдөр түзүлүшү жагынан кыска келип (көбүнчө бир-эки  гана сөздөн болот), ойду так, жыйынтыктуу, көркөм туюндурат.

Жаңы тема:

Буйрук сүйлөм. Сүйлөмдүн бул түрү угуучуга кандайдыр бир ишти аткарууну буйруйт, өтүнөт. Буйрук сүйлөм айтуучунун ар түрдүү ички эркин (буйруу, талап кылуу, өтүнүү, чакырык ж.б.) билдирет. Сүйлөмдө көбүнчө ээ катышпайт, көпчүлүк учурда каратма сөз кошулуп айтылып, аракет, буйрук кимге багышталгандыгын көрсөтүп турат. Буйрук сүйлөмдөр түзүлүшү жагынан кыска келип (көбүнчө бир-эки гана сөздөн болот), ойду так, жыйынтыктуу, көркөм туюндурат.

 Буйрук сүйлөмдөр өзгөчө буйруу интонациясы менен айтылат: эгерде сүйлөм буйрук берүү, чечкиндүү талап кылуу маанисинде колдонулса, бийик үн (тон) менен айтылат:   Жогол, түбөлүккө карааның өчсүн! Жогол! (Ч.А.).  Эгерде өтүнүү, кеңеш берүү маанисинде колдонулса, сүйлөм пасыраак үн (тон) менен айтылат: -  Андан көрө саман апкелип, от жакчы. (Ч.А.). Силер саат экиге келгиле

Буйрук сүйлөмдөр өзгөчө буйруу интонациясы менен айтылат: эгерде сүйлөм буйрук берүү, чечкиндүү талап кылуу маанисинде колдонулса, бийик үн (тон) менен айтылат: Жогол, түбөлүккө карааның өчсүн! Жогол! (Ч.А.). Эгерде өтүнүү, кеңеш берүү маанисинде колдонулса, сүйлөм пасыраак үн (тон) менен айтылат: - Андан көрө саман апкелип, от жакчы. (Ч.А.). Силер саат экиге келгиле

 Буйрук сүйлөмдөр, негизинен, төмөнкүдөй жолдор менен  уюшулат:  1. а) Буйрук сүйлөмдүн баяндоочу, адатта экинчи жак,  жекелик санда одоно түрүндөгү буйрук ыңгайдан болот, мындай  этиштер көбүнчө уңгу түрүндө, же -гын формасында колдонулат да, сүйлөмгө буйруу, талап кылуу маанисин берет:  Адамдын акысын жер кайтарат. Чарбанын жумушуна чык. Огородуңду таштаба. Балага сак бол. Жаңылыктарды үзбөй жаз (Т.С.).  - Нургазы, таякең келген  тура. Бар, эшик ач (Ч.А.)  б) Эгерде сүйлөмдүн баяндоочу буйрук ынгайдын -гын  формасында айтылса, анда буйруу жогоркудай кескин түрдө эмес,  жумшагыраак формада айтылат:  Ырым болсун, баланын киндигин сен кескин, кагылайын (Т.С). Көк чөөгүгө суу алып келгин (Т.С.).  - Ой, Зуура, сен да камынгын (Т.С.).

Буйрук сүйлөмдөр, негизинен, төмөнкүдөй жолдор менен уюшулат: 1. а) Буйрук сүйлөмдүн баяндоочу, адатта экинчи жак, жекелик санда одоно түрүндөгү буйрук ыңгайдан болот, мындай этиштер көбүнчө уңгу түрүндө, же -гын формасында колдонулат да, сүйлөмгө буйруу, талап кылуу маанисин берет: Адамдын акысын жер кайтарат. Чарбанын жумушуна чык. Огородуңду таштаба. Балага сак бол. Жаңылыктарды үзбөй жаз (Т.С.). - Нургазы, таякең келген тура. Бар, эшик ач (Ч.А.) б) Эгерде сүйлөмдүн баяндоочу буйрук ынгайдын -гын формасында айтылса, анда буйруу жогоркудай кескин түрдө эмес, жумшагыраак формада айтылат: Ырым болсун, баланын киндигин сен кескин, кагылайын (Т.С). Көк чөөгүгө суу алып келгин (Т.С.). - Ой, Зуура, сен да камынгын (Т.С.).

в) Буйрук сүйлөмдүн баяндоочунун милдетин -гыла  формасындагы 2-жак, көптүк одоно түрүндөгү буйрук ыңгай  аткарганда, буйруу мааниси жумшак формада берилет:  Эл барыпатат, силер да ошерде болгула (Ч.А.).  - Келгиле, кыздар. Ниетиңер ак экен, чайга олтургула (Т.С.).  Четинен кармап ала бергиле (Ч.А.).  Силер эми өз сапарыңарды билгиле. Найза сунуп жоо качырышты билгиле.   Айрым убактарда мындай түзүлүштөгү сүйлөмдөрдө буйруу  кескин түрдө да айтылат. Мындай учурда баяндооч сүйлөм башында  келип, көтөрүңкү үн (тон) менен айтылат:  - Токтоткула чууңарды! (Ч.А.).  Чык эшикке, айбан. Күнүң бүттү сенин (Ч.А.).

в) Буйрук сүйлөмдүн баяндоочунун милдетин -гыла формасындагы 2-жак, көптүк одоно түрүндөгү буйрук ыңгай аткарганда, буйруу мааниси жумшак формада берилет: Эл барыпатат, силер да ошерде болгула (Ч.А.). - Келгиле, кыздар. Ниетиңер ак экен, чайга олтургула (Т.С.). Четинен кармап ала бергиле (Ч.А.). Силер эми өз сапарыңарды билгиле. Найза сунуп жоо качырышты билгиле. Айрым убактарда мындай түзүлүштөгү сүйлөмдөрдө буйруу кескин түрдө да айтылат. Мындай учурда баяндооч сүйлөм башында келип, көтөрүңкү үн (тон) менен айтылат: - Токтоткула чууңарды! (Ч.А.). Чык эшикке, айбан. Күнүң бүттү сенин (Ч.А.).

2) Эгер буйрук сүйлөмдүн баяндоочу 2-жак, жекелик, же көптүк сылык түрүндөгү буйрук ыңгайдан болсо, буйруу сылык формада айтылат:  - Ме, энеке, эми карындын оозун өзүңүз бузуңуз (Т.С.).  Алыстан келген конок экенсиз, кезегимди алыңыз (Т.С.). - О Текем тура. Алып келиңиз чаначыңызды (Т.С.). - Ооба, акелер, эми сагынышабыз. Тез көрүшөбүз десеңиздер, мыкты иштеңиздер. Күчкө күч кошуңуздар (Т.С.) .

2) Эгер буйрук сүйлөмдүн баяндоочу 2-жак, жекелик, же көптүк сылык түрүндөгү буйрук ыңгайдан болсо, буйруу сылык формада айтылат: - Ме, энеке, эми карындын оозун өзүңүз бузуңуз (Т.С.). Алыстан келген конок экенсиз, кезегимди алыңыз (Т.С.). - О Текем тура. Алып келиңиз чаначыңызды (Т.С.). - Ооба, акелер, эми сагынышабыз. Тез көрүшөбүз десеңиздер, мыкты иштеңиздер. Күчкө күч кошуңуздар (Т.С.)

.

2) Буйрук сүйлөмдүн баяндоочунун милдетин -сын  формасындагы 3-жак, жекелик, көптүк түрүндөгү буйрук ыңгай  аткарат; 3- жакка буйруу, каалоо маанисин берет:  Тизмеден аты окулбаган жолдоштор чарбасына кайта беришсин (Т.С.). - Эч кимге оозуңан чыкпасын (Ч.А.). Бирок бу киши буерден кетсин, экинчи жолобосун (Ч.А.). Эч кандай шылтоо болбосун (Ч.А.). - Мейли, жандары аман болушсун (Т.С).  Бул сүйлөмдөр көбүнчө каалоо маанисин туюндуруп турат.  Кээде мындай структурадагы сүйлөмдөр, өзүнүн лексикалык  тутумуна ылайык, буйруу маанисинде эмес, жөн гана ырастоо, тактоо маанисинде колдонулуп калат:  Элди, жерди ким сагынбасын (Т.С.). («Элди, жерди ким сагынбайт, ар ким сагынат» деген мааниде). - Эй, техник мырзалар! Өйдөлөп баратасыңар. Кийин өстөнүбүздөн суу чыкпай коюп жүрбөсүн (Т.С.). (болжолдоо, бүшүркөнүү маанисинде). .

2) Буйрук сүйлөмдүн баяндоочунун милдетин -сын формасындагы 3-жак, жекелик, көптүк түрүндөгү буйрук ыңгай аткарат; 3- жакка буйруу, каалоо маанисин берет: Тизмеден аты окулбаган жолдоштор чарбасына кайта беришсин (Т.С.). - Эч кимге оозуңан чыкпасын (Ч.А.). Бирок бу киши буерден кетсин, экинчи жолобосун (Ч.А.). Эч кандай шылтоо болбосун (Ч.А.). - Мейли, жандары аман болушсун (Т.С). Бул сүйлөмдөр көбүнчө каалоо маанисин туюндуруп турат. Кээде мындай структурадагы сүйлөмдөр, өзүнүн лексикалык тутумуна ылайык, буйруу маанисинде эмес, жөн гана ырастоо, тактоо маанисинде колдонулуп калат: Элди, жерди ким сагынбасын (Т.С.). («Элди, жерди ким сагынбайт, ар ким сагынат» деген мааниде). - Эй, техник мырзалар! Өйдөлөп баратасыңар. Кийин өстөнүбүздөн суу чыкпай коюп жүрбөсүн (Т.С.). (болжолдоо, бүшүркөнүү маанисинде).

.

 Айрым убакта мындай түзүлүштөгү буйрук сүйлөм үчүнчү  жакка бир ишти аткарууну буйруу экинчи жак аркылуу (ортончу  аркылуу) болорун билдирет :  Асан бүгүн келбесин. (Мында Асанга келбегин деп экинчи бирөө айтуу керек). Сергей биздин үйдөн даам татып чыксын (Т.С.).  3) Сүйлөмдүн бул түрүнүн баяндоочу -алы формасындагы 1- жак, көптүк түрүндөгү каалоо ыңгайдан да болот да, кандайдыр бир ишти биргелешип иштөөгө түрткүлөө, козгоо маанисин берет:  - Кана эмесе, балдар, сабагыбызды уланталы (Ч.А.). Жүргүлө биздикине, абышка-кемпирдин колунан чогуу даам жейлик (Т.С.). - О, журт! Балдарды токтото бербейлик, жөнөтөлүк (Т.С.).  4) Баяндоочу -алы, -гыла, -сын формасындагы буйрук  ыңгайдан болгон сүйлөмдөр чыкырык маанисинде да колдонулат:  Билим, ынаным, аракет кайра жаралуу ишине кызмат кылсын! .

Айрым убакта мындай түзүлүштөгү буйрук сүйлөм үчүнчү жакка бир ишти аткарууну буйруу экинчи жак аркылуу (ортончу аркылуу) болорун билдирет : Асан бүгүн келбесин. (Мында Асанга келбегин деп экинчи бирөө айтуу керек). Сергей биздин үйдөн даам татып чыксын (Т.С.). 3) Сүйлөмдүн бул түрүнүн баяндоочу -алы формасындагы 1- жак, көптүк түрүндөгү каалоо ыңгайдан да болот да, кандайдыр бир ишти биргелешип иштөөгө түрткүлөө, козгоо маанисин берет: - Кана эмесе, балдар, сабагыбызды уланталы (Ч.А.). Жүргүлө биздикине, абышка-кемпирдин колунан чогуу даам жейлик (Т.С.). - О, журт! Балдарды токтото бербейлик, жөнөтөлүк (Т.С.). 4) Баяндоочу -алы, -гыла, -сын формасындагы буйрук ыңгайдан болгон сүйлөмдөр чыкырык маанисинде да колдонулат: Билим, ынаным, аракет кайра жаралуу ишине кызмат кылсын!

.

 5) Буйрук сүйлөмдүн баяндоочу аягына сурануу, өтүнүү  маанисиндеги -чы мүчөсү жалганган 2-жактагы шарттуу ыңгайдан  болот (кээде -чы мүчөсү уланбай да айтыла берет); семантикасы  боюнча буйруу-өтүнүү маанисин билдирет:  Ошону айтканча сабагыңды жаттасаңчы (Ч.А.). -Ой, Метрей чоң сакал, бассаңчы тез (Т.С.). Кезекти сармерденге берип, тамашага өтсөңөрчү (Т.С.). - Ой, Шаке, менин кымызымдан да ичсең (Т.С.). - Чогулушка сен да келсең.   Буйрук сүйлөмдөргө баяндооч болуп келген буйрук жана  каалоо ыңгайлардан кийин айрым убактарда өтүнүү, сурануу  маанисиндеги -чы мүчөсү да жалганып айтылат. Мындай учурда  сүйлөмдүн буйрук мааниси жумшарып, кошумча өтүнүү маанисин да берет.  Мисалы: Ата, башыңды көтөрчү (Ч.А.). Тынч отуруп, эл катары чайыңызды ичиңизчи (Ч.А.). Бүгүнкү кеңешмеге силер да катышкылачы. Быйыл фольклордук экспедицияга эрте чыгалычы. -  Келиндер отун-сууга кол кабыш кылышсынчы (Т.С.). .

5) Буйрук сүйлөмдүн баяндоочу аягына сурануу, өтүнүү маанисиндеги -чы мүчөсү жалганган 2-жактагы шарттуу ыңгайдан болот (кээде -чы мүчөсү уланбай да айтыла берет); семантикасы боюнча буйруу-өтүнүү маанисин билдирет: Ошону айтканча сабагыңды жаттасаңчы (Ч.А.). -Ой, Метрей чоң сакал, бассаңчы тез (Т.С.). Кезекти сармерденге берип, тамашага өтсөңөрчү (Т.С.). - Ой, Шаке, менин кымызымдан да ичсең (Т.С.). - Чогулушка сен да келсең. Буйрук сүйлөмдөргө баяндооч болуп келген буйрук жана каалоо ыңгайлардан кийин айрым убактарда өтүнүү, сурануу маанисиндеги -чы мүчөсү да жалганып айтылат. Мындай учурда сүйлөмдүн буйрук мааниси жумшарып, кошумча өтүнүү маанисин да берет. Мисалы: Ата, башыңды көтөрчү (Ч.А.). Тынч отуруп, эл катары чайыңызды ичиңизчи (Ч.А.). Бүгүнкү кеңешмеге силер да катышкылачы. Быйыл фольклордук экспедицияга эрте чыгалычы. - Келиндер отун-сууга кол кабыш кылышсынчы (Т.С.).

.

 Буйрук сүйлөмдөр өзүнүн мааниси боюнча айтуучунун ар  кандай ички эркин: буйруу, талап кылуу, өтүнүүнү ж.б.  билдиргендиктен, кээде максатка ылайык жогорку сезим менен  айтылганда, алар оңой эле илептүү сүйлөмгө өтүп кетишет:  - Бол, Зукеш! Жарым мүнөткө жетпей бардыгы даяр болсун! (Т.С.).  Аскер иши так болот. Кечиктирбейлик! (Т.С.).  - Былк этпегиле! Колуңарды көтөргүлө! (Т.С.).  - Сен ушул биздин тоо үчүн, биздин көл, биздин жер үчүн күрөш! (Т.С.).       .

Буйрук сүйлөмдөр өзүнүн мааниси боюнча айтуучунун ар кандай ички эркин: буйруу, талап кылуу, өтүнүүнү ж.б. билдиргендиктен, кээде максатка ылайык жогорку сезим менен айтылганда, алар оңой эле илептүү сүйлөмгө өтүп кетишет: - Бол, Зукеш! Жарым мүнөткө жетпей бардыгы даяр болсун! (Т.С.). Аскер иши так болот. Кечиктирбейлик! (Т.С.). - Былк этпегиле! Колуңарды көтөргүлө! (Т.С.). - Сен ушул биздин тоо үчүн, биздин көл, биздин жер үчүн күрөш! (Т.С.).

.

Бышыктоо үчүн тапшырма: 130-көнүгүү.  Схеманы пайдаланып, сүйлөм түзгүлө.

Бышыктоо үчүн тапшырма:

130-көнүгүү. Схеманы пайдаланып, сүйлөм түзгүлө.

Аралыктан  байланышканча саламатта болгула!

Аралыктан

байланышканча

саламатта

болгула!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!