Сабактын темасы: Суюктуктардын механикасы.
Сабактагы өтүлүүчү материалдар жана тапшырмалар:
Суюктуктардын механикасы;
Суюктуктардын механикасына Архимед күчу , Бернулинин теңдемесин
пайдаланып маселе чыгаргыла;
Сабактын критерийлери:
Суюктуктардын механикасын билсе;
Суюктуктардын механикасына Архимед күчүн, Бернулинин теңдемесин пайдаланып маселе иштей алса;
ТЕСТ менен иштей билсе;
Кайталоо үчүн суроолор:
Архимед күчүнүн аныктамасы жана формуласы кандай?
Басым деп эмнени айтабыз, формуласы,бирдиги?
Паскаль закону кандай айтылат?
Бернули теңдемеси кандай жазылат?
Маселе иштөө:
1.Көлөмү 80 см³ нерсе толугу менен сууга чөгөрүлгөн. Нерсеге кандай сүрүп чыгаруучу күч аракет этет? Суунун тыгыздыгы 1000 кг/м³.
Берилди: Формула: Чыгаруу:
V = 80 см³ = 8 · 10¯⁵ м³
Ρс = 10³ кг/м³ Fа = ρgV Fа = 10³ кг/м³ · 10 м/с² · 8 · 10¯⁵ м³ =
g = 10 м/с
= 0,8 Н
Fа - ? Жообу: Fа = 0,8 Н
2.Көлөмү 500 см³ нерсе толугу менен суюктукка чөгөрүлгөн жана ага 4 Н сүрүп чыгаруучу Күч аракет этет. Суунун тыгыздыгы 1000 кг/м³. Суюктуктун тыгыздыгын тапкыла?
Берилди: Формула: Чыгаруу:
V = 500 см³ = 5 · 10¯⁴ м³
F = 4 Н Fа = ρgV ρс = 4Н / 10 м/с² · 5 · 10¯⁴м³ = 800 кг/м³
Ρсуу = 1000 кг/м³
Ρс = Fа / gV Жообу: ρс = 800 кг/м³
Ρс - ?
3.Массасы 400 кг көңдөй металл шаарынын ¼ көлөмү сууга чөгөрүлүп сүзүп жүрөт.шардын көлөмүн тапкыла. Суунун тыгыздыгы 1000 кг/м³.
Берилди: Формула: Чыгаруу :
m = 400 кг Fа = ρсуу · Vg/4 V = 4 · 400 кг / 10³ кг/м³ = 1,6 м³
ρсуу = 10³ кг/м³ р = mg
V = Vш / 4 mg = ρс · Vg/4
4m = ρсV
V - ? Жообу: V = 1,6 м³
4.Толугу менен сууга чөккөн нерсеге 5000 Н сүрүп чыгаруучу күч аракет этет. Ушул нерсенин көлөмүн тапкыла.Суунун тыгыздыгы 1000 кг/м³.
Берилди : Формула : Чыгаруу :
F = 500 Н F = pgV V = 500H/10м/с²·10³ кг/м³=0,5м³
Рсуу = 10³ кг/м³ V = F/pg
V - ?
5. Көлөмү 500 см³ нерсе толук бойдон керосинге чөгөрүлгөн.Нерсенин салмагы канчалыкка азайды?Керосиндин тыгыздыгы 800 кг/м³.
Берилди : Формула : Чыгаруу :
V = 500см³ = 5·10¯⁴м³ Fa = P = pkvg P = 800 кг/м³·5·10¯⁴м³·10м/с² = 4Н
Рк = 800кг/м³
Р - ?
Үйгө берилүүчү тапырмалар:
1.Атмосфералык басым 100 КПа кезинде поршендүү насос менен нефтини кандай жогорку бийиктикте көтөрсө болот? Нефтинин тыгыздыгы 800 кг/м³.
Берилди: Формула: Чыгаруу:
Р = 100 КПа = 10⁵ Па Р = ρgh
ρнеф = 800 кг/м³ h = Р / ρg h = 10⁵ Па / 800 кг/м³ · 10 м/с² = 12,5 м
Жообу: h = 12,5 м
h - ?
2.Сууда муз сүзүп жүрөт.Анын сууда чөккөн көлөмү 27 м³.Суунун үстүндөгү бөлүгүнүн көлөмү канча? Суунун тыгыздыгы 1000 кг/м³, муздун тыгыздыгы 900 кг/м³.
Берилди: Формула: Чыгаруу:
V₁ = 27 м³ Fа = V₁ ρсуу g Fа = 27м³ · 10³кг/м³ · 10 м/с² = 27 · 10⁴ Н
ρмуз = 900 кг/м³ Fа = Vρмузg V = 27 · 10⁴ Н / 900 кг/м³ - 10м/с² = 30 м³
ρсуу = 10³ кг/м³ V = F/ ρмузg V₂ = V - V₁ = 30 -27 = 3 м³
Жообу: V = 3 м³
V₂ - ?
Баалоо: Студенттер баалоо критерийлеринин негизинде бааланат