СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сүйүнбай Эралиев

Нажмите, чтобы узнать подробности

5-класстар үчүн адабият сабагы. Сүйүнбай Эралиев

Просмотр содержимого документа
«Сүйүнбай Эралиев»

Сокулук району, Гавриловка мектеп-комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Өмүрбек кызы Бегаим

Сокулук району, Гавриловка мектеп-комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Өмүрбек кызы Бегаим

4-чейрек. 5-класс. Кыргыз класстар үчүн Тема: Сүйүнбай Эралиев

4-чейрек. 5-класс. Кыргыз класстар үчүн

  • Тема: Сүйүнбай Эралиев
Сабактын максаттары: Билим берүүчүлүк максаты: окуучу Сүйүнбай Эралиев жана анын “Жамгыр” аттуу чыгармасы менен таанышат, маалымат алат. Өнүктүрүүчүлүк максаты: окуучу чыгармадан салыштырууларды табат, жаңы сөздөрдүн маанисин чечмелейт, көркөм окуй алат. Тарбия берүүчүлүк максаты: окуучу руханий жактан азык алат, маданий-эстетикалык табити калыптанат.

Сабактын максаттары:

  • Билим берүүчүлүк максаты: окуучу Сүйүнбай Эралиев жана анын “Жамгыр” аттуу чыгармасы менен таанышат, маалымат алат.
  • Өнүктүрүүчүлүк максаты: окуучу чыгармадан салыштырууларды табат, жаңы сөздөрдүн маанисин чечмелейт, көркөм окуй алат.
  • Тарбия берүүчүлүк максаты: окуучу руханий жактан азык алат, маданий-эстетикалык табити калыптанат.
Сүйүнбай Эралиев

Сүйүнбай Эралиев

Поэзия дүйнөсүнө салмактуу салымын кошкон Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Үч-Эмчек айылында жарыкка келген. Апасы Разия башкага эмес, өз балдарына өйдө карабаган мүнөзү жумшак, алпейим киши болгон. Атасы Эралы дагы ошондой эле жөнөкөй колхозчу, бирин-эки жылкысы, уй, кою бар, өз оокатына камкор киши болгон. Негизги кесиби – саяпкерлик эле. Күлүк таптап, чоң мелдештерге байгеге чыгарып, ошол чөлкөмдө бир топ кадыр-баркы жогору болгон.
  • Поэзия дүйнөсүнө салмактуу салымын кошкон Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Үч-Эмчек айылында жарыкка келген.
  • Апасы Разия башкага эмес, өз балдарына өйдө карабаган мүнөзү жумшак, алпейим киши болгон. Атасы Эралы дагы ошондой эле жөнөкөй колхозчу, бирин-эки жылкысы, уй, кою бар, өз оокатына камкор киши болгон. Негизги кесиби – саяпкерлик эле. Күлүк таптап, чоң мелдештерге байгеге чыгарып, ошол чөлкөмдө бир топ кадыр-баркы жогору болгон.
 Биринчи ырлар жыйнагы 1949-жылы чыккан. 1959-жылы жарыяланган “Ак Мөөр” поэмасы анын чыгармачылыгындагы бийиктик болуп, эл арасына атын кеңири тааныткан. Сүйүнбай Эралиев лирикалык ырлардын чебери. Анын “Жылдыздарга саякат”, “Жаңыл Мырзанын керээзи”, “Ак жыттар”, “Кесиринсан” поэмалары кыргыз адабиятынын сыймыктанар чыгармалары болуп эсептелет. Кыргыз Эл Баатыры.
  • Биринчи ырлар жыйнагы 1949-жылы чыккан. 1959-жылы жарыяланган “Ак Мөөр” поэмасы анын чыгармачылыгындагы бийиктик болуп, эл арасына атын кеңири тааныткан. Сүйүнбай Эралиев лирикалык ырлардын чебери. Анын “Жылдыздарга саякат”, “Жаңыл Мырзанын керээзи”, “Ак жыттар”, “Кесиринсан” поэмалары кыргыз адабиятынын сыймыктанар чыгармалары болуп эсептелет. Кыргыз Эл Баатыры.
Балдар жамгыр дегенде силердин эсинерге эмне келет?
  • Балдар жамгыр дегенде силердин эсинерге эмне келет?
Жамгыр Бүтүн жерге жамгыр жаады, Жамгыр жаады чорголоп. А биз тышка чыгалбастан, Калдык үйдө корголоп.   Асман менен жер билинбейт, Алды – кийин түнөрүп. Көл айрыкча көйрөңдөнөт , Толкун жарга тирелип.       Асман жакта бирөө туруп, Бытырадан аткансыйт. Анын баарын шашып-бушуп, Көл койнуна каткансыйт.   Даңгыр жерге көлчүк толуп, Көз-көз болуп жайнады. Экиленип толуп- ташып, Акты суулар сайдагы.

Жамгыр

  • Бүтүн жерге жамгыр жаады,
  • Жамгыр жаады чорголоп.
  • А биз тышка чыгалбастан,
  • Калдык үйдө корголоп.

  • Асман менен жер билинбейт,
  • Алды – кийин түнөрүп.
  • Көл айрыкча көйрөңдөнөт ,
  • Толкун жарга тирелип.

  • Асман жакта бирөө туруп,
  • Бытырадан аткансыйт.
  • Анын баарын шашып-бушуп,
  • Көл койнуна каткансыйт.

  • Даңгыр жерге көлчүк толуп,
  • Көз-көз болуп жайнады.
  • Экиленип толуп- ташып,
  • Акты суулар сайдагы.

 Көк тулаңдар жалтылдашты , Жашаргандай кулпуруп. Тоо тараптан түркүн гүлдүн, Жатты жыпар жыты уруп  Мен коргонуп олтурам да Ойлойм жамгыр тууралуу: “ Жамгырдын да өз обону, Ырлары бар, туурабы?!”         Жалбыракка тиет дагы, “ Шырп” деп добуш чыгарат. Темирлерге тийген кезде, Ыйлагансыйт “ыңаалап”.    Үнүн кошуп дарактар да, Термелишет шуудурап. “ Эмне мынча чаң болгонсуң?” Дене-башын жуудурат.

Көк тулаңдар жалтылдашты ,

  • Жашаргандай кулпуруп.
  • Тоо тараптан түркүн гүлдүн,
  • Жатты жыпар жыты уруп

  • Мен коргонуп олтурам да
  • Ойлойм жамгыр тууралуу:
  • Жамгырдын да өз обону,
  • Ырлары бар, туурабы?!”

  • Жалбыракка тиет дагы,
  • Шырп” деп добуш чыгарат.
  • Темирлерге тийген кезде,
  • Ыйлагансыйт “ыңаалап”.

  • Үнүн кошуп дарактар да,
  • Термелишет шуудурап.
  • Эмне мынча чаң болгонсуң?”
  • Дене-башын жуудурат.
Чөптөр жерден баш көтөрүп, Умтулушат жамгырга. Жалбырактар аны жутуп, Айтышкансыйт: “Жан жырга!” Жан-жаныбар жыргап турат., Жакшы көрүп жамгырды. Көп сагынып калган экен Жер суусунун кандырды Жамгыр! Жамгыр! Ар тамчыдан Сезем тунук асманды Сенин өлбөс кубатыңдан, Жер ойгонот жаз жандуу. Жамгыр! Жамгыр! Ар тамчыдан Табам күндүн нурларын. Көрөм сени ар тамчыңда Жылдыз жанып турганын...”
  • Чөптөр жерден баш көтөрүп,
  • Умтулушат жамгырга.
  • Жалбырактар аны жутуп,
  • Айтышкансыйт: “Жан жырга!”
  • Жан-жаныбар жыргап турат.,
  • Жакшы көрүп жамгырды.
  • Көп сагынып калган экен
  • Жер суусунун кандырды
  • Жамгыр! Жамгыр! Ар тамчыдан
  • Сезем тунук асманды
  • Сенин өлбөс кубатыңдан,
  • Жер ойгонот жаз жандуу.
  • Жамгыр! Жамгыр! Ар тамчыдан
  • Табам күндүн нурларын.
  • Көрөм сени ар тамчыңда
  • Жылдыз жанып турганын...”
Мына жамгыр дале жерге Куюп жатат нөшөрлөп. Куштар учпай олтурушат: “ Качан бүтөр экен?” деп. Ал аңгыча ыр жаңырды, Адыр, талаа – түздөрдөн , Тоодон, таштан, Ысык-Көлдөн, Жолдон, баскан издерден. Көк чөптөрдөн , дарактардан, Түркүн тилдүү куштардан. Ободогу булуттардан, Булуңдардан бурчтардан. Ал ыр – жердин ыры болчу, Чаңкаганын кандырган. Эми өтүнөт: “Тойдум, тойдум! Токтогун!” деп жамгырдан.
  • Мына жамгыр дале жерге
  • Куюп жатат нөшөрлөп.
  • Куштар учпай олтурушат:
  • “ Качан бүтөр экен?” деп.
  • Ал аңгыча ыр жаңырды,
  • Адыр, талаа – түздөрдөн ,
  • Тоодон, таштан, Ысык-Көлдөн,
  • Жолдон, баскан издерден.
  • Көк чөптөрдөн , дарактардан,
  • Түркүн тилдүү куштардан.
  • Ободогу булуттардан,
  • Булуңдардан бурчтардан.
  • Ал ыр – жердин ыры болчу,
  • Чаңкаганын кандырган.
  • Эми өтүнөт: “Тойдум, тойдум!
  • Токтогун!” деп жамгырдан.
Жамгыр тынып тура калды, Ырга тосуп кулагын. Ошол кезде кыт-кыт күлдү, Тоо чаптырып булагын.  Боору катып кыткылыктап, Алды жакта ким күлөт?” – Деп булуттун арасынан Күн карады күлмүңдөп. Лагердеги чатырлардан, Тышка чуркап чыгабыз. Жашыл жердин жаңы ырларын, Жаш ырларын угабыз.   Көк чөптү биз куттуктайбыз, Көлгө салам беребиз. Толкундарда чабак уруп, Жыргай түшөт денебиз
  • Жамгыр тынып тура калды,
  • Ырга тосуп кулагын.
  • Ошол кезде кыт-кыт күлдү,
  • Тоо чаптырып булагын.

  • Боору катып кыткылыктап,
  • Алды жакта ким күлөт?” –
  • Деп булуттун арасынан
  • Күн карады күлмүңдөп.
  • Лагердеги чатырлардан,
  • Тышка чуркап чыгабыз.
  • Жашыл жердин жаңы ырларын,
  • Жаш ырларын угабыз.

  • Көк чөптү биз куттуктайбыз,
  • Көлгө салам беребиз.
  • Толкундарда чабак уруп,
  • Жыргай түшөт денебиз
Жамгырдын жер үчүн, эл үчүн пайдасы эмнелерде? Эгер жамгыр жок болсо, анда жер жүзүндө кандай кырсыктар болмок?
  • Жамгырдын жер үчүн, эл үчүн пайдасы эмнелерде?
  • Эгер жамгыр жок болсо, анда жер жүзүндө кандай кырсыктар болмок?
Жамгырдын пайдасы Жамгырдын жазында пайдасы чоң. Жамгыр жаайт, жерге синет, жердеги өсүмдүктөрдүн тамырына суу барат. Эң алды менен жерге көк чыгарат. Бак-дарактарды бүрдөткөн жамгыр болот. Кайрак жерлердеги эгиндер жалаң жамгырдын суусу менен өсөт. Жамгыр жааганда абадагы чаң да тазаланат, абадагы кычкылтек көбөйөт.

Жамгырдын пайдасы

  • Жамгырдын жазында пайдасы чоң. Жамгыр жаайт, жерге синет, жердеги өсүмдүктөрдүн тамырына суу барат. Эң алды менен жерге көк чыгарат. Бак-дарактарды бүрдөткөн жамгыр болот. Кайрак жерлердеги эгиндер жалаң жамгырдын суусу менен өсөт. Жамгыр жааганда абадагы чаң да тазаланат, абадагы кычкылтек көбөйөт.
Балдар, биз азыр ырдагы метафора,  салыштырууларды табабыз. Эстеп көргүлөчү, же китебиңерден текстти карагыла, кандай салыштыруулар бар экен?
  • Балдар, биз азыр ырдагы метафора,

салыштырууларды табабыз.

  • Эстеп көргүлөчү, же китебиңерден текстти карагыла, кандай салыштыруулар бар экен?
Ырдагы салыштыруулар, жана бизге тааныш эмес сөздөр Көл айрыкча көйрөң дөнөт Толкун жарга тирелип. Балдар, “көйрөң” деген сөздү кандай түшүнөсүңөр?

Ырдагы салыштыруулар, жана бизге тааныш эмес сөздөр

  • Көл айрыкча көйрөң дөнөт
  • Толкун жарга тирелип.

Балдар, “көйрөң” деген сөздү кандай түшүнөсүңөр?

Көйрөң - шайыр-мүнөз, бир ордунда турбаган, тамашакөй адамга карата айтылган сөз. Бул жерде акын көлдүн жамгыр жаап жаткандагы толкун болуп жаткан көрүнүшүн адамдын жүрүм – турумуна, көйрөңдүгүнө салыштырган.
  • Көйрөң - шайыр-мүнөз, бир ордунда турбаган, тамашакөй адамга карата айтылган сөз.
  • Бул жерде акын көлдүн жамгыр жаап жаткандагы толкун болуп жаткан көрүнүшүн адамдын жүрүм – турумуна, көйрөңдүгүнө салыштырган.
Асман жакта бирөө туруп, Бытырадан аткансыйт.  Ал эми бытыра деген эмне?
  • Асман жакта бирөө туруп,
  • Бытырадан аткансыйт.

  • Ал эми бытыра деген эмне?
Бытыра – - ар түрдүү диаметрдеги тоголок болгон коргошун же чоюндан жасалган ок Бул сапта жамгырдын тамчыларын мылтыктан атылган окторго салыштырган.
  • Бытыра – - ар түрдүү диаметрдеги тоголок болгон коргошун же чоюндан жасалган ок
  • Бул сапта жамгырдын тамчыларын мылтыктан атылган окторго салыштырган.
Темирлерге тийген кезде, Ыйлагансыйт: “ыңаалап”.  Ал эми бул эки сап менен тамчылардын темирге тийип жаткандагы добушту баланын “ыңаалап” ыйлаганына салыштырган.
  • Темирлерге тийген кезде,
  • Ыйлагансыйт: “ыңаалап”.

  • Ал эми бул эки сап менен тамчылардын темирге тийип жаткандагы добушту баланын “ыңаалап” ыйлаганына салыштырган.
Жамгырдын да өз обону, Ырлары бар, туурабы?!  Туурабы балдар, чын эле ушундайбы? Чын эле жамгыр жаап жатканда музыка уккандай болобузбу? Албетте, балдар, жамгыр жаап жаткандагы добушту укканда кадимкидей эс алып, музыка уккандай болосуң. Демек, бул жерде жамгырдын дыбыртын ырга, музыкага салыштырган. Анда жамгыр жаап жаткандагы тасманы, андагы сулуулукту карап көрөлү.
  • Жамгырдын да өз обону,
  • Ырлары бар, туурабы?!

  • Туурабы балдар, чын эле ушундайбы?
  • Чын эле жамгыр жаап жатканда музыка уккандай болобузбу?
  • Албетте, балдар, жамгыр жаап жаткандагы добушту укканда кадимкидей эс алып, музыка уккандай болосуң. Демек, бул жерде жамгырдын дыбыртын ырга, музыкага салыштырган. Анда жамгыр жаап жаткандагы тасманы, андагы сулуулукту карап көрөлү.
Көп сагынып калган экен, Жер  суусунун кандырды. “ суусунун кандыруу” дегенди кандай түшүнөсүңөр? “ Суусунун кандыруу” – аябай сууга чаңкап турган кезде, суудан ичүүнү айтабыз. Жер дагы суусайбы балдар? Кандай ойлойсуңар?
  • Көп сагынып калган экен,
  • Жер суусунун кандырды.
  • “ суусунун кандыруу” дегенди кандай түшүнөсүңөр?
  • “ Суусунун кандыруу” – аябай сууга чаңкап турган кезде, суудан ичүүнү айтабыз.
  • Жер дагы суусайбы балдар? Кандай ойлойсуңар?
Албетте, балдар, жер да суусайт, жер да суу сурайт.
  • Албетте, балдар, жер да суусайт, жер да суу сурайт.
Биз түшүнбөгөн сөздөр: Көйрөң-  шайыр-мүнөз, бир ордунда турбаган, тамашакөй адамга карата айтылган сөз. Бытыра - ар түрдүү диаметрдеги тоголок болгон коргошун же чоюндан жасалган ок. Көк тулаң - жапжашыл болуп, бирдей, тегиз осүп турган чөп Кулпуруу - өңүн озгөртүп, башкача болуп калуу. Суусунун кандыруу - өтө суусап турган кезде суу ичүү Боору катып кыткылыктоо - аябай кыткылыктап күлүү.

Биз түшүнбөгөн сөздөр:

  • Көйрөң- шайыр-мүнөз, бир ордунда турбаган, тамашакөй адамга карата айтылган сөз.
  • Бытыра - ар түрдүү диаметрдеги тоголок болгон коргошун же чоюндан жасалган ок.
  • Көк тулаң - жапжашыл болуп, бирдей, тегиз осүп турган чөп
  • Кулпуруу - өңүн озгөртүп, башкача болуп калуу.
  • Суусунун кандыруу - өтө суусап турган кезде суу ичүү
  • Боору катып кыткылыктоо - аябай кыткылыктап күлүү.
Үй тапшырма: 1. Ырдан үзүндү жаттайсынар. 2. Чыгарманын негизинде А4 барагына пейзаждык сурот тартасынар. Пейзаж – кайсы бир жердин көрүнүшү, сүрөтү. Ошондо силер акын жамгыр жаап жаткан мезгилди кандай сүрөттөгөнүн элестетип тартасынар.

Үй тапшырма:

  • 1. Ырдан үзүндү жаттайсынар.
  • 2. Чыгарманын негизинде А4 барагына пейзаждык сурот тартасынар.
  • Пейзаж – кайсы бир жердин көрүнүшү, сүрөтү.
  • Ошондо силер акын жамгыр жаап жаткан мезгилди кандай сүрөттөгөнүн элестетип тартасынар.
Саламатта калгыла!
  • Саламатта калгыла!