СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Султан Ибраимов

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Султан Ибраимов»

Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин”


Кыргызстандын коомдук – саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн совет доорундагы даңазалуу он жылдыктары деп салыштырмалуу түрдө 1926-1936, 1950-1960, 1970-1980-жылдарды бөлүп алууга ал кездердеги тарыхый кырдаалдар жана жалпы коомдук маанайдын жагымдуу палитрасы мүмкүндүк берет. Бул он жылдыктар кыргыздын А.Орозбеков, А.Сыдыков, Б.Исекеев, Ж.Абдрахманов, Т.Айтматов, И.Раззаков, Т.Кулатов, С.Ибраимов жана башкалар улуу инсандар мамлекеттик жана партиялык жетекчилик ишмердүүлүктөрү менен камыр-жумур байланышта каралып – баалангандыктан, даңазалуу ошол он жылдыктардын өзүлөрү жараттыбы деген суроо пайда болбой койбойт. Аларды бири-биринен жыратып кароого мүмкүн болбойт. Ошол белгилүү инсандардын ичинен Султан Ибраимовду баса белгилеп кетүүгө болот. Таза кол, аруу дилдүү коомдук ишмер болгон. 1980-жылдын 4-декабрдагы каргашалуу окуянын айынан 53 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак. Ал 1927-жылы 20-сентябрда Чүй районунун Алчалуу айылында туулган.

Айылда колхозчу, тракторчу болуп иштеген. Кызматтык зоболосу өйдөлөп, республиканын суу чарба министри, партиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Прездиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. Ишмер инсан Султан Ибраимов кезегинде СССР Жогорку Советтерине депутат, КПССтин xxiv съездине делегат болуп шайланган. Эки жолу Эмгек Кызыл Туу орден жана медалдар менен сыйланган.

1968-жылы Султан Ибраимов Кыргызстан компартиясынын Ош обкомунун биринчи катчылыгына дайындалып, бул кызматты дээрлик он жыл башкарган. Ал учурда коомдук ишмер 41 жашта болгон, иш десе ишке, аш десе ашка тойбой турган кези болчу.


Адылбекова А


Сатылганова Б


Төлөгөнова А


Шамуратова А


Токсонбаева А


Төлөгөнова А


Абдыкадырова А


Салимбаева Г


Байысбекова А


Кутманова А


Бегалиева Н


Абасканова А


Иманкулова А


Адылбекова Ж


Замирбекова Б


Сатымкулова М


Исаков Э