СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сунуш мугалимдер учун

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сунуш мугалимдер учун»

2020-2021-окуу жылындагы

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз адабиятын окутуу боюнча август кеңешмесине методикалык сунуштар



Актуалдуулугу

Кийинки он жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүү системасында көптөгөн реформалоого багытталган өзгөрүүлөр болууда. Баарыбызга белгилүү болгондой, 2020-жыл - Кыргыз Республикасында Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы. Бүгүнкү күндө жүрүп жаткан билим берүүдөгү жаңылануулар окуучунун муктаждыгын камсыз кылууга багытталган. Мектептик билим берүүнү жаңылоо процессинде компетенттүүлүк мамиле жалпы билим берүүчү мектептерде кадыресе процесс катары жүрүп, анын ички маңызы жана максаттары жаңыланууда.

Билим берүү тутумун санариптештирүү зарыл экендигин, ар бир адамдын бүгүн интернет жана веб-технологияларды эркин пайдалана алышын жашоо талап кылып турат. Мектептер, билим берүү уюмдары информациялык-коммуникативдик технологияларды окуу процессине киргизүү менен электрондук окуу китептери, мобилдик тиркемелер, ар кандай темаларга ылайыкталган веб-сайттар, вебинарлар жасалып колдонулуп жатат. Мектептик билим берүүнү стандартташтыруу предметтик билим берүүнү, билим берүү процессин, окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалоонун усулдарын жана каражаттарын жаңылоого талап коет. Бүгүнкү күндө окутуунун акыркы натыйжалары – бул теориялык билимдердин жыйындысы болбостон, ал билимдерди окуучулар практикада, өз жашоосунда керектеп колдонуп, аны өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн колдонуу болуп эсептелет. Демек, бул зарылчылыктар мектептердеги билим берүүнүн сапатын, анын ичинде кыргыз адабиятын окутуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу милдеттерин койгондугу менен актуалдуу.

Кыргыз адабиятын окутуунун жалпы маселелери


Кыргыз адабиятынын окуу предмети катары спецификасын анын искусствонун өзгөчө түрү болгон ички табияты аныктайт. Адабият ааламдын сырын, адамдын жан дүйнөсүнүн эстетикалык камылгасын, туюмун кабылдап, анын турмушунун ар кыл жактарын көркөм образдар аркылуу чагылдырат. Адабияттын адеп-ахлактык, эстетикалык, таалим-тарбиялык, дүйнө таануучулук жана билим берүүчүлүк мүмкүнчүлүгү өтө кенен.

Дүйнөнү жандуу, конкреттүү жана биримдикте таанып-билүүнү кабылдоонун мүмкүнчүлүгүнүн көркөм образдуулук, эстетикалык идеяларга багытталгандык, жекелик, инсандык кабылдоодогу башталыштар, таанып-билүүчүлүк, эстетикалык, адеп-ахлакка тарбиялоочулук, дүйнө таанытуучулук, коммуникативдик функциялары адабиятты искусствонун башка түрлөрү менен байланыштырып турат.

Адабият - турмушту көркөм таануунун жана чыгармачыл ишмердүүлүктүн өз алдынча тармагы.

Кыргыз адабиятынын окуу программасы тууралуу

Кыргызстанда негизги жалпы билим берүүчү окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (5-11-класстар) үчүн кыргыз адабияты боюнча предметтик стандарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлунан № 403 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын негизги орто билим берүүсүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн.

Стандарттын жаңылыгы кыргыз адабияты “Искусство” билим берүү тармагына кошулганы болуп саналат. Бул жаңылык өз кезегинде предметти окутуунун формасын абстракттуу-илимий, идеологиялык жана таза философиялык ыктан көркөм ыкка өзгөртөт. Көркөм чыгармага адабий анализ (адабият таануу илимий деңгээлде) жүргүзүүнүн ордуна эстетикалык анализдөө менен алмаштырууга умтулууга негиз болот.

Адабият боюнча жаңы стандарттын өзгөчөлүгү – анын компетенттүүлүккө негизделип түзүлгөндүгүндө. Стандарт мугалимди адабиятты окутууда реалдуу натыйжага жетишүүгө багыттайт.

Кыргыз адабиятын окутуунун максаттары жана милдеттери

Кыргыз адабиятынын искусствонун бир түрү катары ички табияты менен өтөгөн функциясы жана окутуп тарбиялоодогу мектептин милдеттери адабият сабагынын максаттарын аныктайт.

Адабиятты окутуунун максаттары:

  • сабаттуу окурманды тарбиялоо жана мектеп окуучусунун адабий чыгармаларды окуу маданиятын өстүрүү;

  • көркөм адабият жөнүндө сөз искусствосу катары түшүнүктөрүн калыптандыруу;

  • натыйжалуу окурмандык чыгармачылыкка кызыктыруу, түрткү берүү.

Адабиятты окутуунун милдеттери:

  • окуучуларды кыргыз жана дүйнөлүк көркөм адабияттын мыкты казыналары менен тааныштыруу;

  • Алардын дүйнөнү кабылдоодогу эстетикалык табитин ойготуп, өнүктүрүп, атуулдук, адеп-ахлактык позициясын бекемдөө;

  • Мектеп окуучусунун окурмандык өнүгүүсүн камсыздоо.

Окуучулардын көркөм нарктарды кабылдоосун жана сөз өнөрүн мыкты өздөштүрүүсүн камсыз кылуу; инсандын эмоционалдык маданиятын өнүктүрүп, анын дүйнөгө, жашоого, искусствого болгон мамиле-жообун, социалдык түшүнүгүн калыптандыруу; адамда көркөм чыгармачылык табитти, жөндөмдү өнүктүрүү, анын чыгармачылык ой чабытын, образдуу ой жүгүртүүсүн, эстетикалык туюм-сезим жана анын келечек жашоо турмушунда зарыл болгон жана башка түшүнүк, көз караштарын өстүрүү; окуучунун көркөм чыгарманы кабыл алуусундагы эмоционалдык баалуулук мамилелерин, интеллектуалдык кайрымдуулугун жана рефлексин тарбиялоо, анын бийик эстетикалык табитин жана керектөөсүн калыптандыруу; окуучунун адабий речин өстүрүп, эркин жана сабаттуу сүйлөй жана жаза алышын, көркөм лексикасынын жана ой жүгүртүүсүнүн бай болушун камсыз кылуу.

Азыркы учурда компетенттүүлүктөрдүн негизинде инсанга багыттап окутууда негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр боюнча репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү(чыгармачылык) 3 деңгээлде окуучулар ээ боло турган натыйжаларга көнүл буруу учурдун талабы. Окуучунун окуу ишмердүүлүгүнүн сапатын аныктоодо предметтик компетенттүүлүк чоң мааниге ээ. Предметтик компетенттүүлүк окуу жана практикалык ишмердүүлүктө ар дайым иш жүзүнө ашырылып турганда гана ийгиликтүү калыптандырылат. Окурмандык компетенттүүлүк – адабий чыгарманы эстетикалык өздөштүрүүгө жөндөмдүүлүк, искусствонун башка түрлөрүнүн катарында адабияттын өзгөчөлүгү жөнүндө түшүнүгүн калыптандыруу, образдуу сөздүн көркөм көп маанилүүлүгүн, ассоциативдүүлүгүн, көрүү жана угуу дааналыгын ачуу аркылуу образдык сөздү түшүнүү жана инсандык деңгээлде өздөштүрүү, теориялык-адабий түшүнүктөр жөнүндө үйрөнүүчү предмет катары эмес, көркөм чыгарманы түшүнө билүүгө жардамдашкан курал, каражат катары түшүнүктү өнүктүрүү.

Баалуулук-дүйнө таанымдык компетенттүүлүк – адабиятта чагылдырылган адеп-ахлактык баалуулуктарды жана дүйнө тааным категорияларды түшүнүү, ушул баалуулуктарга өзүнүн мамилесин аныктоо жана негиздөө, гуманисттик адеп-ахлактык позицияларга бек туруу;

Адабий-чыгармачылык компетенттүүлүк - ар түрдүү типтеги дил баяндарды жана түрдүү жанрдагы жана формадагы адабий чыгармачыл иштерди жазууга жөндөмдүүлүк.

Бүгүнкү күндүн мугалиминин максаттары жана милдети окуучуларга жөнөкөй эле маалыматтардын топтомун берүү болуп эсептелбейт. Учурдагы билим берүүнүн максаты - бул сынчыл ойлому өнүккөн инсанды тарбиялоо жана окутуу менен бирге окуучулардын ойлонууга болгон муктаждыгын, ар кандай кырдаалды талдоого жана аларды туура баалоого, ар түрдүү маселелерди чечүүнүн оптималдуу жолун табууга үйрөтүү. Сабакта билим берүүнүн максатын ишке ашыруу үчүн мугалим төмөндөгү кээ бир практикалык сунуштарды эске алуусу зарыл:

  • окуучуга ой жүгүртүүнүн кайсы билгичтиктерин түшүнүүсүн камсыздоо;

  • суроолорду койгонго үйрөтүү;

  • себептерди, кубулуштарды алып чыгууга үйрөтүү;

  • жоопторду аргумент менен негиздөөгө жана өз ишмердүүлүгүн баалоого үйрөтүү.

Мугалим жогорудагы сунуштарды окуу процессинде ишке ашыруу үчүн компетенттүүлүк мамиле б.а. инсанга учурдагы технологияларды пайдаланууга, алган билимдерин практикада жана жашоодо колдоно алууга жөндөмдүү инсанды калыптандырууга шарт түзүү талапка ылайык. Дидактикалык, методикалык материалдардын жана интернет ресурстардын көптүгүнө карабай мугалим окуу сабагынын материалын жана тапшырмалардын топтомун сабактын максатына ылайыкуу кылып өзү түзөт.

Ар түрдүү деңгээлдеги (репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү) тапшырмаларды түзүүнүн зарылдыгы мектепке ар түрдүү деңгээлдеги даярдыгы, иштөө темпи, интеллектуалдык жөндөмү боюнча айырмаланган балдар келет. Бирок, алар кандайдыр бир зарыл болгон билимдердин жана компетенттүүлүктөрдүн деңгээлдерине ээ болушу керек.

Сабакта чыгармачылыкка багытталган тапшырмаларды кокусунан эле пайдалануу каалаган натыйжаларды бербегендиктен чыгармачылык ишмердүүлүккө багытталган тапшырмалар ар бир сабакта колдонулса натыйжасы болот. Бул система маалыматты кабыл алуудан баштап эске тутууга, ой жүгүртүүгө акырында чыгармачылык нукта ой жүгүртүү менен аякташын көздөйт.

Кыргыз адабиятын окутуунун методологиялык негиздери

Кыргыз адабиятын окутуу иштери педагогика илиминин жалпы, атайын жана жеке методологиясынын жоболоруна негизделет. Кыргыз адабиятын окутуу процессинде инсанга багытталган окутууга өзгөчө маани берилет. Кыргыз адабиятын окутууга коммуникативдик мамиле жасалып, окутуунун обьектисин көркөм текст түзүүсү, ал эми сабак процесси жандуу сүйлөшүү, талдоо, талкуулоо, баяндоо иштери, чыгармаларга карата эссе-пикир жазуу, аргументтөө аркылуу жүргүзүлүшү шарт.

Адабиятты окутуу методикасында методдор тууралуу түшүнүктөр ар дайым эволюциялык аракетте болуп, улам жаңы ойлор менен толукталып келгендигин байкайбыз. Эвристикалык (жарым-жартылай изилдөө), изилдөөчүлүк, репродуктивдүү, долбоорлоо, стандарттык эмес сабактын формалары, интерактивдүү ж.б. методдор аркылуу кызыктыруучу окутуу чөйрөсүн түзүү, шыктандыруу окуучулардын натыйжалуу билим алышына өбөлгө түзөт. Электрондук окуу комплекстерин, онлайн тесттерин колдонуу, видеосабактарды көрүү менен кайтарым байланыш түзө билүү да талапка ылайык.

Август кеңешмелеринде кыргыз адабиятын окутуу боюнча төмөнкү маселелердин тегерегинде талкуу жүргүзүү сунушталат:

1.Кыргыз адабиятын окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде окутуунун окуу-ченемдик документтери (предметтик стандарт, окуу программалары) тууралуу;

2. Адабият -рухий, адептик-ыймандык жактан тарбиялоонун таасирдүү куралы;

3. Окуучулардын оозеки жана жазуу кеп маданиятын калыптандыруу, өстүрүү- адабият сабагынын милдети;

4.“Манас” эпосу - патриоттуулукту калыптандыруунун куралы;

5. Ч.Айтматовдун чыгармалары - окуу-тарбия ишинин таянычы;

6.Мектеп практикасында кыргыз тили, адабияты мугалимдеринин алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу жана келечектүү чечимдерди кабыл алуу;

7. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз адабияты предметинин мазмуну, окуу китептери боюнча ой-сунуштар;

8.Кыргыз адабияты предметин окутууда заманбап усулдарды колдонуу;

9.Кыргыз адабияты сабагындагы аргументтүү эссе, пикир жазуу жумуштары, аларды жүргүзүүдөгү иш-тажрыйбалар;

10.Кыргыз адабияты сабагында мультимедиялык каражаттарды колдонуу;

11.Кыргыз адабияты боюнча электрондук окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерин колдонуу жолдору;

12. Компетенттүүлүктүн негизинде сабакты пландоо;

13.Кыргыз адабияты боюнча видеосабактарды түзүүнүн жолдору.

Методикалык сунушту даярдаган:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун жана КДИнун филологиялык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу А.Б. Батыркулова, тел: 0770519438





2020-2021-окуу жылында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тили предметин окутуу боюнча август кеңешмесине методикалык сунуштар


Актуалдуулугу

 Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков 8-январь күнү 2020-жылды “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деген Жарлыкка кол койду. 

Учурдагы кырдаалга карата дүйнѳ жүзүндѳгү пандемияда аталган жылдагы санариптештирүү боюнча жүргүзүлгѳн иштердин пайдасы тийип, интернет аркылуу билим берүү тармагында дистанттык-аралыктан - онлайн окутуу тартиби ишке киргизилди. Бардык окуу жайларда, мектептерде видео сабактар, вебинар конференциялар интернет каражаты менен ар түрдүү программалар аркылуу окутулуп, бул маселенин бүгүнкү күндѳгү актуалдуу экендиги талашсыз болду. 

Балким, эмдиги окуу жылында дистанттык-аралыктан - онлайн окутуу тартиби улантылып калса, билим берүү кызматкерлери алдын ала ар тараптан кесиптик чеберчилигин ѳркүндѳтүп, видео сабактар, вебинар конференциялар интернет каражаты менен иштѳѳнү камсыздоого, мындай окутууга даярдана беришсе жаңылышпайт. Ошондой эле»Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" учурдагы кырдаалда айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугу, мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүү, аяр мамиле жасоо зарылдыгын эске алып, методикалык иш-аракеттерди жаңылоо, кайрадан иштеп чыгуу маселеси да актуалдуу. 

Учурда көп тилдүүлүк, инклюзивдүү билим берүү жана мектеп окуучуларын тарбиялоо, мектептеги билим берүүнүн сапатын баалоо системасы, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу санариптештирилип, аралыктан онлайн окутуу иш тартиби аркылуу жүргүзүү улантылууда. 

Мындай мультимедиялык жаңы технологияларды, окуу китептерди, окуу методикалык колдонмолорду мектеп тармагына бирдей мүмкүнчүлүктү маалымат менен камсыздоо, окутуунун жеткиликтүүлүгү ачык-айкындыкты жана окуу процессин өркүндөтүү максатында санариптештирилген вариантты жигердүү колдонуу учурдун зарылдыгы болууда. 

«Биримдик. Ишенимдүүлүк, Жаратмандык» - аттуу Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга өнүгүү программасына Өкмөттүн артыкчылыктары менен мамилеси боюнча иш- чаралар белгиленген.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен КР Жалпы мектептик билимдин Мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилгенден кийин, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы №590 токтомунун редакциясына ылайык, предметтик стандарттар, базистик окуу планы, программалар жаңыланды. 2020-2021-окуу жылында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 5-11-класстарда кыргыз тили предметин окутууда жаңыланган ченемдик-укуктук документтерге ылайык өзгөртүүлѳр киргизилген. 

Ченемдик-укуктук документтерде сунушталган окутуунун максаты, маңызы жана мазмуну жаңылангандыктан, жаңы муундагы окуу китептери жана окуу-методикалык комплексттери кайрадан иштелип чыгып, мугалимдерге ѳзгѳртүүлѳрдү бирдиктүү жеткирүү керек. 

Максаты:

Мугалимдер Август кеңешмесинде талкуулана турган болжолдуу темалар жөнүндө, КР Жалпы мектептик билимдин Мамлекеттик билим берүү стандарты жана предметтик стандарттар, базистик окуу планы (БОП), окуу программасы, окуу китептери, жаңыланган укуктук-ченемдик документтердеги негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү түзүлгѳн кырдаалга жараша ишке ашыруу, мектептерде иштелип чыккан видео сабактар, вебинар конференциялар жана баалоо технологиялары, ар түрдүү программалар аркылуу интернет каражаттарын колдонуу, окутуудагы жаңылыктар тууралуу жалпы маалымат алышат.

Коюлган максатты жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгүдөй милдеттер белгиленди:

1. Базистик окуу планынын талаптары жана ал боюнча окуу пландарын түзүүнүн түрлөрүн, болжолдуу сааттардын көлөмү тууралуу маалымат; 

2. Жаңы окуу планына ылайык түзүлгөн бул окуу программасынын өзгөчөлүгүн бөлүп көрсөтүү;

3. КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2020-2021-окуу жылына карата окуу китептери жана окуу методикалык колдонмолордун санариптештирилген вариантын тактап, сунуштоо;

4. Мультимедиалык жаңы технологияларды колдонуу менен негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн 3 деңгээлде окутуу 

Жалпы маалымат

Ошентип, “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында" мектептердин Интернетке туташуусу 2,4% дан 99% га жогорулады. Lib.kg программалык платформасы (Ачык билим берүү ресурстарынын улуттук репозиторийи) түзүлүп, анын негизинде мектеп окуу китептеринин электрондук варианттары окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн ачык (2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын мектептеринде окуу процессинде колдонулган 453 окуу куралы жана башка кошумча окуу куралдары колдонулган ) жана 1-ден 4-класска чейинки балдар үчүн кошумча билим берүү аянтчасы - Айбилим (www.ibilim.kg) жана 5-9-класстардын окуучулары үчүн - Билим булагы (www.bilimbulagy.kg) менен камсыздалды. Төмөндө белгиленген тапшырмалар: “Жаңы мектеп - Келечек мектеби” Улуттук программасынын алкагында мектеп деңгээлиндеги реформалардын бардык аспектилерин камтыган, мамлекеттик жана донордук ресурстарды 2 топтогон улуттук кол чатыр катары ишке ашырыла баштайт”- деп белгиленүүдѳ. 

1. Базистик окуу планы.

Жалпы билим берүүчү мектептердин негизги мамлекеттик документи, мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги бөлүгү жана милдеттүү окуу предметтердин тизмесин, окутуу убактысынын ырааттуулугун, окуу жүктөмүнүн көлөмүн аныктайт. Ал бардык класс жана предмет боюнча окуу тилине, менчик формасына карабастан ар бир мектептин окуу планын иштеп чыгуунун негизин уюштуруучу укуктук-ченемдик документ. 

Базистик окуу планынын талаптарын сактоо менен төмөндөгүдөй окуу пландары түзүлөт: аймактык, мектептик, болжолдуу жумушчу окуу пландары иштелип чыгат жана мектепти каржылоодо негизги документ болуп эсептелет. 

1. Аймактык, базистик окуу планы. Аймактык, билим берүүнүн башкармалыгы тарабынан мамлекеттик базистик окуу планынын негизинде иштелип чыгат жана ал сунуш кылуу мүнөзүндө болот.

2. Мектептик окуу планы - мамлекеттик базистик жана аймактык окуу планынын негизинде узак мөөнөткө түзүлүп, конкреттүү мектептин өзгөчөлүгү эске алынат (мектептин окуу планы катары бир же бир нече типтүү окуу планы кабыл алынышы мүмкүн);

3. Болжолдуу жумушчу окуу планы - күнүмдүк шарттарды эске алуу менен түзүлөт жана жылыга мектептин методикалык кеңешмесинде бекитилет.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 5-11-класстарда кыргыз тили предметин окутууга карата мамиле өзгөрүп, балдардын оозеки, жазуу, байланыштуу кебин, чечендик-ораторлук жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган заманбап технологияларды колдонуу абзел. Базистик окуу планындагы “Тилдик" билим берүү чөйрөсү боюнча биринчи тилдин предметтик стандартына негизделип, т.а., эне тилинде окутуунун натыйжаларына коюлуучу талаптар менен аныкталат.

Коммуникативдик ишмердүүлүк ыкмасын пайдалануунун эң негизги милдети – тилдин структурасы жана мыйзамдары тилдик системанын бардык элементтерин бириктирген бир бүтүндүк катары таанытуу. Окутуунун мындай бирдиктүү бир бүтүндүгү бул - текст. Анткени дал ушул текстте тилдин бардык элементтери белгилүү бир системага биригишет жана текст жасоочулук функцияга ээ болот. Кыргыз тилин окутууда адабий тилдин бардык функционалдык стилдерине (оозеки-сүйлөшүү, көркөм, окуу-илимий, публицистикалык, расмий иштиктүү стиль) ылайык тексттердин ар кыл түрлөрүн кеңири пайдалануу сунуш кылынат.

КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кыргыз тили предмети боюнча 2018-2019-, 2019-2020-, 2020-2021-окуу жылдарына карата жаңы окуу планындагы базистик вариантта сунушталган болжолдуу сааттар төмөндөгүдөй:



2018-2019-2020- 2021окуу жылдары

Класстар 

5

6

7

8

9

10

11

Кыргыз тили

4

4

3

3

2

2

3

Жылдык саат

136

136

102

102

68

68

102


 Кыргыз тилин окутуу процессинде окуучулардын кеп ишмердүүлүктөрүнүн бардык түрлөрүн (угуп түшүнүү - аудирлөө, сүйлөө - сүйлөп түшүндүрүү, окуу - окуп түшүнүү, жазуу-жазып түшүндүрүү) турмушунда колдонууга ээ болуунун негизинде окуучулардын (негизги компетенттүүлүктөргө: Маалыматтык, социалдык-коммуникативдик (карым-катнаштык), өзүн-өзү уюштуруу, көйгөйлөрдү чечүү жана предметтик компетенттүүлүктөргө: тил таануучулук, кептик жана маданият-таануучулук) компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Тилдин системасын, анын мыйзамдарын гана таанытуучулук эмес, функционалдык, коммуникативдик ишмердүүлүк, сүйлөшүү маданиятынын деңгээлин көтөрүүнү жөнгө салуу максатын да көздөшү керек. 

  1. Окуу программасы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен бекитилген жана КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык КР Өкмөтүнүн «Билим берүү жөнүндө», «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдарын жана 2012-жылкы Туруктуулук жана бакубат жашоо» программаларын эске алуу менен, окуу жүктөмү кыскарган окуу планынын негизинде кыргыз тилинин мамлекеттик стандартынын талаптарына таянуу менен даярдалган. Мамлекеттик стандарт окутуу тилине, уюштуруучулук, укуктук формасына жана менчиктин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн окуу планынын бирдиктүү моделинин негизинде окуу программасы түзүлөт. 

5-11-класстарда жаңы окуу жылында оңдолуп, толукталган кыргыз тилинин программасы (Түзүүчүлөр: А.Сапарбаев, Б. Өмүралиев, С. Үсөналиев, В. Мусаева жана Н. Абдесов. Илимий редактору С.Рысбаев) сунуш кылынат (2016).

Жаңы окуу планына ылайык түзүлгөн бул окуу программасынын өзгөчөлүгү -кыргыз тилин эне тил катары окутуунун натыйжалуулугун, сапатын арттыруу менен, окуучулардын кеп ишмердүүлүктөрүнүн түрлөрүн (угуу-аудирлөө, сүйлөө, окуу, жазуу) колдонууну, кеп маданиятын ар кыл турмуштук кырдаалга ылайык кептин стилдеринин түрлөрүнө жараша, өз алдынча чыгармачылык менен диалог, монолог түзө билүүгө үйрөтүүчү коммуникативдик көндүмдөрүн калыптандыруучу практикалык машыгуу иштерин жүргүзүүгө багытталгандыгы. Эң башкысы, эне тилин окутуу үчүн кептик, тилдик жана маданият таануучулук компетенттүүлүктөрдүн негизинде инсанга багыттап окутуу маселеси да курч коюлуп, ар бир класстын жыйынтыгында аталган негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр боюнча репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү(чыгармачылык) 3 деңгээлде окуучулар ээ боло турган натыйжаларга негизделет. Мугалим мына ушуга айрыкча көңүл буруусу зарыл. 

Азыркы мектепте авторитардык типтеги окутуунун ордуна инсанды өзүн-өзү таанууга үйрөтүү талабы колго алынуусу максатка ылайык. 

Программада кыргыз тилин компетенттүүлүктүн негизинде окутуу сунушталат. Атап айтсак: кептик компетенттүүлүктө - мектеп бүтүрүүчүсү коммуникативдик милдеттерди аныктоого; тилди пикир алышуунун ар кыл кырдаалдарында; оозеки жана жазуу формасында пайдаланууга; өзүнүн сөздүк байлыгын байытуу менен кептик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жөндөмдүү болушу шарт.

Кептик компетенттүүлүктүн негизинде окутууда:

- карым-катнаштын максатына ылайык кептин предметин жана темасын түшүнөт жана белгилейт;

- тексттеги биринчи жана экинчи орундагы маалыматтарды бөлүп көрсөтүп, аларды чындык менен салыштырат;

- адабий тилдин (стилдердин) нормаларына, пикир алышуунун максатына (кептик кырдаалдарга) ылайык текст түзөт;

- текстти ар кыл стилдик талаптарга, ар кыл эмоционалдык жагдайларга ылайыктап кайрадан түзөт;

- коммуникативдик мазмунуна ылайык тексттердин функционалдык семантикалык типтерин, кептин ар кыл жанрындагы жана стилиндеги тексттерди айырмалайт жана өз тажрыйбасында чыгармачылык менен колдонот. 

Ал эми тилдик компетенттүүлүктө - мектеп бүтүрүүчүсү тилдин системасы жана анын кепте ишке ашырылыш мыйзамдары жөнүндө билимге ээ болот.

Тилдик компетенттүүлүктүн негизинде окутууда:

- тилдик бирдиктерди алардын тилдин системасындагы функциялары жана алардын тексттеги ролу менен байланышта түшүнөт;

- лингвистикалык бирдиктерди функциялары, маанилери жана стилдери боюнча топтоштурат;

- тилдик бирдиктердин синонимдештигинин түзүлүшүн, маанисин жана стилдерин айырмалайт;

- кептин оозеки жана жазуу формаларынын өзгөчөлүктөрүн салыштырат жана айырмалайт;

- орфограммалардын көлөмүнө жана пунктуациялык эрежелерге ылайык орфографиялык жана пунктуациялык ыкмаларга ээ болот. Маданият таануучулук компетенттүүлүктө мектеп бүтүрүүчүсү пикир алышууга катышуу менен социалдык-кептик, маанилик жана тарыхый-маданий контекстти эске алууга жөндөмдүү болот. Маданият таануучулук компетенттүүлүктүн негизинде окутууда:

- сүйлөшүү маданиятынын үлгүлөрүнө ээ болот; - коомдо калыпка түшкөн жүрүм-турумдун үлгүлөрүнө ылайык карым-катнаштын катышуучусунун социалдык ролун өзүнө кабыл алат;

- элдин маданий мурасынын маанилүү бөлүгү, ыйык баалуулукка айланган эне тилине карата жекече аяр мамилесин билдирет.

  1. Электрондук окуу ресурстары

Интернет каражаттарынын окуу тематикалык каталогу/ 

oku.edu.gov.kg 

kitep.edu.gov.kg

Ibilim.kg

bb.edu.gov.kg

lib.kg

intobr.kg

mozaweb.com

yaklass.ru

testing.kg

„Кыргыз тили билим берүү“ Порталы

Окуу китептери

Окуу программалары

Кыргыз тилин окутуунун методдору

Мультимедиялык-лингводидактикалык сѳздүк

Кыргыз тили жѳнүндѳ ырлар

Архитектуралык эстеликтер

https://tyup.net/page/til-zhonundo-yrlar

https://ky.wikipedia.org/wiki/

https://saat.kg/2016/04/18/kyrgyzstandy-d-jn-g-taanytkan-taryhyj-murastar/


  1. Август кеңешмелеринде талкуулана турган болжолдуу темалар: 

  1. “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” боюнча мультимедиялык жаңы технологияларды колдонуудагы жетишкендиктер жана мүчүлүштүктѳр;

  2. Стандарттардагы компетенттүүлүктөрдүн негизинде сабактын максатын жана анын көрсөткүчтөрүн пландоонун теориясы, практикасы; 

  3. Окутуунун жана баалоонун заманбап технологиялары;

  4.  Кѳп тилдүү, кѳп маданияттуу билим берүү маселелери;

  5. Интерактивдүү окутуунун технологияларын колдоно билүүнүн педагогикалык шарттары;

  6. Сынчыл ойломдун стратегияларын пайдалануу аркылуу стандарттын талабындагы окутуунун 3 деңгээлин ишке ашыруу менен инсанга багыттап окутуу; 

  7. Этнопедагогика, этнолингвистика, этномаданият багытында кыргыз тилин кыргыз элинин алдыңкы маданий мурастары, баалуулуктары менен биримдикте окутуу; 

  8. Кеп ишмердүүлүктөрүнүн түрлөрүн (угуу-аудирлөө, сүйлөө, окуу, жазуу) коммуникативдик метод аркылуу мультимедиялык каражаттарды колдонуу;

  9. Окуучунун тилдик, кептик жана маданият таануучулук компетенттүүлүктөрүнө басым жасоо; 

  10. “Сүйлөшүү маданияты”, “Байланыштуу кеп”, “Лексика жана фразеология”, “Чечендик-ораторлук кеп” бөлүмдөрүн окутууда кептин коммуникативдик касиеттерин (кептин тазалыгын, тактыгын, тууралыгын, көрктүүлүгүн, орундуулугун, образдуулугун, элестүүлүгүн, эмоционалдуу-экспрессивдүүлүгүн) калыптандыруу;

  11. Тексттеги кептин түрлөрүн (баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү), кептин стилдерин (көркөм, илимий, публицистикалык, иш кагаздарынын стили) колдонуу аркылуу жогорку класстарда кесиптик билим берүүгө багыттоо;

  12. Кыргыз тили сабагында “Манас” эпосуна көңүл буруу менен андагы көркөм тил каражаттарын жемиштүү пайдалануу. ж. б.у.с.

  13. Кыргыз тили сабагында мультимедиялык каражаттарды колдонуу;

  14. Кыргыз тили боюнча электрондук окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерин колдонуу жолдору;

  15. Компетенттүүлүктүн негизинде сабакты пландоо;

  16. Кыргыз тили боюнча видеосабактарды түзүүнүн жолдору.

Методикалык сунушту даярдагандар: Филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент. Т.А.Асанакунов 0704 106 354 жана проф., м.а. п.и.к К.Эсеналиева 0700 600 324



2020-2021-окуу жылында Кыргыз Республикасынын орто мектептеринде англис тилин окутуу боюнча август кеңешмесине

методикалык сунуштар


Кыргызстандын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кошулууга умтулуусу, ошондой эле санариптик технологияларга багыт алгандыгы англис тили сабагында негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү түзүү үчүн жаңыча ыкмаларды талап кылат.

0

0

0

0

0

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мектептеринде англис тилине окутуунун негизги максаты маданияттар арасындагы байланыш үчүн чет тилди пайдалана алгыдай кылып, ошондой эле окутуу ишиндеги жана реалдуу турмуштагы маселелерди чечүү үчүн адамды гармониялуу өнүктүрүүнү көздөйт. КР мамлекеттик саясатынын аймактарды өнүктүрүүгө, өлкөнү санариптештирүүгө жана балдарды колдоого багытталганын эске алганда, англис тилине окутуу чет тилди өз өлкөсүнүн турмушундагы ар кыл чөйрөлөрдү салыштыруу, МКТ сабаттуулукту өнүктүрүү, ошондой эле балдарды социалдык коргоо маселелери менен тааныштыруу аркылуу үйрөтүүгө багытталган. Бул иш долбоордук ишмердик, мигранттардын балдарынын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо-турмушу жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө мини-изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу ишке ашырылса болот. Башкача айтканда, англис тилине окутуу окуучулардын турмушуна ылайыкташтырылып, бүткүл окутуу процесси баарлашуу, тилдин баардык аспекттерин жана сөзмөрдүктү комплекстүү өнүктүрүү, окутуу процесине дифференциялуу мамиле кылуу, окутуунун мазмунун интеграциялоо, ошондой эле информациялык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу багытында уюштурулушу керек. Бул талаптар окуучуларды шыктандырып жана материалды билүү үчүн активдешүүсүнө, предметтик жана информациялык сабаттуулугуна шарт түзөт жана англис тили сабагынын ар бир окуучунун жекече өзгөчөлүктөрүнө жараша тарбиялоочу-өнүктүрүүчү потенциалын толук көлөмдө ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Англис тилин негизги мектепте окутуу төмөнкүдөй максат-маселелерди чечүүгө багытталган:

0

0

Когнитивдик - сүйлөшө билүү үчүн тилдик каражатты тандай билүү жана пайдалануу, ошондой эле окуулук материалды өз алдынча үйрөнүүнүн жалпы жолдорун жана ыкмаларын колдонуу аркылуу жалпы жана атайын билимдик деңгээлдерди өнүктүрүү, мунун ичинде жаңы маалыматтык технологияларды пайдалануу менен өнүктүрүү.

Жүрүм-турумдук - сөздүн (тилдин) ар түрдүү жагдайларын (угуу, окуу, сүйлөө, жазуу) социалдык-тиричилик, социалдык-маданий, окуу чөйрөлөрүндө, ошондой эле азыркы замандагы дүйнөдө чет тилде сүйлөшө жана түшүнө билүү үчүн жетиштүү деңгээлде үйрөнүү.

0

Баалуулук жагы - байланыштын каражаты катары чет тилди билүүнүн, өсүп-өнүгүп жана дүйнөнү таанып-билүүнүн баалуулугун түшүнүү, ошондой эле улуттук аң сезимди жана ар түрдүү жамааттар менен маданияттардын ортосунда адамдардын өз ара түшүнүшүүгө умтулуусун өнүктүрүү.

2020-2021-окуу жылында англис тилин окутуу төмөндөгүдөй нормативдик документтердин негизинде жүргүзүлөт: Кыргыз республикасынын “Билим берүү жөнүндө“ Мыйзамга, жалпы орто билим берүү боюнча мамлекеттик стандарттарга, жалпы орто билим берүүчү мектептерде англис тили боюнча предметтик стандартка, программага жана 2020-21-окуу жылынын базистик окуу планына ылайык.

2020-21-окуу жылынын базистик окуу планына ылайык, жалпы орто билим берүүчү мектептерде англис тилин окутуу 3-класстан башталат жана бардык класстарда сааттардын өлчөмү мурункудай эле өзгөртүүсүз сакталат.

Базистик окуу план боюнча, чет тили сабагында класс 2 топко бөлүнүп окутулат. Мектеп-гимназияларда жана мектеп-лицейлерде лицейлик, гимназиялык компоненттер сакталып, кружок түрүндө өтүлөт.

Стандартка ылайык чет тилди үйрөнүү ошол тилде сүйлөшө алуу үчүн коммуникациялык багытта болууга тийиш, ошондой эле окуучулардын жаш курагына туура келген практикалык тапшырмаларды аткарып, маселелерди чечүү үчүн функционалдык болушу керек. Бул ыкманы чет тилди билүүнүн деңгээлдерин эске алуу менен ишке ашырса болот.

Деңгээлдер

Класстар

A1 - жашоо деңгээли

Класс 3 - Башталгыч деңгээл /Beginner

A1 - жашоо деңгээли

Класс 4 - Башталгыч деңгээл / Beginner

A1- жашоо деңгээли

Класс 5 - Элементардык деңгээл / Elementary

A2 - чекке чейинки деңгээл

Класс 6 - Элементардык деңгээл / Elementary

A2- чекке чейинки деңгээл

Класс7 - Башталгыч орто деңгээл / Pre-Intermediate

A2 - чекке чейинки деңгээл

Класс 8 - Башталгыч орто деңгээл / Pre-Intermediate

B1 - чектик деңгээл

Класс 9 - Орто деңгээл /Intermediate


Деңгээлдик ыкма сүйлөй билүүнүн баардык аспекттери боюнча окутуунун жыйынтыктарын тийиштүү керек болгон компетенттүүлүккө жараша аныктоого мүмкүндүк берет:

0

1. Кептик компетенттүүлүк жагындагы күтүлүүчү натыйжалар - сүйлөй билүүдө, уга билүүдө, окууда жана жазууда коммуникативдик билимдерди өнүктүрүү.

2. Тилдик компетенттүүлүк жагындагы күтүлүүчү натыйжалар – тилдик каражаттарды темаларга, чөйрөлөргө жана сүйлөшүүдөгү кырдаалдарга жараша билүү (фонетикалык, орфографиялык, лексикалык, грамматикалык).

3. Социо-маданий компетенттүүлүк жагындагы күтүлүүчү натыйжалар – негизги мектептин окуучуларын үйрөнүлүп жаткан тилдин өлкөсүнүн маданияты, салттары жана реалийлери, баарлашуу чөйрөлөрү жана кырдаалдары менен тааныштыруу.

Кыргызстандын мектептеринде англис тили боюнча сунушталган заманбап бардык окуу-методикалык комплекстер негизги окуу китебинен, иш дептерлерден, мугалимдер үчүн методикалык окуу куралдардан, окуу китеби үчүн аудио материалдар менен дисктерден турат. Окуу китептерде балдардын жашына жараша оозеки баарлашууну чагылдырган ар түрдүү кызыктуу темалар берилген. Окуучулардын окуу процессине активдүү киришүүсүнө түрткү болуучу баарлашуу-сүйлөшүү мүнөзүндөгү тапшырмалар киргизилген.

Заманбап окуу-методикалык комплекс эл аралык байланыштын куралы катары англис тилин колдонуу көндүмдөрүн өстүрүп-өнүктүрүүгө багытталган, башкача айтканда, тил үйрөнүүнүн баардык төрт көндүмүн (угуу, сүйлөө, окуу жана жазуу) камтып, оозеки сүйлөшүү жөндөмүн күчөтүүгө негизделген. Окуучулардын өзгөчө өз Ата Мекенинин географиясы, тарыхы, маданияты ж.б. маалыматтарды ала алуусуна негизги көңүл бөлүнөт. Андан тышкары, окуучулар башка англис тилдүү өлкөлөрдүн маданият, исскуство, спорт ж.б. баалуулуктары менен таанышышат.

Жумушчу дептерлери негизги окуу китебинде берилген лексика жана грамматикалык темаларды өздөштүрүүгө багытталган кошумча тапшырмаларды камтыйт. Жумушчу дептерлерди колдонуунун негизги максаты тилдик жана кептик материалды бышыктоону камсыздоого багытталган. Бул жумушчу дептерлерди окуучулар үйдө өз алдынча иштөөсү үчүн жана зарыл болгон айрым учурларда мугалим бул дептерди класста иштетүүсү үчүн да сунушталат.

Жалпы максат - бул англис тили мугалимдерине методикалык идеялардын банкын, тапшырма прототиптери түрүндөгү заманбап жана ар түрдүү методикалык куралдарды сунуштоо, анын жардамы менен мугалимдер курстун максаттарына, окуучулардын деңгээлине жана сабактын конкреттүү тапшырмаларына ылайыкташтырып, өзүлөрүнүн көнүгүүлөрүн жана тапшырмаларын түзө алышат.

Мугалимге арналган китепте окуу-методикалык комплекс менен иштөө боюнча методикалык сунуштамалар берилген. Ошондой эле, окуу китептеги бардык тапшырмалардын жооптору, жумушчу дептердеги көнүгүүлөрдүн жооптору жана ар бир чейрек үчүн текшерүү иштери жооптору менен киргизилген. Ал эми CD дисктерде, айрым тексттердин аудио жазуулары, окуу китептеги диалог менен көнүгүүлөр бар.

Бул окуу методикалык комплекстерди мектеп китепканасынан же болбосо төмөнкү бул электрондук китепкана сайттарынан алса болот www.lib.kg жана www.arcus.kg.

Андан тышкары, КР Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен 2018-жылы мультимедиалык окуу ресурстары чыккан: www.ibilim.kg жана www.bilimbulagy.kg.

Бул ресурстар жаңы теманы түшүндүрүүдө алынган билимди интерактивдүү тесттер аркылуу текшерүүдө, ошондой эле кошумча материал катары да колдонулат. Салттуу жана инновациялык усулдарды маалыматтык-компьютердик технология менен бирге колдонуп, мугалимдер өзүнүн сабактарын анык өнүктүрүүчү, таанып билүүчү жана натыйжалуу кылып уюштурса болот.

Электрондук окуу материалдарынын бул программалык-методикалык комплекси окуучуларды мектеп предметтерин окууга түрткү берүүгө, түйүндүү жана предметтик компетенттүүлүктөрдү ишке ашырууга, билим берүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана мугалимдер менен окуучуларга сабакка даярданууда кошумча материалдарды табууну жеңилдетүүгө багытталган. Ресурстар класста жаңы темаларды түшүндүрүүдө, интерактивдүү тесттер жана кошумча материалдар аркылуу, алган билимдерин бекемдөө үчүн колдонулат. Окуучулар визуалдык жана элестетүүчү материалдарды жакшыраак кабылдай алышкандыгын эске алганда, бул ресурстар окуучулардын көрүү, угуу, эмоциялар жана кыялдануу мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга мүмкүнчүлүк берген материалдарды оюн түрүндө сунуштайт.

Аудио ресурстарды угуу жана тексттерди окуу окуучулардын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берет жана тандалган кызыктуу фактылар баланын жалпы дүйнө таанымын өстүрөт.

Салттуу жана инновациялык усулдарды маалыматтык-компьютердик технология менен бирге колдонуп, мугалимдер өзүнун сабактарын анык өнүктүрүүчү, таанып билүүчү жана натыйжалуу кылып уюштурса болот.

Коюлган максаттарды ишке ашырып, маселелерди чечүү үчүн чет тилге окутуу функционалдык-коммуникативдик ыкмага негизделет, бул ыкма чет тилди үйрөнүүдөгү билимин, тажрыйбасын жана көндүмдөрүн окуучулардын реалдуу турмушундагы жагдайларга ылайыкташтырып пайдаланууну талап кылат. Сабактагы коммуникация сөзмөрдүгүн активдештирет, сабакта окуп үйрөнгөн грамматикалык билимди пайдалануу зарылдыгын жаратып, ситуациялык тапшырмаларды жана башка коммуникативдик аракеттерди ишке ашыруга мүмкүндүк берет. Ошону менен лексикалык жана грамматикалык материалдын функционалдуулугу камсыздалат, б.а. лексикалык материал жана грамматикалык формалар сүйлөө менен ишке ашырылат.

Байланышта тилдик материалдарды пайдаланууга түрткү берүү үчүн көрсөтмө сүрөттөрдү демонстрациялоочу котормосуз ыкма, иш-аракеттер, аныктама берүү, синонимдерди, антонимдерди пайдалануу, мисалдар жана сөз жаратууга анализ колдонулат. Мындай ыкмалар материалды түшүнүүгө жана эстеп калууга өбөлгө болот жана окуп билүү жөндөмүн арттырат. Мындан тышкары, чет тил сабагында окуучуларга өз ара бири-бирин үйрөтүшү жана баа бериши үчүн эки-экиден жана группа болуп иштешин колдоо стратегиясы пайдаланылат.

0

Англис тилине үйрөтүүдө максатка жетүүнүн маанилүү компоненти болуп предметтер аралык интеграция эсептелет, ага окутуунун мазмунун интеграциялоо, тапшырмаларды башка сабактардагы билимдерди пайдалануу менен аткаруу аркылуу жетишилет жана окуучуларды реалдуу турмуштагы керектүү иштерди аткара алууга үйрөтөт. Мындай ыкма изилдөөчү жана анатиликалык иш жүргүзүү, сын көз менен ой жүгүртүү, кызматташа билүү жна проблемаларды чече алуу үчүн жөндөмдү өнүктүрөт.

Ошентип, активдүү окутуу сүйлөө жана ойлоо ишине түрткү берет, окуучуларды сүйлөшүүгө кызыктырат, алардын окуу процессине аралашуусун арттырат жана окуп үйрөнгөн потенциалын реалдуу турмушта пайдаланууга даярдайт.

0

0

Угуу жана окуу сүйлөшө билүүнүн рецептивдик түрлөрү болуп эсептелет жана байланышып баарлашуунун негизин түзөт, оозеки байланыш ушундан башталат. Угуу жана окуу жөндөмдөрүн өнүктүрүү башка сабактардын материалдык мазмундарын интеграциялоочу информациялык тексттерди, атап айтканда Кыргызстандын, ошондой эле тили окутулуп жаткан өлкөнүн билогоиясындагы, географиясындагы кызыктуу фактыларды, математикалык малыматтарды пайдалануу менен жетишилет. Аутенттүү тексттерге, б.а. күндөлүк турмушта колдонулуучу материалдарга өзгөчө көңүл бурулат. Ал кулактандыруу, афиша, расписание, рекламалык буклеттер, белеттер, эсептер ж.б. болушу мүмкүн. Мындай тексттер аудио-визуалдык, цифралык, графикалык нерселерди түшүнүүнү, информацияны анализдеп жана чечмелей билүүнү өнүктүрөт.

0

0

Окуй билүү окуунун ар кандай түрлөрүн үйрөөтүүнү билдирет, тактап айтканда тааныштыруучу, үйрөтүүчү жана кароочу окуу. Эгер тексттин мазмуну жөнүндө жалпы түшүнүк алып, негизги ойду түшүнүү керек болсо, анда таанышуучу окуу ыкмасын колдонуу керек. Бул үчүн “Текстке ат кой”, “План түз”, “Сүрөттөрдү/абзацтарды ордуна кой” деген тапшырмалар берилет. Эгер тексттин мазмунун болушунча толук түшүнүү милдети турса окуучу изилдеп окуу ыкмасын колдонот. Бул жөндөмдөрдү өнүктүрүүчү тапшырмаларга “Жооп издөө”, “Туура/туура эмес”, “Салыштыр”, “Сүйлөмдү толукта” ж.у.с. тапшырмалар кирет. Карап окуу конкреттүү маалыматты издеш үчүн башка көндүмдөр менен параллель колдонулат, анткени тапшырмалардын фразасы өзгөртүлүшү, синонимдердин, мисалдардын жардамы менен берилиши мүмкүн. Ошентип, окуй билүү жөндөмүн калыптандыруу маалыматты издөө менен байланышта болот жана тилди билишин эле эмес, ошондой эле билим алуу жана ой жүгүртүү жөндөмдөрүн да өнүктүрөт.

Өз оюн оозеки жана жазуу жүзүндө билдирүүгө үйрөтүү сүйлөй билүүнүн продуктивдүү түрү болуп эсептелет жана тилди билүүгө негизделет. Окуучулар мисалды, күтүлгөн натыйжанын моделин, негизги сөздөрдү, тезистерди ж.б. пайдаланууга мүмкүндүгү болуп, ошондой эле даярданууг жетиштүү убактысы болууга тийиш.

0

Мындан тышкары, сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүдө эки-экиден жана топ менен иштөө сабактын милдеттүү элементи болууга тийиш. Мындай уюштуруу окуучуга класстын алдына чыгып сүйлөөдөгү психологиялык кыйынчылыктан арылууга шарт түзөт, өзүнүн каталарын оңдоп жана жообун толуктоого мүмкүндүк берет.

Баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүүдө мугалим тыкандык менен тапшырманы тандашы керек. Тапшырмалар топ менен жана экиден иштөөгө ылайыкталып, интерактивдүү болушу керек (сурап билүү, үйрөнүү, талкуулоо, салыштыруу ж.б.). Мугалим диалогду эле эмес, монологду жана ошондой эле алдын ала даярдалбаган жана мурдатан даярдалган сөздөр менен сүйлөшүп баарлашууну да эске алышы керек.

Жазуу ишин аткаруу тапшырманын татаалыраак түрү катары сабактын темасын угуп, окуп жана талкуулагандан кийин ишке ашырылат. Окуучулар эки-экиден болуп иштеп жана бири биринин ишин баалай алышат, жазма продтуну жакшыртуу боюнча сунуштарын бере алышат. Мындай тапшырмаларды аткаруу процессинде окуучулар креативдүү жана өз алдынча болушат жана окуу процессине активдүү катышышат. Оозеки жана жазуу түрүндөгү чыгармачылык тапшырмалар онлайн ресурстарды пайдаланган аудио жана видео ролик, плакат, коллаж, комикс, интеллект карталар түрүндө аткарылса болот:

https://ru.postermywall.com/

https://www.wordclouds.com/

https://mindmapninja.com/maker

0

Грамматика функционалдык түрдө окутулат, анткени анын жардамы менен оозеки жана жазуу түрүндөгү байланыш камсыздалат. Жаңы грамматикалык структуралар менен иштөөнүн негизги этаптары болуп: тааныштыруу, баштапкы бышыктоо, шарттуу-оозеки жана сөзмөрдүк көнүгүүлөрүндө грамматиканы пайдалануу ыкмаларын өнүктүрүү эсептелет.

Окуучулар грамматикалык эрежелерди түшүнбөй эле жаттап албастан, тексттин мазмунун түшүнгөндүгүн текшерүүчү көнүгүүлөрдү аткарышат жана мугалим алардын негизги текстти түшүнгөнүн көргөндөн кийин гана окуучулардын көңүлүн грамматикалык структурага, анын кандай түзүлгөнүнө бурат.

Жаңы грамматикалык структураны бышыктоочу көнүгүүлөр “жөнөкөйдөн татаалга” принциби менен болуш керек.

Жалпы сунуштар: Окуучулардын чет тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу максатында мугалимге төмөнкүлөр сунуш кылынат:

Окуучулардын маалымат кабылдоосун жакшыртуу максатында жана жарандык аң-сезимин өстүрүү үчүн актуалдуу нукура материалдарды колдонуу;

жаңы сөздөрдү үйрөтүүдө көрсөтмө куралдарды колдонуу (сүрөттөр, кыймыл-аракеттер ж.б.у.с.);

сүйлөшүү көндүмүн өстүрүүчү интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуу (мээ чабуулу, экиден жана топ менен иштөө ж.б);

логикалык жактан аяктоочу бөлүктөрдөн турган тексттерди окутууда, “араа” жана “зигзаг” сыяктуу кызматташтыкта окутуу ыкмаларын колдонуу;

жаңы лексикалык бирдиктердин (сөздөрдүн) туура айтылышына өзгөчө көңүл буруу: ар кандай ыкмалар менен моделдештирүү жана тилди жатыктыруу (хор менен кайталоо, жалгыз, топ менен, экиден иштөө ж.б);

тилди (сөздү) баамдоо жана таанып билүүгө/баамчылдыкка өбөлгө болуучу ар кандай суроолорду, тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү берип, окуучуларды окуу процессине активдүү катышууга тартуу;

окуучуларды үй тапшырма аткарууда өзүн-өзү баалоого үйрөтүү, тесттин жыйынтыктарын анализдөөгө үйрөтүү жана ошондой эле өз ара баалоого үйрөтүү (лексикалык материалдарды эске тутууда классташтар арасында расмий эмес тестирлөө, топто жана экиден иштөө ж.б.);

чыныгы видео жана аудио материалдарды, мультфильмдерди, видеороликтерди ж.б.у.с. колдонуу аркылуу угуп үйрөнүү көндүмдөрүн өстүрүү;

сабактарды пландоо процессине чыгармачылык менен мамиле кылуу, өтүлчү материалды окуучулардын даярдык деңгээлине жараша тандоо жана убакытты туура бөлүштүрүү.

Талкуулоо үчүн актуалдуу маселелер:

Август кеңешмесинин натыйжалуу болушу үчүн, чет тилин окутуунун абалы жана жакшыртуудагы жыйынтыктар, ошондой эле, билим берүүнү санариптештирүү боюнча англис тили мугалимдерине семинар, тегерек стол, презентациялар өткөрүп, доклад окуулар сунушталат.

Талкуулоо үчүн төмөнкү маселелер сунуш кылынат:

- негизги жана чет тили боюнча предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу;

- жалпы билим берүүчү мектеп шартында чет тилин аралыктан окутууну уюштуруу;

- окутууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана санариптик билим берүү ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугу;

- чет тилин окутууда долбоордук иштер аркылуу өз өлкөсүн таанып-изилдөө;

- чыгармачылыкты өнүктүрүүчү тапшырмалар аркылуу балдардын жеке потенциалын өстүрүү;

- билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун фактору катары, жаш мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү;

- кесиптик таймаштар аркылуу англис тили мугалимдерин шыктандыруу;

окутуунун жана баалоонун заманбап технологиялары;

- жөндөмдүү окуучулардын ар кандай иштерин баалоонун критерийлерин иштеп чыгуу принциптери;

- англис тилинин окуу китептери жана окуу куралдары боюнча талкуулар;

- эксперименталдык жана инновациялык усул менен окуткан мектептердин тажрыйбасын жайылтып колдонуу;

- ЖРТ, олимпиаданын жыйынтыктарын анализдөө;

- ар түрдүү: ар кандай иш-чаралардын, конференциялардын, тренингдердин, класстык сааттардын, тегерек столдордун тематикасын тактоо ж.б.

Сунушталуучу интернет булактардын тизмеси:

www.kao.kg

www.britishcouncil.org

www.edu.ru

www.etprofessional.com

www.teachingenglish.org

www.fgos-spb.ru

www.americanenglish.state.gov

www.learn-english-today.com

www.teach-this.com

www.superteachertools.com

www.eslcafe.com

www.englishtips.org

www.wordclouds.com/


www.stopenglish.org

www. mindmapninja.com/maker


Методикалык сунушту даярдаган: Конокбаева Г.Э. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун филологиялык билим берүү кафедрасынын улук окутуучусу, тел.: 0772105990


2020-2021-окуу жылында Кыргыз Республикасынын орто мектептеринде адеп предметин окутуу боюнча август кеңешмесине методикалык сунуштар


Коомдун, мамлекеттин бакубаттыгы адамдардын пейилинен, кɵз карашынан, туткан позициясынан, жүрүм-турумунан кɵз каранды экендиги байыртадан келе жаткан акыйкаттык. Адам акылын, билимин ɵстүрүп, ал эми анын адебин, ыйманын ɵнɵктүрбɵй туруп, аны ар тараптан шайкеш ɵнүккɵн инсан катары калыптандыруу мүмкүн эмес.

Ошондуктан, бул маселе үй-бүлɵдɵн тартып мамлекеттик деңгээлге чейин ар убак алардын кɵңүл борборунда болууга тийиш.

Адептик билим берүүнүн усул-ыкмалары

Адептик билим берүүнүн усул-ыкмалары кɵп кырдуу. Алар эки топго бɵлүнɵт: адептик аң-сезимди калыптоочу усулдар (адептик баарлашуу, талаш-талкуулоо ж.б) мектеп окуучуларынын турмушун уюштуруу усулдары (оюн,кɵнүгүү, машыктыруу, жатыктыруу, мелдеш, тапшырма берүү ж.б).

Ар бир сабактын майнабы окуучуда кандайдыр бир ынанымды алып келиши керек. Ынанымдын күчү, анын терең аңдалып, калыптанган ынаным гана бекем эркти, туруктуу мүнɵздү калыптандыра алат. Адептик жободо, фактылыр канчалык кызыктуу болбосун, алар окуучулардын адептик ой-жорумун ɵстүрүп, дээриндеги ыймандык шыбаганы ойготушу керек.

Ошондуктан бул предметти окутуунун методикасы мугалимден зор изденүүнү талап кылат.

Адептик билимдерди элестүү, ишенимдүү, далилдүү, б.а окуучуларды ойлонтуп-толгонтуп берүү керек.

Азыркы учурдагы кеңири колдонулган интерактивдүү методдорду колдонуу ɵз жемишин бербей койбойт.

Адеп сабагынан окуучу кандай натыйжага ээ болуусу зарыл?

Окуучу “Адеп” предмети аркылуу негизги компетенттүүлүккɵ ээ болууга жетишет. Тактап айтканда “Адеп” предметин окутуунун жыйынтыгында окуучулар адептик жалпы түшүнүктɵргɵ, адептик эреже жоболорун анын булактарын, адептик кɵɵнɵргүс мурастарды, элдик педагогиканын адептик ɵрнɵктүү тажрыйбаларын, адептик түшүнуктɵрдүн аныктамаларын жана адептик маалыматтарды окуп үйрɵнүү ыкмалары ж.б. жɵнүндɵгү маалыматтарга ээ болот. Бул сабактарды алып баруучу мугалимдин инсандык сапаттарына, кесиптик билимине жана практикалык даярдыгына коюлуучу талаптарды моралдык-психологиялык, илимий-теориялык жана практикалык деп бɵлүүгɵ болот.

1. Моралдык-психологиялык компетенттүүлүк төмөндөгүлөрдү камтыйт:

- Улуттун этникалык нарк-насилин сактоонун шарты катары абалтан өнүгүп- өркүндөп келген элдик өрнөктүү каада-салт, үрп-адат, жөрөлгөлөрдү урматтоо жана барктоо, аларды өзүнүн жашоо-турмушунун эреже-мыйзамына айландыруу, бул жагдайда башкаларга өрнөк болуу;

- элдик адептик жана рухий-ыймандык нарк-дөөлөттөрдү сактоого, окуп үйрөнүүгө, иликтеп-изилдɵɵгɵ жана жайылтууга ынтызар болуу, бул жагынан ар түрдүү коомдук, мамлекеттик, жергиликтүү жана жамааттык уюмдарга дилгирлик менен кол кабыш кылуу;

- жаш муундардын этномаданий, этнопедагогикалык, этнопсихологиялык насилин камсыз кылуу, аларды элдик маданияттын чыныгы мураскери, коргоочусу жана өнүктүрүүчүсү катары тарбиялоо зарылдыгына бекем ынануу жана бул багыттагы өзүнүн педагогдук, атуулдук парзын жана милдеттерин ачык-айкын түшүнүү;

- элдик адептик жана маданий дөөлөттөрдү тынымсыз өнүгүү абалында түшүнүү жана ушуга байланыштуу өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндө эски менен жаңынын элементтерин дайыма терең талдап, кылдат эске алууга умтулуу ж.б.

2. Мугалимдин илимий-теориялык компетенттүүлүгүнɵ төмөндөгүлөр кирет:

- коом, билим берүү системасы демократиялык, гуманисттик нукка бурулуп, улуттук мектептин жаңыча моделин иштеп чыгуу талабы курч коюлуп турган шартта таалим-тарбия ишин уюштуруунун теориялык-методологиялык негиздерин жеткилең билүү;

- этикалык, этнопедагогикалык, этнопсихологиялык, этномаданиятка таандык түйүндүү түшүнүктөрдүн, туюнтмалардын, категориялардын маанисин, адептик- ыймандык көтөргөн жүгүн терең тутунуп, туура чечмелей билүү;

- элдин жашоо-турмушу, улуттун кулк-мунөзү, жигер-дымагы, менталдык- психологиялык сапаттары, диний түшүнүктөрү, дүйнөгө болгон көз карашы, тарыхый- маданий тажрыйбасы, адептик-этикалык салттары жөнүндө ар тараптуу, кеңири илимий маалыматка ээ болуу;

- адептик билим берүү боюнча окуу программаларынын, окуу китептеринин адам, эл, маданият таанытуучулук, турмушка даярдоочулук, эмоционалдык-идеялык ж.б. мүмкүнчүлүктөрүн терең түшүнүп, туура талдай билүү;

- күндɵлүк турмушта кеңири колдонулуп келе жаткан каада-салттардын, үрп-адат, жɵрɵлгɵлɵрдүн, түшүнүктɵрдүн дурус-буруш жактарын илимий негизде туура аңдап, айырмалап түшүнɵ жана түшүндүрɵ билүү;

- адептик билим берүү боюнча сабактарга керектүү окуу материалдарын, кɵмɵкчү каражаттарды тандап алуунун принциптерин, талаптарын, критерийлерин так билүү ж.б.

3. Мугалимдин практикалык компетенттүүлүгүнө төмөндөгүдөй талаптар коюлат:

- адеп сабактарынын программалык материалдарынын мазмунун илимий-методикалык өңүттөн талдап, жергиликтүү шартка ылайыктап, чыгармачылык менен өркүндөтүп байыта билүү;

- адеп сабагын окутуунун заманбап, үзүрлүү стратетаяларын, методдорун жана технологияларын ийкемдүү, натыйжалуу колдоно билүү;

- адептик таалим тарбия берүү боюнча класстан жана мектептен тьшкаркы таасирдүү мазмундуу, иш-чараларды уюштуруп, жетектей билүү;

- окуучулар,. ата-энелер, педагогдор чɵйрɵсүн иликтеп, алардын оң жана терс таасирлерин талдап, аларга ылайык иш-чараларды пландаштырып, жүзɵгɵ ашыра билүү;

- мындан сырткары жогоруда сɵз кылгандай Компетенттүүлүк боюнча мисал келтиргендей, окуучулар алган билимдерин күнүмдүк турмушта башкалар менен бɵлүшɵ билүү,башка бирɵɵнүн адептик билимин баалай билүү, о.э. адептик билимдердин маани маңызын чечмелей билүү жɵндɵмүн калыптандырат.Ушуну менен бирге эле окуучулар ɵзүн-ɵзү сын кɵз менен кароого,кетирген каталык-кемчилдиктерин ɵз мойнуна алып,ɵз убагында оңдоо мүмкүнчүлүгүнɵ ээ болот.

- окуучуларда бул компетенттүүлүктɵрдү калыптандыруу үчүн мугалимдерде дагы тɵмɵндɵгүдɵй предметтик компетенттүүлуккɵ ээ боолуусу аркылуу иш жүзүнɵ ашат.

Адеп сабагы мугалиминин адистик, адамдык жана атуулдук бейнесинин биримдиги. Мугалимдин жекече өрнөгү, анын коомдук жана кесиптик жигери, турмуштук туткан позициясы - эн негизги талаптардан болуп саналат.

Адеп сабактарын окутуу боюнча мугалимдин кесиптик-педагогикалык даярдыгы анын жалпы адистик билимин, инсандык адептик маданий бейнесин түптөп, калыптоого тикеден-тике тиешеси бар этика, психология, этнопедагогика, эне тил, адабият, тарых сыяктуу кɵп кырдуу билимдерден куралат. Бул сабактарды алып баруучу мугалимдин инсандык сапаттарына, кесиптик билимине жана практикалык даярдыгына коюлуучу талаптарды моралдык-психологиялык, илимий-теориялык жана практикалык деп жогорудагыдай бɵлүп кароого болот.

Сабактын окуу-план программасы 1 - 4-класска чейин камтып, ар бир класска жумасына 1 саат бɵлүнүп, сабактардын жылдык кɵлɵмү 34 саатты түзɵт.

Сабактардын структурасы жана мазмуну тɵмɵндɵгүдɵй: 2020-2021-окуу жылы үчүн базисттик окуу планында жумасына ар бир класста 34 саат бɵлүнүү менен сабактын окуу материалы 1-2 - класстарда “Адептүүлүк - адам кɵркү”, “Ýй бүлɵдɵгү адеп”, “Коомдук жайлардагы адеп”, “Адептик алтын казына”, ал эми 3 - 4 - класстарда “Адептик эрежелер”, “Мамилелешүү адеби”, “ϴзүн - ɵзү тарбиялоо”, “Мен жана менин дүйнɵм” сыяктуу чейректик бɵлүмдɵрдɵн турат. Ар бир чейректин аягында, чейрек ичинде ɵздɵштүрүлгɵн материалдар кайталанып, жалпыланат жана бышыкталат.

Ал ми 5-6-класстын адеби интеграцияланган “Адам жана коом” предметинин курамдык бɵлүгүнɵ кирген.

Методикалык сунушту даярдаган: Кыдыралиева А.Р. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ППСГББ кафедрасынын ага окутуучусу.


2020-2021-окуу жылы үчүн Август кеңешмесинде башталгыч класстын окуу бөлүм башчылары жана башталгыч класстын мугаламдери үчүн сунуштар

Балдардагы билим-тарбиянын, өсүп-өнүгүүнүн пайдубалы, күндөлүк жашоодогу компетенцияларынын негизи башталгыч мектепте түптөлүп, андан ары өркүндөтүлөт. Кенже мектеп окуучусунун кабыл алуу, таанып билүү, ой жүгүртүү өзгөчөлүгүнө ылайык, башталгыч мектепте жуурулушкан (интеграцияланган) предметтер өтүлүп, окуганга, жазганга үйрөтүү, окуу көндүмдөрүн, адабий дүйнөсүн калыптандыруу боюнча тил жана окуу (кыргыз тил, орус тил, чет тил), баланын эсептөө көндүмдөрүн өнүктүрүү багытында математика, айлана-чөйрөнү илимий негизде таанытуу үчүн Мекен таануу, руханий жан дүйнөсүн калыптандырууга багытталган музыка, көркөм өнөр жана жүрүм-турумун, башкаларга мамилесин калыптандырууну максат кылган адеп, баланын дене түзүлүшүн өнүктүрүү үчүн дене тарбия, жашоодогу жалпы коопсуздугун камсыздоо үчүн турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери сабактарын компетенттүүлүктүн негизинде окутуу жана баалоо процессине жаңыча мамиле жасоону ишке ашыруу билим берүү системасындагы актуалдуу маселелердин бири.

2020-2021-окуу жылынын өзгөчөлүктөрү кенже окуучунун компетенттүүлүгүн калыптандыруу жана окуу процессиндеги окуучунун жетишкендиктерин жаңыча көз караш менен баалоо, айрыкча калыптандыруучу баалоого басым жасоо болуп саналат.

«Башталгыч мектеп - билим башаты» деп айтылгандай, кенже окуучунун предметтик компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу үчүн жагымдуу чөйрө түзүүгө, мультимедиалык материалдарды колдоно билүүгө үйрөтүүгө жана жаңыча баалоого көңүл бурулат.

Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн учурда башталгыч мектептер үчүн адистерди даярдоо жана билимдерин жогорулатуу проблемаларын натыйжалуу чечүү да учурдагы актуалдуу проблемалардан болуп эсептелет.

Башталгыч билим берүүдө компетенттүүлүктүн предмети билимдер, билгичтиктер, көндүмдөр, анткени аларсыз компетенттүүлүктөр калыптанбайт.

«Компетенттүүлүк - билимдердин, билгичтиктердин түрдүү элементтерин жана ишмердиктин ыктарын окутуу, инсандык, кесиптик кырдаалда өз алдынча колдонуу боюнча адамдын жуурулушкан (интеграцияланган) жөндөмү» (Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген, 9-п.).

Ченемдик укуктук документтерге ылайык, негизги компетенттүүлүктөр КP Өкмөтүнүн 2014-жылынын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартында” аныкталган, алар:

- маалыматтык компетенттүүлүк;

- социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк;

- өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү.

Учурда билим берүү мекемелеринде колдонулуп жаткан стандарттар аркылуу билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, окуучулардын чыгармачылыгын өркүндөтүү, ар кандай кырдаалдардан чыга билүү, өзүн жана курчап турган чөйрөнү баалай билүү, маданияттуулук, сабырдуулук, эмгекти сүйүү, өз алдынча чечим кабыл алуу, алынган билимдерди турмушта колдоно билүү сыяктуу сапаттарды окуучуларда калыптандырууну камсыз кылуучу негизги компетенттүүлүктөр педагогикалык процесстерде активдүү пайдаланылат.

Башталгыч мектепте баалоонун үч түрү: диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу баалоо колдонулат. Кыргыз Республикасында жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын 69-пунктуна ылайык, 1-2-класстарда окуучулардын жетишкендиктерин баалоо баа белги коюлбастан, баалоонун сапаттык жана сыпаттоо ыкмаларын пайдалануу менен жүргүзүлөт. Акырындык менен баа белги коюуну киргизүү экинчи класстын экинчи жарымынан башталат». Учурда башталгыч мектепте окутуунун максаты – активдүү жана интерактивдүү технологияларга, сабактарды уюштуруунун жаңы формаларына, мультимедиалык жана электрондук материалдарды активдүү колдонууга, калыптандыруучу баалоого жана анын техникаларына, кайтарым байланышка өзгөчө көңүл буруу.

2020-2021-окуу жылында “Наристе” балдарды мектепке даярдоо (480 саат) программасы боюнча 6-7 жаш курагындагы балдарды мектепке даярдоо иши улантылат. Программанын максаты – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (№598, 21-август, 2015-жыл) токтому боюнча балдар бакчаларына тартылбаган жана башка программалар менен камтылбаган 1-класска келген бардык балдар үчүн бирдей старттык базаны түзүү максатында “Наристе” (480 саат) программасы боюнча мектепке даярдоо. Балдарды мектепке даярдоонун ар кандай формаларын колдонуу аркылуу балдарды мектепке даярдоо боюнча бакча, башталгыч мектеп жана орто мектептин ортосунда ырааттуулук, өтмөлүүлүк жана тыгыз байланыштуулук сакталат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык “2020-жыл - Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы” деп аталды.

Окуу процессин санариптештирүү менен окутуу материалдарын электрондоштуруу, санариптик материалдык-техникалык каражаттардын эффективдүү колдонушун камсыздоо үчүн мугалимдин даярдыгы зарыл. Демек, ушуга байланыштуу жер-жерлерде башталгыч мектептин ар бир мугалими санариптик техникалык каражаттарды колдоно билүү; электрондук материалдарды түзө билүү, аларды пайдалана алуу; маалыматтык сабаттуулуктун болушу; окуучулар жана ата-энелер менен педагогикалык иштерди жакшыртуусу жана жаңы инновациялык программаларды, технологияларды иш-тажрыйбада колдонуусу аймактарда билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, туруктуу өнүгүүсүнө негиз жаратат.

Кыргыз тили

Кыргыз тили предметинин максаты - кенже курактагы окуучулардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, окуучуларды тилибиздин түзүлүшүнүн баштапкы мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ээ кылуу, аларды сактоо менен, оозеки жана жазуу кеп ишмердигин өз турмушунда тиешелүү деңгээлде пайдалана алуусуна жетиштирүү.

Башталгыч мектепте эне тилин окутуу негизинен окуучуну угуу, окуу, сүйлөө, жазуу ишмердүүлүгүнө үйрөтүүгө багытталат. Кыргыз тили предметинин стандартында окуучунун бул ишмердүүлүктөргө жетишүүсү боюнча күтүлүүчү натыйжалары, максаттары көрсөтүлгөн. Ал максаттар улам класс жогорулаган сайын өнүгүп, өркүндөп турат. Мына ушул натыйжага жетишүү үчүн мугалим өзүнүн иш-аракеттерин чыгармачылык менен уюштурушу керек.

Кыргыз тили предметинде компетенттүүлүктөр башталгыч билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен предметтик стандартта төмөнкүдөй аныкталган:

1. Тыбыш жана тамга менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК1);

2. Окуй алуу компетенттүүлүгү (ПК2);

3. Сөз байлыгы менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК3);

4. Сүйлөм, текст менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК4);

5. Аң-сезимдүү окуу, угуу жана адабий түшүнүктөр менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК5);

6. Жыйынтыгында башталгыч класстын окуучусу кыргыз тил предметин окуп үйрөнүү аркылуу төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткарышы керек:

- ар кандай жанрдагы чыгармаларды үн кубултуп көркөм окуу;

- чыгармалардын окуяларына, каармандарга болгон жекече мамилелерин билдирүү;

- көркөм чыгарманын текстти менен иштөө;

- чыгармага үстүртөн жана кеңири талдоо жасоо;

- текстке карата план түзүү;

- окуган чыгарманын мазмунун кайра айтып берүү;

- каарман жөнүндө аңгеме куруп берүү;

- каарман тууралуу эссе, баяндама же дилбаян жазуу;

- окуган чыгармага карата өз оюн жаза билүү;

- сөздүк жумуштарын аткара алуу.

Башталгыч мектепте окутуунун активдүү жана интерактивдүү технологияларына, сабактарды уюштуруунун жаңы формаларына, калыптандыруучу баалоого жана кайтарым байланышка өзгөчө көңүл бурулат.

Башталгыч класста окутуунун негизги багыттарынын бири – инсанга багытталган окутуу. Анткени ал окутуунун натыйжалуулугун, кызыктуулугун шарттап, башталгыч класстын окуучуларынын инсан катары калыптандыруусуна жагымдуу жагдай түзөт.

Инсанга багытталган окутууда мугалим ар бир окуучунун психологиялык, интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн изилдеп-үйрөнүп, алардын жөндөмүнө, жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша мамиле кылат. Окуучунун интеллектинин (лингвистикалык, логикалык-математикалык, музыкалык, кинестикалык, натуралисттик ж.б.) күчтүү жагын байкоо менен, көнүгүүлөр жана тапшырмалар системасын ошол багыттар боюнча тереңдетип берүү ийгилик жаратат. Класстагы ар бир окуучунун таанып билүү, кабыл алуу, эске тутуу ж.б. жөндөмдүүлүктөрү ар башка ошол өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, окуу материалдарын дифференциялап иштеп чыгуу жана окуучуларга түшүндүрүү, түшүнүктөрүн баалоо чоң мааниге ээ. Мугалим предмет аралык байланышты ишке ашыруу максатында 2-4-класстарда жуурулушкан (интеграцияланган) сабактарды уюштура алат. Мисалы, темалары окшош болсо, кыргыз тили менен адабий окуу сабагынын, кыргыз тили менен Мекен таануу сабагынын материалдарын бириктирип окутса болот. Кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдө адабий окуу жана Мекен таануу окуу китептериндеги тексттерди пайдаланып, мазмунун окуп үйрөнүү, тема боюнча көнүгүүлөрдү, ар кыл тапшырмаларды сабакта иштетүү менен предмет аралык байланышты ишке ашыруу каралат.

Аталган предметти окутууда иллюстрациялар, диафильм, портрет, пейзаж, схемалар баланын окуу материалды түшүнүүсүнө жардам берет. Электрондук мультимедиалык технологияларды сабактарда колдонуу аркылуу окуучулардын кармап көрүү, салыштыруу, турмуш-тажрыйбада колдонуу аркылуу ассоциациялоо, талдоо жөндөмдөрү, актоо жана каралоо сыяктуу жаңы түшүнүктөрү өркүндөйт, окуу-жазуу жаратмандыгы калыптанат.

Башталгыч класстарда Кыргыз тилин окутуу аркылуу окуучуларды өз эне тилинде сүйлөө, сабаттуу жазуу, окуй билүү көндүмдөрүн жана кеп маданиятын калыптандыруу, ой жүгүртүү жана таанып-билүү көндүмдөрүн өркүндөтүү, учурда башталгыч мектепте актуалдуу болуп эсептелет.

Математика

2020-2021-окуу жылынын өзгөчөлүктөрү болуп кенже окуучунун компетенттүүлүгүн калыптандыруу жана окуу процессиндеги окуучунун жетишкендиктерин жаӊыча көз караш менен баалоо жана калыптандыруучу баалоого басым жасалат.

Башталгыч мектепте математика предметинин предметтик стандарттары аркылуу кенже окуучулардын чыгармачылыгын өркүндөтүү, ар кандай кырдаалдардан чыга билүүгө, өзүн жана курчап турган чөйрөнү баалай билүүгө, көп маданияттуулук, сабырдуулук, эмгекти сүйүү, өз алдынча чечим кабыл алууга, алынган билимдерди турмушта колдоно билүү сыяктуу сапаттарды калыптандырууну камсыз кылуучу компетенттүүлүккө окуучуларды тарбиялоо учурдагы маанилүү проблемалардан экендиги талашсыз.

Башталгыч класстарда математика предметин окутуунун максаты:

- окуучулардын негизги компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу;

- инсанга багытталган окутуу шартында кенже окуучулардын математика боюнча предметтик компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу;

- окуучулардын таанып-билүүчүлүк жана практикалык маселелерди чечүүдө колдоно ала турган башталгыч математикалык билимдеринин жана билгичтиктеринин системасын калыптандыруу;

- окуучулардын математикалык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү (логикалык, символдук, алгоритмдик ой жүгүртүүлөрүн, мейкиндикке багыт алуусун өнүктүрүү жана математикалык кебин өнүктүрүү);

- окуучулардын окуп үйрөнүү ишмердүүлүктөрүн баалай алуусун калыптандыруу жана акыл эмгегине болгон кызыгууларын, математикалык билимин турмушта колдоно билүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Башталгыч мектепте математиканы окутуунун милдеттери:

- башка предметтерди жана математиканы андан ары ийгиликтүү окуп үйрөнүү жана жеке чөйрөсүндө практикалык маселелерди чечүүдө керек болгон математикалык компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу, өнүктүрүү;

- окуучулардын математикалык ой жүгүртүүсүн жана дүйнө таанымын калыптандыруу;

математикалык билимдерин колдонуу аркылуу окуучулардын интеллектуалдык сапаттарын өнүктүрүү;

- өз алдынча электрондук мультимедиалык технологиялар, ар түрдүү билим булактары менен иштей алуу, алган билимдерин практикада колдонуу жана билгичтиктерин өркүндөтүү;

- окуучулардын математикалык жөндөмдүүлүктөрүн, предметке болгон кызыгууларын аныктоо жана өнүктүрүү.

Негизги компетенттүүлүктөрүн калыптандырууда окуучунун окуу процессиндеги жаӊы маалыматты айырмалай билүүсү, коом жана классташтары, курбулары менен байланышы, өз алдынча көйгөйлөрүн көрө билүүсү жана аны чечүүсү, аткарылуучу апталык иштерин пландай алуусу жана алган билимин турмушта колдоно алуусу маанилүү.

Математика предмети боюнча компетенттүүлүктөр башталгыч класстардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен төмөнкүчө аныкталды:

1. Математикалык жаӊы маалыматтарды (термин-түшүнүктөрдү) аӊ сезимдүү кабыл алуу, математикалык символдорду элементтердин жардамы менен жаза билүү компетенттүүлүгү (К1). Бул этапта окуучулар жаӊы математикалык материалдарды (термин-түшүнүктөрдү) аӊ сезимдүү кабыл алат, маселелерди чечүүдө колдонот жана математикалык символордун жардамы менен жазышат.

2. Математикалык түшүнүгүн тереӊдетүү, бышыктоо компетенттүүлүгү (К2). Жаӊы материалдар боюнча (репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү) маселелерди чечүүдө окуучулардын математикалык көндүмдөрү тереӊдетилет, бышыкталат.

3. Математикалык көндүмдөрдү талдоо компетенттүүлүгү (К3). Окуучулар математикалык мисал-маселелерди аткарууда өз ишмердүүлүктөрүнүн натыйжасын аныктай алат. Алдыдагы иш-аракеттерин оӊдоп-түзөө жана окуудагы ийгиликтерин камсыздоо үчүн кийинки кадамдарын аныктайт.

4. Математикалык көндүмдөрүн турмуш менен байланыштыра билүү компетенттүүлүгү (К4) - алган математикалык көндүмдөрүн турмушта колдонот.

Дене тарбия

2020-2021-окуу жылында учурда колдонулуп жаткан жалпы билим берүүчү мектептер үчүн окуу планына ылайык, Дене тарбия 1-4-класстарда жумасына 2 сааттан окутулат.

Дене тарбиянын негизги мазмуну билим берүү стандартында белгиленген окуучулардын дене тарбия боюнча минималдык даярдыгын камсыздайт. Дене тарбия предмети 1-класстан 4-класска чейин спорттук зал жана стадиондор менен камсыз болгон жалпы билим берүүчү мектептерде өткөрүлөт.

Дене тарбия предметин окутуунун максаты - бул башталгыч мектептин окуучуларынын дене түзүлүшүнүн мыктылыгын, ички дүйнө байлыгын жана моралдык тазалыгын камсыздоого, өнүгүүсүнө жардамдашуу.

Максатка жетишүү үч топтон турган маселелерди чечүү менен ишке ашырылат: билим берүү, ден соолукту чындоо жана тарбия берүү.

Дене тарбия предметинин мазмуну окуучулардын ден соолугун чыңдоого, дене тарбиясынын өнүгүүсүнө жана интеллектуалдык, кыймыл маданиятынын пайда болушуна карата сапаттык жаңы деңгээлди камсыз кылууга багыталган, ал инсандын тез алмашкан социалдык жана экономикалык, технологиялык шарттарга көнүгүүсүнө түрткү берет.

Дене тарбия - бул атайын уюштурулган педагогикалык процесс, ал моралдык тазалык менен ички дүйнө байлыгын бириктирүү максатында каралат. Өзүнүн социалдык багыты боюнча балдарды эмгекке жана коргоо ишмердигине даярдайт.

Дене тарбия окуучулардын конкреттүү ишмердиктеги деңгээлин аныктайт: спорттук, оюндук, эмгектик, аскердик ж.б. даярдыктын деңгээли башкы көрсөткүчтөн, аткарылган окуу-машыгуу ишинин көлөмүнө, ошол иштин шартына, өткөрүлгөн сабактардын сапатына жана башка факторлордон көз каранды.

Дене тарбия билими - дене тарбия ишмердигине багытталган жана ага өзгөчө даярдыкты көрсөткөн билимдерди окуучунун өздөштүрүүсү (ден соолукту сактоо, өмүр коопсуздугу, көп маданияттуулук, гендер).

Музыка

2020 - 2021 - окуу жылында 1- 4 - класстарда жумасына 1 сааттан (окуу жылында 34 саат), ал 2014-жылы Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан бекитилген окуу программаларынын негизинде окутулат.

Музыка предметинин окуу процессин жакшыртуу, музыканы окутуунун жаңы формаларын, методдорун изилдөө жана аны иш жүзүнө ашыруу, окуучунун чыгармачылык активдүүлүгүн стимулдаштыруу - азыркы заманбап музыкалык билим берүү системасында бирден-бир актуалдуу маселелерден. Бул жерде жалпы билим берүү уюмдарындай эле баланын руханий маданиятынын ажыратылгыс бир бөлүгү катары окуучулардын музыкалык маданиятын калыптандыруу максатында окуучуларга жалпы музыкалык билим берүү сакталып келе жатат. Жалпы билим берүүнүн стандартында музыкалык билим жана тарбия берүү үчүн негиз болуучу бирден-бир көрсөтмө музыкалык искусствонун интонациялык-образдык табиятын ачып берүү болуп эсептелет.

Азыркы заманбап музыкалык билим берүүнүн мазмунунда атуулдук-патриоттук тарбия берүүнүн ролу бир канча күчөтүлгөн десек болот, мисалы: салттуу кыргыз музыкалык искусствосунун баалуулуктарына багыт алган, элдик музыкалык искусствонун жаралуу булактары, тарыхы, түрлөрү менен таанышуу. Ошол эле убакта, окуучулардын башка өлкөлөрдүн музыкалык маданиятын таанууга, позитивдүү, кызыгуу мамилесин калыптандырууга басым жасалат.

Музыка сабагында окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө мүнөздүү болгон түнттүүлүк, баланын жалпы физиологиялык жактан жана үндөрүнүн өзгөрүүсү музыкалык ишмердүүлүктүн ар түрдүү багытында жумшарат, жеңилдейт жана жакшынакай кооздук сезими калыптанат. Проблемалык окутууну жүргүзүүдө, музыкалык материалдарды комплектөөдө техникалык каражаттарды окуу процессине активдүү колдонуу максаттуу болот. Ошондуктан уктуруу үчүн тандалып алынган музыкалык материалдар техникалык жактан эң жогорку сапатта болуусу зарыл.

Көркөм өнөр

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде 1- 4 -класстарда окутулуучу Көркөм өнөр предмети 1- 4 - класстарда жумасына 1 сааттык окуу жүктөм менен окутулуп, жыл ичинде ага 34 саат (тилдик айырмага карабастан) бөлүнгөн. Көркөм өнөр предмети боюнча 1- 4 - класстарда 2014 - жылы иштелип чыккан окуу программасынын негизинде басылып чыккан окуу-методикалык комплекстер колдонулат.

Сабакта колдонулуучу электрондук окутуу материалдары кенже курактагы окуучулардын сүрөт өнөрүнө болгон кызыгуусун арттырып, чыгармачылык менен изденүүсүнө көмөктөшүү үчүн кошумча каражат катары пайдаланылса, балдардын түстөрдү кабыл алуусуна, техникалык көндүмдөргө үйрөнүүсүнө өбөлгө түзөт. Видео сабактарда окуучуларга элибиздин тарыхы, көркөм маданияты жана жаратылышы тууралуу кызыктуу маалыматтар берилет. Көркөм өнөр предмети боюнча мультимедиалык кошумча каражаттар, материалдар окуучулардын сүрөт өнөрүнө болгон кызыгуусун арттырып, билимдерин тереңдетүүсүнө жардам берет.

Мугалим ар дайым өз алдынча изденип иштөөсү зарыл, жаңы ыкмаларды, алдыңкы тажрыйбаларды окуп, окуучулар менен пикир алмашып, байланышканды, нарктуу жагымдуу маанай тартуулаган иштерди билүүсү керек. Мугалим окуучулардын мейкиндик жана буюмдун көлөмү боюнча сүрөттөлүүчү буюмдардын тобунун биримдигин жана көз алдыдагы нерселердин сүрөттөлүшүн көрсөтмөлүүлүктүн жардамы аркылуу түшүндүрүүсү, иштин жүрүшүндө перспективада чагылдыра билүүгө үйрөтүү, ал эми алардын формасынын өзгөрүшү жана пропорциясы сүрөт тартуучунун абалына байланыштуулугун эске алуусу чоң мааниге ээ.

Чет тилдери

Окутуудагы эң алгачкы максат тилди теориялык жактан гана билүү эмес, окуп жаткан тилде эркин сүйлөй алуу, б.а. коммуникативдик жөндөмдүүлүгүн өстүрүү. Быйылкы 2020-2021-окуу жылына карата англис тилин үйрөнүү жалпы билим берүүчү мектептердин базистик окуу планында төмөндөгүдөй берилген:

3-класс 2 саат - баары 68 саат;

4-класс 2 саат - баары 68 саат.

Коммуникативдик компетенция - берилген стандарттын чегинде ошол тилде сүйлөөчүлөр менен болгон инсан жана маданият аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярдык жана жөндөмдүүлүк болуп саналат. Бул - чет тилин окутуунун интегративдик максаттарынын бири.

Темаларды тандоо заманбап мектеп окуучуларынын чыныгы кызыкчылыгына жана талабына ылайык болушу шарт. Тандоо учурунда окуучуларга тилдер аралык сүйлөшүүдө өз өлкөсүнүн маданиятын адекваттуу чагылдырууга мүмкүнчүлүк берген социалдык-маданий билимдерге жана билгичтиктерге көңүл бөлүү зарыл.

Компьютерлер жана интернет булактары билим берүү аймагына бекем кирип, мугалимдин жана окуучунун чет тилин өздөштүрүүсүнө керектүү маанилүү маалыматты табуусуна жана аларды билим берүү максатында пайдаланууларына шарт түзөт.

Азыркы мезгилде англис тилин үйрөнүү боюнча он-лайн ресурстардын көп бөлүгү билим берүү системасынын бардык баскычтарында: башталгыч, ортоңку, жогорку денгээлдер үчүн сайттарда акысыз, ачык турат.

Мугалимдер сабакка даярданарда сабакты кызыктуу жана таасирдүү өтүү үчүн интернет материалдарын активдүү колдонгону туура, анткени жакшы ойлонулган жана даярдалган сабак гана мугалимди, окуучуну да таасирлентип, толук кайтарым натыйжа алууга шарт түзөт.

Башталгыч мектептеги орус тили кыргыз класстары үчүн

Орус тили боюнча окуу жүгүнүн чеги окуучулардын психологиялык, физиологиялык мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле талаптарды жана ишмердүүлүктүн түрлөрү эске алынып, берилген окуу материалдар 3-4-класстар үчүн жумасына 2 саат бекитилген.

Мекен таануу

Мекен таануу (жумасына 1 саат, жыл ичинде 34 саат) предмети башталгыч мектепте табигый-илимий билим берүүнү камсыздайт. Анда окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша курчап турган чөйрө, жандуу жаратылыш (өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү), мамлекетибиздин саясий-экономикалык өнүгүшү, чыңдалышы жөнүндө жана биологиялык суроолор басымдуулук кылуу менен, физикалык, химиялык, географиялык билимдердин элементтери, ошондой эле коопсуздук, ден соолукту сактоочулук, экологиялык маанидеги суроолор камтылган.

1- 4 - класстарда Мекен таануу предметин окутуунун максаты - окуучулардын жаратылыш, андагы кубулуштар, айлана-чөйрө жөнүндө алгачкы түшүнүктөрүн калыптандыруу жана курчап турган чөйрөдө өз ордун, аны менен карым-катнашын аныктай билүүсү үчүн зарыл болгон табигый билимдерге кызыгуусун өнүктүрүү.

Жаратылыш объектилерин таануу менен бирге окуучулар жалпы окуу жана интеллектуалдык билгичтиктерин өнүктүрүп, дүйнөнү таанып-билүүнүн методдору жөнүндө түшүнүктөргө ээ болушат. Бул баскычта окуучулардын экологиялык маданиятынын элементтери, ден соолукту сактоочу билимдери түптөлүп, табигый-илимий билимдерге карата кызыгуулары пайда болот.

Окутуунун мазмунун доордун талабына ылайык деңгээлге жогорулатуу бүгүнкү күндөгү кечиктирилгис милдеттердин бири болуп эсептелет. Буга байланыштуу мектеп окуучусуна билим-тарбия берүү менен гана чектелбеген, аны турмушка даярдоо, компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу милдети коюлууда. Окуучунун аң-сезиминде дүйнөнүн илимий картинасын калыптандыруу менен катар эле, алынган маалыматка таянып, өз жашоосун жана иш-аракетин роционалдуу уюштура билүүгө үйрөтүү зарыл.

Мекен таануу предметинин мазмунунда адам менен чөйрө, адам менен жаратылыш ажырагыс бир бүтүн система катарында каралат. Анткени жаратылыш - касиеттүү Жер эне, киндик кан тамган жер. Анда туулуп өскөн жерибиздин тоо-ташы, суусу, топурагы, калайык журтубуздун басып өткөн жолу, турмушу бар. Ошондуктан бул предмет жаратылышты элдин турмушу менен кошо окуткан жуурулушкан (интеграцияланган) курс болуп эсептелет. Башкача айтканда, жер менен эл деген түшүнүк чогуу каралат да, эл-жерин сүйгөн инсандардын билимине жана билгичтиктерине коюлган негизги талаптарга жетишүү, тарбиялоо максаты көздөлөт.

Негизги жана предметтик компетентүүлүктөр үч деӊгээлде (репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү) ишке ашырылат. Окуу процессинде окуучунун жетишкендиктерин баалоодо диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу баалоону колдонуу, айрыкча калыптандыруучу баалоо жана кайтарым байланышты сабактын ар бир этаптарында колдонуу билим берүүдө чоң ийгиликтерге жетүүгө шарт түзөт.

Калыптандыруучу баалоо мугалим менен окуучунун ортосундагы натыйжалуу кайтарым байланышты камсыз кылат. Мында мугалим ар бир окуучунун окуу материалын өздөштүрүү деңгээли тууралуу объективдүү маалымат алып, алардын билиминдеги кемчилдиктерди өз убагында аныктай алат. Баалоонун бул түрү баланын өнүгүшүндөгү курактык өзгөчөлүктөр менен шайкеш келип, анын билгичтиктери, жетишкендиктери тууралуу толук маалымат берет.

Калыптандыруучу баалоонун ыкмасы болуп кайтарым байланыш, б.а. анын эки: оозеки жана жазуу түрү эсептелинет. Окуу процессинде окуучунун натыйжалуу билим алуусуна өбөлгө түзүүчү багыттоочу суроолор жана түшүндүрмө жазуу ыкмалары сунушталат. Ал эми калыптандыруучу баалоонун техникалары окуучулардын ар бир сабагындагы өсүп-өнүгүүсүн аныктап, андан ары окуучу менен кантип иш алып баруу керектигин айгинелейт. Мугалим булардын жыйынтыгын “Байкоо жүргүзүү журналына” түшүрүү менен, ар бир сабактын этаптарында окуучунун билимин жогорулатуу үстүндө иш алып баруусу сунушталат.

2020-2021-окуу жылында башталгыч класстар үчүн окуу жүктөмдөрү 2019-2020-окуу жылындагыдай калат.

Август кеңешмесинде башталгыч класстын мугалимдеринин секцияларында талкуулоо үчүн сунушталган маселелер:

1. Башталгыч класстарда предметтер боюнча компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу жана аларды баалоо жолдору;

2. “2020-жыл - Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо”, “Жалпыга бирдей сапаттуу билим – Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи”: башталгыч билим берүүдөгү учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору;

3. Башталгыч класстарда мультимедиалык каражаттарды колдонуунун актуалдуулугу;

4. Окуучуларда инсандык, адеп-ахлактык баалуулуктарды жана бири-бирине болгон мамилелерди калыптандыруучу фактор катары тарбия берүү чөйрөсүн түзүү;

5. Көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүү аркылуу коомчулукту бириктирүү;

6. Башталгыч мектепти окуу китептери менен камсыздоо: учурдагы абалы жана проблемалар;

7. Кыргыз тил сабагында окуучунун жазуу жана окуу ишмердүүлүгүн уюштуруу тажрыйбалары;

8. Кенже окуучунун компетенттүүлүгүн математика предмети боюнча калыптандыруу маселелери;

9. Окуу процессинде диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу баалоолордун ээлеген орду жана тийгизген таасири;

10. Деӊгээлдүү тапшырмалардын балдардын шыгын, чыгармачылыгын өстүрүүдөгү ээлеген орду;

11. Логикалык ой жүгүртүү тапшырмалары – натыйжалуу өсүп-өнүгүүнүн өбөлгөсү;

12. Баалоо инструментарийлеринин натыйжасы окуучунун өсүп өнүгүүсүн камсыздайт.

13. Жагымдуу чөйрө түзүү жана окуучунун мүмкүнчүлүгүнө, жөндөмүнө, шыгына карай өз ара аракеттенүүлөрүн уюштурууда педагогикалык технологияларды колдонуу;

14. Инсанга багытталган окутуу: чыгармачыл, чебер мугалим ийгиликтүү окуучуну тарбиялайт;

15. Башталгыч класста мультимедиалык технологияларды колдонуу шартында окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү (алдыңкы иш тажрыйба);

16. Кенже окуучунун компетенттүүлүгүн калыптандыруу маселеси;

17. Кенже окуучулар үчүн жагымдуу чөйрө түзүү жана долбоорлоо методу;

18. Мультимедиалык материалдарды колдонуу жана ишке ашыруу боюнча алдыңкы иш тажрыйбалар менен бөлүшүү;

19. Мекен таануу предметин окутуудагы негизги принциптер: интеграциялоо, экология, элдик мураска негизделүү, окуучунун рухий дүйнөсүндө ыймандуулукту өнүктүрүү боюнча мугалимдин алдыңкы иш тажрыйбасы.

Методикалык сунушту даярдаган:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Башталгыч мектептик билим берүү кафедрасынын доценти, ф.и.к. Усупова М.К

2020-2021-окуу жылына карата “Көркөм өнөр” предмети боюнча август кеңешмесине методикалык сунуштама

Балдарды тарбиялап, окутуу системасында Көркөм өнөр предметинин өзгөчө орду бар. Башка предметтер менен бирдиктүү байланышта ал окуучуларга өнүктүрүүчү таасир көрсөтөт. Бул бизди курчап турган чөйрөдөгү табиятты, буюмдардын сулуулугун баалоого, искусство билим берүү тармактарында ар кандай кереметти өз алдынча түзүүгө умтулууга, сезимталдуулукка, жашоо кереметин түшүнүүгө жана кабыл алуу жөндөмүн арттырат. Мунун бардыгы өзүндөгү билгичтиктерди ишке ашырууга умтулууну өнүктүрөт, окуучудагы жөндөмдөрдү өздөштүрүү менен өз ойлорун түшүндүрүп берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, эстетикалык табитти тарбиялайт. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде Базистик окуу пландарына ылайык бул окуу жылында “Көркөм өнөр” предмети 1-7-класстарда жумасына 1 саат, окуу жылы ичинде 34 саат окутулат.

Көркөм өнөр предмети боюнча 1-4-класстарда 2014-жылы иштелип чыккан окуу программасына ылайык түзүлгөн окуу-усулдук материалдары менен окутулат. Ал эми 5-6-класстарда предметтик стандарттын негизинде 2015-жылы түзүлгөн окуу программа жаңы окуу комплекстер менен камсыздалган. Көркөм сулуулукка багытталган билимдер, билгичтик жана көндүмдөр көркөм маданиятты түшүнүүдөгү башкы каражат болуп эсептелет. Көркөм, декоративдик жана конструктивдик ыкмалар чыныгы көркөмдүктү өздөштүрүү окуу мезгилинде тынымсыз жүргүзүлөт. Кабыл алуунун ар кыл түрлөрү, усулдар жана ыкмалар, ошондой эле практикалык ишмердүүлүктөр окуучулардын жекече чыгармачылык ачылыштарды жасоосуна алып келет.

Көркөм өнөр сабактарында окуу-материалдык камсыздоого өзгөчө көңүл бурулушу шарт, аларды материалдар жана каражаттар менен жабдуу (кагаз, жөнөкөй жана түстүү карандаштар, фломастерлер, гуашь жана акварель боёктору, жумуру жана жалпак кыл калемдер ж.б.). Окуу жылынын башында календардык-тематикалык планды түзүүдө мугалимдер көркөм өнөр сабактарында окуучулар жеке чыгармачылык иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон каражаттардын керектелерин ата-энелерге дагы түшүндүрүү керек. Окуучуларда керектелүүчү каражаттардын бардыгы болгон шартта алар өзүлөрүн ишенимдүү сезишет. Окуучулар сүрөт тартуу үчүн альбом менен гана чектелбестен жазуу үчүн дептерлерди уюштуруп колдонуусу натыйжалуу болот. Дептерге эмнелерди жаздыруу зарыл: терминдерди, көркөм материалдар менен иштөө техникасын, ата мекендик жана дүйнөлүк белгилүү сүрөтчүлөрдүн аттары жана алардын ар кандай техникада аткарылган чыгармалары. Белгилүү ата мекендик жана дүйнөлүк сүрөтчүлөрдүн картиналарынан иллюстративдик альбомдорду, открыткаларды, репродукциялардан коллекциялоо жасаган окуучуларга колдоо көрсөтүү керек. Сабак учурунда жагымдуу маанай, жасалгалоо жана аткарылуучу иштин ырааттуулугун дыкаттык менен түзүү мугалимден көптөгөн аракетти талап кылат. Балдар сабак учурунда өз колу менен жасаган иштерине канааттангандай болгону дурус. Ар бир баланын көрүү аянтын туура кармоого аракет жасап, баланын сүрөт тартып жатканына гана эмес эң башкысы сүрөт тартуу процессине кандай маани берип жаткандыгы көңүл чордонунда болуусу керек. Кызыктуубу же ага баары-бир болуп жатабы, жайдарыбы же капалуубу. Анын кызыгуусу жок болуп жатса – жөнгө салуу. Бардык окуучулар анын ичинде кабыл алуусу төмөнүрөөк окуучулар мыкты жетишкен окуучулардан калбай умтулуу менен сүрөт ишине болгон каалоолорун кызыктыруу менен ишке ашыруу. Ушундай гана сабактар балдардын өз алдынча иштөөлөрүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү күч боло алат. Аралыктан окутуу формасын колдонуу аркылуу, окуу-тарбия процессине маалыматтык коммуникативдик технологияларды (МКТ) киргизүү эффективдүү механиздердин бири катары өз алдынчалуулукка көмөктөш болот, мугалим болсо ушундай белгиленген калыптандыруучу компетенцияларды “өнүктүрүүчү чөйрөнү” түзөт. Билим берүүнүн жаңы стандарттарын киргизүү менен негизги жана предметтик компетенцияларды калыптоонун-маалыматтык, изилдөөчүлүк, коммуникативдик, МКТ компетенциялардын артыкчылыктуу багыттарын аныктоонун баштоочусу болуп калды. Бул дегендик мектептерден окуучуларды мотивациялоо менен өз алдынча издеп таап жана маалымат иштетүүнүн, аны менен алакалашуунун, тагыраак айтканда маалыматтар мейкиндигинен колдонууга ишеним артуу менен ушундай окутуунун чөйрөсүн калыптандырууну талап кылат.

Көркөм өнөр мугалиминин иши жана искусство бүгүн класстык-сабак системасынын шартында, ошондой эле аралыктан консультацияларды берүүдө, өз алдынча, долбоордук жана окуучулардын изилдөө ишмердүүлүгүндө ар кыл интернет-технологияларысыз мүмкүн эмес. Справочниктерди камтыган интернет булактары, хрестоматиялар жана журналдар, жайылтууга багытталган материалдар, предмет боюнча билимдерди тереңдетүү, видеожазмалар мастер-класстар, виртуалдык саякаттар. Катачылыктарды кетирип, кайрылганда айтып берүүчү веб-квестер, тесттер менен иштөө окуучуларга жагат. Аралыктан окутуу формасын колдонуу аркылуу, окуу-тарбия процессине маалыматтык коммуникативдик технологияларды (МКТ) киргизүү эффективдүү механизмдердин бири катары өз алдынчалуулукка көмөктөш болуп, ошону менен бирге кесип тандоо дагы алар үчүн зарыл. Көркөм өнөр чыгармачылык боюнча программаны жайылтууда теория менен практиканын бирдиктүүлүгү, кесипкөй сүрөтчүлөрдүн чыгармалары менен баарлашуу тажрыйбасынын алгачкы калыптанышы, элдик маданияттын жана дүйнөлүк устаттардын презентацияларда колдонууга болот. Техниканы колдонуу сабактын өзгөчө иштелип чыгышын талап кылат. Экран колдонуу аркылуу ар кыл өлкөлөргө саякат жасоого жана дүйнөнүн архитектура, скульптура, көркөм жана декоративдик искусства шедеврлери менен таанышууга болот. Поэтикалык сөздөрдү, музыканы, мугалимдин сөзүн жана азыркы техниканы жалгаштырып, көркөм өнөр сабагын эң бир кереметтүү көрүнүшкө айландырып жиберет. Көптөгөн окуучулар компьютердик технологияны эркин колдонушат, интернеттин билим берүү ресурстарына шилтемелерди таба билүүгө үйрөтүү алардын теориялык билимдерин практикада колдонууда жардам берет. Электорондук презентацияларды колдонуу окуу материалдарын ар тараптуу жана кызыктуу түрдө берүүгө жардам берет, сабакта берилген маалыматты кабыл алуу деңгээлин жогорулатат. Мугалим сабактын ырааттуулугун ойлонуп, презентация слайддарына жазып алат. Көпчүлүк учурда презентациялар сабактын темасынын аталышы менен башталат. Шрифттер чоң тамгалар менен жазылат. Слайддардын фонун өзгөртүп алсак болот: бир же эки түстө берсек, репродукциянын арткы планында жайгашкан фото сүрөттөр, картиналардын тунуктугун жана контрасттуулугун, белгиленген бир тартипте сүрөттөрдү жайгаштыруу ж.б.у.с. Кийинки слайддарда тексттер жана сүрөттөр жайгаштырылат. Мугалим презентация түзүүдө жогорку сапаттагы материалдарды түстөрүн бурмалабастан тандап алуусу маанилүү. Ар кандай анимациялык эффекттерди колдонсок дагы болот. Бул балдардын көңүлүн көтөрүүгө жардам берет жана көзгө жагымдуу, окуучуларда эстетикалык сапаттарды калыптандырат: көлөмдү сезүү, сызык, материал, түс. Балдар дептерлерине жазышы керек болгон тексттер презентация слайддарына дагы коюлат. Бул мугалимди окуп же айтып берүүсүнөн бошотот жана балдардын ыкчамдык көндүмдө иштөөлөрүнө мүмкүн болот. Тексттер көзгө жагымдуу жана чоң тамгалар менен жазылышы маанилүү. Сабактардагы теориялык маалыматтар – мезгилдин талаптарынын бири. Компьютер – бул, окутуу кызыктуу жана жөнөкөй болушуна көмөк берүүчү каражат, ал эми кабыл алынган билимдер - тереңдетилген жана жалпыланган болот. Көргөзмө иш-чаралары балдарга өзүн баалоо, салыштырмалуу анализди иштеп чыгуу, ички атаандаштык учуру үчүн керек. Баланын иши, анын чыгармачылык жөндөмүнө ишеним жана чечкиндүүлүк берет. Ошондуктан мектепте тематикалык көргөзмөлөрдү уюштуруу зарыл. Райондук, шаардык, республикалык, эл аралык көркөм сүрөт өнөрү боюнча сынак көргөзмөлөрүндө катышуулары маанилүү. Окуучулардын көчүрүп тарткан сүрөттөрүн мугалим көргөзмөгө койбош керек. Чыгармачылык иштер эстетикалык жактан жасалгаланып, кагаз же башка материалдардан рамка жасалып, жазуу түрүндөгү аталыштары болуш керек: Аты, атасынын аты, классы, темасы, окуучунун жашы, колдонулган материалы жана аткарылган техникасы. Мугалим предметти окутуу процессинде окуучулардын көркөм чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүн класстык жамаатта уюштура алат. Биргелешкен ырааттуу иш-аракеттер жамааттык чыгармачылык иш аракеттерге балдардын кыйла чоң тобун камтыйт. Класс аз сандуу топторго бөлүнүп, жалпы жамааттык чыгармачылык иштерди аткарышат. Сабактын мисалдык темасы катары “Элдик майрамдар”, балдар биргелешип бир чыгармачылык паннону аткарышат. Биринчи топ ватман кагазына пейзаж фонундагы сүрөттү тартышат. Экинчи топ майрамдык маанайларга мүнөздүү атрибуттардын, архитектуралык курулуштардын сүрөтүн тартышып аны кесип алуу менен биринчи топко кошулушат. Үчүнчү топ элдин күнүмдүк керектөөлөрүндөгү буюмдардан жана улуттук кийимчен адамдарды сүрөттөшүп, алардын чыгармачылык иштери дагы ошол эле топтордун иштерине кошуп чапталат. Мындай сабак ар бир окуучунун жеке чыгармачылык жөндөмдөрүн белгилеген менен жамааттык иш болуп калат. Окуучулардын жамааттык чыгармачылык иштеринде ар бир окуучу өзүнүн жоопкерчилигин сезип, жалпы чыгармага болгон мамилесин сезип, акыркы натыйжасында эмоционалдык канааттанууну ала тургандыгына байланыштуу. Мындай жамааттык ишмердүүлүктүн мисалында окутуунун “активдүү” усулу болот. Активдүү усул окутуудагы өнүгүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатат, чыгармачылык изденүүнүн чөйрөсүн, оң эмоциядагы жигердүүлүктү түзөт. Бул усул билимдерди өздөштүрүүгө жана чыгармачылык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Окуу тапшырмаларын өздөштүрүүдө төмөнкү көндүмдөр калыптанышы керек. Алар:

-Түзүүдөгү жөндөм;

- Пропорцияны сезип, сактай билүү;

- Жарыктын таралышы;

- Тондук жана мейкиндиктеги түстөрдү сезүү;

- Ритмди сезүү;

- Композициялык ой жүгүртүү;

- Тегиздиктин бетинде буюмдун конструктивдик түзүлүшүн билүү;

- Композицияда өз оюн так айта билүү;

- Эрктүүлүк жана эмгекти сүйүү;

- Чыгармачылыктын бардык түрүнө болгон кызыгуу;

- Эстетикалык табитин өнүктүрүү;

- Өз идеяларын жекече ишке ашыра билүүсү ж.б.

Көркөм өнөр предметин окутууда колдонулган заманбап окутуу технологияларын, аларды колдонууга методикалык сунуштарды изилдөөдө натыйжалуу окуу процессин сапаттуу уюштуруунун зарыл шарты болуп саналат. Ошондой эле класстан тышкаркы иштерде чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүп, эстетикалык тарбия берүүдөгү милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу учурдун талабы.

Көркөм өнөр чыгармачылыгы предмети секциясы боюнча мугалимдер үчүн август кеңешмесинде талкуулоо үчүн суроолор:

  • Билим берүү маселелери боюнча ченемдик жана усулдук документтерди изилдөө;

  • Автордук программаларга жана усулдарга анализ;

  • Окутулуучу предмет жана окутуу усулдары боюнча мугалимдин компетенттүүлүгү;

  • Предметтик билим берүү стандарттарынын негизинде конкурстук көргөзмө иштеринин жыйынтыктарын баалоодо бирдиктүү талаптарды иштеп чыгуу;

  • Окуучулардын көргөзмөлүк иштерине конкурстарды өткөрүү жана уюштуруу;

  • Ата Мекендик жана чет элдик авторлордун көркөм чыгармалары менен иш жүргүзүүдө окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн эсепке алуу;

  • “Искусство” чөйрөсүндө билим берүүдө долбоордук сабактарды иштеп чыгуунун жана өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү;

  • Предметти окутуу процессинде Интернет-ресурстарын колдонуу;

  • “Көркөм өнөр” предмети боюнча мугалимдер үчүн методикалык колдонмолорго, окуу китептерине сунуш пикирлер;

  • Ар бир окуучунун искусствого болгон кызыгууларын арттырып, жөндөмдөрүн эсепке алуу менен мугалимдин иш алыпбаруусу;

  • Долбоордук сабактарды өтүү, окуучулардын кесип тандоосуна багытталган сабактан тышкаркы ишмердүүлүктү уюштуруу;

  • Көркөм өнөр чыгармачылыгы предмети боюнча иш тажрыйба алмашуу, кабинеттерди жасалгалоо.

Сиздин август кеңешмесинде Көркөм өнөр предмети боюнча талкууда келип чыккан пикириңиз жана сунуштарыңыздар болсо төмөнкү дарекке жөнөтүүнү суранабыз:

Бишкек ш., Широкая 1А. көчөсү, 211-кабинет. КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту.

Методикалык сунушту даярдагандар:

Акматов Д. А. Кыргыз билим берүү академиясынын Технология, искусство жана ден соолук маданияты тармактарынын проблемалары лабораториясынын ага илимий кызматкери.

Оторбекова А..М., Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультетиндеги “Көркөм өнөр” жана “Технология” предметтери боюнча ага окутуучусу.

Мамбеталиев Ж.Т., С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетиндеги “Көркөм билим берүү” адистигинде ага окутуучу.

Жамангулова К.У., Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Кесиптик педагогикалык колледжинин “Көркөм өнөр” жана “Технология” предметтери боюнча ага окутуучусу.

2020-2021-окуу жылына карата “Биология” предмети боюнча август кеңешмесине методикалык сунуштама

Кырыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков үстүбүздѳгү 2020-жылды “Региондорду ѳнүктүрүү, өлкѳнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы” деп жарыялангандыктан, мектептеги предметтик билим берүүнүн мазмунун маалыматтык-коммуникативдик технологияларды ѳнүктүрүүгѳ жана дени сак муунду тарбиялоого жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине кѳңүл бурулуп жатат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын ѳнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жѳнүндѳ” Жарлыгы менен бекитилген “2023-жылга чейин КР ѳнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары” деген V бѳлүмүнѳ ылайык санариптик технологиялар билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, айыл чарбасы, телекоммуникациялар, банк сектору ж.б. чѳйрѳлѳрдѳ артыкчылыктуу иш жүзүнѳ ашырылып жатканы байкалууда.

Интернет технологияларын колдонуу аркылуу региондордун жашоочулары ѳздѳрүнүн чарбалык жашоо тиричилигин жакшыртуу, бизнести ѳнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктѳрүнѳ жашаган жерине карабастан маалымат булактарынан алган билимдерин билгичтик менен колдонууну ѳнүктүрүү үчүн биологиялык билим берүүнү тѳмѳнкү багыттарда жүргүзүлүүсү зарыл:

Кыргызстандагы биологиялык билим берүү





Кесиптик билим берүүнү ѳнүктүрүү

Негизги жана предметтик компетенттүүлүктү байланышта ишке ашыруу

Ѳлкѳнү туруктуу ѳнүктүрүүдѳгү билим берүүнүн технологиялары

Биологияны окутууда мультимедиалык каражаттарды колдонуунун ролу






2020-2021-окуу жыльнда жалпы билим берүүчү мектептерде биология предметин окутуу иштери КР Ѳкмѳтүнүн токтомунун (№403, 21.07.2104) жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде, биология боюнча предметтик стандарт, окуу программасы түзүлүп, ал боюнча окуу-методикалык комплекстери (ОМК) даярдалып, сынактан ѳткѳндѳрү мектеп программасына киргизилүүдѳ.

Табият таануу аймагы боюнча предметтик стандартты түзүүнүн методологиялык аспектисинде негизги фигура-окуучу-бала. Окуучунун инсан болуп калыптанышына таасир берүүчү объектилер: Ата-эне, туугандык чѳйрѳ. Табигый жана социалдык чѳйрѳ. Таалим-тарбия берүүчү уюмдар. Таалим-тарбия берүүчү уюмдар ѳз иштерин аткарууда негизинен орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартына таянат. Анын негизинде орто мектептин базистик окуу планы жана предметтик стандарты түзүлѳт (6).

Ошондуктан, биология боюнча предметтик стандарттын талаптарын мугалимдер менен окуучуларга тааныштыруу учурдун талабы болгондуктан, сабакты пландаштырууну ѳркүндѳтүү кѳйгѳйлүү маселелердин бири.

Окуучуларда инсандык предметтик компетенттүүлүктүн калыптануусу, билимдин функционалдуулугу жана универсалдык билгичтиктин өнүгүүсү, ийкемдүү, мобилдүү жана өз алдынча жашоого мүмкүндүк бере турган динамикалык аракеттин болуусу зарыл болгондуктан, көпчүлүк мамлекеттерде билим берүү мазмунун кайрадан карап чыгуу жана аны модернизациялоону түйүндүү (негизги) компетенттүүлүккө багыттоо көзөмөлдөнүп жатканы практика жүзүндѳ бизге белгилүү.

Сабакта бала ишмер болсун үчүн ал ѳзүнүн максатын жана ага жетишүүнүн милдетин ѳзү белгилеп, иш аракетинин ыкмасын ойлоп табууну ѳзү пландаштырып, ѳзүнүн ишин ѳзү контролдоп, ѳзү баалап, ѳзү түзѳтүүгѳ тийиш. Дал ушул элементтердин чогуусу болгондо гана баланы ишмердүүлүктүн толук кандуу субъектиси деп эсептѳѳгѳ болот. Ал эми традициялык сабакта окуучу ага таасир этүүнүн объектиси гана болуп калууда.

Сабакта окутуунун топтук (группалык) формасын уюштуруунун зарылдыгы дал ушуну туура түшүнүүчүлүктѳн келип чыккан. Чындыгында эле биз балдарды ѳз алдынча уюштуруучулукка жана ѳз ара пикир алмашып аракеттенүүгѳ үйрѳтѳ алсак гана бул маселени чечүүгѳ болот. Анткени кызматташтыктын билгичтиги жалпы максаты бар командада гана иштелип чыгат эмеспи (1).

Мына ошондуктан окуучунун позициясынан максат коюу шарты – окутуу процессинин жүрүшүндѳ мугалимдин иш-аракети жана окуучунун иш-аракети айкалышып, окуучу менен мугалимдин кызматташтыгына алып келип, күтүлүүчү натыйжага биргеликте жетишет. Окутуу технологияларын ушундай иштеп чыгууда, окуучу таанып билүү иш-аракетине активдүү катыша алат.

Окуучунун компетенттүүлүгү – алган билимин, окуудан жана жашоодон алган тажрыйбасын, билгичтиктерин реалдуу турмушта пайда болгон көйгөйлүү маселелерди чече билүү боюнча интегралдуу жөндөмү.

Биологиядагы предметтик компетенттүүлүк – жеке компетенттүүлүк негизги компетенттүүлүккɵ карата, биологиядан алган билимдердин топтомунун жыйынтыгы катары аныкталат (5).

Биологияны окутуу процессинде предмет аралык байланыштарды пландаштыруу жана ишке ашырууда алардын кɵп түрдүүлүгүн эске алуу зарыл. Түшүнүктүк предмет аралык байланышты системалуу ишке ашыруу ɵзгɵчɵ маанилүү, анткени дал ошол түшүнүктѳрдүн системалары биология сабактарынын мазмунунун түзүлүшүн аныктайт.

Биология сабагында окутуунун натыйжаларын баалоо, окутуунун максаттары (күтүлүүчү натыйжалар), усулдары жана формалары менен тыгыз байланыштуу. Баалоонун максаты - окутуунун фактылык натыйжалары күтүлүүчү натыйжалар менен дал келүүсүн аныктоо. Окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн баалоодо мугалим тандалган окутуу усулдары жана формаларына ылайык баалоонун ар түрдүү усулдарын пайдаланат.

Сабактардын технологиялык картасын предметтик стандарттын талаптарына ылайык түзүүдѳ дагы жаңы материалдын мазмунун ѳздѳштүрүү этабында мугалимдин жана окуучунун аткарып жаткан иш-аракетине негизги кѳңүл бурулат. Башкача айтканда, мугалим жаңы билимди түшүндүрүүдѳ эмне кылат (багытточу), окуучу кандай иш аракетте болору планды иштеп чыгууда так кѳрсѳтүлѳт. Балдардын ишмердүүлүгүн уюштуруу позициясында сабактын максималдуу натыйжалуулугуна жетишүүнүн методикалык ыкмасы дал ушунда. (4)

Эң башкысы - мугалимге даяр технологияны берүүдѳ эмес, анын ѳзүнүн сабагынын теоретиги ѳзү болгусу келүүсүн жандандырууда турат. Тактап айтканда бул сабакта окуучунун чыныгы ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ эмне жардам берет жана эмнелер тоскоолдук кылаарын териштирип билүүдѳ турат. Демек, кесипкѳй мугалим ѳзүнүн окутуу ишмердүүлүгүндѳ башка бирѳѳнүн сабактар боюнча пландаштырган колдонмосу (иштелмеси) менен эмес окуу китебиндеги мазмунду чыгармачылык менен балдардын реалдуу кабыл алуу (түшүнүү) жѳндѳмдүүлүгүнѳ жараша жана сабакка керектүү кѳрсѳтмѳ куралдарды техникалык ресурстарды колдонуу менен учурдун талабына ылайыктап, аралыктан окутуу режими аркылуу жүргүзүшү керек.

Август кеңешмесинин секциясында талкуулоого сунушталган актуалдуу маселелер:

  1. Табигый-илимий билим берүү жаатындагы биология предметинин орду жана мааниси.

  2. Мектептеги окуу-тарбиялоо процессин санариптештирүүнү ишке ашыруу жолдору.

  3. Биология боюнча “предметтик стандарт” менен окуу программасынын түзүлүшүн, жаңы окуу китептеринин мазмунун талкуулоо.

  4. Предметтик стандарттын талаптарына ылайык сабактарды тематикалык пландаштырууну азыркы кырдаалга байланыштуу (онлайн) ѳркүндѳтүү.

  5. Окуучулардын өз алдынча билим алуу иш-аракеттерин жана техникалык каражаттарды пайдалануу сабаттуулугун ѳнүктүрүү,

  6. Биология предметин окутуу процессинде мультимедиалык каражаттарды, жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун ролу.

  7. Мектептеги окуу процессин санариптештирүү процессин өркүндөтүүдө биология мугалиминин орду жана иш аракеттеринин багыттары.

  8. Биологиялык билим берүүнү санариптештирүү процессин технологиялык жактан камсыздоо маселелери.

  9. Окуучулардын онлайн конференцияларга, олимпиадаларга катышууга багыттоо иш аракеттери.

Методикалык сунушту даярдагандар:

Кекеева Ч.О. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун жана КДИнин ТИМББ кафедрасынын ага окутуучусу т.: 0709146722

Сатубаева А.С. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун жана КДИнин ТИМББ кафедрасынын ага окутуучусу т.: 0559516166

2020-2021-окуу жылына карата “Химия” предмети боюнча август кеңешмесине методикалык сунуштама

Кыргыз Республикасынын мектептеринде билим берүүнүн негизги максаты, жалпы орто билим берүүчү мектептердин бардыгында табигый-илимий циклдеги предметтерди, анын ичинде химия предметин дагы өз алдынча предмет катары сактап калуу; Кыргызстандын билим берүү мейкиндигинин өнүгүүсүнө байланыштуу жаңы окуу программаларын, окуу китептерин жана окуу колдонмолорун түзүү, ошондой эле азыркы учурда колдонулуп жаткан Мамлекеттик жана предметтик стандарттардын идеяларын өнүктүрүрүүчү комплекттерди модернизациялоо саналат.

2020-жылдагы мугалимдердин август кеңешмеси Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоонун милдеттерин” ишке ашыруу алкагында өтүүсү күтүлүүдө.

Учурда Кыргызстанда билим берүүдө Мамлекеттик жана предметтик стандарттарынын талаптарына ылайык жаңыланган мазмунга өтүү улантылат. Окуучуларды даярдоонун деңгээли, стандарттарда, окуу программаларында каралгандай предметтин өзгөчөлүгүн эске алуу менен күтүлүүчү натыйжа менен аныкталат.

Окуучулардын окуу иш аракеттерин уюштуруу жана натыйжаларды текшерүүнү ишке ашыруу үчүн мугалимдер методдорду, технологияларды жана окутуу каражаттарын кесипкөйлүк менен колдонуулары зарыл. Бул учурда мугалим окуучулардын таанып билүү иш аракеттерин уюштуруучу болуп саналат, ал эми окуу процесси окуучулардын өздөрүнүн активдүү иш аракеттери менен айырмаланат.

Жаңы муундагы стандарттар компетенттүүлук мамилеге негизделген, ага байланыштуу окуу программалары, сабактарды пландаштыруу өзгөргөн: натыйжа белгилүү көлөмдөгү өздөштүрулгөн окуу материалынан эмес, күтүлүүчү натыйжадан байланыштуу. Билим берүүгө компетенттик мамиле “билимди өздөштүрүү” концепциясына карама каршы окуучулардын жаңы, проблемалык кырдаалдарда иш аракет кылуу билгичтиктерин өздөштүрүүсүн карайт, алар үчүн туура келе турган каражаттарды иштеп чыгуу мүмкун эмес. Негизги баалуулук болуп маалыматтардын топтомун өздөштүрүү эмес, окуучулардын өздөрүнүн максаттарын аныктоого, типтүү жана стандарттуу эмес кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана аракет жасоо билгичтиктерине ээ болуу саналат.

Компетенттик мамиленин маанилүү белгилери болуп окуучулардын бара бара өздөрүн өздөрү окутууга жөндөмдүүлүгү саналат, бул өз учурунда терең билим алмайынча мүмкүн эмес, демек билимдин ролуда өзгөрөт. Билим толугу менен билгичтиктерге баш ийет. Буга байланыштуу окутуунун мазмунуна билгичтиктерди калыптандырууга зарыл билимдерди камтуу зарыл.Компетенттик мамиле окуучулардын компетенцияларын калыптандырууга багытталган. Калыптандыруу окуучулардын иш аракеттерин уюштуруу аркылуу ишке ашырылат (иш аракеттик мамиле). Качан окуучулардын предметке болгон кызыгуусу артканда гана алардын иш аракеттик деңгээли көрүнөт. Балдардын кызыгуусу проблемалык окутууда пайда болот. Проблемалык кырдаалдарды чечүү окуучулардын изилдөөчүлүк иш аракет көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөк берет.

Мугалимдин компетенттүүлүгү - окуучулардын компетенцияларынын ийгиликтүү өнүгүшүнүн негизи. Компетенттүүлүк-интегративдүү инсандык ресурс, ал өздөштүрүлгөн натыйжалуу стратегиялардын эсебинен ийгиликке алып келүүчү иш аракетти камсыз кылат. Компетенттүүлүк компетенциялардан турат. Компетенциялар -коюлган маселелерди чечүүнү, тоскоолдуктарды жеңүүнү, максатка жетүүнү камсыз кылган конкреттүү стратегиялардан турат. Педагогдун компетенциялары - бул:

-чектөөлөрдү жана көрсөтмөлөрдү эске алуу менен аракет жасоо жөндөмдүүлүгү; билимдер, билгичтиктер, көндүмдөр, жөндөмдөр, жана ыкмалар;

- билимди жана билгичтиктерди натыйжалуу колдонуу; баалуулук багыттоолор, мотивдер, мамилелер;

- тигил же бул областтар боюнча билимдер жана тажрыйбалар; көптөгөн суроолордон кабардар болуу;

- кесипкөйлүк деңгээл, креативдүүлүк; маселелерди чече билүү сапаттары.

Билимдер, билгичтик, көндүмдөр - окуу процессинин парадигмасы. Компетенциялар - практикалык иш аракеттин парадигмасы. Билимдер, билгичтик жана көндүмдөр - программалык материалдарды окуп үйрөнүүнүн ирети. Компетенциялар - продуктивдүү иш аракетке ээ болуу деңгээли. Билимдер,билгичтик жана көндүмдөр - билим жетишкендиктерин тестирлөөнүн объектилери. Компетенциялар - индивиддин квалификациясын тестирлөөнүн объектиси.Мугалимдин түйүндүү компетенциялары универсалдуу, ал ийгиликтүү педагогикалык иш аракетти жалпысынан камсыз кылат. Мугалимдин предметтик компетенциялары өзгөчө жана ал белгилүү бир предметти ийгиликтүү окутууну камсыз кылат. Мугалимдин атайын компетенциялары тарыраак багытта жана педагогикалык маселелерди жолдоп жүргөн майда маселелерди чечүүнү камсыздайт. Түйүндүү, предметтик жана атайын компетенциялар мугалимдин кесипкөйлүгүн камсыз кылат. Химия мугалиминин кесипкөйлүк компетенттүүлүгү - бул анын алдына коюлган педагогикалык маселелерди ийгиликтүү чечүүгө көмөк берүүчү жеке мүмкүнчүлүгү.

Компетенттүүлүк мамилени колдонуу менен окутууда жетектөөчү роль окуучуларга таандык, ал эми мугалимдин милдети – окуучулардын окуу каражаттарын тандоого, иштөө жолдорун, аракеттерин өздөрү тандоого шарт түзүү болуп саналат.

Педагогикалык илимде окуучулардын компетенциялары үч деңгээлдүү иерархиясы каралат:

- түйүндүү компетенциялар, предмет үстүндө болуу менен билим берүүнун жалпы мазмунуна кирет;

- жалпы предметтик (метапредметтик), айрым билим берүү областарына колдонууга мүмкун жана интегративдик мүнөзгө ээ;

- предметтик компетенциялар - алдыда келтирилген түрлөргө карата жеке учур болуп саналат; Тактап айтканда бул топко окуучулардын химиялык компетенциялары кирет. Мектептин бүтүрүүчүсүнүн ойлорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн төмөнкү түйүндүү компетенцияларга ээ болуусу зарыл: баалуулук-маанилүүлүк, жалпы маданияттык, окуу-таанып билүүчүлүк, маалыматтык, коммуникативдик, социалдык-эмгектик жана инсандык өзүн өзү өркүндөтүү компетенциясы.

Окутууга компетенттүүлүк мамиленин негизинде, окуучулар “окууга үйрөнүүлөрү” зарыл жана өз алдынча, мотивдешкен, кызыккан, өзүнө ишеними күчтүү, жоопкерчиликтүү жана интеллектуалдык жактан өнүккөн инсан болуулары зарыл. Түрдүү мамлекеттердин педагогдорунун тажрыйбалары, көпчүлүк мугалимдер окуучулардын жогоруда көрсөтүлгөн сапаттарын тарбиялоодо жана өнүктүрүүдө, өз иштеринде түрдүү методикаларды, жаңы технологиялардын элементтерин жана окутуу каражаттарын айкалыштыруу менен колдонушат.

Окуучулардын компетенцияларынын калыптаныш индикаторлору

Химиялык компетенциялр көрсөткүчтөрү

Түйүндүү компетенциялар көрсөткүчтөрү







Инсандык сапаттардын өнүгүүсү

Практикалык тажрыйба, аны түрдүү кырдаалда колдонуу

Предметтик даярдык

Инсандын өзүн аныкташы жана кесипти туура тандашы











Алар өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ишеним жана кызматташтык атмосферасын түзүү;

- окуучулардын жеке жөндөмдүүлуктөрүн жана жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен дифференцирленген тапшырмаларды иштеп чыгуу;

- предмет аралык байланыш мүнөздөгү суроолорду жана тапшырмаларды иштеп чыгуу;

- топто иштөөгө шарттарды түзүү, ал жерде ар бир окуучу түрдүү ролду аткаруу менен команданын ийгилигине таасир берүү;

- окуучулардын өздөрүнүн идеяларын жана ойлорун айтуу, аргументтештирүү, божомолдорду айтуу жана коюлган маселелерди чечүү билгичтиктерин өркүндөтүүнү мотивдештирүүчү кырдаалдарды түзүү;

- окуучулардын изилдөөчүлүк иштерин өткөрүүгө негизделген активдүү окутууну уюштуруу;

- чечүүдө изилдөөнү, эксперименттерди, булактар менен иштөөнү талап кылган проблемалык кырдаалдарды түзүү;

- окуучулардын жеке өздөрүнүн изилдөө темасын тандоосу аркылуу, алардын изилдөө иштерине колдоо көрсөтүү;

Санариптештирүүнүн алкагында 2019-2020-окуу жылы ичинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда онлайн режиминде химия мугалимдеринин сегиз агымы беш модуль боюнча кесиптик чеберчиликтерин жогрулатышты.

“Химия предметин окутуунун теориясы жана методикасы” дисциплинасы боюнча мугалимдер төмөнкү модулдарды: “Окутууну компетенттүүлүк мамиленин негизинде пландаштыруу”, “Активдүү жана интерактивдүү окутуу”, “Кыргызстан мектептеринде маалыматтык-коммуникативдик технологияларды колдонуу”, “Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү”, “Баалоо теориясы” онлайн режиминде беш күнү аралыктан окушту. Кийинки күндөрдө 24 саат көлөмүндөгү практикалык сабактарда мугалимдер беш модулдан алган билимдерин химия сабактарын пландаштырууга колдонуунун үстүндө иштешти. Натыйжада химия мугалимдери компютердик жыйынтыктоочу аттестациядан оң натыйжаларды көрсөтө алышты. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу процессин санариптештирүүнүн алгачкы ийгиликтерине күбө болдук. Мындан ары Республиканын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуунун аймактык институттарында, методикалык борборлорунда санариптештирүүнү колдонуу менен онлайн режиминде билимди жогорулатуу улантылат. Демек, мугалимдердин компьютер менен иштөөгө, интернетти колдонууга үйрөнүү зарылчылыгын түшүнүү бүгүнкү күндүн талабы. Натыйжада, санариптештирүүнүн негизинде квалификациясын жогорулаткан мугалимдер, COVID 19 байланыштуу карантин учурунда онлайн форматында окуучуларга химия предметинен терең жана бекем билим берүү мүмкунчулүктөрүн пайдаланышты.

Химия предметинин негизги максаты: мектептин алдында турган билимдүү жана жогорку квалификациялуу болочок адистерди даярдоо боюнча маанилүү маселелерди чечүү. Бул маселелерди, билимди чыгармачыл жана системалуу өздөштүрүү, ошондой эле окуучулардын чыгармачыл ой жүгүртүүсүн калыптандыруучу иш аракет методдору аркылуу чечилиши мүмкүн.

Мектептин химия курсу - химия илиминин дидактикалык эквиваленти болгондуктан, окутуу процессин түзүү жана уюштуруу жалпысынан окулуп үйрөнүлүүчү илимдин системасын кайталайт. Окутуунун системасы катары бири бирине байланыштуу элементтерден турган бирдиктүү дидактикалык билим берүүнү түшүнүүгө болот: максаттар, предметтик мазмун, окутуунун методдору, окутуунун каражаттары жана окутууну уюштуруунун формалары, өтүлгөн материалдарды окуучулардын өздөштүрүүсүн текшерүү методдору, ошондой эле окутуунун алдына коюлган күтүлүүчү натыйжаларга жетүүнүн жолдорун алдын ала аныктоо ыкмалары.

Окутуунун принциптери - окутуунун бүткүл системасынын, тактап айтканда ар бир окуу дисциплинасы боюнча негизги дидактикалык жоболор. Окутуунун принциптери бири бирине карата иерархиялык иретте жайланышуу менен дидактиканын жалпы принциптеринен келип чыгат. Дидактикалык принциптер - жалпы максаттарга жана окутуу процессинин мыйзам ченемдүүлүктөрүнө туура келген мазмунга, методдорго, каражаттарга, окутуу иштерин уюштуруу формаларына коюлган талаптарды аныктоо принциптери болуп саналат.

Химия мугалимдери жогоруда көрсөтүлгөн жоболордун негизинде төмөндөгү принциптер аныкталгандыгын билиши зарыл:

- окутуу процессинде тарбиялоо жана ар тараптуу өнүктүрүү;

- илимийлүүлүк жана окуучулардын мүмкүнчүлүгү жеткидей татаалдык;

- мугалимдин жетекчилигиндеги окуучулардын аң сезимдүүлүгү жана чыгармачыл активдүүлүгү;

- окутуунун көрсөтмөлүүлүгү жана теориялык ой жүгүртүүнүн өнүгүшү;

- системалуулук;

- окутуудан өз алдынча билим алууга өтүү;

- окутуунун реалдуу турмуш менен байланышы;

- окутуунун натыйжаларынын фундаменталдуулугу жана окуучулардын таанып билүүсүн өнүктүрүү;

- окутуунун оң эмоционалдык фону;

- окутуунун коллективдик мүнөзү жана окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу.

Бул принциптердин аткарылышы, мугалимге окутуу процессин максаттуу уюштурууга мүмкүнчүлүк берет.

Принциптердин тизмесине предмет аралык байланышты ишке ашыруу принцибин да кошуу зарыл. Предмет аралык байланыштын башкы дидактикалык кызматы - табигый-илимий дисциплиналардын мазмунунда жаратылыштагы объективдүү өз ара байланыштуулуктун иреттүү чагылдырылышы. Ошондуктан окутуу процессинде предмет аралык байланыштар негизги үч дидактикалык маселелерди чечүүгө көмөк берет:

- окуу маалыматтарынын илимийлүүлүгүн жогорулатууга жана иреттүүлүгүн сактоого;

- окуучулардын таанып билүү иш аракеттерин стимулдаштырууга жана билимди өздөштүрүүгө активдүү мамилесин мотивдештирүүгө;

- дүйнөнүн бир бүтүн сүрөттөлүшү боюнча илимий ынанымдарын тарбиялоого.

Мектептин химия курсунда – беш негизги теориялык концепциялар камтылган:

-атом-молекулалык окуу;

- Д.И. Менделеевдин химиялык элементтердин мезгилдик закону жана мезгилдик талицасы жана заттардын түзүлүш теориясы;

- электролиттик диссоциация теориясы;

- химиялык реакциялардын башталыш жана жүрүү мыйзам ченемдүүлүктөрү;

- органикалык заттардын учурдагы түзүлүш теориясы.

Негизги химиялык түшүнүктөр: “зат”, “химиялык элемент”, “химиялык реакция”, “химиялык өндүрүш”, өз ара байланыштуу. Булардын ичинен жетектөөчү түшүнүктөр болуп: “зат” жана “химиялык реакция” саналат. Химиянын ар түрдүү курстарын түзүүдө ушул эки түшүнүк чечүүчү ролду ойной тургандын эстен чыгарбоо зарыл.

Бул түшүнүктөр предметтик стандарттын система түзүүчү блокторун түзөт. Предметтик стандарт боюнча окутуу белгилүү убакыттан кийин башталат. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында химиялык билим брүүнүн предметтик стандарты Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иштелип чыкты жана ал мектептерде химия предметин окутуунун негизги багыттарын аныктайт. Стандартта химияны окутуунун компетенттүүлүккө негизделген мазмунунун жана окуучулардын предмет боюнча даярдык репродуктивдик, продуктивдик жана креативдик деңгээлдерине коюлуучу талаптар аныкталган. Предметтик стандарттын мазмундук тилкелери төмөнкүлөр:»таанып билүү методдору»,»заттар»,»химиялык реакция»,»заттарды жана химиялык реакцияларды колдонуу». Предметтик стандарт боюнча даярдалган окуу программасына жана анын негизинде даярдалуучу окуу китептерине талаптар курч коюлууда.

Балдарды колдоо милдеттерин ишке ашыруу боюнча төмөнкү сунуштарды берүүгө болот. Алар төмөнкүлөр:

-окуучулардын ден соолугун сактоо менен окутуу;

- окуучулардын гигиенасына, мектептин территориясынын, ичиндеги класс бөлмөлөрүнун, тамактануу ашканасынын, спорт залдарынын жана башка жайларынын, санитардык абалын эң жогорку деңгээлдеги тазалыкта кармоого орчундуу көңүл бөлүү;

- окуучулардын мектептик формалары тигилүүчү кездемелерин туура тандоого жогорку талапты коюу (формалар жасалма булалардан эмес, жаратылыш булаларынан: пахта, жүндөн токулган кездемелерден тигилиши зарыл);

- ар бир окуучунун үйүндөгү жашоо шарты, тамактануусу көзөмөлдө болушу абзел;

мектепте коопсуз чөйрөнү түзүү;

- химия кабинетинде окутуу процессинин катышуучуларынын ден соолугуна зыян келтирбегендей шарттарды түзүү, аларга коопсуздук техникалык эрежелерди сактоого үйрөтүү;

- химия предмети боюнча демонстрациялык, лабораториялык тажрыйбаларды жана практикалык иштерди, окуучулардын ден соолугуна зыян келтирбегендей өлчөмдөгү реактивдер менен өткөрүү, тактап айтканда микроилимий эксперимент, старттык эксперимент түрүндө өткөрүлүшү шарт;

Химия мугалимдеринин август кеңешмесинде талкулоого сунушталуучу проблемалар:

- мектептин окуу тарбия иштеринде санариптештирүүнү колдонуу;

- химия предметин окутууда компетенттүүлүк мамиле;

- химия боюнча жаш мугалимдерди мектептин шартына адаптациялоо;

- Мамлекеттик жана предметтик стандарттардын талаптарына ылайык химия боюнча сабактардын системасынын тематикалык пландарын түзүү;

- окуучулардын окуу жетишкендиктерин текшерип баалого жаңыча мамиле;

- санитардык-гигиеналык түзүүчүлөрдү эске алуу менен химия кабинетинде окуу процессине катышуучуларынын коопсуз ишин уюштуруу.

Методикалык сунушту даярдаган:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Табигый-илимий жана математикалык билим берүү кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор Кособаева Б.

2020-2021-окуу жылына карата “Математика” предмети боюнча август кеңешмесине методикалык сунуштама

Окутуунун жана билим берүүнүн жаңы ыргагына өтүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билим берүүчү уюмдарындагы»Математика» боюнча предметтик стандарт Кыргыз Республикасынын»Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 Токтому менен бекитилген»Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартынын» негизинде иштелип чыккан.

Бул стандартта, “ар бир окуучуга жашаган жерине жана жашоо шартына карабастан анын жеке муктаждыктарын жана жөндөмдүүлүктѳрүн эске алуу менен математикалык даярдыктын бийик деңгээлине жетишүү мүмкүнчүлүгүн түзүү керек. Ал окутуунун жекечелиги, электрондук окутууну пайдалануу жана дистанциондук билим берүү технологиялары менен колдоосу зарыл”- деп айтылган. Ошондой эле атайын билим берүү уюмдардын жана атайын класстардын, математикалык мелдештерди (олимпиадаларды ж.б.), математикалык кошумча билим берүү системаларынын ѳнүгүүсү менен камсыз кылынышы керектиги жазылган.

Кризис учурунда, бардык адамдар башынан өткөргөн стресс факторлорунун бири - күнүмдүк жашоонун бузулушу ар окуучу эле эмес ар бир окутуучунун дагы тереӊ ойлонтуп жатат. “Дарак жемиши, адам иши менен нарктуу” дегендей, мугалим – өнөр ээси, тарбиячы, ата-эне, чыгармачыл адам жана окуучунун ой жүгүртүүсүн жандантып, окууга болгон умтулуусун ойготуп, аны келечекте жакшы адам болуп калыптанышына күзгү болуп туруш керек.

Биздин азыркы учурдагы эң маанилүү ролубуз - бул балдардын аралыктан окуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү. Балдардын сабактарын сыналгыдан көрүшүнө жана сунушталган окуу иш-аракеттерин аткаруусуна аралыктан көз салуу. Биз аларга өздөрү жакшы көргөн жана жактырган окуу иш-аракеттерин табууга жана катышууга жардам бере албаганыбыз өкүндүрүп турат. Окуучулар үчүн окутуунун жаңы ыргагына өтүүдө, биздин окутууда ортомчу катары жаңы пайда болгон ролду түшүнүүдө өзүбүзгө сабырдуу болууну талап кылат.

2020-2021-окуу жылына карата Базистик окуу пландын түшүндүрмө катына ылайык “Математика” предмети боюнча 1 - класста жумасына 4 саат, 2 - 3 - класстарында - 5 саат, 4 - класста - 6 саат, калган класстарда - жумасына 4 саат окутулат.

Окутуу бекитилген программаларга жана предметтик стандарттарга ылайык өтүлөт.

7-11-класстарда “Математика” предметинен алгебра жана геометрия боюнча сабактын темалары интеграцияланган предмет катары класстык журналдын бир барагына жазылат. Чейрекке карата бир баа жана жыйынтыктоочу бир баа коюлат.

Азыркы кырдаалда, коопсуздук эрежелерди сактоодо мектеп окуучуларын аралыктан окуу технологиянын жардамында окуу процесси жүргүзүлдү. Окуучулардын жалпы жана предметтик компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу маселеси катуу коюлуп, мугалимдер жана окуучуларга көйгөйлөр жаралбай койгон жок. Ошентсе дагы компетенттүү окуучуну компетенттүү окутуучу гана окута алаарын жакшы билебиз.

Ошондуктан, мугалимдин кесиптик-технологиялык компетенциясы менен окуучунун өз алдынча билим ала билүү, аны турмуштук көйгөйлөрдү чечүүгө колдоно билүү компетенциясын бирдикте кароо милдети коюлган. Буларды жалпылап айтсак, таалим-тарбияга компетенттүү мамиле жасоо деп атайбыз.

Математика мугалиминин жалпы адистик компетенттүүлүктөрү:

1.Социалдык-экономикалык, маданий компетенттүүлүк (улуттук тил, адабият (коммуникация), философиялык, социалогиялык, маданият таануучулук, саясат таануучулук, религия таануучулук, экономикалык, дене тарбиялык, этикалык, эстетикалык);

2. Илимий теориялык компетенттүүлүк (математикалык, физикалык, химиялык, биологиялык, астрономиялык, дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшү, табигый билимдердин философиясы жана тарыхы);

3. Психолого-педагогикалык компетенттүүлүк (жалпы педагогикалык, жалпы психологиялык, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү билим берүү системасы, мектеп, үй-бүлө, коомчулуктун биримдиги, психопедагогикалык илим изилдөө иштери, педагогикалык чеберчилик, мектеп таануу, билим берүүнүн философиясы жана тарыхы);

4. Кесиптик-технологиялык компетенттүүлүк (предметти терең билүүсү, окутуунун максатын жана милдетин аныктоо, окутуунун мазмунун жана көлөмүн аныктоо, окутуу принциптерин ишке ашыруу, окутуу методдорун тандоо жана колдонуу, каражаттарды тандоо жана колдонуу, окутууга шарт түзө билүү, окуучулардын окуу иштерин уюштуруу, класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруу, окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин, компетенттүүлүктөрүн текшерүү, өз ишин жыйынтыктоо жана баалоо);

Мамлекеттик стандартта окуучулар ээ боло турган негизги компетенттүүлүктөр көрсөтүлгөн, ал эми предметтик стандартта конкреттүү предметтик, башкача айтканда окуучулардын математика боюнча ала турган компетенттүүлүктөрү иштелип чыккан.

Окуучунун компетенттүүлүгү - алган билимин, окуудан жана жашоодон алган тажрыйбасын, билгичтиктерин реалдуу турмушта пайда болгон көйгөйлүү маселелерди чече билүү жөндөмү.

Окуучулар ээ боло турган жалпы компетенттүүлүктөр:

- маалыматтык компетенттүүлүк (маалыматты түзүү, сактоо, берүү, мурда түзүлгөн жана керек болгон маалыматты издөө, табуу, кабыл алуу, иштетүү, жыйынтыктоо, сактоо, пайдалануу);

- социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк (кайсы бир маселелер боюнча билимге ээ болуу, аны колдонуу боюнча өз оюн, көз карашын башкалардын ойлору, көз карашы менен айкалыштыра билүү даярдыгы);

- өз ишин уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү (окуу жана башка иштердин максатын түшүнүү, ага жараша жасалуучу аракеттерди тандоо, аракеттин удаалаштыгын аныктоо, аракетти аткаруу, максатка жараша милдеттерди кое билүү, аны чечүүнүн оптималдуу жолдорун табуу, маселени чечүү, жыйынтык чыгара билүү).

Математиканы окутуу процессинде калыптандырылуучу предметтик компетенттүүлүктөр:

- ээ болгон билимдерин жана билгичтиктерин практикада жана күнүмдүк турмушта пайдалануу;

- жөнөкөй математикалык моделдерди куруу жана изилдөө;

- статистикалык мүнөздөгү маалыматтардын талдоосу, график, диаграмма түрүндөгү реалдуу сандык көрсөткүчтүктөрдү талдоо.

Математика боюнча бул предметтик компетенттүүлүктөрдүн ар бири өз кезегинде тиешелүү түрдө жогорудагы үч негизги компетенттүүлүктүн калыптанышына салым кошот.

Өзөктүү жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы

Билим берүүдөгү заманбап маселелерин чечүүнүн бирден-бир шарты болуп, окуучулардын билим берүүчү өзөктүү компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу эсептелет. Мында негизги ролду математика ойнойт.

Математика окуу предмети катары өзөктү компетенттүүлүктөрдү калыптандырууда белгилүү каражаттар жана мүмкүнчүлүктөргө ээ. Математика же анын усулдары бар болбогон бир дагы предметти жолуктурууга мүмкүн эмес. Математиканын объектилеринин образдары окуучуларды күнүмдүк турмушта курчап турат. Математика формулаларды жөн гана эстеп калып, аны кайра айтып берүүгө гана эмес, талдоо, колдонгон формулалардын маңызын түшүнүү, маселелерди, теңдемелерди, теңдемелер системаларын чыгаруунун ыкмаларын рационалдаштыруу жөндөмдүүлүгүн калыптандырат.

Өзөктүү компетенттүүлүктөр:

- маалыматтык компетенттүүлүк;

- социалдык-комуникативдик компетенттүүлүк;

- “өзүн-өзү уюштуруучулук жана көйгөйлөрдү чечүү” компетенттүүлүгү.

Математика курсун окутуу маселелери, белгиленген окуу программанын негизинде жүргүзүлөт. Математика сабагын окутуу үчүн төмөнкү сааттарды бөлүштүрүү үлгүсү көрсөтүлөт.

Математика сабагы базистик окуу планында

класстар

алгебра

геометрия

1-жарым жылдык

2- жарым жылдык

1-жарым жылдык

2-жарым жылдык

1

5

4

4



2

6

4

4



3

7

3

2

1

2

4

8

3

2

1

2

5

9

2

3

2

1

6

10

3

2

1

2

7

11

2

3

2

1


Математика сабагын окуутуда өзгөчө көнүл болуучу маселе катары жаңы ойломдук идеялардын пайда болуусуна шарт түзүү – бул эң негизги проблемалык маселе деп кароого болот.

Окуучунун өз алдынча ойлоно билүүсү, математикалык маселени жарата алууга шыктануусу чоң суро талап катары каралат.

Ошол эле мезгилде окуучунун чыгармачылык менен ой жүгүртүүсүн калыптандыруу жана өнүктүрүү негизги максат катары кароо максаттык шарт болмокчу.

Окуучунун ар түрдүү жаңы математикалык маселелерди алып чыгуусуна өбөлгө болушубуз керек. Андыктан окуучу менен тыгыз байланышта болуубуз абзел.

Ал эми өз кезегинде окуучу да чыгармачыл кенен ойлоно алган инсан болууга умтулуусу керек. Демек, жаңыны жаратуу үчүн, жаңыча ой жүгүртүү да керек экендиги талашсыз.

Ар бир окуучунун жеке инсандык сапатына баа берүү, анын илимий жана ошол эле мезгилде турмуштук максатына жараша иш алып барганыбыз да туура болоор эле.

Илимде ар бир окуучуну же адамды жеке уникалдуу деп баалайт эмеспи. Бир окуучу бала үчүн алдыга коюлган тапшырманы өздөштүрүү үчүн жайкы каникулду кошо колдонууга туура келсе, дагы башкасы үчүн бир ай жетиштүү, үчүнчүсү үчүн жарым жыл керек болот. А төртүнчүсү такыр эч бир маалыматты сиңире албайт. Ар бир окуучуну өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша кандай сабак өтүп, туура тарбиялоо керек?

Быйылкы окуу жылында математика сабагынын өзгөчөлүктөрү болуп, 5-6-класстарга жаңы окуу китебинин кириши жана ал окуу китептеринин жетишсиздиги көйгөйлөрдү жаратпай койгон жок. Ошондой эле төртүнчү чейрек ар бир окуучу жана окутуучу үчүн жаӊы теманы телеберүү аркылуу жеткирүү кыйын болду.

Бул учурда окуучулардын билим берүүнүн күтүлгөн жыйынтыгына, о.э. аларды объективдүү жана ыкчам баалоосуна өзгөчө көӊүлдү буруу зарыл. Ошентип, 5-11-класстардын»Математика» предмети боюнча билим берүүчү айрым сунуштары катары төмөндөгүлөрдү карасак болот:-

- окуучулардын рефлексиялык билгичтиктерин өнүктүрүү - өзүнө “сырттан”, “башка бирөөнүн көзү менен” карай билгичтиги; өзүн-өзү контролдоо жана өзүн-өзү баалоо көндүмдөрүн жакшыртуусу, акырындап объективдүү жана туура өзүн-өзү баалоосуна жакындоосу. Окуучунун жеке жетишкендиктерин биргелешип (мугалим-окуучу, окуучу-башка окуучулар) баалоо методун, анын мүмкүнчүлүктөрүн келечекте колдонуусу;

- математикалык маселелерди чыгарууда атайын ыкмаларды колдонуусу;

- геометриялык объектилерди таанып билүүсү жана баяндоосу, о.э. геометриялык чоӊдуктар менен жөнөкөй операцияларды жүргүзүүсү;

- мектеп математикасына тиешелүү, башка математик мугалимдер тарабынан түзүлгөн видео-сабактарды телеканалдардан, YOUTUBE каналдардан карап чыгышып, анализ жүргүзүсү.

Окуучулар жаӊы билимдерди өздөштүрүү максатында мугалимдин негизги милдети болуп окуу материалын чыгармачылык менен кабыл алуусун калыптандырылгандай кылып окуу процессин уюштуруу саналат.

Заманбап сабак - бул мугалим окуучунун инсандык касиетин өнүктүрүү үчүн, акылынын активдүү өсүшү үчүн окуучунун өз алдынчалуулугун, ар кандай чыгармачыл иштерди изилдөөсүнө бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп өткөн сабак.

Биздин өлкөдө, коомдо “өмүр бою билим алуу” милдети коюлган. Ошондуктан, окуучулар билимди өз алдынча изденип алуусу, ар кандай областарда алган маалымат менен иштей билүүсү, жаӊы көндүмдөргө ээ болуусу, кээде алынган билимдеринен да маанилүү. Анткени, алар билим алуу жана алган билимдерин жакшыртуу менен өмүр бою алек болушат.

Математика мугалимдери үчүн талкууга сунушталган маселелер:

  • Сабактын максатын кантип формулировка кылуу керек жана ал максатка жетүүнү камсыздоо;

  • Окуу материалын тандап алуу жана аны дидактикалык багытта иштеп чыгуу;

  • Окутуунун методдорун жана каражаттарын тандап алуу;

  • Өзүңдүң ишмердүүлүгүңдү жана окуучулардын ишмердүүлүгүн уюштуруу;

  • Компьютердик технологияны өздөштүрө алуу жана жаӊы программа, мессенжерлерди туура пайдалана алуусу.

Бул компоненттердин бардыгынын өз ара байланыштарын уюштуруп белгилүү илимий системасына жана баалуулук ориентациясына кантип жеткирүү керек.

Методикалык сунушту даярдагандар:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Табигый-илимий жана математикалык билим берүү кафедрасынын доценти, ф-м.и.к. Баетов А.К., И.Арабаев атындагы КМУнун ага окутуучусу Таирова Р.

2020-2021-окуу жылына карата “География” предмети боюнча август кеңешмесине методикалык сунуштама

2014-жылдын 21-июлундагы № 403-буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты контекстинде географияны предмет катары окутуунун жалпы максаты - жалпы билим берүүнүн мазмунунун фундаменталдык өзөгүн түзгөн жаңы муундагы Мамлекеттик стандарттын негизги документтеринин бири катары берилген. Бул адамдардын Жер жөнүндөгү комплекстүү, системалуу жана социалдык багытталган идеясы күндөлүк турмушта колдонуучу негиз катары калыптанууга тийиш.

География боюнча маалыматтарды колдонуу жана дүйнө жүзүндөгү өзүнүн мамлекетинин ролун түшүнүү - мугалим үчүн эң маанилүү.

Жаңы стандарттар - бул ар дайым келип жаткан стандарттык эмес маселелерди чечүү жөндөмүн талап кылган, коммуникативдик өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга жана толеранттуулукка үндөгөн, туруктуу өзгөрүлүп турган шарттардагы жашоо.

Мектептеги география сабагына сунушталган методикалык сунуштардын максаты – мугалимдерге жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартында белгиленген талаптарды эске алуу менен жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн натыйжаларына карата талаптарды аныктоого жана түзүүгө жардам берүү.

География мугалимдери ар кандай сапаттагы окуу куралдары менен иштешип, алар методикалык концепцияда бири-биринен айырмаланып, мазмунун класстар арасында сааттарга бөлүштүрүп иштешет. Демек, сунушталган методикалык сунуштар жалпы мүнөзгө ээ жана эч кандай окуу китептерине байланган эмес. Мугалим изилдөө логикасын, белгилүү бир темага бөлүнгөн сааттардын санын өз каалоосу боюнча өзгөртө алат.

Интеграция илим катары географиялык билимдин жаңы багыттарын камтыйт. Мугалим класстан чыкпай, дүйнө жүзү боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

География мугалими азыр маалымат технологиялары жана географиялык маалымат тутумдары менен тыгыз байланышта. Биздин республикада билим берүүнүн бирдиктүү маалыматтык чөйрөсүнүн жаратылышы география мугалимине компьютерди техникалык курал катары колдонуп, миңдеген адамдарга көптөгөн пайдалуу ресурстарды сактап калганга мүмкүнчүлүк берет. Интернеттин өнүгүшү менен географтын иши дагы кызыктуу, натыйжалуу жана жемиштүү болуп калды, бирок эч качан жөнөкөй эмес.

Мугалимдин милдети - бул окуучунун окуу материалынын мазмунун, түрүн, формасын, анын мотивациясын, өзүн-өзү жүзөгө ашыруу процессин байкоо, иш-аракеттерди тандоо.

Акыркы жылдары, коомду маалыматташтыруу заманбап мектептин билим берүү процессинде жаңылануунун башаты болуп калды: окуу комплекстеринде электрондук компоненттер пайда болуп, электрондук кагаздагы санарип китептер киргизилип жатат. Интернеттин болушу (мектепте да, үйдө дагы) аралыктан окутууну өркүндөтөт.

Гипершилтемелер сизге окуу китебине же презентация бетине барууга мүмкүнчүлүк берет, кино көрө аласыз же иллюстрациялар менен иштей аласыз. Параграф менен иштөө учурунда окуучулар коюлган суроолорго туура жооп издешет, таблицаларды толтурушат, бул сабактын алкагынан тышкары билимди текшерүү жана бекемдөө этаптарын алууга мүмкүнчүлүк берет.

Аралыктан окутуунун жана күндүзгү окутуу методдорунун мындай интеграциясы аралаш билим берүү деп аталат, ал окутуунун формасы болуп саналат, анда окутуунун дистанциялык (тармактык) формасы күндүзгү бөлүгү менен тыгыз байланышта. Интернет окуу материалдарын жеткирүү, синхрондуу же асинхрон режиминде жооп кайтаруу технологиясы катары иштейт. Аралаш окутуу белгиленген мөөнөттө эмес, ошондой эле окутуунун ушул формасы үчүн окуу материалдарын иштеп чыгуу жана даярдоо үчүн методология эмес.

Иштеп жаткан компетенттүүлүктүн сапатына ар дайым байкоо жүргүзүү мугалимдерге студенттерди окууга үйрөтүүгө жана экзамендерди тапшыруудан баш тартууга мүмкүндүк берет. Окуучулар билим берүү ишмердүүлүгүнүн негизги техникаларын акырындык менен өздөштүрүп, ар кандай маалымат булактары менен өз алдынча иштөөгө үйрөнүшөт. Сынактарга даярдануу окуучуларга чоң кыйынчылыктарды жаратпайт жана предмет боюнча сапаттуу даярдыктан өтсө, алардын натыйжаларына таасирин тийгизбейт.

Ошол эле учурда, окуу материалын изилдөө үчүн алдын-ала түрткү берүү жана ар бир окуучунун оптималдуу жүгүн камсыз кылуу маанилүү. Проблеманы изилдөөгө болгон кызыгуу окуучунун тапшырмаларга жана көнүгүүлөргө ашыкча жүктөлүшүнөн жана ар бир окуучунун даярдануу жана өнүгүү деңгээлин эске албастан алардын негизсиз татаалдыгынан улам түшүп калбашы керек.

Заманбап окутуу шартында окуучунун жана мугалимдин ролу гана өзгөрбөйт, ал эми салттуу мектеп сабагынын мазмуну дагы өзгөрөт. Сабактын максаттары менен милдеттери өзгөрүлүп жатат, анын структурасы мындан ары катаал, окутуунун сапатын баалоонун методологиясы жана методикасы өзгөрүлүүдө.

Максаттары жана милдеттери изилденип жаткан теманын мазмунунун жана пландаштырылган натыйжалардын (предмет, мета-предмет, инсандык мүнөздөмө) негизинде аныкталат. Мугалимдер сабактын милдеттерин аныктоо, милдеттерди чечүү үчүн зарыл болгон билим берүү иш-аракеттеринин ырааттуулугу жана ыкмалары менен иштешет.

Негизги билим берүү программасы системалуу мамиленин негизинде ишке ашырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

- заманбап коомдун талаптарын эске алуу менен инсандык өнүгүү;

- тиешелүү социалдык чөйрөнү түзүү;

- пландаштырылган натыйжаларга жетишүүгө багытталган жигердүү таанып-билүүчүлүк иш;

- билим берүү ишин уюштурууда жеке мүнөздөмөлөрдү эске алуу;

Окуу китептери семинардын форматында берилген, сунуш кылынган алгоритм менен ар кандай көндүмдөрдүн калыптанышына өбөлгө түзөт, ошондой эле теманын, бөлүмдүн башында же абзацка чейин түрткү берген маселелер бар.

Географиялык билимдерди төрт чоң топко бириктирүүгө болот:

1. Географиялык карталар жана Жердин моделдери менен иштөө;

2. Рельефтин навигациясы;

3. Аймактын жана айрым географиялык объектилердин (процесстердин) географиялык мүнөздөмөлөрүн берүү;

4. Заттарды, кубулуштарды, процесстерди жайгаштыруунун географиялык өзгөчөлүктөрүн аныктоо.

Мугалим үлгүлүү программага оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизе алат.

Райондук / шаардык география мугалимдеринин усулдук бирикмелерине олимпиадалык кыймылдын оптималдуу моделин билим берүү органдары менен биргеликте түзүү сунушталат. Таланттуу окуучулар менен иштөөнүн, шаардык, райондук олимпиадалардын жеңүүчүлөрү география боюнча практикалык билимдерди жана көндүмдөрдү өркүндөтүү максатында мектептердин ден соолук лагерлеринде тематикалык сайттарды уюштуруу болушу мүмкүн. Балким, мектеп аралык географиялык объектилердин пайда болушу. Ийгиликтин негизги фактору болуп география олимпиадасына окуучуларды максаттуу даярдоо.

Жаңы окуу жылында усулдук ишти уюштурууда төмөнкүлөрдү камсыз кылуу керек:

-мектепке географиялык билим берүүнү киргизүү “Кыргыз Республикасында жалпы географиялык билим берүүнү өнүктүрүүнүн концепциялары”;

-географиялык билим берүүнүн мазмунун ишке ашырууда мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүү, таланттуу окуучулар менен иштөөнү уюштуруу;

-класстан тышкаркы иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө маалыматтык жана усулдук колдоо;

-окуучуларды окутууда инсанга багытталган, маданий, илимий жана компетенттүүлүк мамилени жүзөгө ашырууга практикалык жардам көрсөтүү;

-предмет боюнча окуу процессин оптималдаштырууда жана географиянын билим берүү потенциалын жүзөгө ашырууда уюштуруучулук жана методикалык жардам көрсөтүү;

-окуу процессин башкарууда педагогикалык тажрыйбаны аныктоо, жалпылоо жана жайылтуу.

Окуучу негизги билим берүү программасынын максаттарына ылайык төмөндөгү компетенцияларга ээ болушу керек:

- курчап турган чөйрө тууралуу бүтүндөй илимий билимдерге ээ болот, азыркы мезгилдеги дүйнөнүн көрүнүшүнүн өнүгүү концепциясын жаратылыштагы жана коомдогу адамдын орду жана ролу тууралуу көз караштардын системасын түшүнөт, маданий турмуштун баалуулуктарына таянууга жөндөмдүү (К-1);

- максатты коюуда жана ага жетүүнүн жолун тандоодо маалыматтарды талдоого, жалпылоого жана кабыл алууга жөндөмдүү (К-2);

- ар дайым билим алууга жана өнүгүүгө даяр (К-3);

- маалыматтарды алуу, сактоо жана кайрадан иштеп чыгуунун негизги усулдарына, компьютер менен иштөө көндүмдөрүнө ээ болот (К-4);

- мамлекеттик жана расмий тилдерде логикалык жактан ишенимдүү, аргументтүү, так жазуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүктөрүнө жөндөмдүү (К-5);

- социалдык байланыштар үчүн жеткиликтүү деңгээлде чет тилин билүү (К-6);

- жаңы түзүлгөн кырдаалды, анын кесепеттерин баалайт, ага ыңгайлашат (К-7);

- өзүнүн кадыр баркын жана кемчиликтерин сынчыл баалоого, көтөрүүгө кемчиликтерин жоюу жолдорун жана каражаттарын тандоону билет (К-8);

- демократиялык жана жарандык коомдун баалуулуктарынын негизинде дидарлашууга жана жигердүү атуулдук өңүт түзүүгө даяр (К-9);

- заманбап технологияларды колдоно алат (К-10);

- органикалык дүйнөнүн өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндө билимдерди билет (К-11);

- атмосфера, гидросфера жана литосферанын бирдиктүүлүгүн, жердин өнүгүшүндөгү органикалык жана органикалык эмес системалардын ордун түшүнө билет (К-12);

- жаратылыштын түшүмдүүлүгүн жана туруктуулугун, антропогендик факторлордун таасири астында алардын өзгөрүшүн, глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну түшүнүүгө жөндөмдүү (К-13).

Методикалык сунушту даярдаган:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Табигый-илимий жана математикалык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу Султанбек кызы Чынара.



2020-2021-окуу жылына карата “Табият таануу” предмети боюнча август кеңешмесине методикалык сунуштама

Орто мектептердин 5-классында окутулуучу “Табият таануу” предмети окуучулардын табияттын материалдуу объектилери, алардын жандуу жана жансыз түрлөрү, дүйнөдө болуп өтүүчү кубулуштар, кубулуштардын себептик-натыйжалык байланыштары, турмуштагы байкалыштары менен колдонулуштары жөнүндөгү эң жөнөкөй маалыматтар менен тааныштырат. “Табият таануу” предметинин окуу материалдарын жакшы өздөштүргөн окуучулар кийинки класстарда биология, физика, химия жана астрономия предметтерин ийгиликтүү окуп кетүүгө даярдык алышат. Дүйнөнүн материалдуулугу, анын чексиздиги жана аны таанып-билүүгө мүмкүндүгү, анда болуучу кубулуштардын бири-бири менен тыгыз байланыштуулугу, табият мыйзамченемдеринин жандуу жана жансыз дүйнөнүн бардыгына тийиштүүлүгү, бири экинчиси аркылуу аныкталаары жөнүндөгү элестер пайда болуп, табияттын сырларын түшүнүүгө болгон мотивациясы ойгонот. Албетте, бул иште табият таанууну окуткан мугалимдин табигый илимдердин өнүгүү концепциялары жөнүндөгү терең билими, кенен кругозору, табигый элестерди талдоодогу жана анын ар кандай механизмдерин түшүндүрүүдөгү фантазиясынын күчтүүлүгү өзгөчө мааниге ээ. Эгер мугалим ушул класста, ушул предметти окутууда окуучулардын жан дүйнөсүн ойгото алса, табияттын кубулуштарынын кереметтүү дүйнөсүнүн эшигин ачып, анын ичине балдарды киргизе алса, баланын табиятка болгон мамилесин таттууланта алса, анда эле билим берүүнүн ийгилиги жаралганынан шек саноого болбойт.

Август кеңешмесинин жүрүшүндө табият таануу предмети боюнча төмөнкү маселелер талкуулоо үчүн сунушталат:

-табият таануу предметин окутуунун максаты жана милдеттери;

- табият таануу предметинин түзүлүшү жана мазмуну;

- табият таануу предметин окутуунун фундаменталдуу ядросу;

- табият таануу предметинин мазмундук өзөгү;

- табият таануу предметин окуганда калыптандырылуучу окуучулардын жалпы жана предметтик компетенттүүлүктөрү;

-табият таануу предметин окутуунун традициялуу жана инновациялык технологияларын бири-бирине эриш аркак пайдалануу;

- окуучулардын табият таануу предметинен алган билимдерин жана компетенцияларын текшерүүнүн заманбап формалары, баалоонун критерийлери;

- мугалимдин өзүнүн окутуу ишмердүүлүгүндөгү жана окуучулардын окуу ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерди, айрым мүчүлүштүктөрдү рефлексия жолу менен аныктоо, мугалим менен окуучунун иш аракетине тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү.

Методикалык сунушту даярдаган:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Табигый-илимий жана математикалык билим берүү кафедрасынын профессору, п.и.д. Мамбетакунов Э.



2020-2021-окуу жылына карата “Физика жана астрономия” предмети боюнча август кеңешмесине методикалык сунуштама

2020-2021-окуу жылындагы мугалимдердин август кеңешмесинде физика жана астрономия предметтерин окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча төмөнкү маселелер артыкчылыктуу мааниге ээ деп эсептейбиз.

1. Орто мектепте физикалык билим берүүгө арналган сааттардын саны улам кыскарып олтуруп минималдуу абалга келип такалды. Негизги мектептин 7-8-9-класстарында физика жумасына эки саат гана окутулат. Ошондуктан ушул класстын окуучуларына физикалык билим берүүнүн эң оптималдуу жолдорун табууну жана аларды эффективдүү пайдаланууну сунуш кылабыз.

Кайсы гана предметти окутуу жөнүндө сөз болбосун, бардык класстарда, бардык шарттарда колдонууга татыктуу болгон универсалдуу методика жок. Бирок окутуу методдору менен каражаттарын, окутууну уюштуруунун формаларын, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн, окуучулардын билимдерин текшерүүнүн жана баалоонун жолдору өтө эле көп. Күн өткөн сайын анын жаңы ыкмалары, формалары пайда болууда. Ошондуктан, урматтуу мугалимдер физиканы окутуунун мурдатан калыптанган, практикада сыналган методикасын бекем өздөштүрүп, алардын мазмунуна жаңы инновациялык табылгаларды, интерактивдүү деп аталган ыкмаларды, жаңы маалыматтык-комуникациялык технологияларды орду менен киргизүүнүн жолдорун талкууласаңар деп өтүнөмүн. Традиция - бул кыйла мезгил ичинде окумуштуулар, педагог практиктер тарабынан иштелип чыккан, өздөштүрүлгөн, адамдардын кан-жанына сиңген тажрыйба. Андан жөнү жок эле баш тартуу психолого-педагогикалык маңкурттукка алып келет. Ал фундаменти жок үй курам дегенге же кумдан храм курам дегенге барабар. Традиция менен инновацияны айкалыштыра билүү, айтып түшүндүрүү менен көрсөтүп түшүндүрүүнү бириктирүү, окуучунун жообун оозеки угуу менен жазып берген эссесин окууну айкалыштыруу, Фарадейдин тажрыйбалары аркылуу индукциялык токту алуу менен өзгөрмө магнит талаасынын өткөргүчтөгү бош электронго таасир этишин, анын натыйжасында индукциялык токтун пайда болушун компьютерде анимациялоону айкалыштыруу эң сонун натыйжа берерин Силер жакшы билесиңер. Мына ушул өндүү ыкмаларды ар кимиңер жасап, колдонуп жүрөсүңөр. Конференцияда же секциялык иштерде өзүңөрдүн тажрыйбаңарды презентацияласаңар, аны талкууласаңар көп тараптуу баарлашуу жүрүп, ар бир мугалим пайда табарында күмөн жок.

2. Окуу планы боюнча 10-11-класстарда физикага 3 сааттан убакыт бөлүнгөн. 11-класста ошол 3 сааттын ичинде физика менен астрономия предметтерин окутуу сунушталган

1. Физика окуу предметинин мазмунундагы негизги мектепте берилген материалдарды кайталабастан, алардын жаңыларын гана тандап окутуу. Бул календарлык-тематикалык планда ачык көрсөтүлүшү керек.

2. Астрономиянын айрым материалдарын физика предметинин тийиштүү темаларына кошуп, интеграциялап окутуу. 9 - класстагы космос физикасы бөлүмүнүн мазмунунда берилгендерди эске алуу менен, 11 - класста астрономия курсун 17 саатка кыскартып, өз алдынча окутуу.

3. 2020-жыл аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп аталганына байланыштуу кеңешмеде ушул маселелерге да атайын көңүл бөлүү максатка ылайык келет деп эсептейбиз. Ал үчүн айылдык мектептерди компьютерлештирүү, маалыматташтыруу жана санариптештирүүнүн маселелерин талкуулоо зарыл.

Санариптештирүү жөнүндө сөз болгондо бул маселенин эки жагын кароо ылайыктуу. Биринчиси, мектепте окуу процессин уюштурууну санариптештирүү. Экинчиси, предметтик билим берүүнү. Физикалык билим берүүнү санариптештирүү процесси, биздин оюбузча өзүнө төмөнкү иш чараларды камтыйт:

- физика предметинин мазмунун санариптештирүү максатында ар бир мугалим өзүнүн электрондук китепчесин түзүү;

- ал окуу материалдарынын өз окуучуларына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;

- ар кандай физикалык фактыларды, кубулуштарды, көз карандылыктарды демонстрациялап көрсөтүүчү презентацияларды түзүү;

- аларды сабакта жана сабактан тышкаркы учурларда колдонуунун ордун жана методикасын иштеп чыгуу;

- окуучулардын билимдерге өз алдынча ээ болуу ишмердүүлүгүн мотивациялоо боюнча атайын тапшырмаларды түзүү жана алар менен иштөөгө окуучуларды үйрөтүү;

- кагаздык негизде жана компьютердин жардамында аткарылуучу тесттик тапшырмаларды даярдоо;

- окуучулардын билимдерин текшерүү менен баалоону автоматташтыруучу электрондук түзүлүштөрдү жасап, иш процессинде колдонуу ж.б.

Секциялык иштерди мына ушул багыттагы алдыңкы тажрыйбаларды талкуулап, айрымдарын жалпы мектептердин практикасына киргизүүнү сунуштоо, айрым мугалимдердин жөндөмүнө жана мектептин материалдык-техникалык базасынын деңгээлине жараша проектилерди аткарууга милдеттендирүү ишке ашырылат деген ойдобуз.

Физика жана астрономия боюнча секциянын жыйынында талкуулоого төмөнкү суроолор сунушталат:

1. Физика жана астрономиялык билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун заманбап технологиялары менен традициялуу методикаларын айкалыштыра колдонуунун психодидактикалык жолдору;

2. Физика боюнча предметтик стандарттын талаптарын 7-класстын мисалында ишке ашырылуунун жолдору;

3. 11-класстын физика курсунда интеграциялануучу астрономиялык билимдер жана астрономиянын кыскартылган программасын аныктоонун маселелери;

4. Физикалык өлчөөчү куралдарды аналогдук системадан санариптик системага өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү;

5. Мектептеги окуу процессин санариптештирүү процессин өркүндөтүүдө физика мугалиминин орду жана иш аракеттеринин багыттары;

6. Физикалык жана астрономиялык билим берүүнү санариптештирүү процессин технологиялык жактан камсыздоо маселелери;

7. Физикалык билим алуу процессинде окуучулардын иш аракеттерин нормалаштыруу, окуучулардын техникалык коопсуздугун сактоо;

8. Маалыматтын күргүштөп күчөгөн шартында окуучуларды керектүү маалыматтарды тандап алууга, ошолор аркылуу өзүнө керектүү компетенцияларды өздөштүрүп алууга үйрөтүү;

9. Компетенция терминин билги деп колдонуу, анын эл билги, жер билги, сыр билги, сөз билги, жөн билги, иш билги, кол билги, сын билги, баа билги деген түрлөрүн талдоо жана алар жөнүндө пикирлерди билдирүү.


Методикалык сунушту даярдаган:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Табигый-илимий жана математикалык билим берүү кафедрасынын профессору, п.и.д. Мамбетакунов Э.


34



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!