Сабактын темасы: СУРООЛУУ СҮЙЛӨМ Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: сүйлөм тууралуу түшүнүктөрү тереңдетилет жана суроолуу сүйлөм, анын тыныш белгиси тууралуу маалымат алат.
Өнүктүрүүчүлүк: суроолуу сүйлөмдөрдүн бир нерсени билүү, бышыктоо жана тактоо максатында айтыларын билет;
Тарбия берүүчүлүк: бири-бирин баалоого, эне тилин барктай билүүгө тарбияланышат.
Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...
а) сүйлөм тууралуу түшүнүктөрүн бышыктап, суроолуу сүйлөм, анын тыныш белгиси тууралуу маалымат алса;
б) суроолуу сүйлөмдөрдүн бир нерсени билүү, бышыктоо, тактоо максатында айтыларын жана тыныш белгилеринин коюлушун өздөштүрсө;
в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша алса.
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк:
сүйлөмдөрдү маанилери, айтылыш максаттары жана интонациясы боюнча ажыратат;
интонацияга ылайык тыныш белгилеринин коюлушун үйрөнөт.
Кептик компетенттүүлүктөр:
Маданий компетенттүүлүк:
макал, лакап, учкул сөздөрдүн маанисин түшүнүп, баалай билет. Оозеки кепте интонацияга ылайык туура сүйлөөгө калыптанат.
Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.
Сабактын методу: айтып берүүчүлүк-түшүндүрүүчүлүк метод.
Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу. 2. Өткөн теманы кайталоо.
Сүйлөмдөр эмне үчүн жай, суроолуу, буйрук жана илептүү деп бөлүнөт? Оюңарды билдиргиле.
Жай сүйлөмдөр кандайча баяндалып, аягына кандай белги коюлат? Мисалдар келтиргиле.
Жаңы тема: Суроо маанисинде айтылган сүйлөм суроолуу сүйлөм деп аталат. Мындай сүйлөмдөр бир нерсени билүү, бышыктоо жана тактоо маанисинде айтылат: Сен кандай ийримдерге катышасың? Суроолуу сүй- лөмдүн аягына суроо белгиси (?) коюлат.
Окуу китебиндеги 119-көнүгүүнү аткаруу менен окуучулар жай сүйлөмдөрдү суроолуу сүйлөмдөргө айландырышат, ошол эле учурда жай сүйлөмдөгү интонация менен суроолуу сүйлөмгө айланган учурдагы интонацияга көңүл бурушат да тиешелүү тыныш белгилерин коюшат. Мисалы: Адам билбеген нерсесинен коркот – жай сүйлөм, айтылып жаткан ой жайынча баяндалып, аягына чекит коюлду. Адам билбеген нерсесинен коркобу? – бул суроолуу сүйлөм, себеби суроо интонациясы менен айтылды, тагыраак айтканда бир нерсени тактоо, билүү маанисинде айтылып, аягына суроо белгиси коюлду. Мында жай сүйлөмдөгү интонация менен суроолуу сүйлөмдөгү интонацияга айрыкча көңүл буруу зарыл. Ал үчүн окуучулар жай сүйлөм учурун жана суроолуу сүйлөмгө айланган учурун туура окуусу, интонацияны туура сактоосу талап кылынат.
Сабактын кийинки бөлүгүндө окуучулар топторго бөлүнүү менен 120–121–122-көнүгүүлөр аткарылат. Мында 1-топ өз алдынча берилген тексттерди окуп, айтылыш максатына жана берген маанисине карай кан- дай сүйлөм экендигин аныктап, оозеки кептеги интонацияга жана жазуу учурундагы тыныш белгилерине көңүл бурушат. 2-топ 121-көнүгүүнү көчүрүп жазып, тиешелүү тыныш белгилерин коюшат жана бул белгинин эмне үчүн коюлганын түшүндүрүп беришет. 3-топ 122-көнүгүүдө берилген «Шамал» деген ырды көркөм окуп, кандай сүйлөмдөр колдонулгандыгын аныкташат. Суроолуу сүйлөмдөр менен жай сүйлөмдөрдүн интона- циясына көңүл бурулат.
Сабактын кийинки бөлүгүндө мугалимдин тандоосу менен төмөнкүдөй тексттер сунушталып, окуучулар окуп, маанисин айтып беришет жана андагы интонацияга көңүл бурушат.
Ак шейшепке ороп сени, Кичинеңден баккан ким? Уйку көрбөй узун түндө, Таптап сени жаткан ким? Бутту шилтеп талпынганда, Колдон кармап баскан ким? Тилиң чыгып сүйлөгөндө, Мээримдүү сөз айткан ким? Ыр, табышмак үйрөтүп, Көңүлүңдү ачкан ким?
Кетсең алыс окууга, Ардактап кат жазган ким? Эмгек кылсын элге деп, Тилеген ким бөбөгүм?
Актап өскүн ак сүтүн, Ардактуу асыл энеңдин.
М. Жангазиев
Окуучулардын билимин баалоо критерийдин негизинде жүргүзүлөт Окуучуну билим көрсөткүчтөрү аркылуу баалоо:
эрежени билип, аны пайдалана алышы;
сүйлөмдү бири-биринен айырмалашы; -сүйлөм, анын түрлөрүн мааниси боюнча ажырата алышы;
жоопторунун так жана тууралыгы;
өзүнүн оюн далилдеп бере алышы;
тексттен жай, суроолуу жана илептүү сүйлөмдөрдү аныктай алышы;
тиешелүү тыныш белгилерин коё билиши.