Сабактын темасы: Суу – өмүрдүн булагы.
Сабактын максаты:
а) Билим берүүчүлүк максаты:
-Кыргыз жерин жана суу байлыктарын баалоону түшүнүүгө аракеттенишет
-Суунун адам жашоосундагы зарылдыгын аңдашат.
б) Өнүктүрүүчүлүк максаты:
-“Сууну сыйла” деген ырды жатташат.
-Кабыл алууга, көңүл бурууга, ой жүгүртүүгө, колдонууга үйрөнүшөт.
в) Тарбия берүүчүлүк максаты:
-Ата мекендин артыкчылыгын сезишип,анын баалуулуктарын барктоого тарбияланышат.
-Сууну булгоо, ысырап кылуу туура эмес экендигин билишет.
Сабактын усулу: Аңгемелешүү, лекция
Сабактын жабдылышы: көлдөрдүн, дарыялардын, сурөттөрү
Cабактын жүрүшү:
1.Уюштуруу:
2.Өтүлгөн темага байланыштуу түзүлгөн кластер, синквейндерди талкулоо.
Мугалимдин созу:
Кыргыз жери суулары менен даңктуу. Ар бир өрөөндө мөңгүдөн келген суулар бар. Суулар кошулуп чоң дарыяларды түзөт. Кыргызстандын атактуу дарыялары Нарын, Чүй, Кара-Дарыя, Ак-Буура, Жазы, Көкөмерен- жерибиздин көркү. Кээ бир жерлерде дарыялар топтоло берип, көлдү пайда кылган. Кыргызстанда Ысык-Көл, Чатыр-Кол, Соң-Көл, Сары-Челек аттуу тоо көлдөрү бар. Мындан тышкары көп жерлерден булактар агып чыгат. Мекенибизде 150дөн ашык дары булактарыбыз бар Аларга эл, Ысык-Ата, Арашан, Нарзан, Кара- Шоро, Кыз- Булак, Аюу-Булак
Деген булактардан дары суулар агып чыгып турат. Биздин жаратылышыбыз эң эле кооз.
Суу жонундо эмнелерди билебиз:
1.Жер бетиндеги суу үч абалда кездешет. Суюгу –суу, газ абалындагы- буу, катуу абалындагы- мөңгү жана түбөлүк муздар. 2.Адам үчүн суудай зарыл нерсе жок. Аны ичебиз, жер сугарабыз кир жууйбуз, үй тазалайбыз.
3.Жер алдынан казганда тереңден суу чыгат. Жер алдында да суу бар.
4.Үйдө гүлдөр сонун өсөт, демек өсүмдүктөргө суу керек.
5.Таза суу жерибиздин байлыгы, аны кор тутпайлы, сактайлы.
Суу жонундо ырлар:
Таза аба, таттуу суу
Көңүлдөргө жакчуу суу
Туулуп өскөн айылым,
Жакшы жердин жакшысы
Жер жүзүнө жайылып,
Толуп чыккан аккан суу
Жети кабат жер астын,
Жарып чыккан аккан суу.
Жел жүрдү, шамал болду. Булут каптады. Күн күркүрөдү. Жаан жаай баштады, катуулады, жер суу болду, өсүмдүктөр суу ичти, жаан басылды, күн ачылды.
Табышмактар:
Жутуп алып бууну,
Жерге себет сууну.
Асманда учуп жүргөнү,
Элестетет ак кууну. ( Булут)
Макал-лакаптар:
Суу атасы – булак,
Сөз атасы кулак.
Суу сыйлаган зор болоор,
Суу кордогон кор болор.
Суу дыйкандын - каны,
Жер- дыйкандын- жаны.
Ташкын сууда таш агат.
Жыйынтыгында суу жөнүндө синквейн түзүү менен сабакты жыйынтыктоо
CУУ
Түссүз, муздак.
Агат, сугарат, тазалайт.
Суу- бул өмүрдүн булагы. Жашоо.
Үйгө тапшырма:
“Суу”- деген темада кластер түзгүлө.