Просмотр содержимого документа
«Суу жашоонун булагы»
Суу кордогон кор болот
Эй адамзат пендеси,
Аккан сууну булгаба.
Суу сыйлаган зор болот,
Суу кордогон кор болот.
Бизде суу көп болгондуктан ,бул маселенин үстүндө ойлонгубуз келбейт.Бирок суу жашоонун бирден-бир булагы болгондуктан,ага сарамжалдуу мамиле кылууну унутпашыбыз керек.Бардык жандуу нерселердин жарымынан көбү суудан турат. Төрөлгөнүнө 3 күн болгон наристе 97 %, 8 айлык бала 81% суудан турат.Ал эми салмагы 70 кг чоң кишинин денесинде 65-70% суу бар,же анын денесинде 45-50кг суудан турат.
Тамак аштан суусу көптөр 95% салат бадыраң шпинат сикорий,спарна,капустада помидордо жашыл буурчакта козу карында 90%
Алмурут алмада 85%, картошка 80% суу бар
АККАН СУУ
Жер жүзүндө жайылып,
Толуп чыккан аккан суу.
Жети кабат жер үстүн,
Жарып чыккан аккан суу.
Алты кабат жер астын,
Агып чыккан аккан суу
Адам-ата,Умай –эне.
Быгап чыккан аккан суу....
Өмүр отун тутантып
Жагып чыккан аккан суу
Зоодон сынбай бир жери
Кулап түшкөн аккан суу
Ташка тийип чачылып
Быркыраган аккан суу
Жердин үстүн тепсеген
Малга келген аккан суу
Ай ааламда жашаган
Жанга келген аккан суу
А жаныбар, аккан суу
Жандын баарын баккан суу
Кара шибер көк майдан
Саздуу болот аккан суу
Тазалыгы жагынан ,
Карап турсаң баарынан.
Улук болгон аккан суу,
Керектиги ааламга.
Анык болгон аккан суу.
Мөңгү болуп ашуудан,
Үнөмдөлгөн аккан суу.
Жети күнү айтсам да,
Түгөнбөгөн аккан суу.
Жеңижок.
Суунун касиетти
Ал адамга жан-жаныбарларга керек
Өсүмдүктөргө өмүр берет
Жер бетин жашыл түскө боёп турат
Сууга мүнөздөмө
Суу Түссүз
Тунук
Даамы жок
Эриткич болот
Суунун күнүмдүк жашоодогу орду:
1.Ооба суусуз жашоону элестетүү мүмкүн эмес.Уйкудан ойгонорубуз менен бетибизди суу менен жууйбуз.Тамак аш ичебиз анда дагы суу бар.
2.Суу адамзатка гана эмес жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө да керек.Суусуз чөптөр кургап,жер такыр болуп мал кырылмак.
3.Суу жердеги табигый байлыктардын бири.
ТАБЫШМАК
Мүнөзүм бар унчукпас
Бирок айтаар кез келди,
Чыдабаймын көргөндө,
Чамбыл ала беттерди (суу)
Мугалим:
Демек балдар суу табылгыс байлыктардын бири.
Эми суунун түрлөрүн айтып көргүлөчү
1.Булак суусу
2.Өзөн суусу
3.Дарыя
4.Көл
5.Көлмө
6.Деңиз
Кыргыз Республикасында суунун жалпы аянты 6836км
Эң эле узун дарыя Нарын -535км
Чүй-224км
Чаткал-205км
Республика боюнча 1932 көл бар.Алардын эң чоңу Ысык-Көл-6236 км2
Соң-Кол-275км2
Чатыр Көл-175км2
Макалдар..
1.Суу сыйлыгын зор болот,
Суу кордогон кор болот.
2.Таза болсоң суудай бол,
Баарын жууп кетирген.
3.Суу өмүрдүн булагы.
Бышыктоо:
1.Адамда канча % суу бар ?
2.Кайсы жер-жемиште суунун пайызы көп?
3.Сууга кандай мамиле жасаш керек?
Хор
1.Суу адамга эң керек.
2.Суусуз адам эмес жан-жаныбар,өсүмдүктөр жашоого мүмкүн эмес.
3.Сууну үнөмдөп,аярлап барктап колдонолу.