СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суунун касиеттери ( мекен таануу3-класс)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Суунун касиеттери ( мекен таануу3-класс)

Просмотр содержимого документа
«Суунун касиеттери ( мекен таануу3-класс)»

Сабактын планы

Предмет: Мекен таануу 3-класс

Сабактын темасы: Суунун касиеттери

Сабактын тиби: Жаңы материалды түшүндүрүү

Колдонулуучу усулдар: жекече иштөө, жупта иштөө, байкоо жүргүзүү, изилдөө, баяндоо, көрсөтүү

Калыптандыруучу баалоонун техникалары: бири-бирин баалоо, өзүн –өзү баалоо, оозеки баалоо, калыптоочу сурамжылоо, “ светофор”, “билим пирамидасы”

Сабактын жабдылышы: ар бир жуп окуучу учүн -стакандагы суу, тамчылаткыч (пипетка),кашык, чакмак кант; ар бир 4 адамдан турган топ үчүн А-3 ак барагы,маркерлердин түрү, ар бир окуучу үчүн –жекече тапшырмалар жазылган карточкалар ,дептер калемсап.


Сабактын максаты

Күтүлүүчү натыйжа

Билим берүүчү: окуучулар сабактын аягында суунун касиеттерин билишет

-суу менен эксперимент жасашат;

-суунун касиеттерин атап беришет

- суу менен тажрыйба жүргүзүүдө өзүнун иш аракеттеин ырааттуу жана түшүнүктүү айтып беришет

Өнүктүрүүчү : тажрыйба жүргүзүү үчүн приборлорду туура колдонушат

-тажрыйба жүргүзүү үчүн приборлорду колдонууну билишет

-тажрыйба жүргүзүүдө иш аракеттерди ыраттуу аткарышат.


Тарбиялоочу : окуучулар суунун мааниси тууралуу билишет

-суунун мааниси тууралуу айтып бере алышат;

- жаратылыштагы экологиялык таза суунун маанисин аныктай алышат.



Сабактын жүрүшү

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

1.уюштуруу иштери

Мугалим жана окуучулар бири- бири менен саламдашат.

Мугалим окуучулардын сабакка даярдыгын текшерет-дептерлерин , калемсапты , карандашты , окуу китебин ж.б

Сабакка карата эмоционалдыек даярдык

Таза болсоң суудай бол,

Баарын жууп кетирген ,

Балбан болсоң жердей бол.(макал)

Баарын чыдап көтөргөн .

Ай аккан ,суу аккан суу,

Ар адамга жаккан суу(Жеңижок)

2.Өтүлгөн теманы бышыктоо





Саламдашат


Китеп, дептерлерин , окуу куралдарын даярдашат .



Окуучулар шыктанып, активдешет.






Үйгө берилген тапшырманы презентациялап тапшырмага жооп беришет.





Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

3.Максат коюу

Мугалим : балдар бүгүн силер менен жаратылыштагы эң маанилүү кубулуш тууралуу сүйлөшөбуз.бирок аны өзүңор таап, атап айтышыңар керек. Бул үчүн силер мен айткан табышмактарды 9макалдарды) таап, алардын жандырмагын (айтылышындагы)сөздүн биринчи тамгасын кроссворддун ичине жазып туруубуз керек.Силер аларды тапсаңар аны светофордун жардамы менен көрсөтүп турасыңар.Эгер кимде –ким сөздү тапса -жашыл түстү, таба албаса –кызыл түстү, ал эми өзүнө ишене албай жатса –сары түстү көтөрөт.


(Табышмак) Убагында жем берсең,

Убактыңды айтып турат.

С

а

а

т

(макал)

....... урмат, кичүүгө ызат.


(макал)

..... шакирти өтөт.



Мугалим: Балдар бүгүн эмне жөнүндо сүйлөшөбүз? Биз суунун касиеттери жөнүндө кантип билсек болот? Биз бүгүн илимпоздор сыяктуу тажрыйба жүргүзүп,суунун касиеттери жөнүндө билебиз.

4. Окуучулардын билимин актулдаштыруу

Мугалим : 1) суу деген эмне?

2) жаратылыштагы суу кайда кездешет?

5. Жаңы теманы түшүндүрүү.

Эми балдар биз суунун касиеттерин билүү үчун тажрыйба жүргүзүп көрөбүз.

Дептерлеринерге таблица тарткыла жана ага өзүңөрдүн байкооңорду жазып тургула.



Суу

Суунун касиеттери

тунук

....

....

....




Калыптандыруучу баалоо техникасы аркылуу бааланышат.


Тапшырмаларды өз алдынча аткарышып, жашыл, кызыл, сары түстөгү карточкаларды көтөрүшөт.

Өзүнө ишене албай сары түстөгү карточканы көтөргөн окуучуларга өз ара көмөктөшүп жардам беришет



Макалдарды , табышмактарды талкуулап,таап, алардын биринчи тамгасын ребустун клеткасына жазышат.



с

у

у

Буткөндөн кийин өзүн-өзү текшерет.




Суроолорго жооп беришет.Бири- бирин угуп, толукташат, бири- биринин жообун оңдоп , толукташат.







Эмне үчүн? Кандай? Кантип?деген суроолорго жооп берип турат.








Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Окуучулар менен бирге тажрыйба жүгүзүү

1-тажрыйба .Суу куюлган стаканга кашыкты салгыла.кашыкты көрүп жатасыңарбы? Бул суунун кайсы сапаты жөнүндө билдирип турат?

2-тажрыйба. Суунун тамчысын бир тегиздикке тамызып көргүлө .Анын формасын карагыла.Эмне болду? Суунун бул касиетин эмне деп атаса болот?

3- тажрыйба. Суунун жыты барбы, аныктап көргүлө.

4- тажрыйба.Стакандагы сууга чакмак кантсалгыла.Сууну аралаштыргыла.Эмнени байкадыңар?

Айрым окуучулардын катачылыктарын айтып , түшүндүрөт.

6. Физминутка жасоо

Жай келгенде жарышып,

Сууга түшүп ойнойбуз.

Жакшынакай гүл терип ,

Суунун жээгин бойлойбуз.

7. Бышыктоо

Ар бирин өзүн толтурган таблицаны окуп чыккыла.Бири- бириңер менен дептерлеринерди алмашкыла.Суунун касиеттери жөнүндо тыянак чыгаргыла

Эми доскада жазылган макалдын маанисин түшүндүруп бергилечи.

“Суу – талаанын энеси, ал эми энесиз жашоо мүмкүн эмес”(кытай макалы).Биз кудук соолуп калганда гана суунун баркын билебиз(англис макалы)

Тамчыга тамчы кошулуп , көл жаралат, ал эми тамчы тамбай калса, чөл пайда болот (өзбек макалы)

Окуучуларды 4 топко бөлүү



Сууну кантип, кандай максатта колдонушат?

Сууну сактоо үчүн эмне кылуу керек?












Окуучулар мугалимдин жетекчилиги менен өз алдынча тажрыйба жүргүзүшөт. Ар бир тажрыйбадан кийин суроолорго жооп берип, өз таблицаларын толтурушат. Бирин –бири баалашат.Кетирген катачылыктарына баа беришет.






Физминутка жасашат








Макалдардын маанисин түшүндүрөт.













Топтордо талкуулап, таблицаны толтурушат, айтып беришет.











Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Жекече иштөө.

Ар бир окуучуга тапшырма жазылган карточка таркатылып берилет.

Окуучунун аты- жөнү

________________________________________

Суунун абалы_____________________________

Суунун түсу_______________________________

Суунун тунуктугу__________________________

Суунун даамы_____________________________

Суунун жыты_____________________________




8.Рефлексия

-суу деген эмне?

-жаратылышта суу кайда кездешет?

-суунун касиеттери жөнүндө силер эмне билесиңер?


9.Үй тапшырмасы

Суу жөнүндөгү тексти кайра окуп чыгуу, суу жөнүндө табышмак жазып келүү


Төмөнкү схемада болушу керек:

Кандай?

Дагы эмне ушундай?

....

....,бирок......


.....,бирок.....


.....,бирок.....


......,бирок......







Карточаны окуп чыгып, толтурушат.Сабакты канчалык даражада өздөштүрүшкөнүн көрсөтүшөт.








Билим пирамидасын толтурушат,жазгандарын жарыя окуп беришет.








Тапшырманы жазып алышат,тушунуксуз болсо мугалимге суроо беришет.





















Сабактын планы

Предмет: Математика 3-класс

Сабактын темасы: Тегерек, айлана

Сабактын тиби: Жаңы материалды түшүндүрүү

Колдонулуучу усулдар: жекече иштөө, аңгемелешүү, , суроо-жооп,баяндоо, көрсөтүү

Калыптандыруучу баалоонун техникалары: бири-бирин баалоо, өзүн –өзү баалоо, оозеки баалоо, калыптоочу сурамжылоо

Сабактын жабдылышы: карточкалар, сүрөттөр,циркуль, сызгыч,калем калемсап,китеп


Сабактын максаты

Күтүлүүчү натыйжа

Билим берүүчү:

Окуучулар тегерек ,айлана жөнүндө маалымат алышат. Циркульдун жардамы менен айлана,тегерек сызууну үйрөнөт , борборун тамга менен белгилеп,радиусун жана диаметрин ченеп көрсөтөт.

Окуучулар тегерек, айлана жөнүндө түшүнсө.

Эрежелерин түшүнүп, циркуль менен айлана , тегерек сызып , борборун о тамагасы менен белгилесе, радиусун, диаметрин ченеп көрсөтө алса

Өнүктүрүүчү:

Эске тутуусу, кабыл алуусу , логикалык ой жүгүртүүсү,өз алдынчалуук жөндөмү калыптанат


-берилген тапшырманы кунт коюп угуп, түшунсө, кабыл алса,өз алдынча ой жүгүртүп,мисал маселелерди иштей алса



Тарбиялоочу :

Көрсөтмө боюнча иш-аракеттерди так, ирети менен туура аткарууга, өз алдынча иштөөгө үйрөнүшөт.

-берилген тапшырмаларды ирети менен так, туура аткарса, өз алдынча иштесе.



Сабактын жүрүшү

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү


1.Уюштуруу иштери

Дайым ачык кабагым.

Дайым даяр сабагым,

Саламаттык каалаймын,

Саламатсыңарбы балдарым!

Окуучулардын даярдыгын текшерүү, классты жоктоо

“ Кар үймөк” шыктандыруу техникасын пайдаланып класска жагымдуу маанай түзүү

Мугалим түшүндүрмө берет.Силер оң жагындагы окуучунун атын атоо менен ага жагымдуу маанай каалоо иретинде сөздөрдү айтасыңар.





Бири-бири менен мугалим менен саламдашат.

Окуу куралдарын даярдашат





“Айдеми сен абдан мээримдүүсүн”

“Кадича сен бүгүн жарашыктуу кийингенсиң “ ж.б






Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

2.Өтүлгөн теманы бышыктоо

-балдар биз кандай фигураларды билебиз.

-тегерек , айлана жөнүндө эмнелерди билесиңер?

- айлана , тегеректи эмненин жардамы менен сызабыз?

№ 99

88-18=70 90-76=14 61-29=32 69+9=78

78+13=91 8+56=64 40+20=60 11+80=91

№ 100


В С







А D

P= AB+BC+CD+AD=2см+4см+2см+4см=12см


3теманы максаттарды угузуу, түшүндүрүү

Тегерек менен айлананын эмне айырмасы бар балдар?

Тегеректин чеги айлана болуп эсептелет.Айлана циркуль менен сызылат.Циркульдун ийнеси тийген чекит анын борбору деп аталат.Ал О тамгасы менен белгиленет.


О

О



.






латын тамгалары менен белгилейбиз

R- айлана , тегеректин радиусу

Oайлана , тегеректин борбору





Көп бурчтуктардын чегин, жактарын , чокусун, чегинин узундуктарын айтып беришет. Жактарынын узундуктарынын суммасы табуу периметр д.а аталарын, аны латын тамгасы менен белгиленишин турмуштан мисал келтирип айтышат

Чыгарган мисалдарынын жообун айтышат.







Дептерлерине тик бурчтук жазып, ченеп, перимет периметрин таап келишет .

Перимерди табуу эрежесин айтып беришет.













Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Өз алдынча иштөө

№111 чиймени байка о тамгасы айлананын борбору белгиленген.ок , оа, ов кесиндилери жөнүндө эмне айтасың?

Радиустарынын узундуктарын ченеп жазгыла








№112 радиусу 3см 2мм болгон айлана сызгыла .бир нече тамгалар менен белгилегиле.

№113 туюнтма түзүп, маанилерин тапкыла

А) 5 менен 4 түн көбөйтүндүсүнө 15 менен 3 түн тийиндисин кошуу;

Б) 75 тен 6менен 3түн көбөйтүндүсүн кемитүү;

В) 60 га 9 менен 3 түн көбөйтүндүсүн кошуу


Физминутка жасоо

Ак куу болуп учабыз ,

Бийик- бийик тоолорго.

Балык болуп сүзөбүз,

Терең – терең көлдөргө .

Биз окуйбуз бешке ,

Мыкты окуучу дешке


№114 мисалдарды чыгаруу ыкмалары же эрежелерин атап аткар

А) 0*8= 0 8*0=0 0:5=0 12:12=1

0-2=2 8-0=8 0+5=5 16:1=16


Бышыктоо

Айлана , тегерек кандай сызылат? Борбору кандай белгиленет? Радиус деген эмне?

Жыйынтыктоо үйгө тапшырма берүү

№ 115 мисал үйгө тапшырма

Сабагыбыз бүттү баарыңар жакшы аракеттендиңер , азаматтар!




Китептен окуп чыгышат ой жүгүртүшөт ,талкуулашат




ОК = 3см

ОА =3см

ОВ=3см

_____________

ОК+ОА+ОВ= 3+3+3=9см


Айлана сызып , тамгалар менен белгилешет


А) 5*4+15: 3=20+5=25

Б) 75-6*3=75-18= 45

В) 60+9*3=60+27=87

Туюнтма түзүшүп,мисалдарды чыгарышат




Үн чыгаруу менен колдорун өйдө көтөрүп кыймылдашат, бутунун учуна турат.

Ылдый болуу менен балык сүзгөндөй кыймыл жасашат.

Өйдө туруп колдору менен беш көрсөтүшөт.



0 гө санды көбөйтүү,бөлүү ,кошуу, кемитүү эрежеси менен чыгаруу

Санды өзүнө бөлүү, санды 1ге бөлүү эрежелери менен чыгаруу керектигин эске салышат



Суроолорго жооп беришет , мисал келтиришет











Сабактын планы

Предмет: кыргыз тили 3-класс

Тема : зат атооч




Негизги компетенттүүлүк

1

Маалыматтык компетенттүүлүк: 2-аспкт; маалыматты алып чыгуу жана адеп иштетүү.2-деңгээл; бир же бир нече булактардан (анын ичинде оозеки сөздөн ) бир негиз боюнча маалымат алып чыгат жана анын алкагында берилген тутумга салат.

2

Социалдык –коммуникациялык компетенттүүлүк: 3-аспект; коммуникациялык милдеттерди жүзөгө ашыруу.1-деңгээл; берилген үлгү боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө стандарттарга ылайык өз оюн тариздейт.

3

Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү: 2-аспект; технологияларды колдонуу 1- деңгээл; берилген маселеге адекваттуу максат коюу;

-ага баа берүүнүн берилген критерийлерининин негизинде (мүнөздөмөлөрдү сыпаттоо менен ) өз ишинин продуктусун өз алдынча пландаштырат.




Предметтик компетенттүүлүк

1

Сөз байлыгы менен иштей алуу компетенттүлүгү (К3)

2

Сүйлөм , текст менен иштей алуу компетенттүүлүк: (К4)

3

Аң сезимдүү окуу, угуу жана адаий түшүнүктөр менен иштей алуу компетенттүүлүгү(К5)



Максаттар

Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчүлүк

Зат атооч сөз түркүмү жөнүндө түшүнүк алат

Зат атооч сөз түркүмү жөнүндө түшүнүк алса

Зат атоочтун суроосун берүү менен зат атооч сөздөрдү сүйлөмдөрдөн табышат

Зат атооч сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзүшөт

Зат атоочтун суроосун берүү менен зат атооч сөздөрдү сүйлөмдөрдөн табышса

Зат атооч сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзүшсө

Топто, жупта иштегенде бири-бирин угууга , сыйлоого үйрөнүшөт.

Топто, жупта иштегенде бири-бирин угууга , сыйлоого үйрөнүшсө.

Сабактын тиби: жаңы билимге ээ болуу сабагы

Жалпы усулдар: жеке , топто иштөө

Жабдылышы: карточкалар, түстүү маркер жана А-4 кагазы , стикер , техникалык каражаттар

Сабактын жүрүшү:

Сабактын этабы

Убактысы

Мугалимдин ишмердиги

Окуучулардын ишмердиги

Баалоо техникасы

Уюштуруу (шыктандыруу)

5мин

Саламдашат

Жагымдуу маанай түзүлөт.Акыл даярдыгы: тамгалар менен оюн.

Окуучулардын өтүлгөн билимдерин эске түшүрүү

Саламдашып, жагымдуу маанайда болушат

Берилген суроолорго ой жүгүртүп, мисалдарды келтирип жооп беришет.Толук болбой калса башка окуучулар жана мугалим толуктайт.

Кол белги







Сабактын этабы

Убактысы

Мугалимдин ишмердиги

Окуучулардын ишмердиги

Баалоо техникасы

Теманы жана күтүлгөн натыйжаларды жарыялоо

2,5 мин

Сабактын темасын жана максаттарын айтып түшүндүрөт

Сабактын темасы,максаттары,күтүлүүчү натыйжа менен таанышат

Диагностикалык баалоо

Жаңы материалды түшүндүрүү

10 мин









Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!