СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Суутектин химиялык касиети

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул теманы өтүүдө мугалим физика предметиндеги тексти пайдалануу менен текст түзөт. Окуучулар текст менен иштешип  тексти окуп, аны канчалык деңгээлде түшүнөт  жана  илимий текст менен көркөм тексти окуп түшүнүүсүн салыштырууга болот. Тексти түшүнүү менен  кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет.Илимий тексти түшүнүү үчүн фактыларга таянабыз. Ошондуктан химия предметиндеги темаларды  өтүүдө башкарып окутуу стратегиясын – колдонууга болот.Бул стратегияны пайдалануу менен  окуучуларга атомдун түзүлүшү боюнча тексти окуп  окуучулар өзү иштеп чыгып менчиктештирилген билимге ээ боло алат

Просмотр содержимого документа
«Суутектин химиялык касиети»

8-кл. Суутектин химиялык касиети

Бул теманы өтүүдө мугалим физика предметиндеги тексти пайдалануу менен текст түзөт. Окуучулар текст менен иштешип тексти окуп, аны канчалык деңгээлде түшүнөт жана илимий текст менен көркөм тексти окуп түшүнүүсүн салыштырууга болот. Тексти түшүнүү менен кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет.Илимий тексти түшүнүү үчүн фактыларга таянабыз. Ошондуктан химия предметиндеги темаларды өтүүдө башкарып окутуу стратегиясын – колдонууга болот.Бул стратегияны пайдалануу менен окуучуларга атомдун түзүлүшү боюнча тексти окуп окуучулар өзү иштеп чыгып менчиктештирилген билимге ээ боло алат. Жогоркуда көрсөтүлгөн темалар бири- бири менен байланыштуу болгондуктан окуучулар мугалимдин нускамасы менен өз алдынча иштеп, ой-жүгүртүп, көнүгүулөрдү иштеп жана аны конструкциялаганга жетишип түптүү билимге ээ болушат. Бул стратегиянын артыкчылыгы мугалимдин нускамасы менен теманы аз – аз өлчөмдө окуп түшүнүп отуруп окуучулар чоң теманы өздөштүрүүгө жетишет. Татаал түзүлүштөгү заттардын малекуласынын түзүлүшүн, касиеттерин салыштыруу менен кабыл алышат жана түшүнүп, анализдеп отуруп маалымат алышат


Сабактын темасы: Суутектин химиялык касиети.


Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)

Окуучулар кычкылтектин касиети менен салыштырып суутектин касиети менен таанышат.Суутектин жалып мүнөздөмөсү, химиялык формуласы, салыштырмалуу молекулалык массасы, агрегаттык абалы, жаратылышта кездешүүсү менен таанышат. Суутектин лабораторияда, өнөр жайда алынышы менен таанышат.Суутектин химиялык касиети менен таанышат.Суутектин отун катары колдонулушу боюнча маалымат алышат.суутектин металлдар, металл эместер, металлдардын оксиддери менен аракеттениши боюнча маалымат алышат.


Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)

- Окуучулар заттардын касиетин ,түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен заттарды жана башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;

-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнү шөт.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак

Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: топ менен иштөө ж.б.

Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. ж.б.

Сабактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)

Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.

  • С уутектин алынышы боюнча теӊдемелерин жазгыла.

  • Эмне үчүн суутек оозу ажабык идиште чогултулат?

  • Суутекти алуу реакцияларынын теӊдемесин жазгыла .

  • Суутектин жалпы мүнөздөмөсүн айтып бергиле.

  • Сүрөт боюнча айтып бергиле, теӊдемесин жазгыла. ( слайд)









Жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.

сабактын темасы берилет.


Сабак: Суутектин химиялык касиети.


Сабактын темасы доскага жазылат.


Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:

Суроо: Суутектин кандай бирикмелерин билесиӊер?

(окуучулар өз алдынча, экиден иштеп ойлорун айтышат.) 1 мин убакыт берилет.

  • Суу,

  • Суутектин өтө кычкылы,

  • пропан

  • аммиак, ж.б


М угалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар текст менен иштешет.

1-тыным. ( 5мин убакыт берилет)

Текст: Эгерде суутекти күйгүзүп ( тазалыгын текшергенден кийин) күйүп жаткан суутеги менен түтүктү кычкылтеги бар идишке сала койсо , анда идиштин беттеринде суунун тамчылары пайда болот. Аралашмасыз суутек жай күйөт. Бирок суутектин кычкылтек же аба менен болгон аралашмасы жарылууну пайда кылат.

  • Суутектин эки көлөмүнөн жана кычкылтектин бир көлөмүнөн турган аралашма күркүрөк газ деп аталат да, бир кыйла жарылгыч болот.

2 H2 + О2 = 2 H2О





6.4- сүрөт.Суутектин күйүшү

Жарылуу айнек идиште жүрсө, анда анын сыныктары жанындагыларды жарадар кылышы мүмкүн, мына ошондуктан суутекти күйгүзүүдөн мурда анын тазалыгын текшерүү керек.Бул үчүн суутекти пробиркага жыйнап анын оозун төмөн каратып көмкөрүлгөн абалда жалынга алып барат. Эгерде суутек таза болсо, анад ал “тук” эткен үн чыгарып жай гана күйөт. Бул реакциянын натыйжасында бөлүнүп чыккан энергия космос кораблдеринин ракеталык кыймылдаткычтарында колдонулат. Суутек менен иштегенде коопсуздук техникасынын эрежесин сактоо зарыл.


Т екст окулуп , мугалим менен бирдикте талкууланат, окуучулар бааланат.

2-Суроо: Суутек металлдардын оксиддери менен аракеттенишип калыбына келтирет.

Жездин (II) оксидин ысытып ал аркылуу үстүнөн суутек жиберилсе анда реакция жүрөт. ( 6.5 - сүрөт) Кара түстөгү жездин(II) оксиди кызарып жез калыбына келет.

t

Теӊдемеси төмөнкүдөй:



CuO + H2 = Cu + H2О



Башка заттардын курамындагы кычкылтекти тартып алган зат калыбыны келтиргич болуп саналат. Демек суутек калыбына келтиргич. Жез кычкылданат.


(окуучулар өз алдынча, экиден иштеп ойлорун айтышат.) 1 мин убакыт берилет.

Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.