СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сыдык Алайчы мектебинин келишими

Категория: Директору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сыдык Алайчы мектебинин келишими»

Сыдык Алайчы уулу атындагы №87-инновациялык мектеп гимназия комплекси


Келишим


Иш берүүчү- мектеп директору Топчубаев А.

Иш алуучу кызматкер _______________________________________________________

Адистиги, стажы, үй бүлөлүк абалы ___________________________________________

Бул келишим мектеп директору менен мугалимдин ортосунда КРнын эмгек кодексинин, билим берүү мыйзамынын, КРнын билим берүү стандарттынын, мектептин уставынын негизинде түзүлдү.

Келишим эки тараптуу.

Биринчи тарап-мектеп директору Топчубаев А.

Экинчи тарап-_______________________________________________________________

Экинчи тарап милдеттенет

  • өзүнүн кызматтык милдеттерин, ошондой эле мектеп директорунун буйрук жана көрсөтмөлөрүн так, ак ниеттүү аткарат;

  • мектептин мүлкүнө иштеген каанасына, техникалык жабдууларга, түзүлгөн жадыбалга сарамжал мамиле кылат, анын өсүп өнүгүшүнө күнүмдүк план конспектилерди жазууга, лабораториялык иштерди, жазуу иштерин сарамжалдуу алып барат;

  • өз адистигин тынымсыз өнүктүрүп турат;

  • окуучулардын билим алуусуна өз предмети боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, нравалык маданиятка, кыргыз элинин каада салттарын пайдаланып тарбия берүүгө, билим сапатын жогорлатууга, өз тажрыйбасын райондук, облустук машстабта жайылтууга, профессионалдуулугун артырат;

  • окуучулардын кошумча билим алуусуна мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, ата-энелер менен тыгыз байланышты күчөтүүгө, аларды тарбия ишине тартууга, балдарына болгон жоопкерчилигин артырат;

  • окутууну жана тарбиялоону жакшыртуу боюнча стратегиялык пландаштырууга,жумалык, айлык, чейректик жана жылдык пландарды түзүүгө, өз ден соолугун сактоого камкордук көрөт;

  • компьютердик жана интернеттик билимге ээ болууга, мамлекеттик номеклатуралык эрежелерди сактайт;

  • өз предмети боюнча ийрим түзүүгө жана газета чыгарып турууга, билим алууга ынтызар окуучулар менен кошумча билим берүү кызматынан пайдаланууга;

  • окуучулардын предметтик олимпиадасына, КРлык ЖТРга түздөн-түз жооп берет;

  • сабакты өтүүдө компьютердик технологиялар, интернет, мультимедиа, телевизор, DVD жана интерактивдүү доскаларды колдонот;

  • билим берүүдө сабакка даяр болууга, мамлекетик стандарты сактоого, кызматка сергек мамиле кылууга, жагымсыз талаш-тартыштарга катышпоого, спирт ичимдиктерин мектеп териториясында пайдаланбоого, окуучулар жана ата-энелер менен тыюу салынган шаң-шөөкөттөргө катышпайт;

  • мектепте илимий-усулдук милдеттерди, инновациялык жаңыланууну, матриалдык-техникалык жабдылыштарына, өнүктүрүү программасын түзүүгө, өмүр бою үзгүлтүксүз билим алууга, билим берүү системасынын бардык деңгээлдеринде социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, билим берүү процессинде өз кызматын абийирдүүлүк менен аткарат;

  • мектеп жамааты менен сый-мамиле жасоого, окуу-тарбия жараянына терс (сабакты таштап кетүү, кеч калуу,себепсиз сабак калтыруу, убакыты туура эмес пайдалануу кайым айтышпоого ж.б) көрүнүштөргө ;

  • мектепте мектеп уставындагы төлөмдөргө так, убагында мамиле жасоого, бүгүнкүнү эртеңкиге калтырбоого, мектеп документациясына, өздүк документацияга инновациялык деңгээлде жооп берүүгө милдеттүү (милдеттенем, өз жоопкерчилигиме алам).

  • Мугалимдик иш аракетимди бир гана мектепте жүргүзөм.

Биринчи тарап –мектеп директору милдеттенет.

  • КРнын билим берүү мыйзамын билим берүү мекемесинде сактоо. КРнын билим берүү стандартынын негизинде иш жүргүзүү, талап кылуу, мектеп уставын сактоо, мектепте түзулгөн стратегиялык пландын аткарылышына жооп берүү;

  • Мектептин базасын сактоо жана өнүктүрүү. Мугалимдин сапаттуу педагогикалык ишинин жүрүшүнө үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү жана талап кылуу;

  • Мугалимдердин үзгүлтүксүз билимин өркүндөтүүгө шарт түзүү;

  • Кошумча билим берүүнү өркүндөтүү, жаш муундарга сапаттуу билим тарбия берүүнү өркүндөтүү;

  • Мугалимдерди өз убагында аттестациялоо, компьютердик билим жөндөмдүүлүгүнө шарт түзүү;

  • Мектеп билим берүү компотенттерин өнүктүрүү режиминде мугалим жаңы технологиялар менен иштеген чыгармачыл тобун түзүү;

  • Концепсияга ылайык билим берүү чөйрөсүн жаңыланган структурасына кирген окуу программаларын мектепке киргизүү;

  • Инновациялык мектеп проектисин андан ары өнүктүрүү жана мектепти, мектептеги кааналарды, иштеп жаткан адистерди инновациялаштыруу;

  • Өнөктөш мектептер менен тыгыз байланышта болуу, анализ, мониторнгдерди жүргүзүү;

  • Максаттарды жана тапшырмаларды так берүү, келишимдин негизинде эмгек кодексинин сактоо;

  • Эмгек акыларын өз убагында алып берүү, табелге көзөмөл жүргүзүү, педагогикалык кеңешти, мектептин бюжетин сактоо, бюжети каржылоону, КРнын мыйзамынын негизинде жүргүзүү;

  • КРнын Билим берүү секторун реформалоого колдоо көрсөтүү, мектеп билим берүүсүндөгү “Мектеп билим берүүсүндөгү башкаруу жана финансылоо” программасынын негизинде иш жүргүзүү;



Эскертүү: -келишим эки тараптуу түзүлөт.

-иш берүүчү мектеп директору.

-иш алуучу мугалим, техкызматкер

-келишим бир жылга түзүлдү.

-келишим түзүлгөн күндөн баштап күчүнө кирет.

-келишимдеги шарттар аткарылбаган кезде

келишим бузулат.



Мектеп директору

(иш берүүчү): _________ ___________________А. Топчубаев.


Иш алуучу: ________________________________________________

Аты,жөнү колу